2018-жылдын 1-февралы саат 08:00гө карата КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ

0
579 просмотров
  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

 ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 20 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 20 бөлүм тартылган.

2018-жылдын 31-январы саат 08:00дөн 1-февралы саат 08:00гө чейин

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

 

Бөлүм №

 

Өрттүн 

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1 5-АӨКБ

1 б

1 15:45 15:57 16:07 16:21 17:40 101 Октябрь району. Токомбаев көчөсү №31 даректе ачык аянтта турган контейнердин ичинде 1 генератор жана 2 курулуш станогу күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
2 3-АӨКБ

1 б

1 15:50 16:10 16:24 16:45 18:23 101 Свердлов району. Боталиев көчөсү № 31, 25-батир, 2 кабаттуу барак тибиндеги турак үйдүн аянты 20 чарчы метр бөлмөсүнүн полу, шыбы, дубалы, палас, кровать, шифоньер күйгөн. Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары 2-кабаттан буту баспаган оорукчан бир адамды алып чыгышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
3 5-АӨКБ

1 б

1 20:25 20:39 20:56 21:07 21:34 101 Октябрь району. 6-кичи районундагы №29 үйдүн 6-подъезддин жер төлөөсүндө жогорку чыңалуудагы зымдын 6 метри жана түтүкчөлөрдүн жылуулугун сактоочу чулгоо (изовер) күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. Кол караж
4 2-АӨКБ

1 02:20 02:26 02:38 03:19 03:54 101 Свердлов району. Келечек жаңы конушу, 6-көчө, №1В үйү, жалпы аянты 30 чарчы метр болгон убактылуу турак үй (времянка) толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
Чүй облусу
5 21-АӨКБ

1 07:02 07:12 07:43 07:57 08:24 101 Токмок шаары. Ибраимов көчөсү №158 даректеги үйдүн  мордун тегерегинде аянты 2 чарчы метр чатыр күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзулүшү. 1ствБ
6 22-АӨКБ

1 07:19 07:54 08:23 11:50 12:25 101 Жайыл району. Сосновка айылы, Октябрь көчөсү №89 даректе жыгач устундуу калай менен жабылган 15 чарчы метр болгон сарайдын чатыры, 550 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
7 23-ӨКБ

1 б

1 13:42 Жеткенге чейин —- —- 14:35 101 Сокулук району. Военно-Антоновка айылында электр мамысы күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. —-
8 27-ӨКБ

1 б

1 14:31 14:53 15:00 16:52 17:54 101 Ысык-Ата району. Интернациональный айылы, Лермонтов көчөсү №65 даректе сарайдын  аянты 30 чарчы метр чатыры жана 250 түк чөп, 15 түк шифер, 6 метрдик  16 тук балка, 36 рейка күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от болгон шоктугу. 1стаБ
9 27-ӨКБ

1 б

1 15:58 16:17 16:30 17:07 17:29 101 Ысык-Ата району. Новопокровка айылы, Манас көчөсү №37 даректеги турак үйдүн 80 чарчы метр чатыры, 30 кап отун, 30 түк чөп, 20 боо бакал  күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес тузүлүшү. 1ствБ
10 7-ӨКБ

1 б

1 04:47 05:05 05:08 06:00 06:45 101 Сокулук району. Жаны-Жер айылы, Жаш Гвардия көчөсү №87 үйдүн 6-батири, барак түрүндөгү турак үй күйгөн. Үйдөн 70 жаштардагы эркек адамдын жансыз денеси табылган.  
Ысык-Көл облусу
11 34-ӨКБ

1 б

1 09:47 Жеткенге чейин —- —- 10:10 101 Түп району. Николаевка айылы, үй күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. —-
12 15-ӨКБ

1 б

1 10:17 10:22 Жеткенге чейин —- 11:03 101 Каракол шаары. Кирпичный көчөсү №52үй, 48-батирдин 3-кабатында 10 даана жууркан төшөнчүлөр күйгөн. Чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. —-
13 15-ӨКБ

1 б

1 22:57 23:03 23:33 00:29 00:53 101 Каракол шаары. Жамансариев көчөсү №327 үй, 8-батир, аянты 30 чарчы метр барак үйдүн дубалы күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. 1ствБ
Нарын облусу
14 43-ӨКБ 1 13:50 13:53 14:03 14:15 14:25 101 Жумгал району. Чаек айлы Э.Матыев көчөсүнүн №123  үйдүн жанындагы жайгашкан дүкөндүн 1 чарчы метр жыгач дубалы күйгөн. Өрттүн себеби: өрт менен болгон этиятсыздык. 1ствБ
Жалал-Абад облусу
15 54-ӨКБ

1 б

1 16:14 16:25 16:30 16:35 17:05 101 Сузак району. Көк-Жаңгак шаары, Макаренко көчөсүндөгү №3 Т.Сатылганов атындагы  орто мектептин аянты 60 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: Электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ
16 65-ӨКБ

1 б

1 20:48 21:13 Жеткенге чейин —- 21:45 101 Сузак району. Орто-Азия айылы, Басы көчөсү (№ жок) даректе турак үйдүн морунан өрт чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр жеткенге чейин өчүрүлгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. —-
17 80-ӨКБ

1 б

1 22:10 Жеткенге чейин —- —- 22:25 101 Чаткал району. Шекафтар айылы, Наркулов көчөсү № жок даректе турак үйдөн өрт чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр жеткенге чейин өчүрүлгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. —-
Ош облусу
18 53-ӨККБ

1 б

1 21:03 21:04 21:06 21:16 21:23 101 Өзгөн району. Өзгөн шаары, Мырзарахимов көчөсү №61 даректе турак үйдүн мору күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. 1ствБ
19 66-ӨККБ

1 б

1 05:17 05:40 Жеткенге чейин     101 Кара-Кулжа району. Кара-Кулжа айыл аймагы, Жаңы Талаа айылында (эски аталышыУльянов) турак үйдүн 2м2. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. —-
Баткен облусу
20 74-ӨКБ

1 б

1 21:53 22:00 22:08 22:14 23:18 101 Лейлек району. Исфана шаары, Тайлан участогунда мамлекеттик № B67-47AX “Мерседес-бенс” үлгүсүндөгү жеңил унаанын алдынкы бөлүгү күйгөн. Өрттүн сесеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ

 

2018-жылдын 31-январы саат 08:00дөн 1-февралы саат 08:00гө чейин

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 7 чыгуу болгон.

 

Бишкек шаары

Ленин району. 2018-жылдын 31-январы күнү саат 09:30да КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Бейшеналиева көчөсүндөгү №31 үйдүн 13-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

Ленин району. 2018-жылдын 31-январы күнү саат 10:30да КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Чокморов көчөсүндөгү №258 үйдүн 53-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

Биринчи Май району. 2018-жылдын 31-январы күнү саат 13:45де КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Тынчтык көчөсүндөгү №38 үйдүн 36-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

Биринчи Май району. 2018-жылдын 31-январы күнү саат 16:30да КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын 62 куткаруучусу Рыскулов көчөсүндөгү Ала-Арча суусунун деңгээли көтөрүлгөндүктөн, суунун нугун тазалоо жана суу каптоо коркунучун жоюу иш-чараларын жүргүзүшкөн.

 

Биринчи Май району. 2018-жылдын 31-январы күнү саат 18:50дө КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Горький көчөсүндөгү №33 даректе “Мэри” кафесинин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

Ош облусу

Алай району. Будалык айыл аймагында 2018-жылдын 28-январы күнү саат 08:00 чамасында Октябрь айылынын тургуну Д. Матишов Сары-Күнгөй тоосун көздөй аң улоого чыгып, дайынсыз жоголгон (акыркы жолу 28-январда саат 16:00дө үй-бүлөсү менен байланышкан). 30-январда издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 09:25те КР ӨКМнин №68 өрт-куткаруу бөлүмүнүн 6 куткаруучусу, туугандары жана РИИБ кызматкерлери менен биргеликте издөө иштерине чыгышкан. Издөө-куткаруу иштери ошондон бери улантылууда.

 

Жалал-Абад облусу

Аксы району. Кара-Тыт айылындагы мыйзамсыз түрдө көмүр казылып жаткан шахтада Аксы районунун Жолборсту айылынын тургуну, 1992-жылы туулган М.Ч. аттуу жаранды таш басып калган. Куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн, саат 16:38де КР ӨКМнин №6 өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунан 7 куткаруучу жана КР ӨКМнин 2-өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 5 куткаруучу (жалпысы 12 куткаруучу) тартылып, саат 21:30да маркумдун жансыз денеси алып чыгылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

 

1-февралында күндүзү өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Кээ бир тоолуу райондордо жана Нарын облусунун айрым жерлеринде бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

 

Бишкек шаары

Биринчи Май району. 2018-жылдын 31-январында саат 16:30 чамасында Ала-Арча суусунун деңгээли көтөрүлгөндүктөн сайдан суу ашып, турак үйлөрдү каптап кетүү коркунучу жаралган. Ал эми, Бейшеналиева көчөсүндө 2 турак үйдү жана 1 кампаны суу каптаган.

КР ӨКМнен 1 жүктөгүч, 2 ХОВО, 62 адам, 2 Газель унаасы, Ленин райондук администрациясынан 3 экскаватор, 3 ХОВО, Свердлов райондук администрациясынан 1 экскаватор, Суу чарба башкармалыгынан 1 экскаватор,  “Жашылдандыруу” ишканасынан 1 экскаватор, “Тазалык” ишканасынан 3 самосвал, «Тазалык» и «Зеленстрой» ишканаларынан  50 кызматкер тартылып, Рыскулов, Бейшеналиева жана Москва көчөлөрүндө Ала-Арча суусундагы муз катмарларын тазалоо иш-чараларын жүргүзүштү. Райондук жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларындагы суулар көзөмөлдөнүүдө.

 

Ысык-Көл облусу

Жети-Өгүз району. 2018-жылдын 31-январында Кызыл-Суу айылында Чоң Кызыл-Суу суусу тоңуп, Зеленая жана Намазбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги жана Комсомольская көчөсүнүн тушундагы сайда муз катмары пайда болгондуктан суу жээктен ашып, Намазбеков көчөсүндөгү 1 турак үйдү жана Комсомольская көчөсүндөгү 2 турак үйдүн короо жайын жана чарбалык курулуштарын каптаган. КР ӨКМнин Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн башчысы, №36 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу, Кызыл-Суу айыл аймагынын башчысы, “Кызыл-Суу Тазалык” ишканасынан 4 адам, райондук суу чарба башкармалыгынан 1 жүктөгүч, 1 самосвал тартылып, техникалардын аракетинде тоңгон муздарды жаруу жана жээк бекемдөө иш-чаралары аткарылып, коркунуч жоюлган.

 

Чүй облусу

Жайыл району. Суусамыр айыл аймагында 2018-жылдын 29-январында Тунук айылында Шорго-Булак суусу тоңуп, муз катмары пайда болгондуктан суу жээктен ашып, 6 турак үйдүн короо жайларын каптаган. КР ӨКМнен 1 экскаватор, айыл аймактан 1 жүктөгүч, жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, 2018-жылдын 31-январында техникалардын жардамында тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлгөн. 2018-жылдын 1-февралында иш-чаралар улантылат.

 

Чүй району. Чүй айылында жер кыртышындагы суулардын деңгээли көтөрүлүп, суу деңгээлин төмөндөтүү максатында ачык коллектордук дренаж түйүндөрүн тазалоо иштери жүргүзүлүп баштаган.

КР ӨКМнен тартылган 1 экскаватор жана 1 бульдозер 2018-жылдын 31-январында Чүй айылындагы Колхозный көчөсүндө ачык типтеги коллектордук дренаждык түйүндүн 450 метр аралыгын тазалаган. 2018-жылдын 1-февралында иш-чаралар улантылат.

 

Бишкек-Ош унаа жолу

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 31-январь күнү саат 19:30дан тартып, Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постторунда чоң оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2018-жылдын 1-февралында саат 06:45де убактылуу коюлган чектөө кайрадан алынды.

 

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here