2018-жылдын 2-февралы саат 08:00гө карата КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ

0
537 просмотров
  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

 ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 8 бөлүм тартылган.

2018-жылдын 1-февралы саат 08:00дөн 2-февралы саат 08:00гө чейин

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

 

Бөлүм №

 

Өрттүн 

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10  

 

Бишкек шаары
3-АӨКБ

1 12:34 12:38 ——- ——- 13:19 101 Свердлов району. Токтогул көчөсүндөгү №43 үйдүн жер төлөөсүнөн түтүн чыгып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт жөнүндө маалымат текшерилген. ——
4-АӨКБ

1 22:57 23:01 —- 23:43 00:08 101 Ленин району. Б. Бейшеналиева көчөсүндөгү №29 үйдүн 19-батиринде бөлмөдө электр щиттин зымдары  түтөгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженини бузулушу. Кол каражат
Чүй облусу
22-АӨККБ

1 16:14 16:34 16:43 17:11 17:48 101 Жайыл району. Эрктүү айылында аянты 20 чарчы метр болгон темир вагондун  чатыры жана 500 кг. балык тоюту күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу. 1ствБ
6-АӨКБ

1 22:03 22:10 22:14 22:24 23:03 101 Сокулук району. Новопавловка айылы, Фрунзе жана Садовая көчөлөрүнүн кесилишинде “ГАЗ-53” үлгүсүндөгү автоунаасынын кабинасы күйгөн, мамлекеттик № жок, өрттүн себеби такталууда. 1ств Б
ӨККБ-5

1 03:03 03:18 03:35 03:45 04:01 101 Кемин району. Жаңы-Алыш айылы, Абдысатар көчөсүндөгү №1 даректе ачык аянтта 7 куб тезек күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
Жалал-Абад облусу
97-ӨККБ

1 15:47 15:57 16:05 16:41 17:06 101 Токтогул району. Жаңы-Жол айыл аймагы, Кара-Булак айылы, Молдо Аалы көчөсүндөгү №3 даректе турак үйдүн 20 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: Электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу. 1ствБ
59-ӨККБ

1 04:30 101 Сузак району. Кыз-Көл айыл аймагы, Кара-Март айылы, Кушбаков көчөсү.
Нарын облусу
43-ӨККБ

1 17:20 17:32 17:50 19:10 19:40 101 Жумгал району. Беш-Терек айылы, Жамансариев көчөсүндөгү №10 даректе ачык жерде жыйылган 70 түк саман жана 80 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын өрт менен болгон шоктугу. 2 ств Б

 

2018-жылдын 1-февралы саат 08:00дөн 2-февралы саат 08:00гө чейин

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон.

 

Бишкек шаары

Ленин району. 2018-жылдын 1-февралы күнү саат 23:45де КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Токтогул көчөсүндөгү №187 үйдүн 8-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

Чүй облусу

Токмок шаары. 2018-жылдын 1-февралы күнү саат 10:40да КР ӨКМнин №21 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары 3-кичи районундагы №13 үйдүн 7-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

Ош облусу

Алай району. Будалык айыл аймагында 2018-жылдын 28-январы күнү саат 08:00 чамасында Октябрь айылынын  тургуну Д. Матишов Сары-Күнгөй тоосун көздөй аң улоого чыгып, ошол бойдон дайынсыз жоголгон (акыркы жолу 28-январда саат 16:00дө үй-бүлөөсү менен байланышкан). Издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 08:43тө КР ӨКМнин Алай райондук №68 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 11 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 110 адам, РИИБден 19 кызматкер, Бүлөөлү айыл аймагынан 31 адам издөө иштерин жүргүзүшүүдө, табыла элек.

 

2-февралында күндүзү өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

 

Бишкек шаары

Биринчи Май району. 2018-жылдын 31-январында саат 16:30 чамасында Ала-Арча суусунун денгээли көтөрүлгөндүктөн сайдан суу ашып, турак үйлөрдү каптап кетүү коркунучу жаралган. Ал эми, Бейшеналиева көчөсүндө 2 турак үйдү жана 1 кампаны суу каптаган.

КР ӨКМнен 1 жүктөгүч, 1 экскаватор, 2 ХОВО жана 100 куткаруучу, Ленин райондук мамлекеттик администрациясынан 3 экскаватор, 3 ХОВО, Суу чарба башкармалыгынан 1 экскаватор,  “Жашылдандыруу” ишканасынан 3 экскаватор, 3 погрузчик, “Тазалык” ишканасынан 3 самосвал, 1 экскаватор, 1 ХОВО, 1 Газ-53, «Тазалык» жана «Зеленстрой» ишканаларынан  70 кызматкер кырсыктын алдын алуу жумуштарын жүргүзүшүүдө.

1-февраль күнү Рыскулов, Бейшеналиев, Малдыбаев жана Москва көчөлөрүндө тартылган күчтөрдүн аракетинде Ала-Арча суусундагы муз катмарларын тазалоо иш чаралары жүргүзүлгөн. Райондук жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларындагы суулар көзөмөлдөнүүдө.

 

Чүй облусу

Жайыл району. Суусамыр айыл аймагында 2018-жылдын 29-январында Тунук айылында Шорго-Булак суусу тоңуп, муз катмары пайда болгондуктан суу жээктен ашып, 6 турак үйдүн короо жайларын каптаган. КР ӨКМнен 1 экскаватор, айыл аймактан 1 жүктөгүч, жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, кырсыктын алдын алуу жумуштарын жүргүзүшүүдө.

2018-жылдын 1-февралында тартылган күчтөрдүн жана техникалардын аракетинде тоңгон муздарды жаруу жана жээк бекемдөө иш-чаралары аткарылып, коркунуч жоюлду.

 

Бишкек-Ош унаа жолу

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 1-февраль күнү саат 18:30дан тартып Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постторунда чоң оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2018-жылдын 2-февралында саат 06:30да убактылуу коюлган чектөө кайрадан алынды. Унаа жолу ачык, каттамдар өз нугунда.

 

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here