Шашылыш билдирүү: кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө!
2018-жылдын 5-фералына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачындарга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90, 145-150-чакырымдарында, Тамчы участкасынын 74-78-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Ошого байланыштуу унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалыматтар жиберилген.
- Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
- Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат
Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 14 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 16 бөлүм тартылган.
2018-жылдын 4-февралы саат 08:00дөн 5-февралы саат 08:00гө чейин
өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын
КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ
Катар №
|
Бөлүм №
|
Өрттүн
категориясы
|
Убакыт | Билдирүү жолу
|
Дареги, маалыматы, өрттүн себеби |
Берилген ствол
ГТКК
|
||||
чыгуу
саат/м |
жетүү
саат/м |
чектөө
саат/м |
толук
өчүрүү саат/м |
келүү
саат/м |
||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
|
Бишкек шаары | ||||||||||
1 | 6-АӨКБ
1 б |
1 | 14:40 | 14:50 | —- | —- | 15:08 | 101 | Ленин району. Кавказ көчөсү №18 даректе өрт жөнүндө маалымат текшерилген. | —- |
2 | 6-АӨКБ
1 б |
1 | 14:48 | 14:58 | —- | —- | 15:03 | 101 | Ленин району. Садыгалиев көчөсү №13/3 даректе өрт жөнүндө маалымат текшерилген. | —- |
3 | 4-АӨКБ
1 б |
1 | 18:20 | 18:30 | 18:37 | 19:25 | 20:05 | 101 | 1-Май району. Матыев көчөсү №224 даректе жыгач устундуу рубиройд менен жабылган сарайдын 8 чарчы метр чатыры жана темир гаражда таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: тамеки тартуудагы этиятсыздык. | 2ствБ |
4 | 7-АӨКБ
1 б |
1 | 18:25 | 18:35 | 18:43 | 19:03 | 19:27 | 101 | Октябрь району. Анкара-Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде мамлекеттик № S80-52АХ “Форд Фокус” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. | 1ствБ |
5 | 3-АӨКБ
1 б |
1 | 03:05 | 03:13 | 04:08 | 05:07 | 05:35 | 101 | Свердлов району. Бакай-Ата жаңы конушундагы Нооруз көчөсү №34 даректе аянты 80 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу. | 2ствБ |
6 | 7-АӨКБ
1 б |
1 | 03:10 | 03:40 | 03:57 | 04:25 | 04:48 | 101 | Октябрь району. Көк-Жар айылындагы Табылды уулу көчөсү №8 даректе турак үйдүн бөлмөсүндө телевизор, диван-кресло күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу. | 1ствБ |
7 | 4-АӨКБ
1 б |
1 | 04:42 | 05:50 | 05:10 | 05:28 | 06:00 | 101 | Ленин району. 2-линия көчөсү 48-үйдүн 3-батиринде 30 чарчы метр мончонун чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. | 1ствБ |
Ош шаары | ||||||||||
8 | 13-АӨКБ
1 б |
1 | 19:06 | 19:15 | 19:25 | 20:01 | 20:39 | 101 | Өзгөн көчөсү №201. Турак үйдүн жанында ачык аянтта 2 чарчы метр отун күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. | 1ствБ |
9 | 12-АӨКБ
1 б |
1 | 19:12 | 19:20 | 19:47 | 20:17 | 20:40 | 101 | МЖК кичи району. 1-көчөдө жайгашкан №5 көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүндө электр калкан (щит) күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. | 1ствБ |
10 | 13-АӨКБ
1 б |
1 | 19:33 | 19:39 | 19:55 | 20:20 | 20:42 | 101 | Монуев көчөсү №24А. Турак үйдүн бөлмөсүнүн 11 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. | 1ствБ |
Чүй облусу | ||||||||||
11 | 22-ӨКБ
1 б |
1 | 21:13 | 21:33 | 21:38 | 22:10 | 22:48 | 101 | Жайыл району. Новониколаевка айылындагы Октябрь көчөсү №66 даректе турак үйдүн чатырынын 5 чарчы метр мордун тегереги күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. | 1ствБ |
Жалал-Абад облусу | ||||||||||
12 | 57-ӨКБ
1 б |
1 | 12:08 | 12:18 | 12:25 | 13:05 | 13:50 | 101 | Таш-Көмүр шаары. Бишкек-Ош унаа жолунун 452-чакырымында жайгашкан унаа оңдоочу жайдын (ТТС) жанында “Мерседес-бенс 220” үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн (унаанын № такталууда). Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. | 1ствБ |
13 | 81-АӨКБ
1 б |
1 | 00:55 | 01:12 | 01:17 | 02:20 | 02:55 | 101 | Чаткал району. Сумсар айыл аймагындагы Шакафтар айылынын Алымбек көчөсү №52 дарегинде аянты 67,5 чарчы метр турак үйдүн 4 бөлмөсү жана шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. | 1ствБ |
14 | 20-ӨКБ
1 б |
1 | 02:00 | 02:14 | 02:15 | 02:35 | 05:55 | 101 | Жалал-Абад шаары. Достук кичи району, Салахов көчөсү №21 даректе аянты 2 чарчы метр болгон ашкананын шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. | Кол каражат |
15 | 65-ӨКБ
1 б |
1 | 04:57 | 05:02 | 05:12 | 06:45 | 07:00 | 101 | Сузак району. Ырыс айыл аймагы, Күмүш-Азиз айылы, Токтогул көчөсү №15 даректе аянты 70 чарчы метр болгон үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. | 1ствБ |
Баткен облусу | ||||||||||
16 | 74-ӨКБ
1 б |
1 | 17:41 | 17:53 | 18:15 | 19:00 | 19:40 | 101 | Лейлек району. Исфана шаары, Жаштык кичи району №жок даректе турак үйдүн үч бөлмөсүнүн полу жана шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. | 1ствБ |
2018-жылдын 4-февралы саат 08:00дөн 5-февралы саат 08:00гө чейин
КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча
КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ
Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болгон.
Бишкек шаары
Октябрь району. 2018-жылдын 4-февралы күнү саат 09:20да КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары 11-кичи районундагы “Мотор” унаа жуучу жайдын жанында жайгашкан люктун ичинен бир адамдын (селсаяк) жансыз денесин алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
9 күндөн бери дайынсыз жоголгон мергенчинин сөөгү табылды
Ош облусунун Алай районунун Будалык айыл аймагында 2018-жылдын 28-январында саат 08:00 чамасында Октябрь айылынын тургуну Д. Матишов Сары-Күңгөй тоосун көздөй аң улоого кетип, дайынсыз жоголгон (акыркы жолу 28-январда саат 16:00дө үй-бүлөөсү менен байланышкан). Ошондон бери издөө иштери жүргүзүлүүдө. 4-февраль күнү издөө иштерин улантуу үчүн КР ӨКМнин Алай райондук №68 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 8 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 120 адам жана РИИБден 9 кызматкер тартылып, саат 19:00гө чейин жүргүзүлдү. Караңгы кирип кеткендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган.
2018-жылдын 5-февралы күнү саат 08:37де КР ӨКМнин Алай районундагы №68 өрткө каршы куткаруу борборунан (ӨККБ) 8 куткаруучу жергиликтүү тургундардан 45 адам жана РИИБнен 22 кызматкер менен биргеликте издөө иштерин жүргүзүү үчүн чыгып кетишкен. Саат 11:00дө Будалык айыл аймагынан издөө иштерине кошумча 25 адам тартылган. Ошондой эле, саат 13:10до КР нын ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан (ККББ) ыкчам топ Көчмө башкаруу пунктунун (ППУ) унаасы менен жерине чыгып кетишкен.
Издөө иштерин натыйжасында, 5-февраль күнү саат 15:16 чамасында Ат жайлоосунда Д.Матишовдун жансыз денеси табылган. Азыркы мезгилде маркумдун сөөгүн алып келүү иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМнин басма сөз кызматы