Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
- Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат
Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 7 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 8 бөлүм тартылган.
2018-жылдын 5-февралы саат 08:00дөн 6-февралы саат 08:00гө чейин
өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын
КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ
Катар №
|
Бөлүм №
|
Өрттүн
категориясы
|
Убакыт | Билдирүү жолу
|
Дареги, маалыматы, өрттүн себеби |
Берилген ствол
ГТКК
|
||||
чыгуу
саат/м |
жетүү
саат/м |
чектөө
саат/м |
толук
өчүрүү саат/м |
келүү
саат/м |
||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
|
Бишкек шаары | ||||||||||
5-АӨКБ
1б |
1 | 22:07 | 22:11 | 22:14 | 22:16 | 22:18 | 101 | Октябрь району. Элебаев көчөсүндөгү №1 үйдүн жанында 1 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. | Кол каражат | |
5-АӨКБ
1б |
1 | 00:24 | 00:33 | ——- | ——- | 00:40 | 101 | Биринчи май району. Эркиндик бульвары жана Түгөлбай-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйдүн чатыры күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт жөнүндө маалымат текшерилген. | — | |
Баткен облусу | ||||||||||
1 | 26-АӨКБ
1б |
1 | 14:21 | 14:27 | 14:32 | 15:35 | 16:05 | 101 | Баткен шаары. Пиримкул көчөсү № 9 даректе короодогу ачык аянтта 250 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. | 2 ств Б |
Ош облусу | ||||||||||
66-ӨКБ
1б |
1 | 14:22 | 15:07 | 15:15 | 15:54 | 16:50 | 101 | Кара-Кулжа району. Кара-Гуз айыл аймагы, Калматай айылында ачык аянтта 2 тонна чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. | 1 ств Б | |
12-АӨКБ
1б |
1 | 19:27 | 19:35 | 19:38 | 19:53 | 20:29 | 101 | Кара-Суу району. Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-Байрак айылында “Нексия” үлгүсүндөгү мамлекеттик № AS780K 72RUS унаасынын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. | 1ств Б | |
68-ӨКБ
1б |
1 | 03:35 | 03:53 | 04:26 | 05:55 | 06:30 | 101 | Алай району. Жошолу айыл аймагынын Кыз-Эмчек айылында ачык аянтта 3 тонна эндей чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. | 1 ств Б | |
Жалал-Абад облусу. | ||||||||||
20-АӨКБ
2б |
1 | 19:33
19:42 |
19:41
19:52 |
19:50 | 20:40 | 20:57
20:30 |
101 | Сузак району. Таш-Булак айыл аймагынын Ынтымак айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 50 чарчы метр чатыры, 50 чарчы метр жыгач шыбы жана үй эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби: электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу. | 2 ств Б | |
Ысык-Көл облусу. | ||||||||||
39-ӨККБ
1б |
1 | 22:11 | 22:14 | 23:03 | 23:30 | 23:55 | 101 | Ак-Суу району. Теплоключенка айылы, Комсомол көчөсү №77 даректе шифер менен жабылган сарайдын 18 чарчы метр чатыры жана турак үйдүн 21 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. | 1 ств Б |
2018-жылдын 5-февралы саат 08:00дөн 6-февралы саат 08:00гө чейин
КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча
КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ
Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон.
Ош облусу
Алай району. Будалык айыл аймагында 2018-жылдын 28-январында саат 08:00 чамасында Октябрь айылынын тургуну Д. Матишов Сары-Күңгөй тоосун көздөй аң уулоого кетип, дайынсыз жоголгон. Ошондон бери издөө иштери тынымсыз улантылып келген. 5-февралда издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Алай райондук бөлүмүнүн №68 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 8 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 70 адам, РИИБден 22 кызматкер, КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун көчмө байланыш пункту (ППУ) менен ыкчам тобу тартылып, натыйжада саат 15:16 да “Ат” жайлоосунда маркумдун жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген
Ысык-Көл облусу
Каракол шаары. 2018-жылдын 5-февралы күнү саат 16:25де Каракол суусу тоңуп, суу ашып, үйлөрдүн короолорун каптоо коркунучу жаралган. КР ӨКМнин №15 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жерине барышып, арыктагы муздарды талкалашып, суунун нугун буруу иш-чараларын жүргүзүшүп, суу каптоо коркунучун жоюшкан.
6-февралында күндүзү өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы
Түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет.
Кошумча маалыматтар
Чүй облусу
Аламүдүн району. Таш-Мойнок айыл аймагындагы Беш-Күнгөй айылынын Проектировщик дачасында арыктагы суу тоңуп, 3 турак үйдүн короолорун суу каптаган. КР ӨКМнин Аламүдүн райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары жана Беш-Күнгөй айылынан 1 экскаватор тартылы, арыктагы суунун нугун башка жака буруу иш-чарасы жүргүзүлүп, суу каптоо жоюлган.
Бишкек-Ош унаа жолу
Жайыл району. Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында 5-февраль күнү саат 18:00дөн тартып «Сосновка» постунда чоң оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген жана 6-февраль күнү саат 06:30да убактылуу коюлган чектөө кайра алынды.
Бишкек шаары
Биринчи май району. 2018-жылдын 31-январында саат 16:30 чамасында Ала-Арча суусуна муз тоңуп, сайдан суу ашып, турак үйлөрдү каптап кетүү коркунучу жаралган. Ошондон бери кырсыктын алдын алуу жумуштары жүргүзүлүүдө. 5-февраль күнү КР ӨКМнен 1 кызматкер, “Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасынан 10 адам, 1 экскаватор, 1 самосвал жана 2 жүктөгүч тартылып, Малдыбаев жана Рыскулов көчөсүндө Ала-Арча суусуна тоңгон муз катмарларын тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн. 2018-жылдын 31-январынан 5-февралына чейин жалпы 14400м3 муз катмарлары ташылып чыгарылган. Учурда райондук Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларындагы суулар көзөмөлдөнүүдө.
КР ӨКМнин басма сөз кызматы.