- Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал
I.I. Жалал-Абад облусу
I.I.I. Тогуз-Торо району. 2018-жылдын 7-февраль күнү саат 23:40 чамасында Казарман-Атал-Чат унаа жолунун 93-чакырымында көлөмү 900м3, 8-февраль күнү саат 03:40 чамасында Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 82-чакырымдарында көлөмү 1800м3 кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.
№18 Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 4 жумушчу тартылып, саат 07:00дө унаа жол бир тараптуу ачылды.
Маалымат үчүн
Чаткал району. 2018-жылдын 7-февраль күнү Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 7-чакырым аралыгында саат 12:30 чамасында болжол менен 700м3 кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.
№27 Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 бульдозер тартылып, саат 13:20да унаа жолу толук тазаланып, ачылган.
- Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат
Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган.
2018-жылдын 7-февралы саат 08:00дөн 8-февраль саат 08:00гө карата
өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын
КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ
Катар №
|
Бөлүм №
|
Өрттүн
категориясы
|
Убакыт | Билдирүү жолу
|
Дареги, маалыматы, өрттүн себеби |
Берилген ствол
ГТКК
|
||||
чыгуу
саат/м |
жетүү
саат/м |
чектөө
саат/м |
толук
өчүрүү саат/м |
келүү
саат/м |
||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
|
Бишкек шаары | ||||||||||
1 | 6-АӨКБ
1 б |
1 | 13:56 | 14:05 | 14-22 | 15-30 | 16-05 | 112 | Биринчи Май району. Корейский көчөсү №29 даректе жыгач устундуу шифер жабылган 25 чарчы метр турак үйдүн чатыры жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. | 1ствБ |
2 | 5-АӨКБ
2 б |
1 | 17:20
17:50 |
17:35
18:06 |
18:13 | 18:41 | 19:17
19:05 |
101 | Октябрь району. Юнусалиев көчөсү №177/2 даректе “Бета Сторес-2” караштуу 60 чарчы метр дизелдик генератордун контейнеринин ичи, 1,5 тонна күйүүчү дизель майы, 20 чарчы метр бастырмасы күйгөн. Өрттүн себеби электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. | 1ствБ |
3 | 5-АӨКБ
1 б |
1 | 20:55 | 21:03 | — | Жеткенге чейин | 21:28 | 101 | Октябрь району. Шабдан Баатыр көчөсү №3/2 үйүнүн 20-батиринде домофон күйгөн. Өрттүн себеби электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. | —- |
4 | 6-АӨКБ
1 б |
1 | 02-33 | 02-45 | 03-15 | 03-40 | 04-03 | 101 | Ленин району. Ак-Өргө калктуу конушу, Ак-Шоокум көчөсү №69 даректе турак үйдүн 25 чарчы метр чатыры жана тепкичи күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. | 1ствБ |
Чүй облусу | ||||||||||
5 | 27-АӨКБ
1 б |
1 | 07:44 | 07:52 | 08:05 | 10:54 | 11:36 | 101 | Ысык-Ата району. Буденовка айылындагы Курулуш көчөсү № жок даректе жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 100 чарчы метр чатыры, жыгач полу, шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. | 1ствБ |
6 | 22-АӨКБ
1 б |
1 | 17:17 | 17:22 | — | Жеткенге чейин | 18:34 | 101 | Жайыл району. Кара-Балта шаары, Луговая көчөсү №34 даректе турак үйдүн ичинде 6 чарчы метр жыгач полу күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1977-жылы туулган А. А. А. аттуу эркек адам жана 1951-жылы туулган Л. А. А. аттуу аял каза болгон. Куткаруучулар жансыз денелерди чыгарышып, РИИБ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. | — |
Ош облусу | ||||||||||
7 | 102-ӨКБ
1 б |
1
|
08:50 | 09:00 | 09:12 | 09:19 | 09:40 | 101 | Кара-Суу району. Шарк айыл аймагы, Медресе айылында турак үйдүн 2 чарчы метр чатыры жана шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. | 1ствБ |
8 | 102-ӨКБ
1 б 13-АӨКБ 1 б |
1 | 10:49
11:23 |
10:57
11:38 |
12:10 | 12:55 | 13:14
12:50 |
101 | Кара-Суу району. Нариман айыл аймагы, Нурдар айылы, Тилебаев көчөсү № жок даректе турак үйдүн жер төлөөсүндө 13м3 отун жана 2 даана пластик терезе күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. | 1ствБ |
Ысык-Көл облусу | ||||||||||
9 | 39-ӨКБ
1 б |
1 | 09:12 | 09:40 | 09:42 | 09:55 | 10:40 | 101 | Ак-Суу району. Качыбек айылы, Орозбай көчөсүндө ВМW үлгүсүндөгү мамлекеттик № 04KG046ААТ унаасынын кыймылдаткычы жана салону күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. | 1ствБ |
2018-жылдын 7-февраль саат 08:00дөн 8-февраль саат 08:00гө чейин
КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча
КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ
Куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болгон.
Нарын облусу
Нарын району. Ак-Кудук айылында 2018-жылдын 7-февралында саат 11:00 чамасында мамлекеттик № 1339 IВ «КамАЗ” үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Унаада 8 тонна солярка, 8 тонна бензин болгон. Кырсык болгон жерге саат 11:30да КР ӨКМнин №16 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 6 куткаруучу, жеке менчик 1 КамАЗ унаасы жана 1 трактор тартылып, саат 15:00дө унаа тургузулду.
8-февралда күндүзү өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы
Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Маалымат үчүн
Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 7-февраль күнү саат 19:00дон тартып, Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда, ал эми Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постунда саат 17:00дөн тартып чоң оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.
2018-жылдын 8-февралында саат 07:00дө убактылуу коюлган чектөө алынды.
КР ӨКМнин басма сөз кызматы.