2018-жылдын 9-февраль саат 08:00гө карата КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ  

0
530 просмотров

 

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

 ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

 Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган.

2018-жылдын 8-февраль күнү Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын Кыргызстан айылындагы Мырзалы Чоло уулу көчөсү № 2 дтурак үйдүн 20 чарчы метр чатыры жана 40 чарчы метр сарайдын чатыры, 1 скутер, унаа тетиктери, 8 дөңгөлөк, 2 куб отун күйгөн. Ошондой эле, коңшу турак үйүдүн 15 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин №12 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм тартылган. Өрт саат 17:47де толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн себеби такталууда.

КР ӨКМдин басма сөз кызматы

 

 

2018-жылдын 8-февраль саат 08:00дөн 9-февраль саат 08:00гө чейин

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

 

Бөлүм №

 

Өрттүн 

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10  

 

Бишкек шаары
1. 5-АӨКБ

1 07-20 0727 07-37 08-04 08-30 101 Октябрь району. Алма-Ата – Куйручук көчөлөрүнүн кесилишинде “Альфа Строй” курулуш мекемеси куруп жаткан үйдүн жанында жайгашкан 18 чарчы метр жумушчулардын чечинүүчү жайы, үстөл, электр жылыткыч, 2 пластик терезе, жумушчулардын кийим-кечелери күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларынын куроодо эреженин бузулушу. 1ствБ
2. 2-АӨКБ

1 б

1 15:02 15:17 15:25 15:39 16:18 101 1-Май району. Ак-Босого жаңы конушу, Чүй-32 көчөсү, №26 “А” дарегинде жыгач устундуу шифер жабылган аянты 25 чарчы метр курулуш чарбанын чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. Кырсык болгон жерде 1971-жылы туулган Б.М.Т. денесинен II, III даражадагы күйүк алган жана түтүнгө ууланган, тез жардам кызматкерлери №4 ооруканага жеткизишкен. 1ствБ
3. 5-АӨКБ

1 б

1 17:30 17:44 —- Жеткенге чейин 18:17 101 Октябрь району. Саманчин көчөсү №10 “Б” дарегинде 3-подъезд, 2-кабатында электр щит күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу —-
4. 4-ӨККБ

1 б

1 22:13 22:18 —- Жеткенге чейин 22:40 101 Ленин району. Кулиев көчөсү № 39, ээси К. К. Жуманазаров, “Ширин” кафесинин от жагуучу бөлмөсүндө аянты 8 чарчы метр мордун тегереги күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. —-
Ош шаары
5. 13-АӨКБ

1 б

1 13:11 13:17 13:23 13:28 14:13 101 Монуев көчөсү. № жок даректеги №1 жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазасындагы (ТАТТ) жумушчулардын 5 чарчы метр болгон чечинүүчү жайы, кийимдери менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
Чүй облусу
6. 23-АӨКБ

1 б

1 11:27 Жеткенге чейин —- —- 12:05 101 Сокулук району. Романовка айылы, Гагарин көчөсү №58 даректе турак үйдүн морунун тегеригинен өрт чыккан. Өрттүн себеби такталууда. Өрт өчүрүүчүлөр келгенге чейин өчүрүлгөн. —-
7. 22-АӨКБ

1 б

1 14:07 14:23 14:28 15:20 15:45 101 Жайыл району. Кара-Балта шаары, Алексеев айылы, Молодежный көчөсү №29 даректе аянты 20 чарчы метр болгон сарайдын ичиндеги кийим-кечелер, үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
8. 2-АӨКБ

1 б

1 20:42 20:48 21:04 21:25 22:00 101 Аламүдүн району. Нижняя Ала-Арча айылы, Логвиненко көчөсү №206 даректе ээси Г. М. Сарыбаева, аянты 20 чарчы метр мончонун шыбы күйгөн. Өрттүн себеби:  меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. 1ствБ
Ош облусу
9. 103-ӨКБ

1 б

1 11:33 11:46 11:54 12:00 12:38 101 Өзгөн району. Кызыл-Октябрь айыл аймагы, Кызыл-Октябрь айылы, Шатманов көчөсү № жок даректе турак үйдүн морунун тегерегинен өрт чыгып, ДВПдан 4 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. 1ствБ
10. 25-АӨКБ

1 б

1 14:35 14:55 Жеткенге чейин —- 16:00 101 Кара-Суу району. Отуз-Адыр айыл аймагы, Кыш-Абад айылы № жок даректе Мамат Тешебаев атындагы №102 орто мектебинин чарбалык курулушунда 1,5 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. —-
11. 12-ӨККБ

2 б

1 16:12

16:25

16:23

16:33

16:36

 

17:47 18:03

17:36

101 Кара-Суу району. Төлөйкөн айыл аймагы, Кыргызстан айылы, Мырзалы Чоло уулу көчөсү № 2 даректе турак үйдүн 20 чарчы метр чатыры жана 40 чарчы метр сарайдын чатыры, 1 скутер, унаа тетиктери, 8 дөңгөлөк, 2 куб отун күйгөн. Ошондой эле, коңшу турак үйүдүн 15 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ
Талас облусу
12. 91-ӨКБ

1 б

1 12:11 12:25 12:45 13:00 13:54 101 Кара-Буура району. Кызыл-Адыр айылы, Базар көчөсү №17 даректе турак үйдүн жалпы 6 чарчы метр болгон чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ
Баткен облусу
13. 26-АӨКБ 1 21:56 22:04 22:18 22:21 2320 101 Баткен шаары. Салихов көчөсү № жок даректе Облустук оорукананын кароолканасынын аянты 1 чарчы метр полу күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

2018-жылдын 8-февраль саат 08:00дөн 9-февраль саат 08:00гө чейин

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон.

 

Бишкек шаары

Октябрь району. 2018-жылдын 8-февраль саат 11:05де КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары 12-кичи районундагы № 35 үйдүн 19-батиринин жабылып калган  эшигин ачып беришкен.

Ысык-Көл облусу

Каракол шаары. 2018-жылдын 8-февраль саат 16:59да КР ӨКМнин №15 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Тыныстанов көчөсүндөгү №32 үйдүн 18-батиринин жабылып калган эшигип ачып беришкен. Батирдин ичинде 2 кичинекей кыздар камалып калган: 2006-жылы туулган Х. Мукамбетова жана 2011-жылы туулган Х. Мукамбетова.

 

9-февралда күндүзү өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

 

Жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

 

Маалымат үчүн

Жалал-Абад облусу

I.I.I. Тогуз-Торо району. 2018-жылдын 7-февраль күнү саат 23:40 чамасында Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 93-чакырымында көлөмү 900м3, 8-февраль күнү саат 03:40 чамасында Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 82-чакырымдарында көлөмү 1800м3 кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес. №18 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 4 жумушчу тартылып, 2018-жылдын 8-февралында саат 14:45те унаа жолу толук тазаланып, эки тараптуу каттам берилген.

 

Чүй облусу

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 8-февраль күнү саат 17:30дан тартып, Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда, ал эми Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постунда саат 17:30дан тартып чоң оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2018-жылдын 9-февралында саат 06:30да убактылуу коюлган чектөө алынды.

 

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here