- Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
- Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат
Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган.
2018-жылдын 11-февраль саат 08:00дөн 12-февраль саат 08:00гө чейин
өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын
КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ
Катар №
|
Бөлүм №
|
Өрттүн
категориясы
|
Убакыт | Билдирүү жолу
|
Дареги, маалыматы, өрттүнсебеби |
Берилген ствол
ГТКК
|
||||
чыгуу
саат/м |
жетүү
саат/м |
чектөө
саат/м |
толук
өчүрүү саат/м |
келүү
саат/м |
||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
|
Бишкек шаары. | ||||||||||
1 | 7-АӨКБ
1б |
1 | 14:38 | 14:50 | 15:04 | 15:25 | 15:55 | 101 | Свердлов району. Аламедин-1 кичи районунун Ленин көчөсүндөгү №13 дарегинде жайгашкан чач тарачкананын 15 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. | 1ствБ |
2 | 7-АӨКБ
1б |
1 | 18-02 | — | — | — | 18-10 | 101 | Октябрь району. Горький жана Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишиндеги турак үйдөн өрт чыккандыгы жөнүндө маалымат текшерилген. | — |
Чүй облусу | ||||||||||
3 | 21-АӨКБ
1б |
1 | 19:55 | 20:04 | 20:06 | 20:42 | 20:56 | 101 | Чүй району. Чүй айылы, Карл Маркс көчөсү №210-Б дарегиндеги турак үйдүн 6 чарчы метр полу жана шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу мештин жана мордун туура эмес түзүлүшү. | 1ствБ |
4 | 6-АӨКБ
1б |
1 | 23:58 | 00:21 | 00:50 | 03:13 | 03:40 | 101 | Сокулук району. Военно-Антоновка айылы, Киров көчөсү №161 даректе турак үйдүн 50 чарчы метр шыбы, чатыры, үй буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. | 1ствБ |
Баткен облусу | ||||||||||
5 | 22-ӨКБ
1б |
1 | 11:08 | 11:11 | — | Жеткенге чейин | 11:20 | 101 | Кызыл-Кыя шаары. №1 кичи районунда таштандыларды таштоочу жай күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. | — |
6 | 26-АӨКБ
1б |
1 | 16:40 | 16:49 | 16:49 | 17:05 | 18:00 | 101 | Баткен шаары. Базарбашы кварталы, Келечек көчөсүндөгү № жок даректе турак үйдүн 9 чарчы метр шыбы, 1 чарчы метр полу күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын колдонууда эреженин бузулушу. | 1ствБ |
7 | 26-АӨКБ
1б |
1 | 19:42 | 19:53 | 19:55 | 20:08 | 20:45 | 101 | Баткен шаары. Базарбашы кварталы, Биримдик көчөсү № жок даректе 2 бөлмөлүү үйдүн дубалы күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу мештин жана мордун туура эмес түзүлүшү. | Кол каражаттары |
Жалал-Абад облусу | ||||||||||
8 | 80-ӨКБ
1б |
1 | 14:17 | 14:52 | 15:12 | 16:15 | 17:30 | 101 | Ала-Бука району. Биринчи Май айыл аймагы, 4-бригад, № жок даректе жыгач устундуу 2 кабаттуу сарайдын чатыры, 800 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: отко болгон этиятсыздык. | 1ствБ |
Ысык-Көл облусу | ||||||||||
9 | 19-АӨКБ
1б |
1 | 15:12 | 15:44 | 16:30 | 19:30 | 20:40 | 101 | Тоң району. Ак-Өлөң айыл аймагы, Көк-Мойнок айылында 3 га токой күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. | 1ствБ |
10 | 31-ӨККБ
1б |
1 | 02:56 | 03:13 | 03:46 | 05:00 | 05:35 | 101 | Ысык-Көл району. Бактуу-Долоноту айылынын Тунгатаров көчөсүндөгү №26 даректе турак үйдүн 40 чарчы метр полу, шыбы, төшөк, ашкана эмереги, диван, килем күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. | 1ствБ |
Ош облусу | ||||||||||
11 | 102-ӨККБ
1б |
1 | 21:03 | 21:24 | 21:37 | 22:05 | 22:30 | 101 | Алай району. Жаңы-Алай айыл аймагынын Умаров көчөсүнүн “Беш кашар” тилкесиндеги 6 чарчы метр турак үйдүн мору жана 4 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу мештин жана мордун туура эмес түзүлүшү. | 1ствБ |
2018-жылдын 11-февралы саат 08:00дөн 12-февраль саат 08:00гө чейин
КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча
КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ
Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон.
Бишкек шаары
Биринчи Май району. 2018-жылдын 11-февраль күнү саат 13:25де КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Скрябин көчөсүндөгү №43 үйүнүн 15-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.
Жалал-Абад облусу
Жалал-Абад шаары. 2018-жылдын 11-февраль күнү саат 22:41де КР ӨКМнин №20 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Акбаров көчөсүндөгү №20 үйүнүн 22-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.
12-февралда күндүзү өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы
Жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Маалымат үчүн
Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 11-февраль күнү Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постунда саат 17:30дан тартып оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.
2018-жылдын 12-февралында саат 07:00дө убактылуу коюлган чектөө алынды.
Ош облусу
Чоң-Алай району. Кашка-Суу айыл аймагында 2018-жылдын 9-февраль күнү Кара-Кабак айылында жер астындагы суулар көтөрүлүп, муз катмары пайда болуп, турак жайларды каптап кетүү коркунучу жаралган. Ошондон бери кырсыктын алдын алуу жумуштары жүргүзүлүүдө.
2018-жылдын 11-февраль күнү “ГИК-Кайди” ЖЧКсынын алтын кен ишканасынан 1 эксковатор, 1 жүктөгүч жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, 85 метр дренаждык канал казылган. Жалпы 185 метр дренаждык канал казылган. 2018-жылдын 12-февраль күнү жумуш улантылат.
Коңшу жана алыскы мамлекеттердин аймагында техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал
Орусия Федерациясы
Москва облусу. Раменский районунда 2018-жылдын 11-февраль күнү Москва шаарынын «Домодедово» эл аралык аэропортунан Саратов авиа каттамына таандык Ан-148 учак Орск шаарын көздөй учуп чыгып, кулаган. Учактын ичинде жалпы 71 адам болуп, кырсыктын кесепетинен бардыгы каза болушкан.
КР ӨКМнин басма сөз кызматы.