2018-жылдын 13-февралы саат 08:00гө карата КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ

0
697 просмотров

Шашылыш билдирүү: кар көчкү түшүүcү күтүлүүдө!

2018-жылдын 13-февралынан 14-февралына чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана 355-370-чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба-ырайы күтүлөт!

14-февралдан 18-февралга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт: 14-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. 15-16-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде катуу жаашы күтүлөт. 17-18-февралда кар жаашы кээ бир райондордо күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…-6°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13°, күндүз -2…-7°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8°, күндүз 2° сууктан 3° жылуулукка чейин, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -8…-13°, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -9…-14°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -11…-16° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан 2018-жылдын 12-февралында №02-34/114-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

 

ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган.

 

Токтоло кетсек, 2018-жылдын 13-февраль күнү саат 01:46 чамасында Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын Озгур айылынын Коңур-Жаз көчөсү №105 дарегинде Сатаров көчөлөрүнүн кесилишинде жалпы аянты 92м2 болгон бастырманын 60м2 аянты, 80 түк чөп жана 150 боо жүгөрү бакалы күйгөн. Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМдин №85 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, өрт саат 02:47де толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

КР ӨКМдин басма сөз кызматы

 

 

2018-жылдын 12-февралы саат 08:00дөн 13-февралы саат 08:00гө чейин

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

 

Бөлүм №

 

Өрттүн 

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10  

 

Ош шаары
1 12-АӨКБ

1 б

1 12:51 13:05 жеткенге чейин —- 13:40 101 Жапалак айыл аймагы. Кеңеш айылы, Каримов көчөсү №60 даректе турак үйдүн морунун тегерегинен өрт чыккан. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. Өрт өчүрүүчүлөр жеткенге чейин өчүрүлгөн. —-
2 85-ӨКБ

1 б

1 01:46 01:57 02:17 02:47 03:17 101 Жапалак айыл аймагы. Озгур айылы, Коңур-Жаз көчөсү №105 дареги менен Сатаров көчөлөрүнүн кесилишинде жалпы аянты 92м2 болгон бастырманын 60м2 аянты, 80 түк чөп жана 150 боо жүгөрү бакарлы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
Чүй облусу
3 21-АӨКБ

1 04:43

04:53

04:48

04:58

05:19 07:06 07:15

05:58

101 Токмок шаары. Ибраимов көчөсү №63 даректе аянты 150 м2 болгон жыгач устундуу шифер жабылган турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ

1ствА

4 27-АӨКБ

1 03:44 жеткенге чейин —— —— 03:55 101 Ысык-Ата району. Люксембург айылы, Садовый көчөсү №1 даректе өрт жөнүндө маалымат текшерилген. ——
Жалал-Абад облусу
5 58-ӨКБ

1 б

1 16:15 16:18 16:20 17:10 17:20 101 Жалал-Абад шаары. Спутник кичи районунда жайгашкан кароосуз калган 9м2 болгон контейнер күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ
6 20-ӨКБ

1 б

1 05:35 05:38 05:40 05:50 06:15 101 Жалал-Абад шаары. Төрөкулов Токтогул көчөсү №5-үйдүн 1-батиринде 1,5 чарчы метр болгон жуунучу бөлмө толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: кир жуучу машинасы иштетилген боюнча калган. 1ствБ
7 65-ӨКБ

1 б

1 11:58 12:00 12:05 12:15 12:34 101 Сузак району. Ырыс айыл аймагы, Күмүш-Азиз айылы, Тилебай-Ажы көчөсүндөгү жыгач устундуу шифер жабылган мечиттин жатаканасынын 12 м2 болгон бир бөлмөсүнүн чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ
8 58-ӨКБ

1 б

1 17:05 жеткенге чейин —- —- 17:16 101 Сузак району. Кайрагач айылында турак үйдөн чыккан өрт өчүрүүчүлөр жеткенге чейин өчүрүлгөн. —-
Ош облусу
9 53-ӨКБ

1 б

1 18:18 18:27 жеткенге чейин —- 19:20 101 Өзгөн району. Кароол айыл аймагы, Шералы айылы, Чеки уулу Айти көчөсү №2 даректе турак үйдүн бир бөлмөсүндөгү 1 диван жана 1 килем күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. —-
10 103-АӨКБ

1 б

1 23:45 23:54 00:04 04:45 01:47 101 Өзгөн району. Куршаб айыл аймагы, Куршаб айылы, Алапаков көчөсү №19 даректе турак үйдүн шифер жабылган 12 м2 чатыры жана шыбы күйгөн. Ошондой эле чатырында жыйылган 2м3 кургак отун күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
Ысык-Көл облусу
11 19-ӨКБ

1 б

1 19:15 19:41 жеткенге чейин —- 20:49 101 Балыкчы-Кочкор унаа жолунда Таш-Сарай тилкесинин жанындагы токой күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. —-
12 39-ӨКБ

1 б

1 20:27 20:30 20:40 21:14 21:20 101 Ак-Суу району. Теплоключенко айылы, Комсомол көчөсү №109 даректе турак үйдүн 12м2 линолеуму күйгөн. Өрттүн себеби: атайын өрттөө. кол каражат
Баткен облусу
13 26-ӨККБ

1 б

1 20:08 20:25 20:50 20:55 21:40 101 Баткен шаары. Бужум айылы, Майда-Көчөт тилкесинде ачык талаада аянты 400 м2 камыш күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. кол каражат

 

2018-жылдын 12-февралы саат 08:00дөн 13-февралы саат 08:00гө чейин

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон.

 

 

Куткаруучулар Бишкек-Ош унаа жолунда үшүп калган адамдарга жардам көрсөтүшкөн

 

2018-жылдын 12-февралында Чүй облусунун Жайыл районунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 185-чакырымында «Киа Ретано» үлгүсүндөгү мамлекеттик № Z88-28Z Джип унаасы бузулуп, унаадагы эки адам үшүп калганына байланыштуу, Бишкек-Ош унаа жолунун 154-чакырымында жайгашкан КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоо борборунан 5 куткаруучусу жерине барып, үшүп калган адамдарды тамактануучу жана жылынуучу пунктуна “Парижге” жеткиришкен.

 

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here