Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы

0
541 просмотров

МАМБЕТОВ АЗАМАТ МУРАТОВИЧ 

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 

статс-катчысы 

1976-жылдын 16-июлунда Нарын шаарында төрөлгөн, Улуту Кыргыз, Кыргыз Республикасынын жараны, билими жогорку, 1998-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетин, 2007-жылы Россия Федерациясынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу Академиясын, 2010-жылы Жарандык коргонуу Академиясынын адъюнктурасын бүтүргөн.

Адистиги инженер-мелиоратор, командалык – штабдык жана оперативдик- тактикалык, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана аларды жоюу боюнча эксперт. Техника илимдеринин кандидаты. Орус, кыргыз, англис тилдерин билет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 21-октябрындагы Жарлыгына ылайык 3-даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.

1997-жылдан 1999-жылга чейин КР ӨКМнин Жарандык коргонуу штабында жетектөөчү адиси, 1999-жылы КР ӨКМнин 1-Өзүнчө мобилдик куткаруу бригадасында Экинчи Авариялык-куткаруу взводунун командиринин милдетин убактылуу аткаруучу, 2000-жылы КР ӨКМнин 1-Өзүнчө мобилдик куткаруу бригадасында Экинчи Авариялык-куткаруу взводунун командири, 2000-жылдан 2002-жылга чейин Баткен шаарындагы 86017 аскер бөлүгүндө Биринчи Мобилдик куткаруу взводунун командири, 2002-жылдан 2003-жылга чейин Баткен шаарындагы КР ӨКМнин 86017 аскер бөлүгүндө Он биринчи өздүк куткаруу батальонунун штаб башчысынын Кадр жана сап бөлүмү боюнча жардамчысы, 2003-жылдан 2005-жылга чейин аталган аскер бөлүктө батальонунун штаб башчысы, 2005-жылдан 2010-жылга чейин Россия Федерациясынын ӨКМнин Граждандык коргонуу академиясында угуучу жана адъюданты болгон.

2010-жылдан 2014-жылга чейин КР ӨКМнин Борбордук аппаратында Ыкчам башкармалыгынын улук офицери, Ыкчам башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн башчысы, Ыкчам башкармалыгынын башчысынын орун басары, Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы кызматтарын аркалаган.

2014-жылдын июнь айынан бери КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысынын орун басары кызматында эмгектенип жаткан.

Print Friendly, PDF & Email