2018-жылдын 15-февралы саат 08:00гө карата КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ

0
609 просмотров

Шашылыш билдирүү: кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө!

2018-жылдын 15-февралынан 18-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана 355-370-чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу) ошондой эле Ийри-Суу участкасынын 42-44-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90, 145-150-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Ошол себептен, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлөт!

2018-жылдын 15-февралынан 18-февралга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт: 15-16-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаап, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде катуу жаашы күтүлөт. 17-18-февралда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…-6°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13°, күндүз -2…-7°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8°, күндүз 2° сууктан 3° жылуулукка чейин, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -8…-13°, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -9…-14°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -11…-16° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан 2018-жылдын 13-февралында №02-34/117-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалыматтар жиберилген.

 

Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбулап түшүрүү иш-чаралары башталат

Бишкек-Ош унаа жолунда 132-137-, 198-255- жана 355-370-чакырымдарында коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2018-жылдын 15-февралынан 25-февралына чейин кар көчкү коркунучу бар аймактарда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Ошого байланыштуу адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасы – Премьер-министрдин 2018-жылдын 14-февралында №4 буйругу чыккан.

Жогорудагы буйрукту аткаруу максатында Бишкек-Ош унаа жолунун 132-137-, 198-255- жана 355-370-чакырымдарында кар көчкүлөрүн аткылап түшүрүү үчүн, КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынан 1 артиллериялык эсеп 2018-жылдын 15-февралында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылынан саат 10:00дө КР ӨКМ ыкчам тобунун коштоосу менен жолго чыгышат.

 

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

 

ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

 

 

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 17 бөлүм тартылган.

 

2018-жылдын 14-февралы саат 08:00дөн 15-февраль саат 08:00гө чейин

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ.

Катар №

 

Бөлүм №

 

Өрттүн 

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10  

 

Бишкек шаары
1 3-АӨКБ

2 б

 

1 07:58

08:07

08:04

08:14

08:57 09:57 10:55

10:13

101 Свердлов району. Жибек-Жолу көчөсү №433/3 даректе тигүүчү цехтин 220 чарчы метр болгон чатыры, фурнитуралар жана гипсокартон менен жылууланган шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствА

2ствБ

2 28-АӨКБ

1 б

1 16:09 16:13 16:20 16:25 16:53 101 Ленин району. Абдрахманов көчөсүндөгү №76 үйдүн жанында бак күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
3 5-АӨКБ

1 б

1 00:48 00:50 01:00 101 Октябрь району. Байтик-Баатыр көчөсү №73 даректе “Аура” дүкөнү күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Өрт жөнүндө маалымат текшерилген.
Чүй облусу
4 23-АӨКБ

1 б

1 20:10 20:55 21:15 22:30 23:15 101 Сокулук району. Төрт-Көл айылында аянты 60 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
5 15-ӨКБ

1 б

1 02:53 03:17 03:22 03:30 04:06 101 Москва району. Комсомол-Куйбышев көчөлөрүнүн кесилишиндеги электр зым карагайы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
Ош облусу
6 53-ӨКБ

1 б

1 06:04 06:14 06:18 06:30 06:45 101 Өзгөн району. Кароол айыл аймагы, Шералы айылындагы Кадыркулов көчөсүдө жайгашкан көмөк чордон күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. Кол каражат
7 53-ӨКБ

1 б

1 07:25 08:33 08:38 08:45 09:00 101 Өзгөн району. Өзгөн шаары, Орозбеков көчөсүндө жайгашкан электр зым карагайы күйгөн. Өрттүн себеби  такталууда. 1ствБ
8 25-АӨКБ

2 б

102-АӨКБ

1 б

13-АӨКБ

1 б

12-АӨКБ

1 б

1 00:52

00:53

 

 

00:55

 

02:02

 

02:11

 

00:54

00:55

 

 

01:16

 

02:30

 

02:37

02:22  

 

 

 

 

 

03:28

 

03:30

101 Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагындагы Тельман айылында Бажы кызматынын терминалындагы унаа токтотуучу жайдагы Фура оор жүк ташуучу унаасынан өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 1 Фура унаасы жана 1 Фуранын прицеби ичиндеги товарлары менен күйгөн (бут кийим). Азыркы учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилет.
9 53-ӨКБ

2 б

1 01:17

01:25

01:25

01:33

01:40 03:20 03:44

03:32

101 Өзгөн району. Өзгөн шаары, Согдиана көчөсү №8 даректе турак үйдүн 12 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 3ствБ
Жалал-Абад облусу
10 58-ӨКБ

1 б

1 14:00 14:05 14:07 14:20 14:35 101 Жалал-Абад шаары. Спутник кичи шаарчасы, Азимов көчөсү №3 даректе мамлекеттик № О63-15М “Даево-Тико” үлгүсүндөгү жеңил унаанын салону күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. 1ствБ
Ысык-Көл облусу
11 31-ӨКБ

1 б

1 21:30 22:00 22:25 00:45 01:10 101 Ысык-Көл району. Бостери айылында бастырманын 18 чарчы метр чатыры, 2 курулуш вагон толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ

 

2018-жылдын 14-февралы саат 08:00дөн 15-февраль саат 08:00гө чейин

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 12 чыгуу болгон.

 

Бишкек шаары

Ленин району.  2018-жылдын 14-февраль күнү саат 09:20да КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Абай көчөсүндөгү №1 үйдүн 67-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

Свердлов району. 2018-жылдын 14-февраль күнү саат 10:05де КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары РИИБнын арызынын негизинде Лермонтов көчөсүндө Чоң-Чүй каналынан курал издегени чыгышкан. Курал табылган жок.

 

1-Май району. 2018-жылдын 14-февраль күнү саат 12:05де КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Калыс-Ордо жаңы конушунун 13- жана 14- көчөдөгү арыктар тазаланбагандыктан, арыктан кардын ээриген суулары ашып 10 турак үйдүн короолоруна кирген жерге кырсыктын алдын алуу үчүн барышкан. Куткаруучулар топтолгон сууларды мото-помпанын жардамында сордурушкан. Ал эми Бишкек суу канал ишканасынан 1 эксковатор, жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылып, 300 метр аралыктагы арыктар тазаланып, суу каптоо кесепети жоюлган.

 

Октябрь району. 2018-жылдын 14-февраль күнү саат 17:25де КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Алтын-Ордо жаңы конушунун 5-көчөдөгү №619 үйгө суу каптоо коркунучу пайда болгон жерге барышкан. Куткаруучулар жерине барышып, арыктарды тазалоо зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

 

Ош шаары

Масалиев көчөсү. 2018-жылдын 15-февраль күнү саат 00:20да КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Масалиев көчөсүндөгү №16 үйдүн 76-батиринин жашоочусу А. Кадырованын колунан шакегин чыгарып беришкен.

 

Чүй облусу

Панфилов району. 2018-жылдын 14-февраль күнү саат 20:25де КР ӨКМнин №2 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Курама айыл аймагынын Панфилов айылындагы Центральная көчөсүндөгү турак үйлөрдүн огородундагы дренаждык каналдан суу ашып (тургундар дренаждык каналды толтуруп салышкан), 3 турак үйдүн короо-сарайларын каптаган жерге кырсыктын алдын алуу үчүн барышкан. Суу каптоо кесепеттерин жоюу иштерине 5 куткаруучу жана №42 жол тейлөө ишканасынан 1 эксковатор тартылып, дренаждык каналдын 4 метр аралыгы тазаланып, суу өз нугу менен агып, суу каптоо кесепети 15-февраль күнү саат 01:20 жоюлду.

 

Жайыл району. 2018-жылдын 14-февраль күнү саат 21:40да КР ӨКМнин №22 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Сосновка айылындагы Больничная көчөсүнүн №6 турак үйдү суу каптагандыгы тууралу маалымат түшкөн жерге барышкан. Куткаруучулар жерине барышып, арыктарды таза кармоо жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

 

Жалал-Абад облусу

Кара-Көл шаары. 2018-жылдын 14-февраль күнү саат 09:25де КР ӨКМнин № 94 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Бишкек-Ош унаа жолунун 403-чакырымында (Муздак-Булак тилкеси) мамлекеттик № B43-80AS (прицептин мамлекеттик № 350BP) «DAF» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен мамлекеттик № O13-71AZ «Mersedes-Atego» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа кагылышып, анын кесепетинен мерседес унаасынын айдоочусу жеңил жаракат алган жерге барышкан. Кырсык болгон жерге 5 куткаруучу тартылган, жаракат алган айдоочу тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген.

 

2018-жылдын 14-февраль күнү саат 14:30да КР ӨКМнин №94 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Бишкек-Ош унаа жолунун 401-чакырымында (Муздак-Булак тилкеси) мамлекеттик № 06KG516AC (прицептин мамлекеттик № 06KG580РА) “Скания” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып, оодарылып кеткен жерге барышкан. Кырсык болгон жерге 5 куткаруучу жана Токтогул ГЭСтен 1 кран тартылып, саат 22:20да унаа тургузулган.

 

Базар-Коргон району. 2018-жылдын 14-февраль күнү саат 18:13дө КР ӨКМнин № 78 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Могол айыл аймагындагы Көк-Тоңду айылында Кара-Үңкүр дарыясында азият улутундагы 20-25 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган жерге барышкан. Куткаруучулар жеткенге чейин милиция кызматкерлери эркек кишинин жансыз денесин суудан чыгарышып, райондук оорукананын өлүк сактоочу жайына алып кетишкен.

 

Тогуз-Торо району. Алдын ала маалымат боюнча 2018-жылдын 6-февраль күнү Көк-Ирим айыл аймагынын Бирдик айылынын 3 тургуну (1983-жылы туулган К. Чоялиев, 1976-жылы туулган С. Чоялиев жана 1989-жылы туулган С. Өмүралиев) Кабак кыштоосуна мал издегени ат менен чыгып кетишкен. 12-февраль күнү кечинде К.Чоялиев Бирдик айылына келип, С. Чоялиев жана С. Өмүралиевдин адашып жоголгондугу тууралу кабар берген. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 12-февралдан 13-февралга караган түнү 10 адам чыгып кетишкен (туугандары). Мындан сырткары 14-февраль күнү издөө иштерине айыл тургундарынан 22 адам жана КР ӨКМнин №46 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу саат 14:20да ат менен чыгып кетишкен. Жалпы 36 адам тартылган издөө иштерин жүргүзүшүүдө.

 

Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл району. 2018-жылдын 14-февраль күнү саат 20:30да КР ӨКМнин № 31 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Чолпон-Ата шаарынын 3-кичи районундагы №100 үйдүн 39-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

15-февралда күндүзү өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

 

Көпчүлүк аймактарда кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

 

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында 14-февраль күнү Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постунда саат 17:00дөн тартып оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2018-жылдын 14-февралында саат 07:00дө “Сосновка” постундагы убактылуу коюлган чектөө алынды. Ал эми Токтогул районундагы «Арал» постунда коюлган чектөө алына элек. Жеринде 15 оор жүк ташуучу унаа турат.

 

Ош облусу

Чоң-Алай району. Кашка-Суу айыл аймагында 2018-жылдын 9-февраль күнү Кара-Кабак айылында жер астындагы суулар көтөрүлүп, муз катмары пайда болуп, турак жайларды каптап кетүү коркунучу жаралган. Ошондон бери кырсыктын алдын алуу жумуштары жүргүзүлүүдө.

2018-жылдын 14-февраль күнү “ГИК-Кайди” ЖЧК алтын кен ишканасынан 1 эксковатор, 1 жүктөгүч тартылып, 123 метр дренаждык канал казылды. 9-февралдан 15-февралга чейин жалпы 608 метр дренаж казылган. 2018-жылдын 15-февраль күнү иш-чаралар улантылат.

 

Чүй облусу

Токмок шаары. Шаардын аймагында жер кыртышындагы суулардын деңгээли көтөрүлүп, суу деңгээлин төмөндөтүү максатында ачык коллектордук дренаж түйүндөрүн тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

2018-жылдын 14-февралында №954 жол тейлөө ишканасынан 1 кран, жеке менчик 1 эксковатор жана КР ӨКМнин №24 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылып, Охотничая көчөсүндө ачык типтеги коллектордук дренаждык түйүндүн 200 метр аралыгы тазаланды. Мындан сырткары Громова көчөсүндө 1 көпүрө бузулуп алынды. Тазалоо иштери 15-февралда улантылат.

 

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here