2018-жылдын 16-февралы саат 08:00гө карата КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ

0
767 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2018-жылдын 16-февралынан 18-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана 355-370 чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу), ошондой эле Ийри-Суу участкасынын 42-44-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90, 145-150 чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Ошол себептен, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

16-февралдан 18-февралга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт: 15-16-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаап, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде катуу жаашы күтүлөт. 17-18-февралда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…-6°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн           -8…-13°, күндүз -2…-7°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8°, күндүз 2° сууктан 3° жылуулукка чейин, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -8…-13°, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -9…-14°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -11…-16° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Аткарылган иш-чаралар: Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2018-жылдын 13-февралында №02-34/117-Т, 15-февралында №02-34/127-Т телефонограммалары чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын

атып түшүрүү иш-чаралары

Бишкек-Ош унаа жолунда (132-137, 198-255 жана 355-370-чм.) коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2018-жылдын 15-февралынан 25-февралына чейин кар көчкү коркунучу бар аймактарда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Ошого байланыштуу адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КРнын Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасы–Премьер-министрдин 2018-жылдын 14-февралында №4-буйругу чыккан.

Жогорудагы иш-чараларды Бишкек-Ош унаа жолунун 132-137, 198-255 жана 355-370-чакырымдарында жүргүзүү үчүн, КРнын КК Генералдык штабынан 1 артиллериялык эсеп, 2018-жылдын 15-февралында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылынан саат 10:00дө жолго КР ӨКМ ыкчам тобу менен биргеликте жолго кар көчкүлөрдү мажбурлап атып түшүрүү иш-чараларын жүргүзүүгө чыгышып, 2018-жылдын 15-февралында саат 21:46да Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында жайгашкан “Итагар” станциясына жетип түнөп калышкан. 2018-жылдын 16-февралында саат 10:00дө кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт.

 

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал

I.I. Жалал-Абад облусу

I.I.I. Токтогул району. Жаны-Жол айыл аймагы. 2018-жылдын 15-февраль күнү саат 19:20 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында  көлөмү 1800м3, 2018-жылдын 16-февраль күнү саат 03:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 247-чакырымында  көлөмү 1700м3 кар кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Тартылган күч жана каражаттар: №23 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 грейдер, 1 самосвал жана 3 кызматкер.

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар: Тартылган техниканын жардамында Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында унаа жол тазаланып, саат 22:00дө эки тараптуу ачылган. Ал эми Бишкек-Ош унаа жолунун 247-чакырымында унаа жолу тазаланып, 16-февралынын саат 07:30да ачылган.

 

Маалымат үчүн

Токтогул району. 2018-жылдын 15-февраль күнү саат 19:30 чамасында Торкен-Толук унаа жолунун 68-чакырымында көлөмү 1440м3 кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Тартылган күч жана каражаттар: №23 ЖТИден 2 бульдозер жана 2 кызматкер.

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар: Тазалоо иш-чаралары жүрүп жатат.

Тогуз-Торо району. 2018-жылдын 15-февраль күнү саат 15:00 чамасында Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 17-44, 45-76-чакырым аралыгында көлөмү 91810м3, кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Тартылган күч жана каражаттар: №18 ЖТИден 1 бульдозер, 2 грейдер, 1 жүктөгүч жана 4 кызматкер.

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар: Тартылган техниканын жардамында 16-февраль күнү саат 00:30да унаа жол бир тараптуу ачылган. Кенейтүү иш-чаралары 16-февраль күнү эрте менен улантылат.

2018-жылдын 6-февраль күнү Көк-Ирим а/а, Бирдик айылынын 3 тургуну (1983 ж.т. Чоялиев К., 1976-ж.т. Чоялиев С., 1989-ж.т. Өмүралиев С.) Кабак кыштоосуна мал издегени ат менен чыгып кетишкен. 12-февраль күнү кечинде К.Чоялиев Бирдик айылына келип, С. Чоялиев жана С. Өмүралиевдин адашып жоголгондугу тууралуу кабар берген. Бул маалымат КР ӨКМне 2018-жылдын 14-февраль күнү келип түшкөн.

Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнин №46 ӨККБдан 4 куткаруучу,  жергиликтүү тургундардан 32 адам. Жалпы 36 адам тартылган.

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар:

2018-жылдын 12-февралдан 13-февралга караган түнү жергиликтүү тургундардан 10 адам (туугандары) Кабак кыштоосуна издөөгө чыгып кетишкен. Кабак кыштоосунда түнөп калышкан. Мындан сырткары 14-февраль күнү саат 14:20да КР ӨКМнин №46 ӨККБдан 4 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 22 адам, издөө иштерине ат менен чыгып кетишкен. 14-февраль күнү саат 17:00дө кар көчкүсүнүн астынан табылган. 15-февраль күнү саат 20:30да С. Чоялиев менен С. Өмүралиевдин жансыз денелерин Сары-Булун а/а Кара-Суу айылына алып келишип, туугандарына өткөрүп беришкен.

Чаткал району. 2018-жылдын 15-февраль күнү саат 08:35 чамасында Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 95-96-чакырым аралыгында көлөмү 2000м3, 102-чакырымында көлөмү 500м3, саат 10:00 чамасында 99-100-чакырымында 600м3, 91-92-чакырымында 1800м3, 86-90-чакырымында 8500м3. Ошондой эле, саат 10:00 чамасында Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 3-12-чакырым аралыгында 12000м3 кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Тартылган күч жана каражаттар: №27 ЖТИден 2 бульдозер, 1 жүктөгүч жана 3 кызматкер.

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар: Тартылган техникалардын жардамында Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолу кардан тазаланып,  саат 18:50дө  унаа жол бир тараптуу ачылган. Ошондой эле, саат 23.40 чамасында Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолу толук тазаланып ачылган.

 

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган. Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон.

 

16-февралда күндүзү республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы

Көпчүлүк аймактарда кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 15-февраль күнү  Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постунда саат 17:00дөн тартып оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

Ошондой эле, саат 21:15те Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда жеңил унааларга убактылуу чектөө киргизилип, саат 22:30да чектөө алынган.

2018-жылдын 16-февралында саат 07:00дө Жайыл районундагы «Сосновка» постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постунда убактылуу оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды.

 

 

Нарын облусу

Жумгал району.   2018-жылдын 15-февраль саат 20:00 чамасында Арал-Мин-Куш унаа жолунун 1 чакырымында көлөмү 450м3 кар көчкү 3 жерден түшкөн. Кар көчкүнүн ортосунда 2 женил унаа 7 адам калган. Жабыркагандар жок.

Тартылган күч жана каражаттар:  КР ӨКМнин №43 ӨКБдан  7 куткаруучу,  №24 ЖТИнан 1 жүктөгүч жана 1 кызматкер.

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар: Кар көчкүдөн  унааны чыгарышып, Сары-Булун айылына аман-эсен жөнөтүшкөн. Жолду кар көчкүдөн тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле, кар көчкү коркунучу болгондуктан жана кардын калың жаашына байланыштуу саат 21.30 чамасында Жумгал райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин оозеки буйругунун негизинде Арал-Мин-Куш унаа жолунда тазалоо иш чаралары токтоп, убактылуу жабылган. Жеринде КР Транспорт жана жол министрлигинин жана КР ИИМнин Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери нөөмөттө турушат. Тазалоо иш чаралары 16 февраль күнү улантылат.

 

Ош облусу

Кара-Кулжа району. 2018-жылдын 15-февраль күнү саат 11:00 чамасында Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 75-102-чакырым аралыгында (Тамчы тилкеси) көлөмү 73000м3 кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Тартылган күч жана каражаттар: №26 ЖТИден 2 бульдозер, 3 жүктөгүч жана 5 кызматкер.

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар: Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда кар көчкү коркунучу болгондуктан Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин оозеки буйругунун негизинде 74-чакырымдан 106-чакырымга чейин убактылуу чектөө киргизилди. Кар көп жаап жаткандыгына жана кар көчкү коркунучу болгондуктан тазалоо иштери убактылуу токтотулган. Тазалоо иштери 16-февраль күнү улантылат.

Кара-Суу району. Сарай айыл аймагы.   2018-жылдын 15-январында саат 00:52 чамасында Тельман айылында  «Дан-Азык» ААКнын ичиндеги «Авто Экспресс Инвест» терминалында турган “VOLVО” үлгүсүндөгү мамл.№ О1760АО оор жүк ташуучу унаанын ичиндеги пресстелген кийим-кечелер, идиш аяктар жана курулуш эмеректери күйгөн жана “VOLVО” үлгүсүндөгү мам.№ 06KG361AC оор жүк ташуучу унаанын ичиндеги кышкы жана жазгы бут кийимдери менен күйгөн

Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнин Кара-Суу райондук №25 АӨКБдан 2 бөлүм, Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан  1 бөлүм, Ош шаардык №13 АӨКБдан 1 бөлүм, Ош шаардык №12 АӨКБдан 1 бөлүм.

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн товардык-материалдык баалуулуктар: Өрт кырсыгы катталган жерге жалпысынан 5 бөлүм тартылып, өрт саат 02:22де чектөөгө алынып, саат 10:40та толугу менен өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Чоң-Алай району. Кашка-Суу айыл аймагы. 2018-жылдын 9-февраль күнү Кара-Кабак айылында жер астындагы суулар көтөрүлүп, муз катмары пайда болуп, турак жайларды каптап кетүү коркунучу жаралган.

Тартылган күч жана каражаттар: ЖЧК “ГИК-Кайди” алтын кен ишканасынан 1 эксковатор, 1 жүктөгүч жана 2 кызматкер.

Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар: 15-февраль күнү тартылган техникалардын жардамында 5 метр дренаждык канал казылып саат 13:00дө күндүн суук болгондугуна байланыштуу жумуш убактылуу токтотулган. 9-февралдан 15-февралга чейин жалпы 613 метр казылган. 2018-жылдын 16-февраль күнү иш-чаралар улантылат.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here