Министрликтин тарыхы

0
575 просмотров

—  1990-жылдын 15- декабрында СССРдин министрлер кенеши тарабынан “Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдагы аракет боюнча мамлекеттик жалпы сөздүк тутумду түзүү”  жөнүндө токтом кабыл алынган.

— Бул токтомду өнүктүрүү багытында 1991-ж. 1- июлунда Кыргызстан Республикасынын министрлер кабинети өзгөчө кырдаалдар боюнча дайымкы орган катары Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетин түзүү жөнүндө токтом кабыл алган.

— Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 1991-ж. 8- августундагы № 271 буйругу менен Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик комиссиясы 1992- жылдын 6-январында Кыргыз республикасынын министрлер кабинетинин Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик комиссиясы Президенттин № ПЖ-4 жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик комиссиясы болуп кайрадан түзүлдү. 1993-ж. 27- майында Кыргыз Республикасынын Президентинин № VII- 153 жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комиссиясынын курамына жарандык коргонуу башкармалыгы өткөрүлүп берилди жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу боюнча мамлекеттик комиссиясы болуп кайрадан түзүлдү.

— 1996-жылдын 2-мартында Президенттин № ПЖ-45 жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  карамагындагы Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу боюнча мамлекеттик комиссиясы Өзгөчө Кырдаалдар жана жарандык коргонуу боюча министрлик болуп кайрадан түзүлдү.

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997- жылынын 11- ноябрындагы № 207 токтому менен бардык эски СССРдин Көмүр өнөр жай министрлигинин курамында турган аскерлештирилген тоо-кен кырсыгынан куткаруу  бөлүктөрү Кыргыз республикасынын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу боюнча министрлигинин курамына өткөрүлүп берилди.

— 2000-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин №363 жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын айлана чөйрөнү коргоо министрлигинин,  Кыргыз республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар жана жарандык коргонуу боюнча министрлигинин, Кыргызгидромет жана Кыргыз Республикасынын карамагындагы токой чарба мамлекеттик агенттигинин базасында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар жана Экология министрлиги түзүлдү.

— 2005-жылдын 15-октябрында Президенттин № ПЖ- 462 жарлыгы менен Өзгөчө Кырдаалдар жана Экология министрлиги Өзгөчө Кырдаалдар министрлиги болуп кайрадан түзүлдү.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here