2018-жылдын 18-февралы саат 08:00гө карата КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ

0
548 просмотров

 

 Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын

атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө

 Бишкек-Ош унаа жолунда (132-137, 198-255 жана 355-370-чакырымдарында) коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2018-жылдын 15-февралынан 25-февралына чейин кар көчкү коркунучу бар аймактарда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Ошого байланыштуу адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КРнын Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасы–Премьер-министрдин 2018-жылдын 14-февралында №4 буйругу чыккан.

Жогорудагы буйруктун негизинде Бишкек-Ош унаа жолунун 132-137-, 198-255- жана 355-370-чакырымдарында иш-чараларды жүргүзүү үчүн, КР ӨКМ ыкчам тобу жана КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын артиллериялык эсеби тарабынан, 2018-жылдын 17-февралында Бишкек-Ош унаа жолунун 357-чакырымында (Көк-Бел ашуусу) саат 11:50дөн 12:15ке чейин 6 даана снаряд атылып, 700м3 кар көчкү түшүрүлгөн. Саат 13:30дан 13:45ке чейин 355-чакырымында 6 даана снаряд атылып, 3200м3 кар көчкү түшүрүлгөн. Жалпы 12 даана снаряд атылып (2 снаряд жарылган эмес), 3900м3 кар көчкү түшүрүлгөн.

КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын артиллериялык эсеби Токтогул райондук аскер комиссариатынын имаратында түнөп калышты. Кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары 2018-жылдын 18-февралында улантылат.

 

 

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

 

ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 12 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 17 бөлүм тартылган.

 

Жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшүнун кесепетинен турак-үй өрттөнгөн

 

2018-жылдын 18-февраль күнү саат 00:12 чамасында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл аймагынын Сары-Талаа айылынын Жуманазаров көчөсү №2 дарегинде турак үйдүн 15 чарчы метр чатыры, 18 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМдин №73 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, саат 01:40та өрт толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү.

 

 

2018-жылдын 17-февралы саат 08:00дөн 18-февраль саат 08:00гө чейин

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

 

Бөлүм №

 

Өрттүн 

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1 3-АӨКБ

1 б

1 11:08 11:20 жеткенге чейин 12:09 101 Свердлов району. Менделеев көчөсү №137 даректе турак үйдүн чатырында электр зымдары түтөгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. —-
2 3-АӨКБ

2 б

штаб

1 04:27

04:37

04:38

04:33

04:42

04:44

05:28 06:48 07:04

07:02

06:00

101 Свердлов району. Ереван көчөсү №18А дарегинде турак үйдүн 100 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн кесепетинен үй ээси 1973-жылы туулган Г.М.А. II даражадагы күйүк алып, тез жардам кызматкерлерине тапшырылган. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ
3 3-АӨКБ

1 б

1 17:06 17:12 17:21 101 Свердлов району. Жибек-Жолу көчөсү №353 даректе турак үйдөн өрт чыкты деп маалымат түшкөн. Өрт жөнүндө маалымат текшерилген.
4 3-АӨКБ

1 б

1 03:05 03:08 03:22 03:28 04:36 101 Свердлов району. Сүйүнбаев жана Огонбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеШаурма” павельонунун 8 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. 1ствБ
5 4-АӨКБ

1 б

1 05:37 05:44 06:09 06:38 07:00 101 Ленин району. Фучик көчүсү №18Г дарегинде аянты 18 чарчы метр болгон дүкөн толугу менен күйгөн. Өрттун себеби такталууда. 1ствБ
Чүй облусу
6 7-АӨКБ

1 б

1 14:22 14:37 15:23 16:31 17:08 101 Аламүдүн району. Лебединовка айылы, Мичурин көчөсү №224 даректе турак үйдүн 32 чарчы метр чатыры, 40 чарчы метр жыгач полу, 20 чарчы метр шыбы, тиричилик техникасы жана үй эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. 2ств Б

1зв

ГДЗС

7 21-АӨКБ

 

2 б

 

1 23:25

 

00:07

23:35

 

00:20

00:13 00:30 00:43

 

01:16

101 Токмок шаары. Киргизия көчөсү №104 даректе турак үйдүн 60 чарчы метр чатыры жана жанындагы бастырма күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2

ствБ

Ош шаары
8 12-АӨКБ

1 б

1 11:10 11:24 11:32 12:33 12:55 101 Ош шаары. Саргалчаева көчөсү №120 даректе  турак үйдүн ичинде тиричилик техникасы жана үй эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2 ствБ
9 13-АӨКБ

1 б

1 21:41 21:42 21:45 21:53 22:16 101 Ош шаары. Артыков көчөсүндө мамлекеттик № 06KG 674ААО ВАЗ 2117 үлгүсүндөгү унаанын  кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
Ысык-Көл облусу
10 19-АӨКБ

1 б

1 06:58 07:07 07:12 07:40 09:13 101 Балыкчы шаары. Көк-Мойнок-2 тилкесиндеги жол боюнда 740 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.  1ствБ

 

Ош облусу
11 53-ӨККБ

1 б

1 17:45 17:55 18:01 18:15 18:53 101 Өзгөн району. Жаңы-Чек айылы, Куруучулар көчөсү №24А дарегинде турак үйдүн жер телөөсүндө 18 чарчы метр күн карама сабактары күйгөн. Өрттүн себеби  такталууда.  1ствБ
12 64-ӨКБ

1 б

1 21:38 21:40 22:05 101 Араван району. Юсупов айыл аймагы, Хабиба Абдулли көчөсү №75 даректе турак үйдөн өрт чыкты деп маалымат түшкөн. Өрт жөнүндө маалымат текшерилген.
Жалал-Абад облусу
13 20-АӨКБ

1 б

1 18:20 18:29 18:58 101 Жалал-Абад шаары. Достук кичи району, Алахова көчөсү №22 даректе мончо күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Өрт жөнүндө маалымат текшерилген.
14 73-ӨКБ

1 б

1 00:12 00:18 00:23 01:40 02:14 101 Ала-Бука району. Ала-Бука айыл аймагы, Сары-Талаа айылы, Жуманазаров көчөсү №2 даректе турак үйдүн 15 чарчы метр чатыры, 18 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. 2ствБ
15 94-ӨКБ

1 б

1 03:33 03:40 03:50 04:20 04:50 101 Кара-Көл шаары. Серова көчөсү №3/2 үйдүн 13-батиринде бөлмөдө төшөнчүлөр, сыналгы, палас, килем күйгөн. Өрттүн себеби: тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу. 1ств б

 

2018-жылдын 17-февралы саат 08:00дөн 18-февраль саат 08:00гө чейин

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 

  Куткаруу кызматтары тарабынан 6 чыгуу болгон.

 

Чүй облусу

Аламүдүн району. 2018-жылдын 15-февраль күнү Ала-Арча коругундагы Рацек альпинистер үйүнүн жанындагы аскадан 2 эркек альпинист (Литва Республикасынын жарандары 1975-жылы туулган Сайкаускас Салиюс жана 1982-жылы туулган Скрупскелс Кестутис) кулап, анын ичинен 1 альпинист Скрупскелс Кестутис жабыркап, издөө иштерине КР ӨКМнен 16 куткаруучу жана КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын тик учагы тартылган. КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык Штабынан тартылган тик учактын жардамында 17-февраль күнү саат 12:10до Бишкек шаарына алынып келинген. Ал эми дайынсыз жоголгон альпинист Сайкаускас Салиюсту издөө үчүн чыгып кеткен КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун 6, КР ӨКМнин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 1 куткаруучусу саат 16:30да Рацек альпинистер үйүнө жетишти. Куткаруучулар ал жерде түнөп калышып, 18-февраль күнү издөө иштерин улантышат. Жалпы 16 куткаруучу тартылган.

 

Аламүдүн району. 2018-жылдын 18-февраль күнү саат 02:10до Восток айылынын Озерный жана Калинин көчөлөрүнүн кесилишинде мамлекеттик № 08KG667AAG “Mazda Demio” үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жол боюндагы даракты сүзгөн. КР ӨКМнин №1 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулар жеткиче жабыркаган унаанын айдоочусун жергиликтүү тургандар унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

 

Талас облусу

Кара-Буура району. 2018-жылдын 17-февраль күнү саат 11:28де Аманбаев айыл аймагынын Аманбаев айылындагы каналдан тоңгон муздар эрип, Ч. Айтматов орто мектебинин короосун каптап кетүү коркунучу жаралган. Жерине КР ӨКМнин №91 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жана айыл аймак тарабынан 1 эксковатор, 1 жүктөгүч тартылып, каналдын ичи тазаланып, суу каптоо кесепети жоюлган.

 

Баткен облусу

Сүлүктү шаары. 2018-жылдын 17-февраль күнү саат 15:05де КР ӨКМнин 1-өзүнчө тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунун куткаруучулары  “Ахмат-Кен” ЖЧКсынын шахтасынын газ чыккан жерине тосмо орнотуп беришкен.

 

Ысык-Көл облусу

Каракол шаары. 2018-жылдын 17-февраль күнү саат 18:55де КР ӨКМнин №15 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары 1-май көчөсүндөгү №58 үйдүн 12-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

Нарын облусу

Кочкор  району. 2018-жылдын 18-февраль күнү саат 00:25де КР ӨКМнин №42 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 159-чакырымында мамлекеттик № О4397АВ «Тайота-ипсум» үлгүсүндөгү жеңил унаа менен мамлекеттик № В4517АН «Хово» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалсы кагышкан жерге жардам берүү үчүн барышкан. Жабыркагандар жана каза болгондор жок.

 

Маалымат үчүн

 

Ош облусу

Кара-Кулжа району. 2018-жылдын 15-февраль күнү саат 11:00 чамасында Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 75-102-чакырым аралыгында (Тамчы тилкеси) көлөмү 73000м3 кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.

№26 жол тейлөө ишканасынан 2 бульдозер, 3 жүктөгүч жана 21 кызматкер, ИИМнин Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы тарабынан 4 кызматкер татылып, 17-февраль күнү саат 15:30да унаа жол бир тараптуу ачылган. Тазалоо иш-чаралары 2018-жылдын 18-февралында улантылат.

 

Жалал-Абад облусу

Токтогул району. 2018-жылдын 15-февраль күнү саат 19:30 чамасында Торкен-Толук унаа жолунун 68-чакырымында көлөмү 1440м3 кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.

№23 жол тейлөө ишканасынан 2 бульдозер тартылып, 18-февраль күнү саат 00:00дө унаа жол толук тазаланып, ачылган.

 

Тогуз-Торо району. 2018-жылдын 17-февраль күнү саат 22:20 чамасында Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 76-77-чакырымында (Кара-Гоо ашуусу) 1820м3 кар көчкү түшүп, унаа жол убактылуу жабылган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.

№18 жол тейлөө ишканасынан 2 бульдозер тартылып, 18-февраль түнү саат 01:14де унаа жол бир тараптуу ачылган. Тазалоо иш-чаралары күндүзү улантылат.

 

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here