2018-жылдын 19-февралы саат 08:00гө карата КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ

0
309 просмотров

Шашылыш билдирүү:кар көчкү түшүү коркунучу бар!

2018-жылдын 19-февралынан 21-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана 355-370-чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу), ошондой эле Ийри-Суу участкасынын 42-44-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90-, 145-150-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Ошол себептен, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан 2018-жылдын 18-февралында телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалыматтар жиберилген.

Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын

атып түшүрүү иш-чаралары

Бишкек-Ош унаа жолунда (132-137, 198-255 жана 355-370-чм.) коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2018-жылдын 15-февралынан 25-февралына чейин кар көчкү коркунучу бар аймактарда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Ошого байланыштуу адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КРнын Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасы–Премьер-министрдин 2018-жылдын 14-февралында №4 буйругу чыккан.

КР ӨКМ ыкчам тобу жана КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын артиллериялык эсеби, 2018-жылдын 18-февралында Бишкек-Ош унаа жолунда туман түшкөндүгүнө байланыштуу кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чараларын жүргүзүшкөн жок.

КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын Артиллериялык эсеби Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында жайгашкан “Итагар” станциясында түнөп калышкан. 2018-жылдын 19-февралында улантылат.

 Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

 ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган.

октоло кетсек, 2018-жылдын 18-февралы саат 10:00 чамасында Ноокат шаарынын Горький көчөсү № жок даректе 30 чарчы метр жыгач устундуу шифер менен жабылган мал сарай, 80 түк чөп күйгөн. Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМдин №71 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, өрт саат 10:50дө толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кетип чыгуу себеби такталууда.

Ошондой эле, 2018-жылдын 18-февралы саат 09:14тө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун  Сузак айыл аймагынын Сузак айылынын Дакан-Палван көчөсүндө мамлекеттик № D8370E “ДЕУ-Матиз” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМдин №65 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, өрт саат 09:40да толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн себеби такталууда.

2018-жылдын 18-февралы саат 08:00дөн 19-февраль саат 08:00гө чейин

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

 

Бөлүм №

 

Өрттүн 

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1 5-АӨКБ

1 10:04 10:11 10:22 101 Октябрь району. Панфилов жана Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы салынып жаткан үйдүн 7 кабатында түтүн чыккан. Өрт жөнүндө маалымат текшерилген. —-
2 8-АӨКБ

1 15:03 15:16 Жетк чейин 14:40 101 1-Май району. Көлмө жаңы конушунун Махатма Ганди-Боталиева көчөлөрүнүн кесилишинде навай кана күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
3 4-АӨКБ

1 19:55 20:00 20:20 101 Ленин району. Ж. Бөкөнбаев жана Ж. Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы салынып жаткан үйдүн 14 кабатында түтүн чыккан. Өрт жөнүндө маалымат текшерилген.
4 4-АӨКБ

1 20:40 20:47 20:50 21:13 21:25 101 Ленин району.  К. Акиев көчөсүнүн №110 үйдүн жанында токтоп турган мамлекеттик № 09KG322ААН “Мерседес Спринтер” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү, алдынкы панели күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. 1ствБ
5 6-АӨКБ

1  

23:20

23:35

 

23:35

23:43

 

00:46

 

02:19

 

03:04

03:04

 

101

Ленин району.  2-Товарная көчөсү №653/2 дарегинде 65 чарчы метр жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн чатыры, от жагуучу бөлмөсү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
Чүй облусу
6 3-АӨКБ

1 12:46 13:00 13:05 13:09 14:15 101 Аламүдүн району. Саратов көчөсү №10 дарегинде мамлекеттик № 01KG951AВВ “Нисан” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
7 7-АӨКБ

1 21:21 21:37 22:00 22:13 22:31 101 Аламүдүн району. Полицейский жаңы конушундагы  №142 тилкесинде от жагуучу бөлмөдө 3 чарчы метр мордун тегереги күйгөн. Өрттүн себеби: меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. 1ствБ
8 23-АӨКБ

1 14:17 14:25 14:40 14:47 14:55 101 Сокулук району. Сокулук айылы, Больничный көчөсүндө көмөк чордон күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. Кол каражат
Жалал-Абад облусу
9 57-ӨКБ

1 07:01 07:05 —— жетк-е чейин 07:40 101 Таш-Көмүр шаары. Какалеев көчөсүндө жайгашкан шаардык оорукананын хирургия бөлүмүндө электр зымдары күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. ——
10 65-ӨКБ

1 09:14 09:15 09:18 09:25 09:40 101 Сузак району.  Сузак айыл аймагы, Сузак айылы, Дакан-Палван көчөсүндө мамлекеттик № D8370E “ДЕУ-Матиз” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
11 83-ӨКБ

1 19:12 19:16 19:21 19:33 19:45 101 Майлуу-Суу шаары. Ленин көчөсү №82 үйдүн 49-батиринин бөлмөсүндө үй эмеректери жана 15 чарчы метр жыгач полу күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
Ош облусу
12 71-ӨКБ

1 10:00 10:07 10:25 10:50 11:05 101 Ноокат району. Ноокат шаары, Горький көчөсү № жок даректе 30 чарчы метр жыгач устундуу шифер менен жабылган мал сарай, 80 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
13 25-АӨКБ

1 17:40 18:29 101 Кара-Суу району. Отуз-Адыр айыл аймагы, Отуз-Адыр айылында бастырма күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр жолдон кайтышкан.
Ысык-Көл облусу
14 19-ӨКБ

1 18:24 18:52 19:36 22:10 22:45 101 Тоң району. Оттук айылы, Көлдүн жээгинде 4га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

 

2018-жылдын 18-февралы саат 08:00дөн 19-февраль саат 08:00гө чейин

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Куткаруу кызматтары тарабынан 6 чыгуу болгон.

 Бишкек шаары

Октябрь району. 2018-жылдын 18-февраль күнү саат 19:25де КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары 12-кичи районунун №34 көп кабаттуу турак үйүнүн жанындагы кудуктун ичинен туруктуу жашаган жери жок 40-45 жаштагы эркек адамдын жансыз денесин алып чыгышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ош шаары

Монуев көчөсү. 2018-жылдын 18-февраль күнү саат 20:37де КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары Монуев көчөсүнүн №86 үйүнүн 56-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Чүй облусу

             Аламүдүн району. 2018-жылдын 15-февралында Ала-Арча коругундагы “Эркин Корея” чокусунан “Ак-Тоо” чокусуна Литва Республикасынын жарандары 2 альпинист: 1975-жылы туулган Сайкаускас Салиюс жана 1982-жылы туулган Скрупскелс Кестутис түшүп келе жатышып, аскадан кулашкан. Ошондон бери издөө-куткаруу иштери улантылган.

2018-жылдын 17-февраль күнү КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунан 6, КР ӨКМнин Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 1 куткаруучу тартылды.

1 альпинист Скрупскелс Кестутис жабыркап, КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык Штабынан тартылган тик учактын жардамында 17-февраль күнү саат 12:10до Бишкек шаарына алынып келинген. Ал эми дайынсыз жоголгон альпинист Сайкаускас Салиюсту издөө үчүн 2018-жылдын 17-февраль күнү саат 06:45те КР ӨКМнин куткаруучулары чыгып кетип, саат 16:30да Рацек альпинисттер үйүнө жетишип, түнөп калышкан. 18-февраль күнү саат 13:30да жансыз денесин табышып, “Свободная Корея” аскасынан Рацек альпинистер үйүнө саат 21:30да түшүшүп, ошол жерде түнөп калышкан. 2018-жылдын 19-февраль күнү түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт.

Аламүдүн району. 2018-жылдын 19-февраль күнү саат 01:30да КР ӨКМнин №1 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Восток айылынын Александр мал багуучу фермасынын кызматкери 1986-жылы туулган С. Дорофеева фермада өзү төрөп, баланы баштыкка салып, дивандын астына катып салган жерге жардам көрсөтүүгө барышкан. Төрөлгөн жаш бала каза болгон. Куткаруучулар келгенге чейин РИИБ кызматкерлери аялды жана каза болгон баланы ооруканага алып кетишкен.

Токмок шаары. 2018-жылдын 19-февраль күнү саат 05:15де КР ӨКМнин № 21 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Виноградный айылындагы Парковая көчөсүнүн №8 үйүнүн 5 батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Талас облусу

Талас шаары. 17-февраль күнү саат 14:00 чамасында 1956-жылы туулган В. Машнина (Талас шаарынын тургуну) Талас суусуна балык кармоо үчүн барып, кайра үйүнө кайтып келген эмес. 2018-жылдын 18-февраль күнү саат 08:55де КР ӨКМнин №17 өрт-куткаруу бөлүмүнүн 12 куткаруучусу, 7 РИИБ кызматкери жана 6 туугандары издөө иштерин жүргүзүшүп, саат 09:50дө Талас суусунун жээгинен аялдын жансыз денеси табылган.

19-февралда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

 Жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 18-февраль күнү Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постунда саат 17:00дөн тартып оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2018-жылдын 19-февралында саат 07:00дө убактылуу коюлган чектөөлөр алынган.

 Чүй облусу

              Аламүдүн району. 2018-жылдын 15-февралында Ала-Арча коругундагы Эркин Корея чокусунан Ак-Тоо чокусуна Литва Республикасынын жарандары 2 альпинист: 1975-жылы туулган Сайкаускас Салиюс жана 1982-жылы туулган Скрупскелс Кестутис түшүп келе жатышып, аскадан кулашкан. Ошондон бери издөө-куткаруу иштери улантылган.

2018-жылдын 17-февраль күнү КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунан 6, КР ӨКМнин Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 1 куткаруучу тартылды.

1 альпинист Скрупскелс Кестутис жабыркап, КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык Штабынан тартылган тик учактын жардамында 17-февраль күнү саат 12:10до Бишкек шаарына алынып келинген. Ал эми дайынсыз жоголгон альпинист Сайкаускас Салиюсту издөө үчүн 2018-жылдын 17-февраль күнү саат 06:45те КР ӨКМнин куткаруучулары чыгып кетип, саат 16:30да Рацек альпинисттер үйүнө жетишип, түнөп калышкан. 18-февраль күнү саат 13:30да жансыз денесин табышып, “Свободная Корея” аскасынан Рацек альпинистер үйүнө саат 21:30да түшүшүп, ошол жерде түнөп калышкан. 2018-жылдын 19-февраль күнү түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт.

 Ош облусу

Кара-Кулжа району. 2018-жылдын 15-февраль күнү саат 11:00 чамасында Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 75-102-чакырым аралыгында (Тамчы тилкеси) көлөмү 73000м3 кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес. Ошондон бери жолду тазалоо иштери улантылууда.

2018-жылдын 18-февраль күнү №26 жол тейлөө ишканасынан 2 бульдозер, 3 жүктөгүч жана 5 кызматкер тартылып, жолду кеңейтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Кеңейтүү иш-чаралары 2018-жылдын 19-февралында улантылат.

 Жалал-Абад облусу

Тогуз-Торо району. 2018-жылдын 17-февраль күнү саат 22:20 чамасында Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 76-77-чакырымында (Кара-Гоо ашуусу) 1820м3 кар көчкү түшүп, унаа жол убактылуу жабылган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес. Ошондон бери жолду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

№18 жол тейлөө ишканасынан 2 бульдозер, 5 кызматкер тартылып, 18-февраль күнү саат 12:45те унаа жол толук ачылган.

 Коңшу мамлекеттердин аймагындагы

техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал

 Иран Ислам Республикасы учак кыйроого учурап, 66 адам каза болду

Исфахан провинциясынын Семиром шаарында 2018-жылдын 18-февраль күнү Тегеран шаарынан Асман авиа каттамына таандык АТР-72-600 учак Ясудж шаарын көздөй учуп чыгып, 50 мүнөттөн кийин Семиром шаарына жакын жердеги тоолордо кулаган. Учактын ичинде жалпы 66 адам болуп, кырсыктын кесепетинен бардыгы каза болушкан. Алдын ала маалыматтар боюнча Кыргыз Республикасынын жарандары учактын ичинде болгон эмес.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here