Альпинисттин сөөгү Бишкек шаарына жеткирилди

0
579 просмотров

2018-жылдын 15-февраль күнү Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ала-Арча коругундагы “Свободная Корея” аскасынан 1975-жылы туулган альпинист Сайкаускас Салиюс (Литва Республикасынын жараны) кулап кеткен. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун 6, КР ӨКМнин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 1 куткаруучусу 17-февраль күнү саат 16:30да Рацек альпинистер үйүнө жетип түнөп калышкан. 18-февраль күнү саат 13:30да жансыз денеси табылып, “Свободная Корея” аскасынан Рацек альпинистер үйүнө саат 21:30да жетип, түнөп калышкан. 2018-жылдын 19-февраль күнү саат 11:00дө КР КК ГШ тик учагы куткаруучуларды жана маркумдун денесин алып саат 11:20да Бишкек шаарына келип конуп, куткаруучулар маркумдун денесин жеке менчик “Черный Лотос” каада агенттигине өткөрүп беришкен.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here