2018-жылдын 20-февралы саат 08:00гө карата КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ

0
530 просмотров

Шашылыш билдирүү:кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө!

2018-жылдын 19-февралынан 21-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана 355-370-чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу), ошондой эле Ийри-Суу участкасынын 42-44-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90-, 145-150-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Ошол себептен, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.       

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан 2018-жылдын 19-февраль күнү № 02-34/137-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын

атып түшүрүү иш-чаралары

Бишкек-Ош унаа жолунда (132-137, 198-255- жана 355-370-чакырымдары.) коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2018-жылдын 15-февралынан 25-февралына чейин кар көчкү коркунучу бар аймактарда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Ошого байланыштуу адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасы–Премьер-министрдин 2018-жылдын 14-февралында №4 буйругу чыккан.

Жогорудагы иш-чараларды Бишкек-Ош унаа жолунун 132-137-, 198-255- жана 355-370-чакырымдарында жүргүзүү үчүн, КР ӨКМ ыкчам тобу жана КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын артиллериялык эсеби тарабынан 2018-жылдын 19-февралында Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында (Чычкан капчыгайы) саат 10:40дан 14:40ка чейин 18 даана снаряд атылып, 73000м3 кар көчкү түшүрүлгөн. Саат 15:45тен 16:20га чейин 231-чакырымында 12 даана снаряд атылып, 72000м3 кар көчкү түшүрүлгөн. Саат 16:45тен 17:05ке чейин 226-чакырымында 10 даана снаряд атылып, 3400м3 кар көчкү түшүрүлгөн. Жалпы 40 даана снаряд атылып, 148400м3 кар көчкү түшүрүлгөн.

КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын Артиллериялык эсеби Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында жайгашкан “Итагар” станциясында түнөп калышкан. 2018-жылдын 20-февралында иш чара улантылат.

 

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

 

ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган.

 

2018-жылдын 19-февралы саат 08:00дөн 20-февраль саат 08:00гө чейин

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

 

Бөлүм №

 

Өрттүн 

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1 6-АӨКБ

1 07:22 07:37 07:50 08:29 09:08 101 Ленин району. Кызыл-Аскер жаңы конушунун Шуш-Төбө көчөсүндөгү турак үйдүн чатыры (аянты 35 чарчы метр) жана үй эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
2 3-АӨКБ

1 10:36 Жолдон кайтуу 10:47 101 Свердлов району. Алма-Ата көчөсүндөгү “Мадина” базарынын жанында унаа күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт болгон эмес (маалымат текшертлген).
3 5-АӨКБ

1 18:55 19:01 19:25 19:40 101 Октябрь району. Көк-Жар кичи районунун №38 көп кабаттуу турак үйүнүн жер төлөөсүндө 18 метр электр зымы түтөп, “Түндүкэлектр” кызматкерлери тарабынан өчүрүлгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.
4 6-АӨКБ

1 20:43 20:59 21:05 21:42 22:10 101 Ленин району. ТЭЦ-2 жаңы конушунун 4-көчөсүндөгү №446 турак үйдүн чатыры (аянты 30 чарчы метр), үй эмеректери жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
Ысык-Көл облусу
5 39-ӨКБ

1 08:32 08:35 08:55 09:06 09:15 101 Ак-Суу району. Теплоключенка айылынын Калинин көчөсүндөгү №21 турак үйдүн чатыры (аянты 2 чарчы метр) күйгөн. Өрттүн себеби: мордун туура эмес түзүлүшү. 1ствБ
6 33-ӨКБ

1 10:28 10:44 11:29  11:57 12:22 101 Ысык-Көл району. Семенов айылынын Алмакүчүков көчөсүнүн № 50 турак үйдүн жыгач шыбы (аянты 3 чарчы метр) жана аянты 0,5 метр куб жыгач тактайы күйгөн. Өрттүн себеби: мордун туура эмес түзүлүшү. 1ствБ
7 15-АӨКБ

1 15:15 15:23 15:25 15:30 16:10 101 Каракол шаары. Восход кичи районунун №6 көп кабаттуу үйүнүн №14 батиринин балконунда орнотулган аристондун зымы (узундугу 1 метр) күйгөн.  Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. Кол каражаттары менен
8 39-ӨКБ

1 03:26 03:30 03:40 04:20 05:00 101 Ак-Суу району. Теплоключенка айылындагы Чкалов көчөсүнүн № 11 үйдүн жыгач шыбы (аянты 4 чарчы метр) күйгөн. Өрттүн себеби: мордун туура эмес түзүлүшү.  
Жалал-Абад облусу
9 97-ӨКБ

1 11:00 12:00 12:15 12:45 14:00 101 Токтогул району. Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында  Чычкан капчыгайында “Reno” үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаа “Чычкан” суусуна түшүп кетип, жарылып, толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
10 55-ӨКБ

1 14:55 15:04 15:08 16:02 17:08 101 Ноокен району. Шайдан айыл аймагынын Жоо-Мала айылындагы Молдо-Жалил көчөсүндөгү турак үйдүн бир бөлмөсүндө жыйылып турган 3 тонна түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен болгон шоктугу. 2ствБ
11 70-ӨКБ

1 17:05 17:45 17:55 18:45 20:06 101 Аксы району. Кара-Жыгач айыл аймагынын Чарба жер тилкесинде турак үйдүн ичиндеги аянты 96 чарчы метр эки кабаттуу жыгач устундуу чатыры, жыгач материалдары, 200 даана түк чөп жана 100 боо жүгөрү сабагы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
12 97-ӨКБ

1 22:20 23:55 00:00 01:00 03:20 101 Токтогул району. Чолпон-Ата айыл аймагындагы Чолпон-Ата айылынын Качы көчөсүнүн №25  турак үй (аянты 143 чарчы метр) жана 240 даана жыгач тактайы толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 2ствБ
Ош облусу
13 13-АӨКБ

102-ӨКБ

1 14:35

 

14:54

14:41

 

15:06

15:06 16:10 16:39

 

16:17

101 Кара-Суу району. Шарк айыл аймагынын Шарк айылындагы Хажиматов көчөсүндөгү №41 турак үйдүн чатыры (аянты 32 чарчы метр), 15 даана түк чөбү күйгөн. Ошондой эле № 43 турак үйдүн жанында бастырманын чатыры (аянты 34 чарчы метр) жана 40 даана түк чөбү күйгөн. Өрттүн себеби: жаш балдардын от менен болгон шоктугу. 2ствБ
14 71-ӨКБ

1 03:55 04:25 05:00 05:25 06:12 101 Ноокат району. Зулпуев айыл аймагынын Өсөр айылындагы турак үйүнүн жыгач шыбы (аянты 48 чарчы метр), шифер жабылган жыгач устундуу чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

 

2018-жылдын 19-февралы саат 08:00дөн 20-февраль саат 08:00гө чейин

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон.

 

Баткен облусу

Баткен району. 2018-жылдын 19-февраль күнү саат 20:33дө КР ӨКМнин 1-өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунун куткаруучуларына Самаркандек айылындагы “Самаркандек көмүр” ЖЧКнын шахтасынын башкы инженери Баратов шахтада газ чыкандыгын  билдирген. Куткаруучулар “Самаркандек көмүр” ЖЧК шахтасынын ичиндеги  газ чыккан жерге тосмо коюшуп, шахтадан  чыккан  газды тазалап беришкен.

Ош шаары

Анар кичи району. 2018-жылдын 19-февраль күнү саат 11:12де КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Анар кичи районунун №9 көп кабаттуу үйүнүн 14-батиринин жабылып калган эшигин  ачып беришкен.  Батирдин ичинде 1957-жылы туулган С. Ю. аттуу эркек дамдын жансыз денеси табылып, ИИМнин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

 

20-февралда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

 

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 19-февраль күнү Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постунда саат 17:00дөн тартып оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген жана 20-февраль күнү саат 07:00дө убактылуу коюлган чектөөлөр кайрадан алынган.

 

Чүй облусу

              Аламүдүн району. 2018-жылдын 15-февраль күнү Ала-Арча коругундагы Эркин Корея чокусунан Ак-Тоо чокусуна 2 альпинист (1975-ж.т. Сайкаускас Салиюс жана 1982-ж.т. Скрупскелс Кестутис, Литва Республикасынын жарандары) түшүп келе жатышып, аскадан кулашкан. КР ӨКМнин куткаруучулары тарабынан ошондон бери издөө-куткаруу иштери жүргүзүлүп келди.

КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунан 6 жана Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын 1 куткаруучусу тартылды.

            1 альпинист Скрупскелс Кестутис жабыркап, КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык Штабынан тартылган тик учактын жардамында 17-февраль күнү саат 12:10до Бишкек шаарына алынып келинген. Ал эми дайынсыз жоголгон альпинист Сайкаускас Салиюсту издөө үчүн 2018-жылдын 17-февраль күнү саат 06:45те КР ӨКМнин куткаруучулары чыгып кетип, саат 16:30да Рацек альпинистер үйүнө жетишип, түнөп калышкан. 18-февраль күнү саат 13:30да жансыз денесин табышып, “Свободная Корея” аскасынан Рацек альпинистер үйүнө саат 21:30да түшүшүп, ошол жерде түнөп калышкан. 2018-жылдын 19-февраль күнү саат 11:00дө КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын тик учагы куткаруучуларды жана маркумдун денесин алып, саат 11:20да Бишкек шаарына келип конуп, маркумдун денесин борбордук өлүк сактоочу жайга тапшыруу максатында жеке менчик “Черный Лотос” каада агенттигине өткөрүп беришкен.

 

Ош облусу

Кара-Кулжа району. 2018-жылдын 15-февраль күнү саат 11:00 чамасында Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 75-102-чакырым аралыгында (Тамчы тилкеси) көлөмү 73000м3 кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.

№26 жол тейлөө ишканасынан 2 бульдозер, 3 жүктөгүч жана 5 кызматкер тартылып, жол бир тараптуу ачылып, кеңейтүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кеңейтүү иш-чаралары 2018-жылдын 20-февралында улантылат.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here