2018-жылдын 21-февралы  саат 08:00гө карата КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ

0
525 просмотров

Шашылыш билдирүү!!

2018-жылдын 21-февралында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана 355-370 чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу), Ийри-Суу участкасынын 42-44-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90, 145-150 чакырымдарында жана Каракол-Эңбилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Ошол сеептен, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.   

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2018-жылдын 19-февралында №02-34/137-Т телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын

атып түшүрүү иш-чаралары

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда (65-110, жана 140-150-чак.), Ала-Бука-Каныш-Кыя (65-100-чак.) жана Красная-Горка-Ак-Таш (1-9-чак.) унаа жолдорунда коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2018-жылдын 21-февралынан 25-февралына чейин кар көчкү коркунучу бар аймактарда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Ошого байланыштуу адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КРнын Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасы–Премьер-министрдин 2018-жылдын 20-февралында №5 буйругу чыккан.

 Бишкек-Ош унаа жолунда (132-137, 198-255 жана 355-370-чак.) коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2018-жылдын 15-февралынан 25-февралына чейин кар көчкү коркунучу бар аймактарда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Ошого байланыштуу адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КРнын Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасы–Премьер-министрдин 2018-жылдын 14-февралында №4 буйругу чыккан.

Жогорудагы иш-чараларды Бишкек-Ош унаа жолунун 132-137, 198-255 жана 355-370-чакырымдарында жүргүзүү үчүн, КР ӨКМ ыкчам тобу жана КР КК ГШ артиллериялык эсеби тарабынан 2018-жылдын 20-февралында Бишкек-Ош унаа жолунун 223-чакырымында (Ала-Бел ашуусу) саат 10:50дөн 11:20га чейин 14 даана снаряд атылып 5200м3 кар көчкү түшүрүлгөн. Саат 12:10дон 12:30га чейин 222-чакырымында 9 даана снаряд атылып 22000м3 кар көчкү түшүрүлгөн. Саат 14:00дон 14:10го чейин 198-чакырымында 6 даана снаряд атылып 2500м3 кар көчкү түшүрүлгөн.             Жалпы 29 даана снаряд атылып, (1 снаряд жарылган эмес), 29700 м3 кар көчкү түшүрүлгөн. КР КК ГШ артиллериялык эсеби Бишкек-Ош унаа жолунун 154-чакырымындагы (Париж тилкеси) КР ӨКМнин КДМБнун куткаруучулары жайгашкан постунда түнөп калышкан. Кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары 2018-жылдын 21-февралында улантылат.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

 21-февралда Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан-чачын жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 20-февраль күнү Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постунда саат 17:00дөн тартып оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2018-жылдын 21-февралында саат 07:00дө убактылуу коюлган чектөөлөр кайрадан алынган.

 Ош облусу

Кара-Кулжа району. 2018-жылдын 15-февраль күнү саат 11:00 чамасында Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 75-102-чакырым аралыгында (Тамчы тилкеси) көлөмү 73000м3 кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Жолду ачуу үчүн №26 жол тейлөө ишканасынан  2 бульдозер, 3 жүктөгүч жана 5 кызматкер.

Тартылган техниканын жардамында жол бир тараптуу ачылып кенейтүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кеңейтүү иш-чаралары 2018-жылдын 21-февралында улантылат.

 2018-жылдын 20-февралы саат 08:00дөн 21-февраль саат 08:00гө карата өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 7 бөлүм тартылган.

Катар №

 

Бөлүм №

 

Өрттүн 

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дарегимаалыматы,өрттүн  себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10  

 

Бишкек шаары
1 4-АӨКБ

1 б

1 09:39 09:43 09:46 10:00 10:35 101 Ленин району. Кулиев жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде мамлекеттик №В21-16АY “Ниссан-Примера” үлгүсүндөгү жеңил унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу. 1ствБ
2 6-АӨКБ

1 б

1 19:46 19:52 20:00 20:18 20:42 101 Ленин району. Ала-Тоо жаңы конушу, Терек-Сай көчөсү №45. Короодо 4 даана дөңгөлөк жана таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. 1ствБ
3 6-АӨКБ

1 б

1 23:46 00:01 00:30 101 Ленин району.Калужская №26. Турак үйдүн чатыры күйгөн.Өрт жөнүндө маалыматты текшерүүгө алынган.
Ош облусу
4 64-ӨКБ

1 б

1 16:35 16:49 17:10 17:55 18:30 101 Араван району.Анаров айыл аймагы, Жаңы-Араван айылы, Жолдош уулу Анарбай көчөсүндөгү эки кабаттуу шифер жабылган мал сарайдын 80 чарчы метр чатыры жана 3 танна чөп күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын өрт менен болгон шоктугу. 1ствБ
Ысык-Көл облусу
5 36-ӨКБ

1 б

1 17:16 17:22 17:39 18:15 18:25 101 Жети-Өгүз району.Кызыл-Суу айыл аймагы  Кызыл-Суу айылы, Намазбеков көчөсү №206.Турак үйдүн ичиндеги тамак даярдоочу меш, телевизор, кийим кечелер жана жууркан төшөнчүлөр күйгөн. Өрттүн себеби:  отко этиятсыз мамиле кылуу. 1ствБ
6 37-ӨКБ

1 б

1 22:40 22:46 23:00 23:20 00:10 101 Тоң району. Кажы-Сай айылы. Балыкчы-Каракол унаа жолунун 104-чакырымында “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү мамлекеттик  №В34-63А жеңил унаа күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
Жалал-Абад облусу
7 97-ӨКБ

1 б

1 20:20 20:35 20:38 21:00 21:46 101 Токтогул району.Токтогул шаарчасы,Хамитов көчөсү №8. Сарайдын 15 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

 2018-жылдын 20-февралы саат 08:00дөн 21-февраль саат 08:00гө карата

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон

катар № Аймак боюнча чыгуу саны Бөлүктүн аталышы Убактысы Маалымат берилген булак  

Дареги, маалыматы, өзгөчө кырдаалдын

келип чыгуу себеби, келтирилген материалдык чыгымдар

Эскертүү
чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

ордуна кайтып келүү

саат/м

1 3 4 5 6 7 8 9
Бишкек шаары
1 1 КР ӨКМнин Бишкек ш. башкармалыгынын Куткаруу кызматы 09:55 10:20 11:10 161 Свердлов району. Куткаруучулар Чүй проспектисиндеги №49 үйдүн, 11-батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинде болжол менен 70 жаштагы эркек адамдын (аты-жөнү такталууда) жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. 6 куткаруучу тартылган.
2 2 КР ӨКМнин Бишкек ш. башкармалыгынын Куткаруу кызматы 19:50 20:10 20:45 161 Ленин району. Куткаруучулар Токтогул көчөсүндөгү №200 үйдүн, 19-батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. 5 куткаруучу тартылган.
Нарын облусу
3 1 КР ӨКМнин

№16 ӨККБ

14:36 14:50 17:17 101 Нарын шаары.Шаардын батыш тарабынан айланып өтүүчү унаа жолдун 2-чакырымына (Жаңы-Жол тилкеси) көлөмү 2 мташтар кулаган. Таш кулоонун кесепетинен “Ауди-100” үлгүсүндөгү жеңил унаага таш тийген, жабыркагандар жок. Жерине куткаруучулар чыгышып унаа жолду таштардан тазалашкан. 3 куткаруучу тартылган.
Ош шаары
4 1 КР ӨКМнин Ош ш. башкармалыгынын Куткаруу кызматы 16:10 жеткенге чейин 16:50 103 Сулайман-Тоо тоосунда 1998-жылы туулган А. Я. аттуу жаран (эркек)  өзүн өзү өлтүрүү үчүн колунун кан тамырын кесип алган. Жерине куткаруучулар жеткенге чейин, жабыркаганды медициналык тез жардам кызматы келип алып кеткен.Куткаруучулар тарабынан эч кандай жумуш аткарылган эмес.4 куткаруучу тартылган.

                                                                                КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here