2018-жылдын 22-февралы саат 08:00гө карата КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ

0
556 просмотров

Шашылыш билдирүү!!

2018-жылдын 22-февралынан 26-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана 355-370 чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу), Ийри-Суу участкасынын 42-44-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90, 145-150 чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Ошол себептен, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.    

 Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2018-жылдын 21-февралында №02-34/141-Т телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын

атып түшүрүү иш-чаралары

 

Бишкек-Ош унаа жолунда (132-137, 198-255 жана 355-370-чак.) коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2018-жылдын 15-февралынан 25-февралына чейин кар көчкү коркунучу бар аймактарда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Ошого байланыштуу адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КРнын Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасы–Премьер-министрдин 2018-жылдын 14-февралында №4 буйругу чыккан.

Жогорудагы иш-чараларды Бишкек-Ош унаа жолунун 132-137, 198-255 жана 355-370-чакырымдарында жүргүзүү үчүн, КР ӨКМ ыкчам тобу жана КР КК ГШ артиллериялык эсеби тарабынан 2018-жылдын 21-февралында Бишкек-Ош унаа жолунун 133-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу) саат 11:10дон саат 11:40ка чейин 5 даана снаряд атылып (1 снаряд жарылган эмес), кар көчкү түшкөн эмес, 135-чакырымында 3 даана снаряд атылып, кар көчкү түшкөн эмес. Саат 13:00дөн 13:10го чейин 132-чакырымында 3 даана снаряд атылып, кар көчкү түшкөн эмес. Жалпы 11 даана снаряд атылып (1 снаряд жарылган эмес), кар көчкү түшкөн эмес. Мажбурлап кар көчкү атуу иш-чаралары аяктагандыгына байланыштуу КР ӨКМ ыкчам тобу жана КР КК ГШ артиллериялык эсеби, саат 13:20да туруктуу жайгашкан ордуларына чыгып кетишкен.  

Жалпы 17-февралынан тартып 21-февралына чейин 112 снаряд атылып (5 жарылган эмес), 190 100 мкар көчкү түшкөн.

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда (65-110, жана 140-150-чак.), Ала-Бука-Каныш-Кыя (65-100-чак.) жана Красная-Горка-Ак-Таш (1-9-чак.) унаа жолдорунда коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2018-жылдын 21-февралынан 25-февралына чейин кар көчкү коркунучу бар аймактарда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Ошого байланыштуу адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КРнын Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасы–Премьер-министрдин 2018-жылдын 20-февралында №5 буйругу чыккан.

2018-жылдын 22-февралында мажбурлап кар көчкү атуу иш-чараларын жүргүзүү максатында, жогоруда көрсөтүлгөн унаа жолдорго жакын жайгашкан КР КК ГШ Ош шаарындагы №36806 жана Ала-Бука айылындагы №30670  аскердик бөлүктөрүнөн артиллериялык эсеп жана тийиштүү ЖК кызматтары тартылат.

 

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 8 бөлүм тартылган.

 

2018-жылдын 21-февралы саат 08:00дөн 22-февраль саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

 

Бөлүм №

 

Өрттүн 

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Чүй облусу
1 22-ӨКБ

1 б

1 04:26 04:35 04:45 08:33 08:45 101 Жайыл району. Новопавловка айылы, Ленин көчөсү №55. Жыгач устундуу шифер жабылган бастырманын 132 чарчы метр чатыры жана 200 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
2 1-ӨКБ

1 б

1 08:49 08:53 09:11 09:20 09:30 101 Аламүдүн району. Ленин айылы, мамл.№B8861AS “Тойота” үлгүсүндөгү жеңил унаа бакты сүзүп   Ат-Башы каналына түшүп күйгөн. Ичинде 2 жүргүнчүнү  Чүй облустук ооруканага тез жардам кызматкерлери тарабынан жеткирилген. 1ствБ
3 21-АӨКБ

1 14:22 14:28 14:43 14:59 15:27 101 Токмок шаары. Гагарин көчөсү №82. “Наристелер үйү” электр калканы күйгөн. Натыйжада 14 бала эвакуацияланган. Жабыркагандар жок. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо өрт коопсуздугунун эрежесин бузуу. 1ствБ
4 22-АӨКБ

1 16:14 16:30 —- 18:20 101 Жайыл району. Бишкек-Ош унаа жолунун 68- чакырымында мам.№ B4077AG мазут ташуучу “MAN” үлгүсүндөгү бензовоз жолдон чыгып прицеби оодарылып 15 тонна мазут төгүлгөн. (прицеп мам.№176BF). Натыйжада жолду туура эмес жерден чуркап өткөн 2006-жылы туулган К. Г.  сүзүп кеткен. Жабыркаган К.Г. аттуу 12 жаштагы өспүрүм Кара-Балта шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Учурда абалы оор. —-
5 22-АӨКБ

1 02:56 03:10 03:25 04:48 05:18 101 Жайыл району. Полтавка айылы. Партизан көчөсү №9. Аянты 24 чарчы метр болгон кампа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.  
Жалал-Абад облусу
6 65-ӨКБ

1 15:40 15:53 15:56 16:35 17:20 101 Сузак району. Сузак а/а. Благовещенко айылы, Барпы көчөсү №5. Жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 24 чарчы метр чатыры, 300 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ
Ош облусу
7 53-ӨКБ

1 02:55 03:20 04:10 08:00   Өзгөн району. Ак-Жар а/а. Большевик айылы. Сулайманов көчөсү №3. Аянты 120 чарчы метр болгон 2 кабаттуу мал сарайдын 2-кабатында 300 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ
Ысык-Көл облусу
8 15-ӨКБ

1 20:35 20:40 20:50 20:58 21:20 101 Каракол шаары. Ж.Сариев жана К.Маркс көчөлөрүнүн кесилишинде эт сатуучу жайдын 2 чарчы метр пластик жасалгасы күйгөн. Өрттүн себеби: мешти пайдаланууда өрт коопсуздугу эрежесинин бузулушу. 1ствБ

2018-жылдын 21-февралы саат 08:00дөн 22-февраль саат 08:00гө карата

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон.

Бишкек шаары

Биринчи май району. 2018-жылдын 21-февралы саат 00:15 чамасында   КР ӨКМнин

Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары

Манас жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги №5 үйдүн жанында кудуктун ичинен Каралаев Ы. аттуу жаранды алып чыгышкан. 6 куткаруучу тартылган.

 

Чүй облусу

Токмок шаары. 2018-жылдын 21-февралы саат 13:03чамасында КР ӨКМнин  21-Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары  Ленин көчөсү №346, 25-батирдин бекилип калган эшигин ачып беришкен.

Жалал-Абад облусу

Кара-Көл шаары. 2018-жылдын 21-февралы саат 12:35 чамасында КР ӨКМнин  94-Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Бишкек-Ош унаа жолунун 411- чакырымында (Беке-Чал тилкеси) мамл.№04kg 175AAH “Тайота” жана мамл.№S8208R “Фольксваген” үлгүсүндөгү эки жеңил унаа катышуусунда жол кырсыгына кабылган жерге барышкан. Кырсыктын кесепетинен 3 адам жеңил жаракат алышкан. Куткаруучулар жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.

 

22-февралда Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы

         Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 21-февраль күнү Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постунда саат 17:00дөн тартып оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2018-жылдын 22-февралында саат 07:00дө убактылуу коюлган чектөөлөр кайрадан алынган.

Чүй облусу

Жайыл району. 2018-жылдын 21-февраль күнү саат 06:20 чамасында Кочкор-Арал-Төө-Ашуу унаа жолунун (Кызыл-Ой айылынын жанында) 170-чакырымында, көлөмү 60000 м3 жана 172-чакырымында көлөмү 40000 м3 кар көчкү түшүп, унаа жол убактылуу жабылган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Жолду ачуу үчүн №9 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылып, саат 12:35 чамасында унаа жол тазаланып толук ачылган.

 

Ош облусу

Кара-Кулжа району. 2018-жылдын 15-февраль күнү саат 11:00 чамасында Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 75-102-чакырым аралыгында (Тамчы тилкеси) көлөмү 73000м3 кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.

 Жолу ачуу үчүн     №26 жол тейлөө ишканасынан  2 бульдозер, 3 жүктөгүч жана 5 кызматкер.

Тартылган техниканын жардамында жол бир тараптуу ачылып кенейтүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кеңейтүү иш-чаралары 2018-жылдын 22-февралында улантылат.

 

Коңшу жана алыскы мамлекеттердин аймагында табигый

жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал

 

Перу Республикасы

Арекипа региону. 2018-жылдын 21-февралында жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен саат 01:30да Арекипа департаментинин түштүк тарабынадагы Панамерика унаа жолунда жүргүнчүлөрдү ташып бара жаткан автобус оодарылып бийиктиги 100 метр болгон жардан кулап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен 48 адам каза болгон. Алдын ала маалымат боюнча, каза болгондордун арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.

 

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here