2018-жылдын 26-февралы   саат 08:00гө карата КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ

0
563 просмотров

 Шашылыш билдирүү!!

2018-жылдын 26-февралында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана 355-370 чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу), Ийри-Суу участкасынын 42-44-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90, 145-150 чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Ошол себептен, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.       

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2018-жылдын 21-февралында №02-34/141-Т телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

 

26-февралда Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы

Кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

 

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 25-февраль күнү Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постунда саат 17:00дөн тартып оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2018-жылдын 26-февралында саат 07:00дө убактылуу коюлган чектөө алынды.

 

Талас облусу

Манас району. Покровка айыл аймагыны  Жайылган айылында 2018-жылдын 25-февраль күнү саат 19:00 чамасында аба-ырайынын жылуу болушуна байланыштуу Алмалы тоосундагы карлар ээрип, суу каналдын 10 метр аралыгын жеп, Идирисов көчөсүндөгү 2 турак үйдүн короолорун суу каптаган.

 Суу каптоонун кесепетин жоюуга КР ӨКМнин Манас райондук бөлүм башчысы,  Манас райондук №100 Өрт- куткаруу бөлүмүнөн 20 куткаруучу, Кызыл Жылдыз чек заставасынан 12 жоокер, айыл аймакатан 2 жүктөгүч жана жергиликтүү тургундар тартылган.

Абалды жөнгө салуу үчүн айыл аймак тарабынан бөлүнгөн 200 даана капка кум толтурулуп, канал бекемделген. Тазалоо иш-чаралары 26-февраль күнү улантылат.

 

Бишкек шаары

Ленин району. Ак-Өргө жаны конушунда   2018-жылдын 24-февралында саат 12:40 чамасында аба-ырайынын жылуу болушуна байланыштуу карлар ээрип,  Кызыл-Аскер каналынан суу ашып, Л. Толстой  көчөсүндөгү ЖЧК “Каганат Строй” жана Газпром ишканасынын аймагынын жарымын суу каптап, жана ошондой эле От-Араба көчөсүндөгү турак үйлөрдүн короо жайларын каптап кетүү коркунучу жаралган.

Кооптуулук жаралган аймака КР ӨКМнин райондук бөлүм башчысы, Жашылдандыруу ишканасынан 1 экскаватор,  1 самосвал, 2 адам жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылган.

 Техникалардын жардамында 25-февраль күнү жалпы 40 метр канал тазаланган. Тазалоо иш-чаралары 26-февраль күнү улантылат.

 

Чүй облусу

Аламүдүн району. Васильевка айыл аймагы. 2018-жылдын 24-февралында саат 23:10 чамасында аба-ырайынын жылуу болушуна байланыштуу талаадагы карлар ээрип, суу топтолуп Виноградный айылынын Молодежный көчөсүндөгү 10 турак үйдүн короо жайларын каптаган.

Суу каптаган аймака КР ӨКМнин райондук бөлүм башчысы жана №1 Өрт-куткаруу бөлүмүнөң 8 куткаруучу, айыл айматан 1 КАМАЗ, 1 трактор жана жергиликтүү тургундардан 42 адам.

 Куткаруучулар мотопомпанын жардамында сууну сордуруп беришкен. Ошондой эле техникалардын жардамында 6 каттам шагыл көчөгө төгүлүп, КР ӨКМнин облустук башкармалыгы тарабынан бөлүнгөн 400 даана капка кум толтурулуп, канал бекемделип жумуш толугу менен аяктаган.

 

 

2018-жылдын 25-февралынан саат 08:00дөн 26-февралына саат 08:00гө карата   өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 12 бөлүм тартылган.

 

   

 

 

 

 

 

Катар №

 

Бөлүм № Өрттүн 

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1 5-АӨККБ

1 07:30 07:46 08:03 09:16 09:40 101 Октябрь району. 12 кичи району Ж. Нуркамал көчөсү №1А. “Тазалык” ишканасынын 2 курулуш вагону күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
2 5-АӨККБ

АЛ-50

1 10:53

 

10:53

11:02 —- —- 11:29

 

11:20

101 Свердлов району. Герцин көчөсү №1 көп кабаттуу турак үйдүн 7- кабатынан түтүн чыккан. Өрт жөнүндө маалымат текшерүүгө алынган. ——
3 4-АӨККБ

1 19:33 19:45 20:54 21:58 22:47 101 Биринчи Май району. Ю. Фучик көчөсү №41 үй, №1 батир. Жыгач устундуу темир жабылган 25 чарчы метр үйдүн чатыры, бөлмөнүн 10 чарчы метр жыгач шыбы, китеп текчелери менен үй эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. 2ствБ
4 8-АӨККБ

1 19:19 19:33 —- жеткенге чейин 20:15 101 Биринчи Май району. Белозерский көчөсү №53А. Бөлмөдө сыналгы жана үй эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби: электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелерин бузулушу.  —-
Чуй облусу
5 24-АӨККБ

1 13:26 13:45 14:18 15:45 16:54 101 Чүй району. Садовый айылы, Борончиев көчөсү №9. Ачык аянтта жыйылган 400 түк  чөп жана 20 боо жүгөрү бакалы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.  1ствБ
6 7-АӨККБ

1 19:23 19:41 20:18 20:50 21:15 101 Аламүдүн району. Лебединовка айылы, Комсомол көчөсү №1Б.  Жыгач устундуу темир менен жабылган бастырманын 70 чарчы метр чатыры толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
7 23-АӨККБ

1 19:55 20:34 21:08 21:48 22:22 112 Сокулук району. Военно-Антоновка айылы, Южный көчөсү №82. Турак үйдүн шифер менен жабылган 45чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. 1ствБ
Ыссык-Көл облусу
8 15-АӨККБ

1 09:35 09:38 09:45 10:00 10:20 101 Каракол шаары. Корольков көчөсү №22. 15чарчы метр жыгач  гараж толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
Жалал-Абад облусу
9 20-АӨККБ

1 12:47 12:52 —- —- 13:12 101 Жалал-Абад шаары. Киров көчөсү №14. Мончонун чатырынан өрт чыккан. Өрт жөнүндө маалымат текшерүүгө алынган. ——
Нарын облусу
10 16-АӨККБ

1 19:44 19:46 19:49 19:54 20:08 101 Нарын шаары. Оробаков көчөсү №18. Турак үйдүн 1чарчы метр ДВП шыбы күйгөн. Өрттүн себеби:электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ
Ош шаары
11 12-АӨККБ

1 00:03 00:07 00:25 00:48 01:09 101 Ош шаары. Заднепровск көчөсү №24, №4 батир. Турак үйдүн жыгач устундуу шифер менен жабылган 20чарчы метр чатыры  күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
Ош облусу
12 71-ӨККБ

1 20:37 20:45 21:00 21:25 22:05 101 Ноокат району. Мирмахмудов айыл аймагы, Насирдинов көчөсү “Саафа” мечитинде 20чарчы метр болгон бөлмө күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу. 1ствБ

 

2018-жылдын 25-февралы саат 08:00дөн 26-февраль саат 08:00гө карата

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 6 чыгуу болгон.

 

Бишкек шаары

 

Свердлов району. 9:20 КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматы  Куткаруучулар Үсөнбаев көчөсүндөгү №24 үйдүн, №24 батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. 5 куткаруучу тартылган.

Свердлов району. 3:12  КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматы Аламедин-1 кичи районунун №44 үйдүн, №9 батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. 5 куткаруучу тартылган.

 

Чүй облусу

 

 

Сокулук району. 2018-жылдын 25-февраль күнү саат 09:20да КР ӨКМнин  №23 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары аба-ырайынын жылыганына байланыштуу карлар ээрип, Военно-Антоновка айылындагы Железнодорожный көчөсүндөгү турак үйлөрдүн короолорун суу каптап кетүү коркунучу жаралган жерге барышкан. Куткаруучулар суу каптоонүн кесепетин жоюшкан.

 

Аламүдүн району. 2018-жылдын 25-февралы саат 5:00дө КР ӨКМнин   №1 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары  аба ырайынын жылуу болушуна байланыштуу талаадагы карлар ээрип, суу топтолуп Виноградный айылындагы Молодежный көчөсүндөгү турак үйлөрдүн короолорун каптаган. Куткаруучулар мотопомпанын жардамында сууну сордурушуп, суу каптоо кесепетин жоюшкан.

 

Талас облусу

 

Кара-Буура району. 2018-жылдын 25-февралы саат 22:27де КР ӨКМНин №91 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Кызыл-Адыр айылындагы Кара-Суу суусунда жайгашкан көпүрөнү суу жеп баштаган. Куткаруучулар көпүрөнүн суу жеген жерин тосуп, суунун  нугун бурушкан.

 

Манас району. 2018-жылдын 25-февралы саат 19:00 чамасында КР ӨКМнин  №100 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары  Покровка айыл аймагынын  Жайылган айылында 2018-жылдын 25-февраль күнү саат 19:00 чамасында аба-ырайынын жылуу болушуна байланыштуу Алмалы тоосунан карлар ээрип, каналдын 10 метр аралыгын жеп, Идирисов көчөсүндөгү 2 турак үйдүн короолорун суу каптаган. 20 куткаруучу, Кызыл-Жылдыз чек-ара заставасынан 12 жоокер, айыл аймактан 2 жүктөгүч жана жергиликтүү тургундар тартылып, айыл аймак тарабынан бөлүнгөн 200 даана капка кум толтурулуп, каналдын жээктери бекемделген. Тазалоо иш-чаралары 26-февраль күнү улантылат.

 

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here