2018-жылдын 27-февралы саат 08:00гө карата КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ

0
766 просмотров

 

Шашылыш билдирүү!!

2018-жылдын 27-февралынан 3-мартына чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана 355-370-чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу), ошондой эле Ийри-Суу участкасынын 42-44-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90, 145-150-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92-чакырымдарында, кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Ошол себептен, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.       

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 7 бөлүм тартылган. 2018-жылдын 26-февралынан саат 08:00дөн 27-февралына саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар №

 

Бөлүм № Өрттүн 

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1 4-АӨККБ

1 06:50 07:01 —- 07:05 07:45 101 Биринчи Май району, Ю. Фучик көчөсү, №41 үйүнүн 1-батиринде, бөлмөнүн 0,2 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. кол каражат
2 6-АӨКБ

1 20:52 21:01 21:07 21:31 101 Биринчи Май району, П. Лумумбы менен Геология көчөлөрүнүн кесилишинде таштанды таштоочу жайынын жанында унаанын эки дөңгөлөгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
3 4-АӨКБ

1 00:28 00:37 00:50 01:23 01:55 101 Ленин району, Турусбеков көчөсү №49, “Асказан” кафесинде, ашканасында стол, идиш-аяк күйгөн. Себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. 1ствБ
Чүй облусу
4 27-АӨКБ

1 07:04 07:24 07:33 09:22 10:39 101 Ысык-Ата району, Новопокровка айылы, Шевчеко көчөсү №88, 88 чарчы метрдеги жыгач устундуу шифер жабылган турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн кесепетинен ижарачы 1976-жылы туулган У.А.В. (эркек адам) каза болгон. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ
5 21-АӨКБ

1 13:55 14:45 101 Токмок шаары, Жеңиш көчөсү, куураган чөп күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Нарын облусу
6 16-АӨКБ

1 18:48 18:52 18:57 19:30 20:00 101 Нарын шаары, Токтосунова көчөсү №24, “Кыргызпочтамт” № 5 бөлүмүнүн короосунда курулуш чарбанын 2 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

 

27-февралда Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы

Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 26-февраль күнү Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постунда саат 18:30дан тартып оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2018-жылдын 27-февралында саат 07:00дө убактылуу коюлган чектөө алынды.

 Жалал-Абад облусу

Чаткал району. 2018-жылдын 26-февраль күнү саат 16:30 чамасында Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 99-100-чакырымында (Кызыл-Бел тилкеси)  көлөмү 500м3 кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Жолду тазалоо үчүн №27 жол тейлөө ишанасынан  4 кызматкер жана 1 бульдозер тартылып анын жардамында, саат 18:30да унаа жол толук тазаланып ачылган.

2018-жылдын 26-февраль күнү саат 16:30 чамасында Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 4-9-чакырым аралыгында (Ак-Таш тилкеси)  көлөмү 950м3 кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Каттамды ачуу үчүн №27 жол тейлөө ишканасынан  3 кызматкер жана 1 жүктөгүч тартылып,  саат 18:30да унаа жол толук тазаланып ачылган.

 Талас облусу

Манас району. Покровка а/а. 2018-жылдын 25-февралында саат 19:00 чамасында аба-ырайынын жылуу болушуна байланыштуу Жайылган айылындагы Алмалы тоосунан карлар ээрип, сел өтүүчү каналдын 10 метр аралыгын суу жеп кеткен.

Каналды бекемдөөгө КР ӨКМнин Манас райондук №100 Өрт-кутаруу бөлүмүнөн 15 куткаруучу, айыл аймактан 6 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылган.

 26-феврал күнү тартылган күчтөрдүн аракетинде каналдын 10 метр аралыгы бекемделип, саат 14:50дө жумуш толугу менен аяктаган.

Бишкек шаары

Ленин району. Ак-Өргө жаңы конушу. 2018-жылдын 24-февралында саат 12:40 чамасында аба-ырайынын жылуу болушуна байланыштуу карлар ээрип,  Кызыл-Аскер каналынан суу ашып, Л. Толстой  көчөсүндөгү ЖЧК “Каганат Строй” жана Газпром ишканасынын аймагынын жарымын суу каптап, жана ошондой эле От-Араба көчөсүндөгү турак үйлөрдүн короо жайларын каптап кетүү коркунучу жаралган.

Сууну тосуу үчүн Жашылкурулуш муниципалдык  ишканасынан 1 экскаватор,  1 самосвал жана 8 кызматкер тартылган.

Тартылган күч каражаттардын жардамында 26-февраль күнү каналдын жалпы 90 метр аралыгы тазаланып, 30 кап кум менен каналдын жээктери тосулуп, суу каптоо кесепети жоюлган.

2018-жылдын 26-февралы саат 08:00дөн 27-февраль саат 08:00гө карата

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон.

 Чүй облусу

Токмок шаары.  2018-жылдын 26-февралы саат 10:56 чамасында КР ӨКМнин 21-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары  Гагарин көчөсүндөгү №14 турак үйдүн бекилип калган эшигин ачып беришкен.

Жалал-Абад облусу

 Ноокен району. 2018-жылдын 26-февралы саат 04:39 чамасында КР ӨКМнин  55-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Бишкек-Ош унаа жолунун 493-чакырымында (Ууру-Жар тилкеси) “Хюндай-Аванта” (мам.№02KG913AAF) жеңил унаасы менен “Днепр” (мам.№200ВВ) үлгүсүндөгү кран кагышкан. Жол кырсыктын кесепетинен “Хюндай-Аванта” унаасындагы 2 адам жабыркап (1992-ж.т. Э уулу К. жана 1992-ж.т. С.Б.), 2 адам каза болгон (1992- ж.т. З. уулу М. жана 1991-ж.т. Р уулу Т). Куткаруучулар жерине барып каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаанын ичинен чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми  жабыркагандар тез жардам кызматы тарабынан Кочкор-Ата шаардык ооруканасына жеткирилген.

Талас облусу

Манас району. Покровка айыл аймагы. 2018-жылдын 25-февралында саат 19:00 чамасында аба-ырайынын жылуу болушуна байланыштуу,  Жайылган айылындагы Алмалы тоосунан карлар ээрип,  сел өтүүчү каналдын 10 метр аралыгын суу жеп кеткен. Кырсыктын кесепетин жоюуга 26-февралында КР ӨКМнин Манас райондук №100 өрт-куткаруу бөлүмүнүн 15 куткаруучусу, айыл аймактан 6 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылып, каналдын 10 метр аралыгы бекемделип, саат 14:50дө жумуш толугу менен аяктаган.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

 

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here