Ысык-Көл облусунун аймактык мүнөздөмөсү

0
2 037 просмотров

Климаты, рельефи, жаратылыш шарттарынын корутундусу

Ысык-Көл облусу Кыргыз Республикасынын  түндүк-чыгышында жайгашкан. Облустун аянты 43 735 миң км2, бул Кыргыз Республикасынын аймагынын 21,58% түзөт. 1600 метрден баштап 7439 метр дениз деңгел бийиктигинде жайгашкан. Түндүк-чыгыш тарабынан Казакстан Республикасы менен чектелет, түштүк-батыш тарабынан Кытай элдик Республикасы менен, түндүк-батыш тарабынан Чүй облусу менен, түштүк-батыш тарабынан Нарын облусу менен чектелет.

Рельефи. аймак 2 бөлүктөн турат: Ысык-Көл котловинасы жана Ысык-Көл сырт өрөөнү. Ысык-Көл котловинасы түндүк жана түштүк жактарынан Күнгөй жана Тескей Ала-Тоо кыркалары менен чектелген.

Чыгыштан батышка чейинки узундугу 240 км, туурасы 100 кмге чамалаш, Ысык-Көл котловинасынан табигый бир гана Чүй өрөөнүнө Боом капчыгайы менен агуучу Чу дарыясы куят. Ысык-Көл көлү борбордук бөлүмүн ээлейт. Ысык-Көл 1608 м деңиз деңгээлинин бийиктигинде жайгашкан, көлдүн жалпы аянты 6200 кв.км, терендиги 668 м, узундугу 180 км, туурасы 64 км. Көл түздүк менен курчалган

 Айрым жерлери  кум цемент аралашмасы менен капталган, ошондой эле саздак жерлер да бар.Чыгыш жагы Түп жана Жыргалаң суусунун жээги 40-50км  түздүк  жайгашкан.   Түндүк жагынын туурасы 1-10км, батыш жагы туурасы 10-15км . Түштүк жагынын жээги гана  тоо тилкелери менен бөлүнүп турат. Күнгөй жана Тескей Ала –Тоо кыркалары  мезокайнозой катмары менен капталган, суу тилкелерине жана  көп сайларга бөлүнгөн. Күнгөй Ала Тоонун кырлары 280км. Чокусу  3800-4000 м бийиктикте жайгашкан. Чоктал тоосунун эң бийик точкасы 4771м. Кырлардын борбордук бөлүктөрү  кардын линиясынан бийик жайланышкандыктан анча чон эмес мөнгүлөр кездешет.   Тескей Ала-Тоо кыркасынын узундугу 355 км. анын эн бийик чокусу Ак-Суу жана Кара-Көл суусунун башында жайгашкан жана көп мөнгүлөр кездешет.  Тескей Ала-Тоо түштүгү сырт өрөнү болуп эсептелет жана аз өздөштүрүлгөн бийик тоо мейкиндиги болуп саналат. Бул кырканын көпчүлүгү түбөлүк каар жана мөнгүлөр менен капталган.

Гидрография. Мөңгүлөр тоо сууларын агынын түзүүчү  эң маанилүү  фактору.Күнгөй Ала-Тоонун кыркаларынын мөңгүлөрүнүн аянты 221км,Тескей Ала-Тоонун кыркалары -1081 км².

Мөңгүлөр агып кирүүчү дарыялар  Ысык-Көл бассейнине, Сырдарыя суусу,Чу,Тарим,Или. Ысык-Көлгө 80 дарыялар жана суулар кирет, андан бирөө дагы агып чыкпайт.Көлгө жакын суу агымдары тегиз эмес бөлүнгөн. Суунун батыш бөлүгүндө суу аз, чыгыш тарабында  суунун чыгымдалышы 6-8  жана10-20 м³/сек (Түп, Жыргалан суулары).Эң чоң  суулар:   Жыргалан (узундугу 250 км), Түп (120 км), Чон-Аксуу, Жети-Өгүз, Жууку, Чон-Кызыл-Суу жана Барскоон ( 100 км чейин). Облустун түндүк-батыш тарабын Чу суусу кесип өтөт, чыгыш жагынын жогору тарабында  Или суусунун бассейнине караган Каркыра суусу, Сырттагы суунун башаты Нарын жана Сары-Жаз.

Климат. Климаттык райондоштуруу боюнча Ысык-Көл облусунун көпчүлүк бөлүгү  Кыргызстандын Түндүк-Чыгышында жайгашкан.

Кыргызстандын Түндүк-Чыгышынын климаты, аянтытоңбогон Ысык-Көл деңиз чийиндери бар:кыш айлары жумшак, жай айлары жылуу,жылдык абанын температурасы жумшак болот.

Ысык-Көл котловинасында ,батыштан жана чыгыштан мезгил-мезгили менен болуучу муздак абанын келиши мененбузулуучу кээ бир  циклондук циркуляциясына   окшощтуктар кездешет.

Кыргызстандын түндүк чыгышынэки  аймакка бөлүп койсо болот: батыш жагы – өтө кургакчылык, чыгыш жагы – нымдуу.

Батыш аймагы, жылуу жана кургак, Ысык-Көлдүн батыш жагын ээн жээктерин көрсөтөт. Кыргызстандын эң кургак жарым чөл климаттык аймагы  болуп эсептелет. Жылдык жаан чачындын көлөмү 100-120 мм,  92-98% ти жылдын жылуу мезгилине түшөт, жаан-чачындын эң жогору түшкөнү июль-август, эң төмөнкү январь айларына келет. Кышында кар аз болуп кардын дайыма болушу жокко эсе. Абанын орточо температурасы 7…80 жылуу.

Чыгыш жагына жылуу менен жаан- чачындын көлөмү  өсө баштайт.   Котловинанын  жээгинин  ортончу тилкеси 250-350мм ге чейин, чыгыш жээги  400дөн 600мм ге чейин, Санташ ашуусунан өйдө жаан чачындын көлөмү 850мм ге чейин өсөт. Жаан чачындын 75-85% ти жылдын жылуу мезгилинде  түшөт, Жаан чачындын көп жаашы июль-август, аз жаашы январь –февраль. Түштүк жээктин борбордук тилкесинде кардын орточо бийиктиги 2см, максималдуу бийиктиги – 12см, түндүк жээгинде ортосо бийиктиги 3см, максималдуу- 23см.

Өсүшү: Ысык-Көл котловинасынан жаратылыштын баардык тилкелерин кезиктирсе болот: чөлдөрдү, жарым чөлдөрдү, түздүктөрдү, жайыттарды, токойлорду, жайлоо тилкелерди. Мындай жаратылыштын ар-түрдүүлүгү өсүмдөктөргө өз таасирин тийгизди, көп түрдүүлүгү менен айырмаланат.

Облустун чөл тилкелерине, батыш тарабында жайгашкан (көлдүн түштүк жээги менен Кара-Ой айылына чейин жетет, түндүк тараптан куйругу жок Кызыл-Чокуга чейин жетет) баарынан көп кездешкен тянь-шань шыбагы, эфедра, симпель, поташник ж.б. өсүмдүктөр кездешет.

Жарым чөлдөрдү тескей Ала-Тоону өтө бийик эмес кыркалары ээлейт. Өсүмдүктүн өсүүсүнө анчалык бай эмес, негизинен кавказ кавылкасы, тянь-шань шыбагы, кыргыз карагана чычырганагы, барбарис, ит-мурун өсүмдүктөрү кездешет.

Түздүк талаалары тоо этектеринде кездешет. Батыш тарабында алар бийик жана орто бийиктеги тоо кыркаларынын эңкейишинде жайгашкан, чыгыш тарабында түздүк талаасында жайгашкан.  Көпчүлүгүн чычыганактар ээлейт.

Токойлор котловинанын орто жана чыгыш тилкесинде таралган. Алар көпчүлүгү Тянь-Шань карагайлары менен түзүлгөн жана чычырганактарга бай.

Чыгыш жана батыш тарабынан талаа түздүгүндөжайлоо тилкелери жатат. Батыш жана чыгыш тилкелери бирдей бийиктикте жайланышкан (3000-3100м), ал эми үстүнкү жагы – 3400м деңиз деңгээлинен бийиктикте жайгашкан.  Ар кайсы өсүмдүктөр кеңири таралган. Карагайлар анча көп эмес топ менен өсүп, түркистандык арча жана бадал менен таралган.

Альп  тилкесинде жыгач өсүмдүктөрү толугу менен кездешпейт, бираз гана түздүктө нымдуулук сакталып мох, кызыл овсянкасы ж.б. өсүмдүктөр кездешет.

Ысык-Көл сырт зонасында (2000-3500м деңиз деңгээлинен бийиктикте) бийик тоолу жарым чөлдөр кезигет,

Административдик – аймактык бөлүнүү,  калк жана калк жашаган пункттар 

Облус Административдик-аймактык — 5 районго, 3 шаарга бөлүнөт, анын ичинен 2 шаар  облустук баш ийүүдө жана 1 шаар  райондук баш ийүүдө,  шаарчалар–2, айыл аймактар — 61, 178 айыл калкы жашаган пунктары. Административдик борбору болуп Каракол шаары эсептелет. Облустун  калкынын  жалпы  санын 458,5 мин кишини түзөт. ( 01.01.2014-жылга).

Облустун административдик  борбору болуп Каракол ш. 72,1мин киши анын ичинен (69,3 мин туруктуу жашоочу калкы менен, Пристань-Пржевальск шаарчасы 2,8 мин киши.);

 Шаардын калкын 128,9 мин киши (28,9%), айыл калкын 329,6 мин киши (71,1%) түзөт.

 Облустун аймагындагы калктын жыштыгы 1 км²га 12,2 кишини түзөт.

  (Ысык-Көлдүн акваториясынын  аянтынан башка) , анын ичинен райондор боюнча бөлүштүргөндө орточо жыштыгы төмөндөгүдөй:

  1. Ысык-Көл району — 18,1
  2. Түп району — 27,4
  3. Ак-Суу району — 6,3
  4. Тон району — 6.2
  5. Жети-Өгүз району — 5,7

  Айлана чөйрөнүн абалын байкоо жана көзөмөл жүргүзүү үчүн Ысык-Көл облусунда, гидрометеорология боюнча Ысык-Көл облустук борборунан метео жана гидропосттор, ЖЭП постору бар, анын ичинен:

Иштеп жаткан сейсмикалык станциялар 2жана 3-класстагы магнитометриялык, гидрохимиялык) – 17 станция.

Иштеп жаткан  метепостор   — 5/1 —  Балыкчы метеостанциясы – толук изилдөөчү комплекси менен;  Каракол метеостанция; метеостанциясы; Кызыл-Суу; Тянь-Шань — Кумтор метеостанция («КОК»аймагында);    Чолпон-Ата  обсерваториясы — көл станция;    Чон-Ашу кар көчкү станциясы –   Кок-Кыя капчыгайы.

  Гидропостор  — 21: Ак-Суу району — 6 пост, Жети-Өгүз району — 5 пост, Ысык-Көл району – 4 пост,Тон району – 5 пост, Түп району – 1 пост.

Бардыгы:   станция жана  посттор- 44. 

Ысык-Көл облусунун аймагындагы коркунучтуу табийгый процесстер 

Ысык-Көл облусунагы жыл аралыгында 9дан 45ке чейин өзгөчө кырдаалдар болуп турат, орто эсеп алардын саны  20-21түзөт.Техногендик өзгөчө кырдаал 19,9%  түзөт, алардан жабыркагандар жалпы сандан 60% .     20 коркунучтуу  процесстерден  10 түрү өтө коркунучтуу  ( жер титирөө, жер көчкү, сел, суу каптоо, жырып кетүүчү көлдөр, кыйроолор,  суу каптоолор, кар көчкү).

Ысык-Көл облусунун калкы үчүн өтө чоң коркунуч келтирген табийгый процесстердин  бири  жер титирөө болуп саналат.

Ысык-Көл облусунун аймагы баарына белгилүү түндүк Тянь-Шань сейсмикалык поястын чегине кирет жана кыйратуучу, бүлгүндөөчү  жер титирөөлөр менен   мүнөздөлөт.

Ысык-Көл  облусунун аймагынын чегинде сейсмикалык процесстердин активдешүүсүнүн локалдык фазасы  2012, 2014-2016, 2018-2020, 2022-2024, 2026-2027-жылдары күтүлүп, КR=12-16.болгон чон жер титирөө болушу мүмкүн.

Ысык-Көл облусу  18 жер титирөө күтүлүүчү аймакка бөлүнгөн.(РОЗ) . Көп жылдык орточо крегери шкаласы Кm=12.1 менен облуста сейсмикалык коркунучтуу аймак болуп, 7-9 балдык жер титирөө болушу мүмкүн болгон төмөндөгү  ЖКАтын I-категориясына киргендер:  Чонкемин (ЧК), Ак-Суу (АС), Күрмөнтү (КҮР) жана Челек (ЧЛ), где могут возникнуть 7-9 бальные землетрясения.

Ысык-Көлдүн  түштүк ойдуң  аймагынын чегинде ЖКА II –категориясы,калк жыш жайгашкан көлдүн түштүк жээгиндеги райондорду камтыган ЖКА II –категориясына: Туурасу-Кажы-Сай (ТК), Барскоон (БР) и Аксу-Жыргалан (АКД) кирет.

Жер көчкүнүн Ысык-Көл  ойдуңунун чегинде закон ченемдүү бөлүнүүсү бар жана эреже катары 60 га жакын жер көчкү тилкелери бар полеогон-неогендук жана төртүнчү  катмардагы түзүлүштү алган Күнгөй жана Тескей-Ала-Тоо тоо этектериндеги тилкелерге тушташтырылган. Өтө сейсмогенндик мүнөздөгү типке кирет. Жер көчкүнүн негизги көлөмү Ысык-Көл ойдуңунун  Түп жана Жыргалаң сууларынын бассейиндеринин чышыш жагында катталган. Алардын бул жерде кеңири таралышы оңтойлуу               2 фактордун, атмосфералык жаан чачындын  түшүшүнүн жогорулашы жана кубаттуу калыңдыктагы топурак жана чополуу топурак катмарынын болушунун төп келиши менен   ылайыкталышылган.

Калк  жайгашкан пункттар жер көчкү очогунан алыс болгондуктан,   көпчүлүк учурда калкка коркунуч туудурбайт. Айрым калк жашаган Пристань-Пржевальск, Ичке-Жергез, Шаты, Талды-Суу, Токтоян, Чон-Таш айылдарында жер көчкү коркунучу бар.

Кар көчкү Кутургу  суусунун бассейнинин Күнгөй Ала-Тоо тоо кыркасында, Эңильчек-Тоо тоо кыркасынын түндүк ойдуңундагы Түштүк Эңильчек  суусунун бассейнинде билинип турат.

Көп кар көчкү болуучу Жыргалаң суусунун бассейни эсептелет, жылына орто эсеп менен көлөмү 50 миң куб. м. болгон 75ге чейин кар көчкү түшөт, Түргөн – Ак-Суу(45-50), Барскоон (42-50), Оттук (82-88), Сөөк (63-65), Чон-Ашу (72-82).

Стационардык  көзөмөлдүн маалыматы боюнча Түргөн-Ак-Суу бассейнинде кар көчкү түшүү коркунучунун созулушу 8 айды түзөт (октябрь-май),  сезондун башталышы октябрь-ноябрь айларында  жана  май  айы менен сезондун бүтүшүндө аз көлөмдөгү автожолдорго коркунуч келтирбеген кээ бир кар көчкүнүн  түшүүсү менен мүнөздөлөт. Кар көчкү коркунучу көбүнчө  март-апрель айында болуп, кар көчкүнүн суммалык көлөмүнөн 53% түзөт.

Каракол-Эңилчек автожолунун ашуу тилкесиндеги кар көчкү коркунучунун созулуу мезгили 8 айды (октябрь-май), Түргөн токой чарба аймагынын ылдыйкы тилкесинде – 5 ай (ноябрь-март), Барскоон – Уч-Кошкон автожолунун аймагында – 6 ай (ноябрь-апрель) түзөт. Кар көчкүсүнүн эң коркунучтуу мезгили февралдан айынан май айына чейин, кар көчкүнүн   суммалык көлөмүнүн 70% түзөт.

Жырып кетүү коркунучу бар көлдөр Ысык-Көл облусунун аймагында  114 чейин жырып кетүү коркунучу бар бийик тоодогу көлдөр бар, алардын ичинен жырып кетүү даражасы боюнча: 6 көл I- категорияда, 12 көл II- категорияда жана 96 көл  III- категориядагы коркунучта.

Тоодогу көлдөрдүн жырып кетүүчү коркунучу, температуранын көтөрүлүшү менен, жаан чачындын көп болушуменен, муздардын эрүү мезгилинде муздардын үстүнө чыгып калуусу менен, суунун көлөмүнүн көбөйүшү менен, плотиналардын бузулуусун аргасыз кылуучу процесстердин болушу менен өсүп турат.

Сел жана суу каптоолор  Облустун аймагындаэсептелүү 390 жасалма көлмө бар. Дээрлик   облустун баардык аймагы сел  таасирлерине дуушар. Селдердин активдүүлүгүнүн негизги чектеринин  бири негизинен нөшөрлөгөн жаан чачындын түүшүсүнүн жыштыгы менен аныкталып, селдердин кайталынышы болуп эсептелинет. Селдердин жыл ичинде  бир же андан көп кайталанышынын  кеңири таралган  аймагы болуп Күнгөй жана Тескей Ала-Тоонун  тоо кыркалары жана жапыз тоо тилкелери эсептелет.

Облустун көпчүлүк бийик тоолу  жана орто тоолу райондорунун аймактары үчүн селдердин кайталанышы  аймактык бийиктигинен жана 3-10 жылда бир бааланат.

Суу каптоо Ысык-Көл облусунда суу каптоо Ысык-Көл жээктерине жакын зоналарында кеңири таралган. Түп,  Жыргалаң, Каракол сууларынын кесепетинен жалпы эсеп менен 600м2 аянтты түзөт. Суу каптоо 29 калктуу пунктардын жана Балыкчы шаарынын аймактарында кездешет.

Батыш жакта Нарын облусунун чек-арасында Орто-Токой шаарчасынан 1,5 км аралыкта 25 км2 аянты менен Орто-Токой суу сактагычы жайгашкан, көлөмү  470 млн. м3.  Плотинанын  бийиктиги 52 м болгон бирдей майда таштуу массадан турат. Деңиз деңгээлинен 1767 м бийиктикте жайгашкан.  Орто-Токой плотинасы  IV категориядагы эң жогорку коркунуч даражасына кирет.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here