Баткен облусунун аймактык мүнөздөмөсү

0
3 904 просмотров

Баткен облусунун кыскача Географиялык жана социалдык-экономикалык мүнөздөмөсү

Баткен облусунун аймагына Баткен, Исфара, Шахимардан жана Исфайрам ойдуңдары, ошондой эле Фергана өрөнөөнүнүн деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 400-10250 метрге чейинки бир бөлүгү кирет. Рельефи күчтүү бөлүнүп, абсолюттук бийиктиги 400-5539 метрге чейин өзгөрүп турат. Облус түштүк жагынан Алай жана Түркистан тоо кыркалары менен чектешкен. Облустун ичинде 19 тоо кыркалары жайгашкан.

Климаты кышында жана жазында түндүктөн, түштүккө карай климаттык поясы кургактыктан, тундранын климатка чейин өзгөрүп турат. Шамалдын орточо айлык ылдамдыгы 2-3 м/сек, катуу шамалдын ылдамдыгы 23 м/сек чейин. Орточо суук эмес күндөрдүн мезгили 226 күн. Орточо атмосфералык жаан-чачындын саны бир жылда 100дөн 400 мм чейин өзгөрүп турат, анын ичинен 40% жай мезгилине туура келет. Негизи жаан-чачындын массасы Алай жана Түркистан тоо кыркаларынын түндүк тарабына жаайт. Кардын жаашы туруксуз жана ноябрдан март мезгилине чейин 5 см ден 20 см ге чейин өзгөрүп турат.

Облустун аймагында 7 дарыя бар. Дарыялардын бардыгынын башталышы тоолордон башталат, бийик тоолордогу карлардан жана мөңгүлөрдөн жаз мезгилинде эригендигинен жыйналып пайда болот. Ошондуктан облустун аймагындагы дарыялар жай жана жаз мезгилинде агышына көзөмөл жүргүзүлөт. Дарыялардан тышкары 21 ден көбүрөөк көлдөр бар, 1 Төрт-Күл суу сактагычы бар сыйымдуулугу 90 млн.куб. Физикалык-географиялык запаска ылайык региондук флорасы чөл, талаа, чөптүү, курук жана чөптүү жылгаларга, токойлорго бөлүнөт.

Жогорудагы көрсөтүлгөндүн негизинде төмөнкүдөй жыйынтык чыгарат. Региондун аймагынын рельефи татаал жана ар түрдүү жаратылыштык процесстерге жана кубулуштар учурунда адамдардын жашоосундагы өз аракеттери учурунда өзгөчө кырдаалдардын пайда болушу мүмкүн: жер көчкү, сел, көчкү, жер титирөө, суу каптоо, өрт жана башкалар.

Баткен облусундагы калктардын жана калк жашаган жерлердин административдик бөлүнүшү.

Облустун аймагынын аянты 17,0 миң км2, 452855 адам жашайт. Облус административдик 3 районго бөлүнөт:

1.     Кадамжай

2.     Баткен

3.     Лейлек

Баткен облусунда 3 шаар облустук жана 3 шаар райондук карамагында, 33

айыл аймагы жана 202 калктуу пунктар бар. Административдик борбору Баткен шаары болуп эсептелет.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here