Нарын облусунун аймактык мүнөздөмөсү

0
1 218 просмотров

Нарын облусунун административдик–аймактык бөлүнүшү, Нарын облусу 1970-жылдын 11-декабрында түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын ортоңку бөлүгүн ээлейт жана түштүгүнөн Кытай Эл  Республикасы,  түштүк – батышынан Кыргызстандын Ош жана Жалал–Абад, түндүгүнөн—Чүй, түндүк–чыгышынан жана чыгышынан Ысык–Көл облустары менен чектешет.

Облустун аянты 45,2 миң км2, бул Кыргыз Республикасынын аймагынын 23% түзөт.

Облустун аймагы 5 административдик районго бөлүнөт: Ак–Талаа, Ат–Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын (сүр.6.1).

Облуста бир шаар, шаар түрүндөгү эки кыштак, 63 айылдык округ жана 136 айылдык калктуу конуш. Административдик борбору болуп Нарын шаары эсептелет. Калкынын жалпы саны 2009-жылкы эл каттоодон алынган маалымат боюнча 257 768 адамды түзөт, анын ичинде: Нарын шаары 34 822 адам, Ак–Талаа району 30 643 адам, Ат–Башын району 49 238 адам, Жумгал району 40 718 адам, Кочкор району 58 267 адам, Нарын району 44 080 адам; шаар калкы 38 925 адам (15,1%), айылдыктар — 218 843 адам (84,9%). Калктын орточо жыштыгы 1 км2  ка  5,7  киши туура келет.

КЛИМАТЫ, РЕЛЬЕФИ, ЖАРАТЫЛЫШ ШАРТТАРЫНЫН КОРУТУНДУСУ

Рельефи. Облустун аймагында: бийик тоолуу (Ак–Сай, Арпа, Ат–Башы–Кара-Коюн, Чатыр–Көл, Соң–Көл) жана орто тоолуу (Жумгал, Кочкор, Миң–Куш, Ортоңку Нарын), ошондой эле аларды тегеректеп турган Молдо–Тоо, Жумгал–Тоо, Ат–Башы, Жаман–Тоо, Нарын–Тоо, Соң–Көл, Торугарт–Тоо, Какшаал–Тоо тоо кыркаларынан турган тоо тутуму жайгашкан. Ойдуңдардын түбүнүн  бийиктиги: бийик тоолуу өрөөндөр үчүн  3000 ден 3800 м чейин, орто тоолуу өрөөндөр үчүн— 1500 дөн 2600 м чейин өзгөрөт. Тоо кыркаларынын орточо бийиктиги  3600 дөн 4500 м чейин. Кээ бирки чокулардын белгилери 5100 м ашат. Тоолордун ортосундагы ойдуңдар эки тарабын суу жеп, жар кылып кеткен кууш өрөөндөрдү бириктирүүчү диогоналдык тосмолор менен бөлүнгөн түнт капчыгай түрүндө.

Рельефтердин чыгыштан батышка карай бөлүнүшү өсүүдө. Облустун чыгыш бөлүгү мөңгүлүү бийик тоолуу көлдөр,  дөңсөөлөр, сырттар менен мүнөздөлөт.

Климаты. Нарын облусу климаттык бөлүнүшү боюнча Ички Тянь–Шанда жайгашкан. Ички Тянь–Шанды шарттуу түрдө үч бөлүккө бөлсө болот: түндүк, борбордук жана түштүк–чыгыш. Түндүк бөлүгү чокуларда жайгашкан жана башкалардан бөлөкчө климаттык шарттагы Кочкор жана Соң–Көл ойдуңдарын кучагына алат.

Кочкор ойдуңу кургак климаты менен айырмаланат, айрыкча жылдын суук мезгилинде жаан-чачындардын жылдык жыйындысынын 10% азыраагы туура келет (жылдык жыйыдысы 200 мм). Жааан-чачындар эң көп жаашы май айына, эң азы январь, февраль, декабрга туура келет.

Кар катмарынын орточо калыңдыгы 10 см азыраак, кыштын 50% ойдуңдун астыңкы бөлүгүндө кар катмары болбойт.

Абанын жылдык орточо температурасы 4о ысык.

Кышы суук, 120–130 күнгө созулат. Январдагы орточо температура 10о, орточо эң төмөнкү температура 19о, абсолюттук минимум 36о суук.

10о жогору ысыктагы суткалык температурадагы бир кыйла ысык мезгилдин узактыгы 130–135 күн. Кээ бир жылдары үшүк алуулар ал тургай июндун ортосунда жана августтун аягында да байкалат. Июлдагы орточо  температура 16о, орточо жогорку температура 24о, абсолюттук максимум 35о ысык.

Соң–Көл ойдуңу  деңиз деңгээлинен 3100 м бийиктикте жайгашкан, суук,  орточо–нымдуу климат менен мүнөздөлөт. Кышы өтө суук, карлуу. Кар катмары 180–200 күн жатат, жер – жерлердеги анын бийиктиги 1 м. жетет.абанын эң төмөнкү температурасы 28–30о суук.

Абанын суткалык орточо температурасынын 10о ысыктан жогорку туруктуу мезгили такыр болбойт.

Ички Тянь–Шандын борбордук бөлүгү өз ичине Нарын жана Ат–Башы ойдуңдарын камтыйт.

 Нарын ойдуңу — Ички Тянь–Шандагы эң чоң ойдуң. Чыгышы деңиз деңгээлинен 2200 м, батышы—1500 м бийик. Жетишердик эмес нымдуу   климат менен мүнөздөлөт.

Жаан-чачындардын жылдык жыйындысы 270–280 мм, алардын 75% ысык мезгилде жаайт. Жаан-чачындардын эң көбү май–июнга, эң азы—  январь–декабрга туура келет. Кышы аз карлуу, кар катмарынын орточо бийиктиги 24–27 см, 115–120  күн жатат.

Абанын жылдык орточо температурасы 2…3о ысык. Кыш 140–150 күнгө созулат.  Январдагы орточо температура  17о, орточо эң төмөнкү температура 22о, абсолюттук минимум 38о суук.

10о жогорку температурадагы бир кыйла ысык мезгилдин узактыгы  154–150 күн, төмөнкү аймактагы суугу жок мезгилдин узактыгы 120–150 күн, дөңсөө жерлерде 80–90 күн.  Июлдагы орточо температура 17о,  орточо эң жогорку температура 24о, абсолюттук максимум 35о ысык.

Ат–Башы ойдуңу деңиз деңгээлинен 2000–2400 м бийиктикте жайгашкан. Климаттык шарты Нарын ойдуңунун климаттык шартын эске салат, бирок бир кыйло төмөнкү температура менен айырмаланат.

Ойдуңдун төмөнкү бөлүгүндө, деңиз деңгээлинен 2000–2200 м бийиктикте жылына 280–350 мм жаан-чачын жаайт, деңиз деңгээлинен 2500–3000 м бийиктиктеги жылдык жаан-чачындардын саны 400–450 мм. чейин көбөйөт, алардын 75% жылдын ысык мезгилинде жаайт. Жаан-чачындардын эң көбү июнга, эң азы январь, декабрга туура келет. Кар катмары  100–120 күн жатат, анын орточо бийиктиги 30–40 см. жетет.

Абанын жылдык орточо температурасы 1о ысык. Кышы суук — 145–150 күнгө созулут. Январдагы орточо температура 19…20о, орточо  минималдык  температура 25о, абсолюттук минимум 44о суук.

10о жогорку температурадагы бир кыйла ысык мезгилдин узактыгы  130 күн, төмөнкү аймактагы суугу жок мезгилдин узактыгы 116 күнгө жакын.

  Июлдагы орточо температура 15…16о,  орточо эң жогорку температура 24о, абсолюттук максимум 36о ысык.

Ички Тянь–Шандын Түштүк–Чыгыш бөлүгү Ак–Сай жана Арпа өрөөндөрүн бириктирет.

Ак–Сай жана  Арпа өрөөндөрү бийик тоолуу сырттык түздүктөр.

Эң четки жериндеги абсолюттук бийиктиги деңиз деңгээлинен 2750–3800 м бийик.

Өрөөндөрдүн климаттык шарттарын артыкча суук катары мүнөздөсө болот,бирок Арпа өрөөнүнүн климаты бир кыйла жумшагыраак.

Жаан-чачындардын жылдык саны 170 мм ден 400 мм. чейин өзгөрүп турат. Деңиз деңгээлинен 3000 — 3135 м бийиктикте жайгашкан Арпа, Ак–Сай метеостанцияларындагы жаан-чачындар  257–263 мм жетет, алардын 67–84% жаз–жай мезгилинде жаайт. Кышы орточо карлуу, кар катмарынын эң бийиги 25–35 см, 145–150 күн жатат.

Абанын жылдык орточо температурасы 5…8о суук. Кышы өтө эле катаал. Ак–Сай өрөөнү  Кыргызстандын «суук алкагы» эсептелет. Суук мезгилдин узактыгы 198–200 күн. Январдагы орточо температура 23…29о, орточо минималдык температура 32…36о, абсолюттук минимум 52…54о суук.

Арпа өрөөнүндөгү 10о жогорку температурадагы бир кыйла ысык мезгилдин узактыгы  20–23  күндү түзөт, Ак–Сай өрөөнүндө мындай күндөр таптакыр болбойт.

  Июлдагы орточо температура 8…10о,  орточо эң жогорку температура16…18о, абсолюттук максимум 28…30о  ысык.

Print Friendly, PDF & Email