КР ӨКМнин Талас облусу боюнча башкармалыгынын түзүлүү тарыхы

0
1 138 просмотров

Талас облусунун жарандык коргонуу штабынын башчылары:

1991-1995-жж.  Укашев Джыргалбек Исакеевич;

1995-1999-жж  Сейдикеримов Турсунбек Аскерович;

1999-2000-жж. Аманбеков Жолдошбай Жаманбаевич4

2000-2006-жж. Багишев Эркин Илясович.

 

ӨКМдин Талас облустук жана шаардык бөлүмүнүн башчылары:

2006-2007-жж. Багишев Эркин Илясович;

2007-2009-жж. Жумагулов Жамбулбек Басымбаевич.

 

ӨКМнин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчылары:

2009-2013-жж.  Жумагулов Жамбулбек Басымбаевич;

2013-2015-жж.  Сейдикеримов Турсунбек Аскерович;

2015-2017-жж.  Карымшаков Талатбек Рысбекович;

2017-2018-жж.  Карабаев Мирлан Жетмишбаевич;

2018-жыл   Касиев Талантбек Аскарбекович.

 

1991-жылы Талас облусунун Жарандык коргоо штабы уюшулуп Талас шаарынын Москвиченко 329 дарегиндеги имаратта иштешкен.

2000-жылы Ленин 370  көчөсүндөгү имаратка көчүп келишкен.

2009-жылы Ленин 370 дарегине  Кыргыз республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор Камчыбек Ташиевдин буйругу менен жаңы имарат салынып кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору ачылып, жаңы заманбап үлгүдөгү байланыш системасы орнотулду.

Талас облусунда 1991-жылдын 2006-жылга чейин жарандык коргонуу штабы иштеген.

2006-жылдан 2009-жылга чейин жарандык коргонуу штабы жоюлуп Түндүк региондор аралык башкармалыгы уюшулуп Талас облустук жана шаардык бөлүмү болуп кайра уюшулган.

2009-жылдан тартып Түндүк региондор аралык башкармалыгы жоюлуп ӨКМдин Талас облустук башкармалыгы болуп кайра уюшулган.

2017-жылдын август айында оптимизация жүргүзүлүп ӨКМнин Талас облусу боюнча башкармалыгы жана шаар, райондук бөлүмдөрү Талас облустук өрткө каршы мамлекеттик башкармалыгы жана шаар, райондук бөлүмдөрү менен кошулуп, ӨКМнин Талас облусу боюнча башкармалыгы жана шаар, райондор боюнча бөлүмдөрү болуп кайрадан түзүлгөн.

Азыркы учурда ӨКМнин Талас облусу боюнча башкармалыгында ӨКМнин Талас шаардык, Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура жана Манас райондору боюнча  бөлүмдөрү  жана өрткө каршы куткаруу бөлүктөрү бар.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here