Талас облусунун аймактык мүнөздөмөсү

0
4 853 просмотров

Талас облусу Кыргыз Республикасынын түндүк-батыш тарабынан бөлүгүн ээлейт батыштан жана түндүктөн Казахстан Республикасы,  чыгыштан Чүй жана түштүктөн Жалал–Абад, облустары менен чектешет.

Облустун аянты 11,4 миң км2 түзөт.

Облустун аймагы 4 административдик районго бөлүнөт: Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас. Облуста бир шаар, 37 айылдык аймак жана 90 айылдык калктуу конуш жайгашкан. Административдик борбору болуп Талас шаары эсептелет. Калкынын жалпы саны 2009-жылкы эл каттоодон алынган маалымат боюнча 226 779 адамды түзөт, анын ичинде: Талас шаары 33 772 адам, Бакай-Ата району 44 057 адам, Кара-Буура району 58 056 адам, Манас району 32 913 адам, Талас району 58 867 адам; шаар калкы 33 773 адам (14,5%), айылдыктар — 193 006 адам (85,5%). Калктын орточо жыштыгы 1 км2  ка  19,9  киши туура келет.

 ТАЛАС ОБЛУСУНУН КЫСКАЧА МҮНӨЗДӨМӨСҮ

Климаты, рельефи, жаратылыш шарттарынын корутундусу

Талас облусунун өрөөнү батыштан чыгышты карай 140 чакырым аралыкта жайгашкан, Кыргыз жана Талас тоолору менен курчалган.

Климаты. Талас облусу климаттык бөлүнүшү боюнча Кыргызстандын Түндүк жана Түндүк-батыш тарбында  жайгашкан. Талас өрөөнүндө жаан-чачын аз жаайт. Август-сентябр айларында жаан-чачындын көп жаашы байкалат, орто жылдык абанын температурасы 7-8о градус жылуулук. Талас дарыясы Каракол, Үч-Кошой,Кең-Кол, Беш-Таш, Урмарал, Күмүштак, Кара-Буура суулары кошулуп пайда болот.

 Негизги авто унаа жолдору болуп Тараз-Кызыл-Адыр-Талас-Өтмөк ашуусу, Маймак-Кызыл-Адыр, Покровка-Талас, Кызыл-Адыр-Каныш-Кыя болуп эсептелет.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here