КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын аймактык мүнөздөмөсү

0
7 495 просмотров

Рельеф, аба-ырайыөсүмдүктөр, гидрография, жалпы жыйынтыгы

·Бишкек шаарынын аймагы рельефтин аккумулятивдүү түрүндө жайгашып жана субкеңдик багытында рельефтин эки бөлүкчөлөргө бөлүнгөн.  Шаардын ортолук бөлүгүнүн түштүгүндө үстүнкү катмарлары аз-аздан бөлүктөргө бөлүнгөн тоо этегиндеги коктулар жана төмөнкү төртүнчү доордон  чыгуучу конустардын шлейфтери түрүндө көрсөтүлгөн рельефтин аллювиалдуу-пролювиалдык түрү өнүккөн. Рельефтин бул бөлүкчөсү суунун сай алдындагы комплексинин ойдуң жайылма түз тектирлүү жерлерине муунакталган (биринчи жайылма үстүндөгү жана жогорку жайылма) – Чу дарыясынын эки сол жээктеги куймалары (Ала-Арча жана Аламүдүн суулары). Шаардын ортолук бөлүгүнүн түндүгүндө түздүктөрдүн тектирлеринин бүтүн жана начар бөлүнгөн катмарлары түрүндөгү рельефтин аллювиалдык бөлүкчөсү жайгашкан. Көрсөтүлгөн тектирлер эрежеге ылайык шаар аймагынан тышкары мерчемдөөгө туш болгон жана жээк бекемдөөчү дамбалар жана сель, кыяндан коргоочу тосмолор менен жабдылган.

Бишкек шаарынын аянтынын абсолюттук чоңдугу түндүктөн түштүккө карай 700 метрден 1100 метрге чейин өсүүдө (Чоң-Арык шаарчасы).

·Бишкек шаарына бореалдык ачык көрүнгөн кыш жана климатикалык алкактагы жай таандык. Жаан-чачындардын жылдык санына жана жылдык орточо температураларга караштуу чөлдөрдүн кургак аба-ырайына барабар. Аба температурасынын абсолюттук жылдык минимуму – 380С абсолюттук минимум менен  орточо – 250С – 300С өзгөрүп турат. Аба температурасынын абсолюттук жылдык максимуму + 430С абсолюттук максимум менен орточо  + 300С + 380С чейин жетет.

Жаан-чачындардын орточо саны 400 – 500 мм барабар. Кардын калыңдыгы 28 см абсолюттук бийиктиги менен 10 см 20 см чейин жетет. Кар баскан күндөрдүн саны 50дөн – 100 чейин жетет, ал эми 796 м бийиктикте – 86 күн; Чоң-Арык айылында 1100 м бийиктикте – 109 күн. Кар жүктөмү 50дөн              59 кг/мчейин өзгөрүп турат. Катуу бороондордун узактыгы 15 бороон саатынан азыраак. Шамалдын максималдуу ылдамдыгы 19 м/с чейин болушу мүмкүн,         100 жылда бир жолу – 25 м/с чейин, 25 жылда бир жолу – 28 м/с чейин.

·Гидрографиялык түйүнү Ала-Арча жана Аламүдүн эки суулары менен көрсөтүлгөн.

Ала-Арча суусунун башаты Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк боорундагы мөңгүлөрдөн 4000 м абсолюттук белгисинен башталат жана Туюк-1, Туюк-2,  Ак-Сай, Кашка-Суу жана бир топ майда куюлмаларынын кошулган жеринен пайда болот. Суунун азыктануусу жер алдына сиңүү менен мөңгү жана кар түрү. Сел ташкындарынын максимуму июль-август айларына туура келет жана 50м3/секундага жетет. Жайкы мезгилде көп жылдык орточо чыгымдар                3,1–3,6 м3/сек.түзөт. Кыш мезгилинде сууларда муз тоңуу процесстери байкалат. Муз кубулуштарынын узактыгы 97 күндү түзөт.

Аламүдүн суусунун башаты Кыргыз Ала-Тоосунун түштүк боорундагы мөңгүлөрдөн 4000 м абсолюттук белгисинен башталат жана түштүктөн түндүккө карай агат. Суунун азыктануусу жер алдына сиңүү менен мөңгү жана кар түрү. Сел ташкындарынын максимуму июль-август айларына туура келет жана          70м3/секундага жетет. Сууда сел коркунучу бар. Жайкы мезгилде көп жылдык орточо чыгымдар 3,7–10,2 м3/сек.түзөт. Кыш мезгилинде сууларда муз тоңуу жана шыргалаң процесстери байкалат. Шыргалаңдардын жүрүшүнүн узактыгы 25 күндү түзөт.

· Чүй ойдуңунун борбордук бөлүгүндө жана бир мезгилде эле сейсмикалык активдүүлүктү мүнөздөгөн  Кыргыз тоо кыркаларынын этегинде жайгашуусу курулуш шарттарынын инженердик-геологиялык ар түрдүүлүгүн дагы аныктайт.

Мында, шаардык курулуштарга аймактарды өздөштүрүү маселелерин чечүүдө гидрогеологиялык жана геодинамикалык шарттарын, жердин физикалык-механикалык, тектоникалык (аны менен кошо сейсмикалык) касиеттерин ошондой эле, экологиялык кырдаалдар факторлорун эсепке алуу зарыл.

Бишкек шаарынын аймагында жер астынан чыккан суулар негизинен баардык жерине жайылган. Жайлашуу тереңдигинин өзгөрүшү 0 – 100 жана андан жогору метрге жетет жана түндүк багытындагы тоо этектеринде азайып шаардын түштүк бөлүгүндө максималдуу мааниге ээ.

Жайлашуу тереңдигинин деңгээли 5 метрден азыраак жер астынан чыккан суулары эң үстүнкү чейрек, суулуу комплексинде эле таратпай токтотулган. Бул суулуу комплексинин кубаттуулугу болжолдуу 300 м. Жер астынан чыккан суулардын бөгөп калуу зонасы жана терең эмес жерде жайгашуусу субкеңдик тилкеси менен созулат, жана анын түштүк чек арасы болжолдуу Чоң Чүй каналынын жээги менен өтөт. Мында саздашуу тилкелеринин баардыгы жер алдынан чыккан суулар менен байланышканын белгилеп кетсе болот. Кээ бир учурларда алар үстүнкү катмардын агып кетүүсүнүн начарлашында ошондой эле, бар болуучу табигый жана жасалма көлмөлөрдүн кесепетинен жана агып чыгуу мүмкүндүгүнүн жоктугуна байланыштуу начар өткөргүч ылайлуу жер кыртышында пайда болушат.

Мындай көрүнүштө, суу каптоо жер астынан чыккан суулардын антропогендик ишмердүүлүк объектилерине негативдүү таасир берүү учурунда гана пайда болот.   Жер астынан чыккан суулардын каптоосун конкреттүү объектилерге ылайыктап көргөндө гана коркунуч даражасы боюнча дифференциялоо мүмкүн, анткени суу каптоо багытында ар кайсыл объектилердин ар кандай коркунуч критерийлери болот.

Административдикаймактык бөлүнүү, калк жана калктуу конуштар

Бишкек шаары Чүй өрөөнүндө Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк этегинин жантайма түздүгүндө деңиз деңгээлинен 700-1100 метр бийиктикте жайгашкан. Бишкек шаарынын аймагы батыштан Сокулук, чыгыштан Ысык-Ата райондору менен чектешет жана Аламүдүн районунун борбордук бөлүгүнөн түндүк жагында жайгашкан. Анын аянты 136 км2 түзөт.

 Мындан тышкары, Аламүдүн жана  Сокулук райондорунун 30 км2 жер аянты калк конуштарын жана жеке курулуштарды жайгаштыруу үчүн  шаардын пайдалануусунда.  Шаардын жайгашкан жери ачык, түзөңдүү, тоо суулары жана ирригациялык түйүндөр менен бөлүнгөн. Шаардын түштүк тарабы тоолуу. Шаар 4 административдик – аймактык райондорго бөлүнгөн: Ленин, Октябрь, Биринчи май жана Свердлов. Бишкек шаарынын курамына Ленин районуна административдүү карамагындагы Чоң-Арык шаарчасы жана Орто-Сай айылы дагы кирет.

·Бишкек шаарынын жалпы калкынын саны (01.01.2013-жылга карата)               924,4 миң адамды түзөт, туруктуусу – 894,6 миң адам. Тургундарды жайлаштыруунун орточо жыштыгы 169,2 адам/кмтүзөт.

· Бишкек шаарынын курамына 159602 миң адамы бар  калктуу конуштар кирет, алар  административдик карамак боюнча Биринчи май районунда 24939 миң адам, Свердлов районунда  34923 миң адам, Октябрь районунда 21909 миң адам жана Ленин районунда 77831 миң адам жашайт.

Шаардын аймагында 13 гидрогеологиялык мониторинг пункттары, сейсмикалык режимин байкоочу 24 пункт, «Фрунзе» метеостанциясы, радио – жана телебайланыштын борбордук пункттары, геодинамикалык жана космогеодезиялык ченөөлөрдүн GPS-8 пункттары, ИВТАН-2 геофизикалык полигонунун электрмагниттүү мониторинг станциялары, атмосфералык абанын булгануусунун абалына экологиялык көзөмөлдөө пункттары жайгашкан.

Бирдиктүү мониторинг тутумунун спутниктик, аэровизуалдык жана жер бетиндеги байкоолор менен тиричиликти камсыздоо объектилерине жана Бишкек шаарынын калкына кандайдыр бир же башка деңгээлде коркунуч келтирүүчү коркунучтуу табигый процесстердин өнүгүүсүн байкоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Мындай процесстерге төмөнкүлөр кирет:

— сел жана кыян кубулуштары;

— жер титирөөлөрдүн натыйжасындагы келип чыгуучу тектоникалык блоктордун жана массивдүү жер кыртыштарынын жылышы;

— шамалдуу жана кар жүктөмдөрү;

— мөңгүлөрдүн бузулуусу жана бийик тоолуу жырылууга коркунучтуу көлдөрдүн абалы;

— жердин көчүү жана чөгүү кубулуштары;

— экологиялык жана техногендик жүктөмдөр.

Бишкек шаарынын калкы үчүн табигый процесстеринин ичинен эң коркунучтуусу болуп жер титирөө эсептелет.

Бишкек шаарынан түздөн-түз жакындыкта Түндүк-Тяншан зонасынан тышкары Чоң-Куурчак жана түндүк тоо кыркаларынын этегин бойлой Ысык-Ата жарылуулары байкалат. Бул эки жарылуулар сейсмикалык жактан эки себеп боюнча коркунучтуу болуп эсептелет: биринчиден, бул жарылуулардын зонасы коркунучтуу сейсмикалык касиети бар тектокенездин майдаланып талкаланган азыктары катары көрсөтүлгөн; экинчиден, катуу жер титирөөдө мындай зоналарда жана аларды каптап туруучу катмарларында жер үстүндө сейсмикалык натыйжасын тез күчөтүүчү калдык сейсмодеформациялардын пайда болушу мүмкүн.

Бишкек шаары мүмкүн болуучу сейсмикалык коркунучтуу 4 зонага бөлүнгөн.

Биринчи коркунуч чөлкөмү шаардын түндүк жагында жайгашкан. Литологиялык жактан бул аймак катмарланып бара жаткан чополуу, кумдуу жана ири кыртыш бөлүктөр катары көрсөтүлгөн. Жер астынан чыккан суулардын деңгээли 5 метрден ашпайт. Катмарланып бара жаткан жаан-чачындуу тектердин кубаттуулугу 20-25 метрге чейин жетет. Бул эле зонага дагы шаардын түштүк жагындагы Ысык-Ата жарылуусуна туташ аймагы кирет.

Экинчи жана үчүнчү коркунуч чөлкөмдөрү эсептелген 8,5 жана 9 баллдар менен шаардын түштүгүнөн Жибек-Жолу проспектисинин жанынан ошондой эле, бир топ кең участогу менен шаардын түндүк жагынан өтөт. Ал эми, литологиялык жактан тоо таш – майда таштар сыяктуу эле башка участокторунда катмарланып бара жаткан чополуу, кумдуу жана ири кыртыш бөлүктөр катары дагы көрсөтүлгөн.

Төртүнчү коркунуч чөлкөмүнө айрым жерлеринде 5 метрге чейин кубаттуулукта  катмарлуу, чополуу жана техногендик кыртыштар менен капталган тоодон түшкөн чоң – майда таштар жана ири кумдардын катмарларынан турган аймак кирет. Бул чөлкөмдөгү жер алдындагы суулардын жайлашуу тереңдиги 10 метрден ашат. Бул чөлкөмдүн эсептелген сейсмикалыгы 8 баллды түзөт.

Бишкек шаарынын аймагындагы жер алдындагы суулар практикалык түрдө баардык жерлеринде кездешет. Жайлашуу тереңдигинин өзгөрүшү 0 – 100 жана андан жогору метрге жетет. Жер алдындагы суулардын максималдуу жайлашуу тереңдиги түндүк багытынын тоо этектеринен азайып барып шаардын түштүк бөлүгүндө белгиленет.

Жайлашуу тереңдигинин деңгээли 3-5 метрден азыраак жер астынан чыккан суулары эң үстүнкү чейрек, суулуу комплексинде топтолуп токтотулган. Жер астынан чыккан сууларды бөгөп туруу чөлкөмү жана терең эмес жерде жайгашуусу субкеңдик тилкеси менен созулат.

Бишкек шаарындагы суу каптоо чөлкөмү Аламүдүн жана Ала-Арча сууларын бөлүштүрүү үчүн чокулардын тоо этектериндеги перифериялык бөлүгүн жана ага түндүк жагынан туташ жантайма толкундуу түздүктөрдү камтыйт. Бул  чөлкөмдүн  пайда болушу түздүктөрдү куроочу катмарлардын  чополуу жана кумдуу курамынан келип чыгат. Бир тектүү эмес курамдагы сууга туруктуу чополуу жана кумдуу топурактын кубаттуу катмары далай ирет  Чүй ойдуңунун анын регионалдык дренасы болгон Чу суусунун нугун карай тоолор тосмосу жагынан жер алдынан чыккан суулардын кыймылын кыйындатат. Жер алдынан чыккан суулардын тегиздиги жердин үстүнө чейин көтөрүлөт ал эми, гидравликалык оргутуу бийиктиги бул деңгээлинен ашат. Мындай гидрогеологиялык шарттар шаардын түндүк бөлүгүндөгү жер алдындагы суулардын туруктуу терең эмес жайлашуусуна себеп болот. Алардын жайлашуу тереңдиги 80% суу каптоо чөлкөмүнүн аянтынан (Бишкек шаарынын түндүк жагы) 3 метрден ашпайт.

Бул чөлкөмдөгү жер алдындагы суулардын аянттык жайылышы жана анын саздап кетүүсүнө Аламүдүн, Ала-Арча сууларынын нуктарын оюу жолу менен жергиликтүү коллектордук-дренаждык түйүндөрүнүн, көп сандуу «карасуу» жасалма дреналарынын, арыктардын, каналдардын   агызуу аракети ошондой эле, алардын терең эмес жайлашуу участкаларындагы жер алдындагы суулардын интенсивдүү бууланышы бөгөт коет.

Жер алдындагы суулардын таасир берүүсү фильтрациялык басымдуулуктун өзгөрүүсүндө гана эмес, турак фондун жана шаар инфраструктурасын кыйратууну коштоочу тектердин негизги жылышуусу жана өзгөрүлүшү болуп туруучу бошоңдотулган чөлкөмдөрүн кайра курууда дагы көрсөтүлөт.

Print Friendly, PDF & Email