КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын түзүлүшүнүн тарыхы

0
2 167 просмотров

Кыргыз ССРнин Министрлер Кеңешинин 1977-жылдын 22-июнундагы №390/26 «Фрунзе шаарынын жарандык коргоо штабын түзүү жөнүндө» Токтому менен, 1977-жылдын 1-июлунда Фрунзе шаарынын ЖК Штабы түзүлгөн, ага калкты массалык жабыркатуучу куралдан коргоо, Фрунзе шаарынын аймагындагы табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга иш-чараларды уюштуруу боюнча зор жана эң жооптуу миссия жүктөлгөн.

Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңеши тарабынан 1991-жылдын 23-апрелинде Фрунзе шаары кайра Бишкек  шаары болуп аталган, буларга ылайык Фрунзе шаарынын ЖК Штабы Бишкек шаарынын ЖК Штабы болуп өзгөргөн.       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 08-декабрындагы       «Кыргыз Республикасынын экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу жарандык коргонуунун Башкы башкармалыгы жөнүндө Жобосун бекитүү тууралуу» № 760  Токтому жана Кыргыз Республикасынын Экология жана ӨК министрлигине караштуу ЖК Башкы башкармалыгынын 2004-жылдын 27-январындагы № 04 буйругу менен Бишкек шаарынын ЖК Штабы Бишкек шаарынын ЖК башкармалыгы болуп аталган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы № 462 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмдөрүн жакшыртуу жөнүндө», 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 «Кыргыз Республикасынын башкаруу органдарынын түзүмдөрүн оптимизациялоо тууралуу» Жарлыктары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-ноябрындагы № 541 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери жөнүндө» Токтому менен ошондой эле, 2005-жылдын 12-декабрындагы № С 513 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жобосун ишке киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Экология жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу жарандык коргонуунун Башкы башкармалыгын жоюу жөнүндө» буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин         2005-жылдын 21-декабрындагы № 032 буйругу менен Бишкек шаарынын ЖК башкармалыгы 2006-жылдын 3-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы болуп аталган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы №648 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин оптималдаштыруу жөнүндө” токтомунун негизинде КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы, КР ӨКМнин алдындагы ӨКМК Агенттигинин Бишкек шаардык Өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгы жана КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча Куткаруу кызматын кошуу жолу менен КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы кайра уюштурулган.

Print Friendly, PDF & Email