КР ӨКМнин Гидрометеорология боюнча агенттигинин түзүлүш тарыхы

0
1 552 просмотров

Кыргызстандын аймагында биринчи метеорологиялык станция 1856-жылы Ысык-Көлдүн Ак-Суу айылында орус саякатчысы Н.А.Северцев тарабынан ачылган. Байкоолор жаан-чачындарга, абанын температурасына, атмосфералык кубулуштарга карата алынып барылган.

         1881-жылдан тарта  аба-ырайына үзгүлтүксүз байкоону Ошто жүргүзүп башташкан, ошол эле жылдын  сентябрь айында Каракол метеорологиялык станциясы ачылган. Ал ишти уюштурууну  артиллериянын подполковниги Ярослав Корольков колго алган.  Ярослав Иванович 1933-жылга чейин тынымсыз метеорологиялык байкоолорду жүргүзгөн.

1881-жылы Гүлчө айылында аскердик чеп менен катар үчүнчү метеорологиялык станция пайда болгон. Метеорологиялык аянтча казарманын тушундагы плацка жайгашып, анда будка, флюгер, күн сааттары жана жаан өлчөөчү каражаттар орнотулган. Станция эки жыл иштеп, унтер-офицер С.М.Долгополов биринчи байкоочу болгон. Гүлчө айылында үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү иштери 1937-жылы гана кайра колго алынат.

1885-жылы Нарында байкоо жүргүзүлө баштаган.

Алгачкы метеорологиялык станциялардын артынан Эркеч-Там (1889-ж.), Рыбачье (1894-ж.), Токмок (1895-ж.) жана Пишпек (азыр  Бишкек, 1896-ж.) аскердик чептеринде станциялар пайда болгон. Кийинчерээк Арасанда (Арашанда 1903-ж.), Жерге-Талда (1909-ж.), Тос суусунун чатында (1913-ж.), Кочкор айылында (1993-ж) ачылган.

Ал жылдары метеоаянтчалар эң жөнөкөй аспаптар менен жабдылып, алар жыгачтан олдоксон жасалган таянычтарга бекитилген. Эң жакшы деп эсептелген аянттар тосмолор менен тосулган. Флюгерлерге мачта катары жыгач устундар кызмат кылган. Бул тармак ондой метеорологиялык станцияларды жана жыйырмага жакын гидрометеорологиялык постторду камтыган. Бирдиктүү байкоо ыкмасынын жоктугу, приборлор менен начар жабдылуу, байкоолордогу тыныгуулар – мына ушулардын бардыгы байкоолордун материалдарынын баалуулугун төмөндөткөн. Ошондой болсо да, жыйналган гидрометеорологиялык материалдар Кыргызстандын жаратылышын жана климатын үйрөнүүгө баасыз салым кошкон.

1926-жылдын 18-июлунда Кыргыз АССРдин Наркоземге караштуу метеорологиялык бюросу түзүлгөн. Кыргызстандын Гидрометеорологиялык кызматы ушул күнү түзүлгөн күнү деп эсептеп келишет

Print Friendly, PDF & Email