ӨРТ КЫРСЫГЫ

0
640 просмотров
dav

Өрт кырсыгы – бул материалдык баалуулуктардын өрттөнүп жок болушу жана адам баласынын өмүрүнө коркунуч менен коштолгон, контролдукка алынбаган өрттөнүп-күйүү процесси

Жерден чыккан өрт – бул, токойлуу жерлерден чыккан өрт, мында токой ичинде өскөн баардык чөптөр, бадалдар, дарактардын тамырлары өрт кучагында калат.

Жогоруда чыккан өрт – бул, токой массивдеринде чыккан өрт. Мында өрт жалыны дарактардын бутактарына жайылат, өзгөчө мында жалбырактуу бак-дарактар жабыр тартат.

Жер астындагы өрт – мында, токойдогу өсүмдүктөрдүн тамырларынын күйүшү жүрөт.

Өрттүн чыгышы адам баласынын өмүрүнө коркунуч келтирип, олуттуу чыгымдарга алып келет. Өрттүн чыгышына жана анын алоолонуп тутанып кетишине түрткү берген шарттардан болуп, төмөнкүлөр болуп саналат:

—  күйүүчү материалдардын болушу;

—  күйүп жаткан оттун жалбыртташына шарт түзгөн зарыл сандагы кислороддун болушу;

—  учкундан жалындын тутанышы.

КӨПЧҮЛҮК УЧУРДА ӨРТ КЫРСЫГЫ ТУРАК-ЖАЙ ШАРТЫНА ЧЫГАТ.

Мында, анын келип чыгуу себептеринен болуп төмөнкүлөр саналат:

—  коммуникациянын талаптагыдай жөнгө салынбашы;

—  электр өткөргүчтөрүнүн бузук абалда болушу;

—  атайы каралган жайлардан тышкары жерлерде тамеки чегүү;

—  электр өткөргүчтөрүн кароосуз калтыруу же тиричилик техникаларын туура эмес пайдалануу;

—  отту жана химиялык заттарды этиятсыз пайдалануу.

Өрт кандайдыр бир имараттын ичинде гана эмес, токойлордо жана тоо беттеринде чыгышы мүмкүн. Аларды адырларда жана токойлордо чыккан өрт кырсыгы деп аташат. Токойлордо массалык өрт аптаптуу ысыктын натыйжасында кургакчылыктан улам, чагылгандын түшүүсүнөн жана эң эле жөнөкөй алганда, куурап калган чөптөрдөн арылуу максатында аларды өрттөө кесепетинен келип чыгышы ыктымал. Өрттүн чыгышы калктуу пунктардагы бүтүндөй имараттардын күйүп кетишине, анда жашаган калктын жана мал жандыктын зыянга учурашына алып келет. Токойлуу жерлерге өрт көп учурда эс алгандардын чеккен тамекини акырына чейин өчүрбөй таштап коюусунан улам, жерде өскөн чөптөрдүн, бадалдардын түтөп олтуруп, өрткө айланышынан пайда болот. Ушундай себептен келип чыккан өрт, минутасына бир метрден үч метрге чейинки жерге тарайт. Ал эми жогорудан чыккан өрт шамалдын огу боюнча минутасына 100 метрге чейинки аралыкка тарайт. Өсүмдүк тамырларынын жана чымдардын күйүүсүнөн, ар тарапка баш аламан тараган өрттүн чыгышы ыктымал. Чым эч кандай шамалдын же уюлгуган желдин жардамысыз эле, нымдуулугуна карабастан акырындап күйүп олтурат. Мындан пайда болгон ысык күл шамал агымы менен учуп, өрттүн түтөп жайылышына шарт түзүп, адамдардын жана жан-жаныбардын тумчугуп калуусуна алып келет.

Өрт чыгаар токойдо болгон болсоңуз, төмөнкүлөрдү унутпаңыз:

—  ширенке талын күйгөн бойдон калтырбоонуу;

—  от жагып, таштандыларды өрттөбөөнү;

—  кетип бара жатып, жаккан отту суу сээп же топурак менен бастырып толук өчүрүп кетүүнү;

—  талаада айнек идиштерди же алардын сыныктарын калтырбоону. Анткени ал күн нуруна чагылышып, өрттү тутандырышы мүмкүн;

—  алоолонуп келе жаткан өрткө суу чачып, дарак бутактары менен өчүрүп, топурак сээп өчүрүү зарыл.

Print Friendly, PDF & Email
БӨЛҮШҮҮ
Предыдущая статьяКАР КӨЧКҮ
Следующая статьяСЕЛ