2018-жылдын 13-марты   саат 08:00гө карата КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ

0
682 просмотров

Шашылыш билдирүү!

        2018-жылдын 13-марттан 16-мартка чейин туруксуз аба-ырайы сакталып, мезгил-мезгили менен жаан жаап, 14-мартта күндүз жана 15-16-мартта  Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

        14-17-мартта абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн Чүй, Талас өрөөндөрүндө -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -1° сууктан …+4° жылуулукка чейин, күндүз 4…9° жылуу, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз  0…5° жылуу, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10° суук болушу күтүлөт.

        Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

 

        2018-жылдын 12-мартынан 13-мартына чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), 355-370-чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу), ошондой эле, Ийри-Суу участкасынын 42-44-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90, 145-150-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот.

        Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

        Ошого байланыштуу, 2018-жылдын 11-мартынан 13-мартына чейин Бишкек-Ош унаа жолунда унаалардын баардык түрлөрүнө саат 12:00дөн саат 00:00гө чейин Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постунда жана Талас облусунун Талас районундагы Өтмөк ашуусунда чектөөлөр киргизүү боюнча КРнын Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасы — Премьер-министрдин 2018-жылдын 11-мартындагы №7 буйругу чыккан.

         Буйруктун  негизинде 2018-жылдын 12-март күнү Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постунда жана Талас облусунун Талас районундагы Өтмөк ашуусунда саат 12:00дөн тартып унаалардын баардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.

        Өтмөк ашуусунда токтоп турган унаалардын айдоочуларына жана жүргүнчүлөрүнө (25 адамга) Талас районунун Осмонкулов айыл аймагы тарабынан саат 20:00дөн саат 21:00гө чейин ысык чай берүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Ошондой эле КР ӨКМнин Талас райондук №101 Өрт-куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу АКУ (АСМ) унаасы менен жерине барышып, абалды көзөмөлдөп келишкен.

        2018-жылдын 13-март күнү саат 00:00дө убактылуу коюлган чектөө алынган.

        Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча маалымат

       13-март күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы

        Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 Маалымат үчүн

Чүй облусу

        Жайыл району. 2018-жылдын 12-мартында саат 16:00 чамасында Кочкор-Арал-Төө-Ашуу унаа жолунун 168-170-чакырым аралыгында (Кызыл-Ой айылынын жанында) 160м3 кар көчкү түшүп, унаа жолдун бир тарабы жабылган. Жабыркагандар жок.

        Жолду ачуу үчүн №9 Жол тейлөө ишканасынан  1 жүктөгүч тартылып анын жардамы менен  саат 19:00дө унаа жол толук тазаланып ачылган.

        Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 2018-жылдын 13-мартында Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постунда саат00:00дөн тартып оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

        2018-жылдын 13-мартында саат 07:00дө убактылуу коюлган чектөөлөр алынган.

Коңшу жана алыскы мамлекеттердин аймагында

техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал

Непал Федеративдик Демократиялык Республикасы

         Катманду шаары. 2018-жылдын 12-мартында “Трибхуван” эл аралык аэропортуна  конууга даярданып жаткан US-Bangla Airlines компаниясына таандык жүргүнчүлөрдү ташуучу учак кырсыкка учураган. Учак аэропортко конуп жатканда учуп-конуу тилкесине жетпей, аэропорттун жанындагы футбол аянтчасына түшүп, күйүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 49 адам каза болуп, 22 адам жаракат алган. Учактын ичинде жалпы 71 адам болгон. Алдын ала маалымат боюнча каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.

 2018-жылдын 12-мартынан саат 08:00дөн 13-мартына саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 6 бөлүм тартылган.

Катар №

 

Бөлүм №

 

Өрттүн 

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

 

 

Дарегимаалыматыөрттүн  себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10  

 

Бишкек шаары
1 5-АӨКБ

1 09:48 09:50 —-   10:02 101 Биринчи май району.Л.Толстой-Фатьянов көчөлөрүнүн кесилишинде дүкөн күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Өрт жөнүндө маалымат текшерүүгө алынган. ——
2 3-АӨКБ

1 б

5-АӨКБ

АШ

1 21:27

 

21:27

21:33

 

21:43

жеткенчейин 21:40

 

 

 

22:23

 

21:59

101 Биринчи май району.Логвиненко көчөсү №55. ЖЧК “Борсан” караштуу көп кабаттуу үйдүн 10-кабатында 1,5 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: тамеки тартуудагы этиятсыздык. —-
3 4-АӨКБ

1 б

 

1 22:03 22:20 жеткенчейин   23:10 101 Ленин району.Гагарин көчөсү №157. Турак үйдүн жанында газ түтүкчөдөн от чыккан. Өртүн себеби такталууда —-
4 5-АӨКБ

1 06:49 07:42 жеткенчейин —-   101 Октябрь району.6-кичи району №2/2 үй, 9-батир. Ашканада электр плитасы күйгөн. Өрттүн себеби: тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу. —-
Чүй облусу
5 21-АӨКБ

1 б

1 07:21 07:28 жеткенчейин 07:53 08:15 101 Токмок шаары.Дунларов көчөсү №77. Турак үйдүн 3 ч.м. полу, 1 даана, эшиги, 1 даана терезеси күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. кол каражат
Ош облусу
6 25-ӨКБ

1 б

1 06:22 06:25 жеткен чейин —- 06:43 101 Кара-Суу району. Кара-Суу шаары Ленин көчөсүндөгү №1072 көмөк чордонунан өрт чыккан. Өрттүн себеби такталууда. —-

 

2018-жылдын 12-марты саат 08:00дөн 13-март саат 08:00гө карата

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон.  

                                                  Чүй облусу

Аламүдүн району. 12-март күнү саат 11:57 чамасында  ГЭС-5 айылындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан №26а турак үйүнүн    жер төлөсүн суу каптаган.                                 Куткаруучулар жерине барып, мотопомпанын жардамы менен сууну сордуруп, жер төлөсүн тазалап беришкен.

                                              Талас облусу

 Талас району. 12-март күнүСуусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 35-чакырымында саат 12:00дөн тартып түнкү 00:00гө чейин унаалардын баардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилип, Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы тарабынан көзөмөлдөп өткөрүү пункту уюштурулган.Абалга байланыштуу  куткаруучулар жерине барышып, абалды көзөмөлдөп келишкен.

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here