Долбоор

0
761 просмотров

Калкты табигый коркунучтуу аймактардан көчүрүү жөнүндө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бул мыйзам өзгөчө кырдаалдар коркунучунда жана өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда калкты коопсуз жерге көчүрүү тартибин жана укуктук-уюштуруу ченемин  аныктайт.

Мыйзам аркылуу калкты  көчүрүү милдеттери жана аларды ишке ашыруунун укуктук негиздери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, министрликтердин жана мекемелердин,  жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын  Кыргыз Республикасынын калкын көчүрүү маселелерин чечүүдөгү ыйгарым укуктары белгиленет.

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Негизги түшүнүктөр

Бул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:

Калкты көчүрүү- өзгөчө кырдаалдар коркунучунда жана пайда болгон учурда калкты кооптуу аймактардан коопсуз орунга туруктуу жашоо үчүн көчүрүүнү ишке ашыруунун комплекстик иш-чаралары.

Өзгөчө кырдаал тилкеси — өзгөчө кырдаал түзүлгөн аймак.

Эвакуациялык иш-чаралар – өзгөчөкырдаал тилкесинен калкты көчүрүүнү жана убактылуу эвакуациялоону ишке ашыруу, тиричилик шарттарын камсыз кылуу, материалдык жана тарыхый-маданий баалуулуктарды эвакуациялоо жана аларды коопсуз жерге жайгаштыруу, сактоо боюнча күн мурунтан аткарылуучу иш-чаралардын комплекси.

Коопсуз орун – жергиликтүү жана эвакуацияланган калкты, ошондой эле материалдык жана тарыхый-маданий баалуулуктарды жайгаштырууга жана сактоого даярдалган, өзгөчө кырдаалдар аймагынан сыртта жайгашкан коопсуз аймак.

2-берене. Калкты көчүрүүнү уюштуруунун жана ишке ашыруунун принциптери

1.  Калкты жайгаштыруу үчүн коопсуз жерлер, тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин жетекчиси — Жарандык коргонуу башчысы тарабынан  алдын ала аныкталат.

Коопсуз жерлер Кыргыз Республикасынын административдик чекарасынын чегинде, өзгөчө кырдаалдар аймагынан сыртта, химиялык, радиоактивдүү уулануу коркунучу жок болгон коопсуз аймактардан тандалат.

2. Көчүрүүнүмерчемдөө, уюштуруу, даярдоо жана ишке ашыруу, ошондой эле   көчүрүлгөн калкты жайгаштыруу үчүн орунду даярдоо  жана алардын турмуш тиричилигин камсыздоо жүктөлөт:

а) аткаруу бийлик органдарында – жарандык коргонуунун башчыларына – министрликтердин жана мекемелердин жетекчилерине, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, шаарлардын мэрлерине, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына;

б) уюмдарда – жарандык коргонуунун башчысы – уюмдун жетекчисине.

Көчүрүүнү уюштурууга белгиленген мыйзам чегинде көчүрүүнү ишке ащыруу үчүн түзүлгөн башка  денгээлдеги Жарандык коргонуу комиссиялары,  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, баардык денгээлдеги  эвакуация органдары, (эвакуациялык комиссиялар, эвакуациялык кабыл алуу комиссиялары, ыкчам топтор жана калкты убактылуу жайгаштыруу пунктары) тартылышы мүмкүн.

2-глава. Калкты эвакуациялоо жана көчүрүү боюнча иш-чараларды  уюштуруу жана жүргүзүү

3-берене. Калкты көчүрүүнү уюштуруу тартиби

3. Төмөнкүлөр көчүрүүгө кирет:

а) өзгөчө кырдаалдар коркунучу жана өзгөчө кырдаалдар пайда болгон аймактагы калктуу конуштарда жашаган калк;

б) өзгөчө кырдаалдар коркунучунда же пайда болгон өзгөчө кырдаалдын натыйжасында бул аймакта жашаган калктын жашоосуна жана ден-соолугуна коркунуч пайда болсо, жана калктын жакшы жашоо шарттарын калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү жок болсо, же  калыбына келтирүү мөөнөтү (жылдар менен эсептелет) көп болсо;

в) материалдык жана тарыхый-маданий баалуулуктар.

4. Калкты көчүрүүнү уюштуруу үчүн,  тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин, уюмдардын аймагында, өзгөчө кырдаалдар коркунучунда жана пайда болгондо күтүлүүчү абалды баалоо ишке ашырылат, ошондой эле зарыл болгон иш-чараларды аткаруу каралат.

5. Өзгөчө кырдаалдар божомолу боюнча так маалымат  алынганда, төмөнкү даярдык иш-чаралары аткарылат:

— эвакуациялык комиссияларды даярдыкка келтирүү жана алардын иш тартибин тактоо;

— өзгөчө кырдаал катталган аймактагы кырдаалды тактоо;

— өзгөчө кырдаалдын кесепетинен жабыр тарткан калкты чогултуу пункттарын, эвакуациялоо маршруттарын жана убактылуу жайгаштыруу пункттарын аныктоо;

— жөө жана транспорт каражаттары менен көчүрүлүүчү калктын санын аныктоо (карып калган жарандарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, оорулууларга өзгөчө көңүл бөлүнөт);

— жабыр тарткан калкты чогултуу пункттарынан ташып чыгып  убактылуу пункттарына жайгаштыруу үчүн, транспорт каражаттардын санын тактоо жана бөлүштүрүү;

— эвакуация маршруттарын даярдоо;

— кабарлоо жана байланыш системаларынын, анын ичинде стационардык жана көчмө үн күчөтүүчү түзүлүштөрдүн даярдыгын текшерүү;

— көчүрүлүүчү калкты кабыл алууну ишке ашырган, Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу органдары менен өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-аракеттердин планын макулдашуу;

— мамлекеттик коопсуздук органдары, Жарандык коргонуу кызматтары, аскердик командачылык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдары менен бирге аракеттешүүнү уюштуруу;

6. Көчүрүүнү  жүргүзүү сигналын алганда, төмөнкү иш-чаралар ишке ашырылат:

— калкка кабарлоо, эвакуацияныишке ашырган органдардын башчыларына, калкка көчүрүүнүн башталгандыгы жана тартиби тууралуу маалымат берүү;

—  эвакуациялык органдарды даярдыкка келтирүү жана жайылтуу;

— эвакуациялануучу жана көчүрүлүүчү калкты чогултуу, аларды Кыргыз Республикасынын коопсуз аймагына жиберүүгө даярдоо;

— алгачкы жашоо-шарттарын камсыз кылуу үчүн күн мурунтан даярдалган убактылуу жайгаштыруу пункттарында көчүрүүлүүчү калкты кабыл алуу жана жайгаштыруу;

— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын тиешелүү эвакуациялык органдар менен эвакуациялык иш-чараларды өткөрүүдөбиргелешип  аракеттенүүсү.

7.  Көчүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү башталганда:

— эвакуациялоо пландарында каралган жана түзүлгөн конкреттүү жагдайды эске алуу менен калкты убактылуу эвакуациялоо жана көчүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү, материалдык жана тарыхый-маданий баалуулуктарды коопсуз аймактарга эвакуациялоо;

— убактылуу көчүрүлүүчү калкты эсепке алууну уюштуруу, аларды  жайгаштырууну, ошондой эле материалдык жана тарыхый-маданий баалуулуктарды коопсуз жерге көчүрүүнү көзөмөлдөө.

8. Алдын-ала (күн мурунтан) көчүрүү, өзгөчө кырдаал болжолдонгон аймактардан Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана башка мамлекеттик органдардын берген көрсөтмөлөрүнүн, корутундуларынын негизинде жүргүзүлөт.

9. Шашылыш (кечиктирүүгө мүмкүн болбогон) эвакуациялоо өзгөчө кырдаал келип чыкканда жүргүзүлөт.

10. Өзгөчө кырдаал тилкесинен көчүрүү ар бир конкреттүү учурда өзгөчө кырдаалдардын  мүнөзүнө, келип чыгуу шарттарына, өнүгүү жана мейкиндик-мезгилдик параметрлерине жараша аныкталат.

4-берене. Калкты көчүрүү иш-чараларын камсыз кылуу

11. Көчүрүүнүү сапаттуу жүргүзүүгө  шарт түзүү  максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №327 «Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө» токтому менен аныкталган төмөнкү камсыз кылуунун түрлөрү боюнча иш-чаралар мерчемделет жана ишке ашырылат: транспорттук, медициналык, коомдук тартипти сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, инженердик, материалдык-техникалык, байланыш жана кабарлоо, чалгындоо.

 Көчүрүү транспорт менен камсыз кылуу, даярдоо, бөлүштүрүү жана транспорттук каражаттарды иштетүү, эвакуациялык ташууларды аткаруу 
үчүн пайдаланууга арналган иш-чаралардын комплексин камтыйт. Көчүрүүнү транспорт менен камсыз кылууну уюштуруу, Жарандык коргонуунун 
транспорт кызматына жүктөлөт.

Көчүрүүнү медициналык жактан камсыз кылуу, саламаттык сактоо органдары тарабынан көчүрүлүүчү калктын ден-соолугун коргоого, дарылоого, санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы иш чараларды, эвакуация учурунда жаракат алган жана ооруп калгандарга өз убагында медициналык жардам көрсөтүү, ошондой эле массалык жугуштуу оорулардын пайда болушунун жана жайылышынын алдын алууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүнү камтыйт. Көчүрүүнү медициналык жактан уюштуруу, Жарандык коргонуунун тиешелүү деңгээлдеги медициналык кызматына жүктөлөт.

Көчүрүү учурунда коомдук тартипти сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, эвакуация кылынуучу обьекттерди коргоо,  кылмыштуулукка каршы күрөшүү, көчүрүлүүчү калкты тактоону уюштуруу, жол кыймылын, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар катталган аймактагы коомдук тартипти жана эвакуация каттамын көзөмөлдөөнү өзүнө камтыйт. Көчүрүү учурунда коомдук тартипти сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу белгиленген тартипте Жарандык коргонуунун тиешелүү деңгээлиндеги коомдук тартипти сактоо кызматына жүктөлөт.

Көчүрүү учурунда инженердик камсыздоо калкты өзгөчө кырдаалдар катталган аймактан көчүрүү үчүн көчүрүлүүчү калкты чогултуу орундарында, эвакуация маршрутттарында жана калкты убактылуу жайгаштыруу орундарында инженердик инфратүзүлүштөрдү орнотууга зарыл болгон шарттарды түзүүнү өзүнө камтыйт. Көчүрүүдө инженердик камсыздоону уюштуруу Жарандык коргонуунун тиешелүү деңгээлиндеги инженердик кызматына жүктөлөт.

Көчүрүү учурунда материалдык-техникалык камсыздоо, эвакуациянын жүрүшүндө транспорт каражаттарын оңдоп-түзөөнү жана техникалык камсыз кылуу, техникаларды күйүүчү-майлоочу майлар жана запастык бөлүктөр менен камыз кылуу, калкты таза суу, тамак-аш азыктары жана күндөлүк керектелүүчү каражаттар (тамак-аш берүү бекеттерин жайылтуу, азык-түлүк жана буюм менен жабдуу) менен камсыздоону өзүнө камтыйт.  Көчүрүүдө материалдык-техникалыкуюуштуруу Жарандык коргонуунун тиешелүү деңгээлиндеги материалдык-техникалык камсыздоо кызматына жүктөлөт.

Көчүрүүдө кабарлоо жана байланышты камсыз кылуу, эвакуациялык органдарды стационардык жана көчмө уюлдук байланыш менен камсыздоону, үзгүлтүксүз башкаруу күчтөрүн жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу каражаттарын, көчүрүүнүн бардык этаптарында байланышты үзгүлтүксүз жеткирүүнү өзүнө камтыйт. Көчүрүүнү жүргүзүү учурунда калкты кабарлоо жана көрсөтмө берүү өзгөчө мааниге ээ. Бул максаттарга жетүү үчүн электрондук жалпыга маалымдоо каражаттары, көчөлөрдөгү жана автоунааларга жайгаштырылган үн күчөткүчтөр, үгүт иштери колдонулат. Көчүрүүдө байланыш жана кабарлоону уюуштуу Жарандык коргонуунун тиешелүү деңгээлиндеги кабарлоо жана байланыш кызматына жүктөлөт.

Өзгөчө кырдаалдар катталган аймактан кырдаал жөнүндө толук маалымат алуу үчүн, атайын чалгындоо түрлөрү уюштурулат: радиациялык, химиялык, өрткө каршы, инженердик, медициналык, ветеринардык жана фитопатологиялык. Чалгындоону уюштуруу Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун Мамлекеттик тутумунун аймактык түзүмүнө жүктөлөт.

12. Коопсуз райондорго көчүрүлгөн калк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, менчигинин түрүнө жана мекемелик таандыгына карабастан турак-жайларга, коомдук жана административтик имараттарга  жайгаштырылат.

5-берене. Эвакуациялык органдар жана алардын иштөө тартиби

13. Көчүрүлгөн калк үчүн жакшы жашоо шарттарын түзүү максатында, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан, бар болгон жер тилкелери, ошондой эле чоң көлөмдөгү коомдук жана административтик имараттар (санаториялар, пансионаттар, эс алуу жайлары, мектептерди, ж.б.), ошондой эле башка турак жайлар каралат.

14.  Көчүрүүнү жүргүзүүнү мерчемдөө жана уюштуруу үчүн, аткаруу бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана уюмдарда күн мурунтан төмөнкүлөр түзүлөт:

а) эвакуациялык комиссия;

б) жыйноо-эвакуация пункттары;

в) ортолуктагы эвакуация пункттары;

г) калкты жөө эвакуациялоодогу маршруттарын башкаруу топтору;

д) эвакуациялык кабыл алуу комиссиялары;

е) кабыл алуу эвакуациялык пункту;

ж)калкты, материалдык жана тарыхый-маданий баалуулуктарды автотранспортторго жүктөө (түшүрүү) пунктунун администрациясы.

15. Эвакуациялык жана эвакуацияны кабыл алуучу комиссиялар аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын башчыларына же орун басарларына жүктөлөт.

Эвакуация жана эвакуацияны кабыл алуу комиссиясынын курамына, аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдары, Жарандык коргонууну башкарууну уюштуруу органынын кызматкерлери, моблизациялык жана автотранспорт органдары, билим берүү органдары, саламаттыкты сактоо, социалдык камсыздоо, ички иштер органдары, байланыш, башка органдардын жана аскер командачылыгынын өкүлдөрү кирет.

16. Эвакуациялык комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

а)  тиешелүү калкты көчүрүүнү пландаштыруу;

б) мекемеге караштуу органдардын жана уюмдардынкалкты көчүрүүнү пландаштыруусун жана эвакуация жүргүзүүсүнкөзөмөлдөө;

в) эвакуацияны, көчүрүүнү уюштурууну көзөмөлдөө, даярдоо жана жүргүзүү.

17. Көчүрүүнүн жыйноо пункттары, көчүрүлүүчү калкты жыйноо, каттоо жана аларды уюштурулган деңгээлде коопсуз жерлерге жиберүү үчүн уюштурулат. Көчүрүүнүн жыйноо пункттары коомдук имараттарга автотранспорт жолдоруна жакын жайгашкан пункттарда жана жөө эвакуация маршрутуна жакын жерлерде жайгашат.

18. Жыйноо эвакуациялык пункттары райондук эвакуациялык комиссиясы,  коопсуз райондордо жайгашкан жайгаштыруу пунктунун администрациясы, эвакуацияны кабыл алуучу комиссиялары менен  байланышта болот,  ошондой эле автоунаа каражаты менен  камсыз кылынат.

19. Жыйноо эвакуациялык пунктка берилет:

а) жакынкы Жарандык коргонуунун коргоочу курулмалары;

б) медициналык мекемелер;

в) турак жай-коммуналдык чарбалары.

20. Ортолуктагы эвакуация пункттары төмөнкү максаттарда түзүлөт:

 а) калкты, темир жолдорго жакын жайгашкан, автоунаа жолдору, суу жана жашоо-турмушту камсыз кылуучу шарттар менен жабдылган жакынкы 
коопсуз калктуу конуштарга кыска мөөнөткө жайгаштыруу;

б) көчүрүлгөн калкты кайрадан каттоо жүргүзүү жана керектүү шартта дозиметриялык, химиялык контролдон өткөрүү, кийимдерин жана бут кийимин алмаштыруу же болбосо атайын тазалоодон өткөрүү, биринчи медициналык жардамды көрсөтүү, санитардык кароодон өткөрүп, уюштурулган тартипте калкты коопсуз аймактагы туруктуу көчүрүлгөн жерине  жөнөтүү;

21. Тиешелүү эвакуация комиссиясынын жетекчилеринин чечими менен дайындалган жана маршруттун башчылары тарабынан жетектелген  калкты жөө эвакуациялоодогу маршруттарынын башкаруу топтору ишке ашырат:

а) жөө колонналар кыймылынын багытын уюштуруу жана камсыз кылуу;

б) жөө колонналар кыймылынын багытында радиациялык, химиялык жана инженердик чалгындоону жүргүзүү;

в) жөө колонналар кыймылынын багытында медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу;

г) коомдук тартипти сактоону уюштуруу.

22. Эвакуациялык кабыл алуу  комиссиялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  тарабынан, калк көчүрүлүүчү

коопсуз калктуу конуштардын аймактарында төмөнкү максатта  түзүлөт:

а) көчүрүлүүчү калкты тосуп алуу, жайгаштыруу жана  биринчи кезекте жашоону камсыздоону пландаштыруу жана ишке ашыруу;

б) мекемелик  эвакуациялык кабыл алуу  комиссияларын уюштуруу, курамын толуктоо жана сапаттуу даярдоону көзөмөлдөө;

в) көчүрүү жана эвакуацияны уюштуруу жана камсыздоону көзөмөлдөө;

г) материалдык жана тарыхый-маданий баалуулуктардын эсебин алуу жана сактоону камсыздоо.

23. Кабыл алуучу эвакуациялык пункттар жөө келген колонналарды, эвакуацияланган эшелондорду, эвакуацияланган жана көчүрүлгөн калк жана материалдык жана тарыхый-маданий баалуулуктар менен келген автоколонналарды тосуп алуу, эсепке алуу жана каттоону уюштуруу, ошондой эле аларды  кийин коопсуз райондорго дайым жайгашуучу (сакталуучу) жерлерге жиберүү үчүн түзүлөт.

Кабыл алуучу эвакуациялык пункттарында керектүү учурларда эвакуацияланган калк, материалдык жана тарыхый-маданий баалуулуктар үчүн жөнөкөй жашынуучу жайлар  жана медициналык  пункттар жайылат.

24. Тиешелүү транспорттук мекемелеринин жетекчилеринен жана өкүлдөрүнөн түзүлгөн калкты транспортко чыгаруу жана түшүрүү пункттарынын администрациялары, төмөнкү максат менен түзүлөт:

а) көчүрүлүүчү калкты транспортко чыгаруу жана түшүрүү жерлерине жеткирүү үчүн атайын жабдылган автотранспортторду өз убагында жеткирүүнү  камсыздоо;

б) транспорт каражаттарына  калкты чыгаруу жана түшүрүүнү уюштуруу;

в)  эвакуацияга жаткан  материалдык жана тарыхый-маданий баалуулуктарды жүктөө жана түшүрүүнү уюштуруу;

г) эвакуацияланган эшелондорду, автоколонналардын өз убагында  жөнөп кетүүсүн (келүүсүн) камсыздоо,  эсебин жүргүзүү жана  тиешелүү комиссияларга  маалымат берүү.

25. Пландаштырылган иш-чаралар бүткөндөн кийин эвакуациялык жана эвакуациялык кабыл алуу комиссиялар аткаруучу бийлик органдары менен биргеликте, көчүрүлүп келген калктын  тиричилигин  камсыз  кылуу, аларды  иш менен камсыздоо, ошондой эле  эвакуацияланган материалдык жана тарыхый-маданий баалуулуктардын сакталышын камсыздоо маселелерин чечүү үчүн, жергиликтүү өз  алдынча башкаруу органдарына   жардам көрсөтүшөт.

26. Эвакуациялык кабыл алуу комиссияларынын, чогултуучу жана кабыл алуучу эвакуациялык  пунктарынын, ортолуктагы эвакуациялык пункттарынын кызматкерлери, күнүмдүк ишмердүүлүк тартибинде, тиешелүү окуу-усулдук борборлорунда,  Жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча даярдыктан өтүшөт, ошондой эле  Жарандык коргонуу жаатында өткөрүлүүчү машыгуу жана машыктырууларга катышат. Аталган кызматкерлер  чоң масштабдагы табигый жана техногендик  өзгөчө кырдаалдар коркунучунда жана пайда болуусунда өз иш милдеттерин аткарууга тартылышы мүмкүн.

27. Аткаруу бийлик органдарын,  өз алдынча башкаруу органдарын, мекемелерди  жана калкты эвакуация жана көчүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөндүгү тууралуу кабарландыруу Жарандык коргонуунун башкаруу органдары тарабынан  республикалык, регионалдык жана жергиликтүү денгээлдеги борборлоштурулган кабарлоо жана байланыш системаларын,  телеберүү жана радиоберүү станцияларын, кабарлоонун локалдык системаларын пайдалануу менен жүргүзүлөт.

28. Калкты коопсуз райондорго эвакуациялоо жана көчүрүү  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына  ылайык, транспорттордун бардык түрлөрүнүн тартылуусу менен мекемесине  жана менчигинин түрүнө  карабастан, эгерде алар  мобилизациялык пландар боюнча аскердик жана  башка өзгөчө маанилүү транспорттук ташуулардан бош болсо,  калктын бир бөлүгүн  транспорт менен, ал эми калктын калган бөлүгүн ошол эле кезде жөө чыгаруу жолдору  менен  жүргүзүлөт.

29. Керектүү транспорт каражаттары  жок  же жетишпей калган учурларда  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык  башка аткаруучу бийлик органдарынын, жергиликтүү башкаруу органдарынын жана башка мекемелеринин транспорт каражаттары тартылышы мүмкүн, эгерде алар мобилизациялык пландар боюнча  өзгөчө маанилүү жана  башка аскердик ташууларга  жана калкты эвакуациялоого тартылбаса.

30. Көчүрүүнү пландаштыруу, даярдоо жана өткөрүү аскердик башкаруу органдары менен биргеликте төмөнкү маселелер боюнча жүргүзүлөт:

а) транспорт коммуникацияларын  жана транспорт  каражаттарын колдонуу;

б) эвакуация маршруттарындагы кыймылды биргелешип көзөмөлдөөгө күч жана каражаттарды бөлүп берүү үчүн , коомдук тартипти сактоо,  материалдык жана тарыхый-маданий баалуулуктардын сакталышын камсыздоо;

в) радиациялык, химиялык, биологиялык, инженердик жана өрткө каршы чалгындоо жүргүзүүнү камсыздоо;

г) калкты радиациялык, химиялык, биологиялык, инженердик коргоо, санитардык–эпидемияга каршы жана дарылоо-профилактикалык иш-чараларын камсыздоо үчүн күч жана каражаттарын бөлүп берүү;

д) калкты,  материалдык жана тарыхый-маданий баалулуктарды жайгаштыруу жана сактоо үчүн  коопсуз жерлердин тизмесин  макулдашуу;

е) эвакуацияланган калкты аскер шаарчаларына  жайгаштыруу жана тиричилигин камсыздоо мүмкүнчүлүгү;

31. Көчүрүлүүгө жаткан калк коопсуз райондорго көчүрүлүп бүткөндөн  кийин, көчүрүү иш-чаралары бүттү деп эсептелинет.

3-глава. Калкты көчүрүү иш-чараларын каржылоо

6-берене. Калкты көчүрүү иш-чараларын каржылоо

32. Калкты табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарда  көчүрүү иш-чараларынын каржылоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

33. Калкты көчүрүү  боюнча иш-чараларды өткөрүүгө кеткен чыгымдар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныктаган тартипте республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен төлөнөт.

Калкты көчүрүү боюнча иш-чараларды каржылоо мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринде жыл сайын бекитилчү бюджеттердин каражаттарынын чегинде каралат.

7-берене. Калкты көчүрүү үчүн финансылык жана материалдык резервдерди түзүү жана пайдалануу

Финансылык жана материалдык резервдерди түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

8-берене. Кыргыз Республикасынын калкты көчүрүү боюнча мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

Кыргыз Республикасынын кызмат адамдары жана калкы тарабынан калкты көчүрүү боюнчамилдеттерди аткарбагандыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат.

9-берене. Корутунду жоболор

34. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

35. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                    А.Ш. Атамбаев

Print Friendly, PDF & Email