Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү планы

0
1 206 просмотров

3-тиркеме

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРГА

ЧАРА КӨРҮҮ ПЛАНЫ

М А З М У Н У

 Киришүү

  1. Документтин максаты
  2. Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнүн артыкчылыктары
  3. Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүдө башкаруу деңгээлдери
  4. Чара көрүү планындагы деңгээлдердин өз ара аракеттенүүсү
  5. Кыргыз Республикасындагы кыйла кооптуу табигый кубулуштардын опурталдуулук регистри
  6. Опурталдарды талдоо
  7. Өзгөчө кырдаалдарды жоюудагы жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү жана өзгөчө кырдаалдардын оордук даражасына жараша жооптуу чечимдерди кабыл алуу
  8. Ири өндүрүштүк кырсыктардын, катастрофалардын, табигый кырсыктардын алдын алуу жана анын кесепеттерин потенциалдуу жеңилдетүү максатында алар болгонго чейин жүргүзүлүүчү иш-чаралар:
  9. Жер титирөөнүн кесепеттерин азайтуу боюнча алдын-алуучу чаралар
  10. Химиялык опурталдуу объектилердеги кырсыктардын алдын алуу
  11. Жарылып кетүү жана өрт коркунучу менен байланышкан объектилердеги кырсыктардын алдын алуу
  12. Кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн, селдердин, суу каптоолордун жана сезондуу суу ташкындарынын алдын алуу
  13. Жырылып кетүү коркунучу бар көлдөрдүн жырылышынын алдын алуу
  14. Өрт кырсыгынын алдын алуу
  15. Эпидемиянын, эпизоотиянын, эпифитотиянын алдын алуу
  16. Катастрофалык суу каптоолордун алдын алуу
  17. Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу системаларынын иштөө туруктуулугун жогорулатуу боюнча алдын-алуу иш-чаралары

  1. Ири өндүрүштүк кырсыктардын, катастрофалардын жана табигый кырсыктардын болуу коркунучу туулганда потенциалдуу кесепеттердин алдын алуу максатында аткарылуучу иш-чаралар:
  2. Жер титирөө коркунучу болгондо
  3. Кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн, селдердин, суу ташкындарынын коркунучу болгондо
  4. Радиациялык, химиялык булгануу, өрт чыгуу опурталы бар объекттерде кырсык коркунучу болгондо
  5. Эпидемиологиялык коркунуч болгондо
  6. Эпизоотиялык коркунуч болгондо
  7. Катастрофалык суу каптоо коркунучу болгондо

  1. 11. Өндүрүштүк ири кырсыктар, катастрофалар жана табигый кырсыктар болгондо жүргүзүлүүчү иш-чаралар

(өзгөчө кырдаалдар режими)

  1. Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалымат берүүнүн тартиби
  2. Жер титирөө болгон учурда
  3. Химиялык-опурталдуу объекттерде авария болгондо
  4. Радиациялык кооптуу объектилерде авария болгондо
  5. Калктын, айыл чарба жаныбарларынын, канаттуулардын арасында жугуштуу оорулар (эпидемия, эпизоотия) массалык түрдө тараган учурда
  6. Кар көчкүлөрү, жер көчкүлөрү, сел агымдары жана суу ташкындарынын пайда болушунда
  7. Өндүрүштүк ири авариялар, жарылуулар, өрттөр болгондо
  8. Катастрофалык суу каптоо (суу ташкыны) болгондо

 1-глава. Киришүү

 Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү планы (мындан ары — Чара көрүү планы) табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоо, алардын алдын алуу жана жоюу жагындагы мамлекеттик саясатты өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына, башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан.

Чара көрүү планы министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү коомчулуктардын, уюмдардын, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар менен мекемелердин, ошондой эле Кыргыз Республикасында аккредиттелген эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын ортосунда калкты жана аймактарды табигый кырсыктар менен катастрофалардан координацияланган жана макулдашылган өз ара аракеттенүүнүн негизинде комплекстүү коопсуздукту камсыздоо жаатындагы негиз болуучу документтердин бири болуп саналат.

Белгилүү болгондой Кыргыз Республикасынын аймагы 20дан ашуун кооптуу жаратылыштык процесстерге жана кубулуштарга дуушар болууда. Калкка жана тиричиликти камсыздоочу обьекттерге чоң коркунучту: жер титирөө, жер көчкүлөрү, кар көчкүлөрү, сел, суу ташкындары, жер астындагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшү, нөшөрлөгөн жамгырлар, чагылгандар, мөндүрлөр, кардын оор түшүүсү, таш кулоолор, катуу шамалдар жаратат.

Өзгөчө кырдаалдар көптөгөн адамдардын өлүмүнө, олуттуу экономикалык зыяндарга, калктын тиричилик жактан камсыздалышынын токтошуна, бийликтин жана башкаруунун райондук жана жергиликтүү башкаруу органдарынын ишинин жылбай калышына алып келиши мүмкүн. Орточо статистикалык маалыматтар боюнча өлкөдө жыл сайын 200 табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар болуп өтөт, кооптуу аймактардан миңдеген үй-бүлөлөр көчүрүлөт.

Кыргыз Республикасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-ноябрындагы                                  № 733 токтому менен Кыргыз Республикасындагы өзгөчө кырдаалдардын классификациясы жана аларды баалоонун критерийлери бекитилген (мындан ары – Өзгөчө кырдаалдардын классификациясы).

Кыргыз Республикасынын калкынын 75 пайызы жер титирөө кооптуулугу бар аймактарда жашайт, ал аймактарда Рихтердин шкаласы менен 9 баллдан ашкан катуу жер титирөөлөр болушу мүмкүн.

Белгилүү болгондой, өзгөчө кырдаал сутканын ар кандай мезгилинде болушу мүмкүн жана министрликтердин, ведомстволордун жана жеке секторлордун ортосунда белгилүү маалымат алмашууну талап кылат.

Калкты жана аймактарды жаратылыштык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан сактоо жаатындагы мамлекеттик саясат мамлекеттик түзүмдөрдүн жана өз алдынча башкаруу органдарынын колдонууга боло турган күчтөрүн жана каражаттарын болушунча пайдаланууга, зыяндын алдын алууну жана азайтууну камсыз кылууга зарыл болгон иш-чараларды өз учурунда өткөрүүгө багытталат.

Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен толукталат. Жарандык коргонуунун иш-чараларын каржылоо мамлекеттик бюджеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жыл сайын бекитилүүчү бюджеттеринин каражаттарынын чегинде каралат (“Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-главасы, 21-берене).

Өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн финансылык жана материалдык ресурстардын резерви өзгөчө кырдаал болгон учурда зарыл болгон күчтөрдү жана каражаттарды шашылыш тартуу үчүн алдын ала түзүлөт.

Чара көрүү пландары Жарандык коргонуунун багыттар боюнча иш-чараларын өткөрүү үчүн арналган Кыргыз Республикасынын министрликтери менен ведомстволорунун тармактык пландары менен толукталат.

2-глава. Чара көрүү планы

 Чара көрүү планынын максаты өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүдө министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү коомчулуктардын, уюмдардын, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар менен мекемелердин, ошондой эле Кыргыз Республикасында аккредиттелген эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын ортосундагы координацияланган иш-аракет үчүн негизди аныктоо болуп саналат.

Чара көрүү планында өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнүн негизги жол жоболору жалпыланган, мында кабыл алынган Өзгөчө кырдаалдардын классификациясынын негизинде улуттук деңгээлдеги кырсыктардан жергиликтүү деңгээлде чара көрүү талап кылган кырсыктар так ажыратылган.

Чара көрүү планы өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуунун, жөндөмдү коом менен жаратылыштын, комплекстүү жана системалуу мамиле кылуунун негизинде улуттук кызыкчылыктар менен глобалдуу проблемалардын ортосундагы карама-каршылыктарды жайгарууда жөндөмдүү келечек муунду түзүүнүн контексинде өзгөчө мааниге ээ.

3-глава Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнүн артыкчылыктары

Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнүн артыкчылыктары болуп:

— адамдардын өмүрүн сактоо, калктын, ошондой эле чара көрүүнү ишке ашырып жаткан адамдардын ден соолугу менен коопсуздугун камсыздоо;

— кырсыктын болушуна коркунучтун өсүп бара жатканынын алдын алуу;

— инфратүзүмдүн өтө маанилүү объектилерин жана негизги ресурстарды коргоо жана калыбына келтирүү;

— менчикти коргоо, ошондой эле адамга, айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды азайтуу;

— бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу;

— адамдарды реабилитациялоону камсыз кылуу, өндүрүштү жана мамлекеттик башкаруу органдарынын иштөөсүн калыбына келтирүү;

— бардык аткаруу бийлиги органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын иш-аракеттеринин макулдашылгандыгы.

4-глава. Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүдө башкаруу деңгээлдери

Мамлекеттик бийликтин аткаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлдери, Кыргыз Республикасынын административдик аймактык бирдиктери

Райондор
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары
Мамлекеттик бийликтин аткаруу органдары
Облустар, Бишкек, Ош шаарлары
Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктери
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
Айыл аймактары жана шаарлар

5-глава. Чара көрүү планындагы деңгээлдердин өз ара аракеттенүүсү

  Чара көрүү планы — бул республикалык, региондук жана жергиликтүү деңгээлдеги табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар мезгилине пландоо боюнча негизги механизм.

Тажрыйба көрсөткөндөй, жергиликтүү деңгээлде же айыл деңгээлинде пландоо, республикалык деңгээлде пландоодой эле маанилүү. Чара көрүү планы Кыргыз Республикасындагы өзгөчө кырдаалдар учурунда пландоо боюнча негизги инструмент болуп саналат.

“Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын министрликтери жана административдик ведомстволору Жарандык коргонуунун пландарын иштеп чыгышат жана аны ишке ашырышат, аларды Жарандык коргонуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) менен макулдашышат.

Чара көрүү планы башкаруунун жана контролдоонун координацияланган системасынын негизи, ал түрдүү министрликтер жана ведомстволор менен өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү учурунда бирдиктүү система катарында чогуу иштешин камсыз кылат.

Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, күчтөрдү жана каражаттарды колдонуу Өзгөчө кырдаалдардын классификациясына ылайык ишке ашырылат.

Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасын иштетүү режимин киргизүү жөнүндө чечимди төмөндө аталган органдар ыктымалдуу же башталган кырдаалга жана божомолдонгон же чыккан өзгөчө кырдаалдын масштабына жараша кабыл алышат, алар:

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү;

— жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары;

— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары;

— менчигинен түрүнө карабастан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин жетекчилери.

Өзгөчө кырдаалдарга натыйжалуу чара көрүү кырсыктын коркунучун азайтуу үчүн болгон потенциалды колдоо максатында чара көрүү планы үзгүлтүксүз иштеши керек.

Болуп өткөн өзгөчө кырдаалдарга жараша Кыргыз Республикасынын калкынын коопсуздугу жана жашоо абалы иш жүзүндөгү жана болгон коркунучтар менен аныкталат.

Өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүүнү пландоо туруктуу иш болот, андыктан министрликтер, ведомстволор жана мекемелер тынчтык жана согуш мезгилинде Жарандык коргонуу пландарын иштеп чыгышат, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашат жана аны ишке ашырышат.

Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча иш-чараларды пландоо эреже катары, кыйла төмөнкү деңгээлде коюлган пландардын алкагында ишке ашырылат, алар төмөнкүдөй кыйла жогорку деңгээлде даярдалган пландарга шайкеш келет.

Республикалык пландар

Тармактык/

функционалдык пландар

Региондук пландар
Жергиликтүү пландар
Конкреттүү коркунучтар боюнча

өз алдынча пландар

Тармактык/ функционалдык пландар жеткирүү, калыбына келтирүү, маалымдоо, саламаттык сактоону өнүктүрүү, курулуш ж.б. иштерди камтыйт.

Конкреттүү коркунучтар боюнча өз алдынча пландар жер титирөө, жер көчкү, суу каптоо, зыяндуу заттардын чыгышы, өрттөр ж.б. пайда болуу коркунучтарына карата иштелип чыгат.

Тармактык/ функционалдык пландар жана конкреттүү коркунучтар үчүн өз алдынча пландар бардык деңгээлде иштелип чыгышы мүмкүн.

6-глава. Кыргыз Республикасындагы өтө кооптуу табигый

кубулуштардын опурталдуулук регистри

Опурталдуулук регистри Кыргыз Республикасындагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү маселелерин мамлекеттик деңгээлде кароо маанилүү экендигин баса белгилейт.

Коомчулуктун деңгээлинде ар бир жергиликтүү башкаруу органы коркунучтар жана опурталдар кайсы жерде болоорун, ошондой эле алардын кесепеттерин жеңилдетүү үчүн эмне кылуу керек экендиги жөнүндө толук жазылган эсепке алуу китебин жүргүзүшү керек. Коркунучтар: жер көчкүлөр, өз өндүрүшүндө химикаттарды колдонгон өнөр жайлык объекттер, нефтебазалар ж.б. болушу мүмкүн.

Коркунуч

Коркунуч Кесепеттери Ыктымалдуулук Коркунуч даражасы
1          Жер титирөөлөр

Сейсмикалык кооптуу категорияга кирген 74 калктуу конуш, интенсивдүүлүгү 9 баллдан ашышы мүмкүн болгон зоналарда жайгашкан. Аларда республиканын калкынын 75 %га жакыны жашайт. Божомолдор боюнча 3,3 млн. адам, же болбосо республиканын калкынын 66 % катуу жер титирөөгө туруштук бере албаган үйлөрдө жашашат

 

Катастрофалык

 

Ыктымал

 

Өзгөчө

2 Жер көчкүлөр

Республиканын аймагында 5000ден кем эмес жер көчкү коркунучу күтүлгөн участок бар. Республиканын түштүк аймагында Жалал-Абад жана Ош облустарында жер көчкү процесси көп (90%) кездешет. Бардыгы болуп калктуу конуштарга, автожолдорго жана инженердик курулмаларга коркунуч туудурган 261 жер көчкүгө кыйла кооптуу участок көзөмөлдө турат.

 

Жогору

 

Ыктымал

 

Өзгөчө

3 Кар көчкүлөр

Республиканын көптөгөн райондорунда таркалган, негизинен Бишкек-Ош автожолуна, өлкөбүздүн тоолуу райондорундагы автожолдорго, ошондой эле электр жана байланыш линияларына коркунуч туудурушат. Кар көчкүнүн кооптуулук мезгили ноябрь – апрель айлары болот, ал эми эң коркунучтуу айлар февраль-мартка туура келет.

 

Төмөн

 

Ыктымал

 

Жогору

4 Сел жана суу ташкындары

Республикабыздын 95 %дан ашык калктуу конуштары жана миллиондогон тургундар сел жана суу ташкындары коркунучу бар дарыялардын жээктеринде жайгашкан. Көбүнчө жогорудагы табигый процесстер Фергана тоо кыркасынын алдында жана жапыз тоолуу бөлүктөрүндө болуп өтөт (Ош, Жалал-Абад облустары, Күңгөй, Тескей Ала-Too менен Кыргыз тоо кыркаларында). Жүргүзүлгөн мониторингге ылайык республиканын аймагында Бишкек шаарынын аймагын кошо камтыган 497 калктуу конуш менен объект сел жана суу ташкыны коркунучунда турат.

 

Төмөн

 

Дээрлик

аныкталган

 

Жогору

5 Жугуштуу оорунун жайылышы

— көп сандагы адамдарга коркунуч келтирүүчү жугуштуу оору. Мындай оору пандемияга чейин өсүп жетиши мүмкүн;

— суу аркылуу жугуучу холера жана тиф сыяктуу оорунун пайда болуусу;

— жаныбарларда H5N1, же айыл чарба секторуна чоң зыян келтирүүчү , малдын шарп ылаңынын чыгышы.

 

Жогору

 

Орточо

 

Төмөн

 

Мүмкүн

 

Мүмкүн

 

Мүмкүн

 

Өзгөчө

 

Жогору

 

Орточо

6 Радиациялык кооптуу объектилер

— калдык сактагычтар жана кен калдыктары;

Республиканын аймагындагы 50 калдык сакталуучу жайда 100 млн м3дан ашык калдык сакталат, өтө көп көлөмдөгү кен калдыктары бар, алардын жалпы көлөмү 580 млн м3.

Кен калдыктарынын аянты 1500 гектардан ашык, алардын ичинен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагында жалпы көлөмү 13,35 млн м3 болгон 36 калдык сактоочу жай жана жалпы көлөмү 2,35 млн м3 болгон 25 кен калдыктары бар.

36 калдык сактоочу жайлардын ичинен 31инде радиоактивдүү калдыктар бар, анын 28и уран өндүрүшүнүн калдыктарынан жана 3өө торий камтылган полиметалл өндүрүшүнүн калдыктарынан турат.

Калдык сактоочу жайларда топтолгон радиоактивдүү калдыктардын жалпы көлөмү 8,2 млн м3.

5 калдык сактоочу жайда түстүү металлды өндүрүүдөн топтолгон калдыктардын жалпы көлөмү 5,15 млн. м3 түзөт.

Адистердин маалыматтары боюнча радиациялык экологиялык катастрофалардын жаралуу коркунучу бар. Булгануунун мүмкүн болгон аймагына Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан кирет, буларда 5 млн. адам жашайт.

 

Катастрофалык

 

Мүмкүн

 

Өзгөчө

-күчтүү таасир этүүчү уулуу заттар:

Республика боюнча баары болуп 100гө жакын объект, өздөрүнүн технологиясында күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды пайдаланышат. Анын ичинен 19у химиялык опурталдуу объектилер категориясына кирет. Аталган объектилер өз өндүрүшүндө 2,5 миң тоннага жакын химиялык заттарды пайдаланышат. Анын ичинен өтө көп пайдаланылганы: аммиак, туз кислотасы, күкүрт кислотасы, азот кислотасы, цианид, хлор.

Кырсык болгон учурда булгануунун мүмкүн болгон зонасынын аянты 52,3 км2 түзөт, анын ичинде Бишкек шаары — 12,3 км2.

Булганууга мүмкүн болгон зонадагы калктын жалпы саны 252,200 адам, айыл чарба жандыктары — 40 миң баш малды түзөт. Ошондой эле Ош шаарынын аймагындагы өндүрүштүк объектилерде химиялык коркунучтуу кооптуу кырдаалдар татаалданышы мүмкүн.

Орто Мүмкүн Жогору
7 Бийик тоолордогу жырылып кетүү коркунучу бар көлдөр

Республиканын аймагында бийик тоолордо 300дөн ашуун жырылып кетүү коркунучундагы көлдөр бар. Алар опурталдуулугу боюнча төмөнкүдөй категорияларга бөлүнөт:

— I категориядагы опуртал (өтө коркунучтуу);

— II категориядагы опуртал (коркунучтуу);

— III категориядагы опуртал (коркунуч азыраак);

Мындай көлдөр республиканын бардык облустарында бар. Алар калкка жана эл чарба объектилерине потенциалдуу коркунуч келтирет, алардын жырылып кетүүсү өтө күчтүү сел жана суу ташкындарын жаратып, калк жыш жайгашкан өрөөндөрдө чоң кырсыктарга учуратышы ыктымал.

 

Жогору

 

 

 

 

 

 

 

Мүмкүн

 

 

 

 

 

 

 

 

Өтө жогору

 

 

 

 

 

7-глава. Коркунучтарды талдоо

Коркунучтарды жана анын таасирлерин азайтуу үчүн, коркунуч жөнүндөгү маалыматты жана колдонулуп жаткан контролдоо системасын пайдалануу коркунучтун ишке ашуу ыктымалдыгын жана күтүлгөн кесепеттерин баалоого мүмкүндүк берет.

Кээ бир учурларда бирдей деңгээлде бааланган коркунучтардын ыктымалдуулугун, кесепеттерин жана деңгээлин бир бүтүндүккө топтосо болот. Бул өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү процессинде карап чыгууга зарыл болгон коркунучтардын санын азайтканга жана четтетүү стратегиясына мүмкүндүк берет.

Республикада кичине масштабдагы өзгөчө кырдаалдарга мамиле жасоонун тажрыйбасы басымдуу.

Жергиликтүү деңгээлдеги Жарандык коргонуу боюнча комиссия контролдо турган аймактарда аныкталган бардык опурталдарды кылдат каттоого алышы керек. Документтештирүүдө аныкталган коркунуч булактарынын тизмесине коркунучту жеңилдетүү боюнча көрүлүп жаткан чараларды, пландаштырылган чараларды, ошондой эле азайтылган опурталдарды түшүрүү абзел. Бардык коркунучтарды жоюуга болбосо дагы, мындай каттоону киргизүү иш-чараларды пландоодо жана жетишсиз болсо да ресурстарды бөлүштүрүүдө жардам берет. Коркунучтарды азайтууга багытталган аракеттерге карабастан, опурталдуулук ар дайым бар. Ушул калган опуртал да өзгөчө кырдаалдарга алып келиши мүмкүн.

 8-глава. Өзгөчө кырдаалдарды жоюудагы жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү жана

өзгөчө кырдаалдардын оордук даражасына жараша жооптуу чечимдерди кабыл алуу

Өзгөчө кырдаалдардын оордук даражасы Өзгөчө кырдаалдардын натыйжалары Минималдуу эмгек акысына барабар материалдык зыян (сом) Өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу үчүн жооптуу уюмдар
Өзгөчө кырдаалдардын жайылуу зонасы Жабыркагандар
Бардыгы/

адам

Алардын ичинде курман болгон-дор/ адам Тиричилик шарттарынын бузулушу/ адам
1-даража (объектилик) Өндүрүштүк объектинин, ишкананын, уюмдун чегинде таркалуу  10го   чейин  5ке чейин   Ишканалардын, уюмдардын күчтөрү жана каражаттары
2-даража (жергиликтүү, айыл өкмөтү, шаарлардын мэриялары) Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймагынын чегинде 10го чейин  5ке чейин 50гө  чейин Курман болгон жана жапа чеккен үй-бүлөлөргө төлөөлөрдү эсепке албаганда 1000ге чейин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, (айыл өкмөтү, шаарлардын мэриялары) зарыл болгондо жогору турган уюмдар
3-даража (райондук, шаардык) Райондун, шаардын аймактарынын чегинде 50гө чейин 10го чейин 500ге чейин Курман болгон жана жапа чеккен үй-бүлөлөргө төлөөлөрдү эсепке албаганда  10000ге чейин Райондук мамлекеттик администрациялардын органдары, Жарандык коргонуунун тиешелүү органдары, зарыл учурда облустук жана республикалык уюмдар
4-даража (облустук) Эки же андан көп райондун чегинде, бирок бир облустун чегинде 100гө чейин 5ке чейин 1500гө чейин Курман болгон жана жапа чеккен үй-бүлөлөргө төлөөлөрдү эсепке албаганда

50000ге чейин

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, министрликтер жана ведомстволор
5-даража (республика-лык) Бир облустан көбүрөөк чекте 100дөн ашык 25тен ашык 1500ден ашык Курман болгон жана жапа чеккен үй-бүлөлөргө төлөөлөрдү эсепке албаганда

50000ге чейин

КРнын Өкмөтү, ӨКМ,  ГШ (макулдашуу боюнча), министрликтер жана административдик ведомстволор, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча)
Транс-чек аралык КРнын аймагынын чегинен сыртка таркоо. Чектешкен мамлекеттер-ден КРнын аймагына таркоосу. КРнын Өкмөтү  тарабынан жөнгө салынат       КРнын Өкмөтү, ӨКМ, ГШ (макулдашуу боюнча), чектеш мамлекеттердин өкмөттөрү (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча)

Эскертүү: Өзгөчө кырдаал эгер көрсөткүчтөрдүн жок дегенде бирөөсүнө туура келсе тигил же бул категорияга кирет.

 9-глава. Ири өндүрүштүк кырсыктардын, катастрофалардын, табигый кырсыктардын алдын

 алуу жана анын кесепеттерин потенциалдуу жеңилдетүү максатында

аткарылуучу иш-чаралар (күндөлүк иштин режими)

  1. Жер титирөөнүн кесепеттерин азайтуу боюнча алдын-ала аткарылуучу иш-чаралар:

— жер титрөөдө имараттардын, курулмалардын, коммуналдык тармактардын жана коммуникациялардын сейсмикалык туруктуулугун жогорулатууга багытталган нускамаларды жана көрсөтмөлөрдү алдын-ала иштеп чыгуу;

— курулуш ченемдерин сактоо боюнча талаптарды күчөтүү;

— өтө коркунучтуу опурталдуу абалдагы имараттарды реконструкциялоо;

— эвакуациялоо каражаттарын жана медикаменттердин, азык-түлүктөрдүн зарыл запастарын даярдоо;

— медициналык мекемелерге жана калктын тиричилик аракетин камсыз кылуучу объектилерге кирүүнү камсыздоо;

— жабыр тарткан калкты жайгаштыруу үчүн чатыр фондун алдын-ала түзүү;

— сейсмикалык чалгындоо жүргүзүү үчүн алдын-ала күчтөрдү жана каражаттарды даярдоо;

— калкты өзүнө жана өз ара жардам көрсөтүүгө үйрөтүү;

— калктын кабардар болушун жогорулатуу;

  1. Химиялык кооптуу объектилердеги кырсыктардын алдын алуу:

— химиялык опурталдуу өндүрүштүк процесстерди автоматташтыруу;

— химиялык кооптуу өндүрүштөрдү жана күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды сактагычтарды коргоо үчүн атайын иш чараларды аткаруу (конструкцияларды күчөтүү, суюктук сактоочу идиштерди каптап көмүү ж.б.).

— күчтүү таасир этүүчү уулуу заттардын запасын бири-биринен алыс аралыкта жайгаштыруу;

— коргоочу курулмаларды куруу жана аларды даяр абалда кармоо;

— жумуш бөлмөлөрүндө тез таасир этүүчү уулуу заттардын сакталышын ар дайым контролдоо жана имараттарды авариялык кабар берүүчү жабдуулар менен камсыз кылуу;

— айлана-чөйрөгө күчтүү таасир этүүчү уулуу заттардын таштандыларын дайыма контролдоо, реалдуу метео маалыматтарды эске алуу менен уулануу мүмкүндүгү бар зоналарды алдын-ала болжолдоо;

— объектидеги персоналга жана ага жакын жайгашкан калкка алдын-ала ыкчам билдирүүнүн системасын уюштуруу жана аны ар дайым даяр абалда кармоо, жеке коргонуу каражаттарын топтоо (противогаз ж.б.у.с.);

— Жарандык коргонууну башкаруу органы менен уулуу заттар таасир этүүчү аймактарда жайгашкан объектилердин персоналдарын жана калкты коргоо боюнча иш-аракеттердин пландарын макулдашуу;

— кырсыктар менен катастрофалардын кесепеттерин жоюу үчүн күчтөрдү жана каражаттарды даярдоо;

  1. Жарылып кетүү жана өрт коркунучу менен байланышкан объектилердеги кырсыктардын алдын алуу:

— от алып кетүүчү (жарылуу) ыктымалы бар булактарды жок кылуу же сактоо;

— жумушчуларды жана кызматкерлерди сактоо максатында коргоочу курулмаларды куруу жана аларды даяр абалда кармоо;

— объектилердеги имараттарды жана курулмаларды өрт, жарылуу кырсыгынан сактоо максатындагы иш-чараларды өткөрүү;

— өрт чыккан учурда анын күч алышын чектөөгө багытталган өрткө каршы иш-чараларды өз убагында өткөрүү, өрт зонасынан адамдарды жана материалдык баалуулуктарды тез эвакуациялоо үчүн шарттарды түзүү;

— өрт кабарлагычынын натыйжалуу каражаттарын жана өрт өчүргүчтөрдү даярдоо (өрт өчүргүчтөр, суу жеңдери, спринклердик өрт өчүрүүчү системалар).

  1. Кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн, селдердин жана мезгилдүү суу ташкындарынын алдын алуу:

— көлдөрдөгү, дарыялардагы жээктерди бекемдөөчү иш-чаралар;

— сел-суу ташкындары өтүүчү потенциалдуу зоналардагы көпүрөлөрдү бекемдөө;

— кооптуу зоналарга мониторинг жүргүзүү;

— кооптуу зоналарга жашоочуларды убактылуу көчүрүү;

— калктуу конуштарды жана чарба объектилерин сел-суу ташкындарынан коргоо үчүн инженердик курулмаларды куруу;

— кар көчкүгө каршы курулмаларды куруу (галереялар, кар тосуучу калканчтар ж. б.;)

— кар көчкүлөрдү жасалма жол менен түшүрүү (артиллериялык атуу, жардыруу);

— жаан-чачындын интенсивдүүлүгүнө, кардын эришине, дарыяларда жана көлдөрдө суунун деңгээлинин өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүп туруу;

— суу сактагычтар аркылуу сел-суу ташкындарын жөнгө салуу;

— сел-суу ташкындарынан коргоо максатында туруктуу жана мөөнөттүү (убактылуу) коргоочу дамбаларды, тосмолорду куруу;

— сел-суу ташкындарын жана селдерди буруу максатында аңгектерди жасоо жана жасалма нуктарды куруу;

— аймактарга тосмолорду төшөө жолун пайдалануу;

— сууда сүзүү каражаттарын алдын-ала даярдоо, сел агымдарына дуушар болгон аймактардан калкты эвакуациялоону жана көчүп барган аймактагы турмуш-тиричиликти камсыздоону пландаштыруу;

— жер көчкү коркунучунун кесепеттерин азайтуу максатында жерди пайдалануунун күчөтүлгөн тажрыйбасын киргизүү;

— калкты окутуу.

  1. Жырылып кетүү коркунучу бар көлдөрдүн жырылышынын алдын алуу:

— туруктуу жана мөөнөттүү (убактылуу) тосуучу дамбаларды (жалдарды) куруу;

— жырылып кетүү коркунучу бар көлдөрдүн абалын дайыма контролдоо.

  1. Өрт кырсыгынын алдын алуу:

— ишканаларда, уюмдарда, мекемелерде өрткө каршы коопсуздукту сактоону контролдоо;

— чоң өрттөрдү өчүрүүнүн тактикасын өркүндөтүү;

— өрт өчүрүүчү техникалык каражаттарды даярдоо, ар тараптуу материалдык-техникалык камсыздоону уюштуруу;

— өрт чыккан жерди өз убагында аныктоо;

— эл көп чогулган жайларда өрткө каршы иш-чараларды өткөрүү;

— калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

— өрттүн чордонун бөлүү жолу менен өрттүн жайылышын чектөө боюнча иш-чараларды күн мурунтан өткөрүү;

— өрткө каршы участокторду түзүү;

— өрткө каршы күрөшүүнүн шарттарын жакшыртуу (таштандылардан жана бат от алуучу материалдардан тазалоо);

— өрт кошуундарын, байланыш каражаттарын күн мурунтан даярдоо;

— Жарандык коргонуу кызматтарынын күчтөрүнүн, чарба жүргүзүүчү объектилердин кошуундарынын жана калктын өз-ара аракеттенүүсүн уюштуруу.

  1. Эпидемиянын, эпизоотиянын, эпифитотиянын алдын алуу:

— жарандарды жана үй жаныбарларын пландуу иммунизациялоо;

— санитардык-гигиеналык, дезинфекциялык жана дезинсекциялык пландуу иш-чараларды өткөрүү;

— эпизоотияга каршы профилактикалык иш-чаралар;

— лабораториялык диагностиканын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу;

— калктын санитардык билимин жогорулатуу;

— үй жаныбарларын бир жерден экинчи жерге көчүрүүдө, үй жаныбарларынан даярдалган сырьёну транспорттун бардык түрү менен ташууда аларга ветеринардык-санитардык көзөмөл жүргүзүү;

— үй жаныбарларын убактылуу концентрациялоодо рынокторго, базарларга башка пункттарга ветеринардык – санитардык көзөмөл жүргүзүү;

— эт комбинаттарынын, кушканалардын, мал союучу пункттардын, ошондой эле жаныбарлардын сырьёсунан даярдалган азыктарды даярдоочу, сактоочу жана кайра иштетүүчү мекемелерге жана уюмдарга ветеринардык көзөмөл жүргүзүү;

— жаныбарларды багуучу чарбаларды булганган пункттардан ылаңдарды жугузуп келүүдөн сактоо;

— ветеринардык-агартуу иштерди аткаруу жана үй жаныбарларын камсыздандыруу;

— өсүмдүктөрдү инфекциялык илдеттерден коргоо боюнча алдын-алуу иш-чаралары;

— айыл чарба өсүмдүктөрүнүн илдеттерге туруктуу сортторун чыгаруу жана өстүрүү;

— илдетке чалдыккан жана андан таза зоналарда карантиндик иш-чараларды аткаруу;

— эгин айдалган аянттарды жана көчөт материалдарын химиялык жол менен тазалоо;

— агротехникалык эрежелерди сактоо, инфекциянын очокторун жок кылуу.

  1. Катастрофалык суу каптоолордун алдын алуу:

— суу сактагычтардын туруктуулугуна байкоо жүргүзүү жана калкты суу сактагычтардын жарылып кетүүсүнө чейин кабардар кылуу;

— суу өткөрүүчү каналдарды суу сактагычтардан суулардын чоң келүүсүн кабыл алууга даярдоо;

— гидротүйүндөрдөгү белги берүүчү приборлордон алынган кабар боюнча суу каптоо коркунучу жөнүндө калкка өз убагында маалымдоо;

— мүмкүн болгон суу каптоочу зоналардагы коргоочу курулмаларды жылчыксыздандыруу;

— баалуу жабдууларды коргоо, көлдүн толгон суусун жөнгө салуу менен өз убагында кое берип туруу;

— эвакуацияланган калкты мүмкүн болгон чыгаруу маршрутундагы жолдордун жана жол курулмаларынын абалына байкоо жүргүзүү, контролдоо жана тактоо;

— жолдордогу тоскоолдуктарды аныктоо жана суу каптоого чейин айланып өтүү жолдорун издөө;

— суу каптоого чейин өз убагында калкты, үй жаныбарларын жана материалдык баалуулуктарды эвакуациялоо;

— потенциалдуу коркунучтуу зоналардан калкты эвакуациялоо үчүн сууда сүзүүчү каражаттарды алдын-ала даярдоо;

— алгачкы керектелүүчү каражаттарды жана калкты көчүрүп чыгуу үчүн атайын ресурстардын запасын камсыздоо.

  1. Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу системаларынын иштөө туруктуулугун жогорулатуу боюнча алдын-алуучу иш-чаралар (өзгөчө кырдаалдар чыкканга чейин):

Өзгөчө кырдаал учурунда башкаруу системасынын туруктуулугу жана ишканалардын өз ишин улантуу мүмкүнчүлүгү, белгиленген номенклатурада жана көлөмдө өндүрүштүк эмес чөйрөнүн тармактары жана объекттери үчүн продукция өндүрүү жөндөмдүүлүгү.

Корголуучу аймактагы ар бир объектиде болжолдонгон кырсыктар менен табигый кырсыктар учурунда туруктуулукту жогорулатуу максатындагы иш-чаралар аткарылат.

Чечилүүчү маселелердин мүнөзү боюнча иш-чараларды төмөндөгү топторго бириктирүүгө болот:

— жашынуучу, калкалоочу жана башка курулмаларды алдын-ала куруу аркылуу калкты жана өндүрүштүк объекттин персоналдарын коргоо;

— радиактивдүү жана химиялык уулануунун даражасын төмөндөтүү үчүн кызматтык курулмаларды жана имараттарды даярдоо;

— өндүрүштүк жана коммуналдык объектилердин туруктуулугун камсыздоо;

— кыска мөөнөттө калыбына келтирүү жумуштарын аткарууга даярдануу;

— калкты эвакуацияга же өндүрүштө иштеген адамдарды кооптуу зонадан алып чыгып кетүүнү пландаштыруу жана даярдоо;

— калкты, өндүрүштүк персоналды жана башка объектилерди жекече коргонуу каражаттары менен камсыздоону уюштуруу;

— болжолдонгон өзгөчө кырдаал пайда болгон учурда кантип аракеттенүүгө жана коргонуу чараларына калкты жана обьектинин персоналдарын окутуу;

— өзгөчө кырдаал жөнүндө кабар берүү системасын уюштуруу жана даярдыкта кармап туруу, кабарлоо боюнча аткарылуучу иш аракеттерге окутуп үйрөтүү;

— өзгөчө кырдаалдын кайталап талкалоочу таасирин жокко чыгаруу же азайтуу;

— объектилерди авариялык режимге иштөөгө которууга даярдоо.

10-глава. Ири өндүрүштүк кырсыктардын, катастрофалардын жана табигый

кырсыктардын пайда болуу коркунучу туулганда аткарылуучу

иш-чаралар (жогорку даярдыктын режими)

Республиканын Жарандык коргонууну башкаруу органдарынын жетекчилик курамын кабардар кылуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин оперативдик нөөмөтчүсү аркылуу ишке ашырылат. Жарандык коргонуунун облустук, Бишкек, Ош шаардык жетекчилик курамын кабардар кылуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук, Бишкек, Ош шаардык башкармалыктарынын оперативдик кезметчилери, ошондой эле кезметчи телофонисттери тарабынан ишке ашырылат.

Райондун жана шаардын жетекчилик курамын кабардар кылуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук, шаардык бөлүмдөрү, кезметтик телофонисттери аркылуу ишке ашырылат.

Жумушчуларды, кызматкерлерди жана калкты кабардар кылууну ишке ашыруу:

— калкты локалдык (кезметчи же кезметтик-диспетчердик кызмат) кабарлоону кошкондо кабарлоонун объектилик системасы боюнча;

— борборлоштурулган кабарлоонун жергиликтүү (облустук, райондук) системалары, жергиликтүү радиоуктуруу боюнча, ошондой эле кыймылдуу каражаттарды, күчөтүп сүйлөөчү түзүлүштөрдү пайдалануу менен;

— борборлоштурулган кабарлоонун автоматташтырылган системасы, мамлекеттик радио жана телекөрсөтүү боюнча.

Калкка табигый, техногендик, биологиялык-социалдык жана экологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын жаралуу коркунучу тууралуу мамлекеттик радио жана телекөрсөтүү аркылуу, мекемелердин жана уюмдардын түздөн-түз байкоосунда жана көзөмөлүндө тиешелүү маалыматтарды берүү жолдору менен ишке ашырылат.

Өзгөчө кырдаалдын пайда болуу коркунучу туулганда иш-чараларды ишке ашыруу тартиби:

— жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын, объектилердин жетекчилеринин көрсөтмөсү менен Жарандык коргонуунун тиешелүү комиссиялары кол алдындагы звенолордун иш-аракеттерин жетекчиликке алат, кырсык болушу ыктымалдуу райондогу кырдаалдын курчуп кетүүсүнүн себептерин аныктоо максатында ыкчам топторду түзөт, кырдаалды жөнгө салуу үчүн тиешелүү сунуштарды иштеп чыгат;

— ишкана, уюмдарда, мекемелерде кезметтик-диспетчердик кызмат күчөтүлөт. Курчап турган чөйрөнү контролдоо жана байкоо, потенциалдуу, кооптуу объектилердеги жана анын айланасындагы кырдаалды байкоо күчөтүлөт, өзгөчө кырдаалдын болуусун жана анын масштабын болжолдоо ишке ашырылат;

— түзүлгөн кырдаалга жараша аныкталган курамда Жарандык коргонуунун күчтөрү жана каражаттары даярдыкка келтирилет. Зарыл болгон учурда өрткө каршы, авариялык-куткаруучу, авариялык-калыбына келтирүүчү күчтөрдүн жана каражаттардын кезмети уюштурулат;

— иш-аракеттердин планы жана өзгөчө кырдаалдар болжолдонуучу райондорго чыгуунун тартиби такталат.

Өзгөчө кырдаал коркунучу пайда болгон жерге келген ыкчам топ кырдаалга баа берүү менен кырдаал жөнүндө төмөнкү маалыматтарды камтып, штабга кабарлайт:

— коркунуч (иш жүзүндөгү жана потенциалдуу) жөнүндө;

— бузулуулардын негизги түрлөрү жана алардын масштабы жөнүндө;

— жабыркаган адамдардын болжолдуу саны жөнүндө;

— өзгөчө кырдаал пайда болгон жерге баруу жөнүндө;

— башка маанилүү маалыматтар.

  1. Жер титирөө коркунучу болгондо аткарылуучу иш-чаралар:

— эвакуациялоо каражаттарын жана тамак-аш менен медикаменттердин керектүү запасын даярдоо:

— ыкчам топторду, куткаруу кошуундарын, чалгындоо күчтөрүн жана каражаттарын даярдоо;

— жабыркагандарды жайгаштыруу үчүн чатыр фондун даярдоо;

— тиешелүү кызматтар жана кошуундар негизги иш-аракеттеринен ажыратылбастан даярдыкка келтирилет (план боюнча);

— ведомстволук каражаттарды, маалымдоонун көчмө каражаттарын колдонуу менен калкка электрдик кабарлагычтар, радиоуктуруу тармагы аркылуу маалымдоо.

  1. Кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн, селдердин, суу ташкындарынын коркунучу болгондо аткарылуучу иш-чаралар:

— ведомстволук байланыш каражаттарын жана маалымдоонун көчмө каражаттарын колдонуу менен калкка электрлештирилген кабарлагычтар, радиоуктуруу тармагы аркылуу маалымдоо;

— калкты суу каптоо, кар көчкү, жер көчкү зоналарын көчүрүү жана эвакуациялоо;

— байкоочу тармактар менен лабораториялык контролдоо мекемелерин күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөрүү;

— коркунуч пайда болгон райондордон жаныбарларды айдап чыгуу, баалуу жабдууларды алып чыгуу;

— калкты эвакуациялоо жана материалдык баалуулуктарды ташып чыгуу үчүн автотранспортту даярдоо;

— кар көчкүлөрдү даярдалган багыттарга жасалма жол менен түшүрүү;

— тоо капталдарына мониторинг жүргүзүү системасын ишке ашыруу (зарыл болгондо);

— карлардын интенсивдүү эришин жана жаан-чачындын түшүшүнө байкоо жүргүзүү жана контролдоо, дарыялардагы жана көлдөрдөгү суунун деңгээлин өлчөө;

— жээктерди, көпүрөлөрдү бекемдөө иштерин, калктуу конуштарды коргоо үчүн курулмаларды жана чарба жүргүзүү объектилерин курууну уюштуруу;

— баштапкы райондордо өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн тартылган күчтөрү жана каражаттарды жайгаштыруу жана жумуш аткарылуучу орундарга жиберүү;

— тийиштүү кызматтар менен кошуундарды ишин негизги түрүнөн ажыратпай туруп даярдыкка келтирүү (план боюнча);

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология агенттигинин постторунан, лабораториялык контролдоо жана байкоо мекемелеринен, Кыргыз гидрологиялык партиясынан, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан алынган маалыматтарды тактоо.

  1. Радиациялык булгануу, химиялык булгануу, өрт жана жарылуу коркунучу болгондо аткарылуучу иш-чаралар:

— радиациялык, химиялык, өрт коркунучу бар объектилерде авария болгондо кезметтеги персонал ушул объектиге жакын жашаган жумушчуларга, кызматчыларга, калкка, Жарандык коргонуунун аймактык башкаруу органына кабарлайт, ал оперативдик кезметчилери аркылуу Жарандык коргонуунун жогору турган башкаруу органдарына кабарлайт.

Жарандык коргонуунун бардык башкаруу органдары Жарандык коргонуунун карамагындагы кызматтарга, кошуундарга кабарлоону, ошондой эле калкка электрдик кабарлагыч жана радио берүү тармагы аркылуу маалымдоону байланыштын ведомстволук жана көчмө каражаттарын колдонуу менен уюштурат:

— опурталдуу материалдар туруктуу жайгашкан жерлерде жетекчилик курамдын күнү-түнү болуучу кезметин киргизүү;

— реалдуу метеомаалыматтар боюнча мүмкүн болуучу абалды болжолдоо;

— калкты, айыл чарба жаныбарларын коргоо жана мүмкүн болуучу кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды пландаштыруу;

— калкты жана айыл чарба жаныбарларын көчүрүү схемалары менен план-графиктерин, ошондой эле транспорттук, жолдук, материалдык-техникалык жактан камсыздоонун эсептерин тактоо, кырсыктан-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди өткөрүү үчүн материалдык-техникалык каражаттардын запасын тактоо;

— радиациялык жана химиялык коркунучтуу заттарды пайдалануучу объекттерде радиациялык контролдоону күчөтүү, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга багытталган кошуундарды, байкоо жүргүзүү тармактарын жана лабораториялык контролдоо мекемелерин, радиациялык-химиялык чалгындоо каражаттарын даярдыкка келтирүү боюнча даярдоо иш-чараларын өткөрүү;

— калкка жана чарба жүргүзүү объектилеринин кызматкерлерине жекече коргонуу каражаттарын берүүнү жана йоддук профилактика жасоону даярдоо;

— кампаларды, базаларды, азык-түлүктөрдү сактоо аянтчаларын, тамак-аш сырьёлорун, жем-чөптү жана суу менен камсыз кылуу булактарын радиоактивдүү булгануудан жылчыксыздандыруу үчүн материалдарды даярдоо;

— өзгөчө кырдаал учурунда колдонуу үчүн кабарлоонун локалдык системасынын, башкаруу жана байланыш системаларынын даярдыгын текшерүү;

— калктын жашынуусу үчүн 30 километрдик зонада коргоочу курулмаларды даярдыкка келтирүү;

— химиялык жарылуу коркунучу жана өрт коркунучу бар чарба жүргүзүү объектилериндеги үч режимдүү желдетүү менен коргоочу курулмаларды даярдыкка келтирүү;

— калган баардык коргоочу курулмаларды даярдыкка келтирүү;

— булганган абаны өткөрбөө максатында же өзгөчө кырдаалдын зыян келтирүүчү факторлорунун таасирлеринен имараттар менен курулмаларды жылчыксыздандыруу боюнча же имараттар менен курулмалардын кыйла алсыз элементтеринин (эшик-терезелер) бекемдигин жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүү;

— булгануусу мүмкүн болгон райондордогу кампалардан противогаздар менен респираторлорду калкка берүү үчүн ташып келүү;

— химиялык кооптуу объектилердеги жумушчулар менен кызматкерлерге, ошондой эле аларга жакын жашаган калкка өнөр жайлык жана жарандык газга каршы каражаттарды берүү (ууландыруучу буулар болгондо);

— Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын өкүлдөрүн чогултуу жана ыкчам топтордун ишин камсыздоо үчүн зарыл болгон автотранспортту ишке тартуу;

— автотранспорттун санын, кошуундун тартибин, жарадарларды ташуу үчүн автоколоннанын баш ийүүсүн жана кыймылын, калкты шашылыш көчүрүүнү, зарыл болгон жүк менен материалдарды жеткирүүнү тактоо;

— өзгөчө кырдаал болгон райондордон көчүрүлгөн калкты жайгаштыруу үчүн имараттарды даярдоо;

— коркунуч жаралган райондордон калкты убактылуу эвакуациялоо жана көчүрүү, малды айдап кетүү, азык-түлүк жана тоюттун корун, материалдык баалуулуктарды чыгарып кетүү;

— негизги ишинен ажыратпастан туруп Жарандык коргонуунун тиешелүү кызматтарын жана кошуундарын даярдыкка келтирүү.

4) Эпидемия коркунучу болгондо аткарылуучу иш-чаралар:

— санитардык-гигиеналык иштерди күчөтүү жана эпидемияга каршы алдын-алуу иш-чараларын өткөрүү;

— медициналык, дарылоо – алдын алуу мекемелерин иштөөнүн күчөтүлгөн режимине которуу, дарылоону амбулаториялык шартта бүтүрүүгө мүмкүн болгон оорулууларды ооруканалардан эртелеп чыгаруу, кошумча койка тармактарын жайылтуу;

— республиканын калкына жана кооптуу райондордон келип, обсервацияга туш болгон адамдарга организмдин айрым жугуштуу ооруларга каршы туруктуулугун жогорулатуу боюнча атайын медициналык иш-чараларды өткөрүү (эмдөөлөр, сыворотка саюу, медикаменттик алдын алуулар);

— негизги ишинен ажыратпай туруп Жарандык коргонуунун тиешелүү кызматтарын жана кошуундарын даярдыкка келтирүү.

  1. Жаныбарлардын эпизоотиясынын коркунучу болгондо аткарылуучу иш-чаралар:

— базарларды, жаныбарлар убактылуу топтолуучу башка жерлерди ветеринардык – санитардык көзөмөлдөө;

— эт комбинаттарын, канаттуулар фермаларын, мал союучу пункттарды, ошондой эле алардын сырьёлорун даярдоочу, сактоочу жана кайра иштетүүчү ишканаларды ветеринардык көзөмөлдөө;

— жаныбарларды ташууда жана алардын сырьёлорун даярдоодо жана ташууда пайдаланылган транспорттун бардык түрлөрүн ветеринардык – санитардык көзөмөлдөө;

— ветеринардык агартуу иштерин жүргүзүү, жаныбарлар менен канаттууларды камсыздандыруу;

— мал чарбалары менен канаттуулар фермаларын мандемдүү пункттардан инфекциялык оорулардын жугушунан сактоо;

— негизги ишинен ажыратпай туруп Жарандык коргонуунун тиешелүү кызматтарын жана кошуундарын даярдыкка келтирүү.

  1. Катастрофалык суу каптоо (ташкын) коркунучу болгондо аткарылуучу иш-чаралар:

Кабарлоо, кырдаалды болжолдоо.

Гидротүйүндөрдүн бузулушу жана катастрофалык суу каптоо коркунучу болгондо Жарандык коргонуунун башкаруу органдары менен кошуундары ыкчам кезметчилер аркылуу кабарлоонун аймактык системасы боюнча гидрокурулмалардын кызматкеринен алынган маалыматтын негизинде кабардар болушат. Суу капташы мүмкүн болгон зонадагы жумушчуларга, кызматчыларга жана калкка эвакуация жүргүзүү тартиби тууралуу кабарлоонун борборлоштурулган системасын пайдалануу менен, байланыштын радио берүү түйүнү, үн күчөтүүчү түзүлүштөр, кабарлоонун көчмө топтору аркылуу маалымдалат.

Байкоо жана контролдоо төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлөт:

— Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин посттору;

— Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик;

— аба каражаттары.

Суу каптаган райондорду жана кыймылдын багыттарын жана эвакуацияны байкоо жана контролдоо төмөнкүлөрдү аныктоо боюнча милдеттерди чечүү максатында жүргүзүлөт:

— суу каптаган зонанын чегин;

— жабыркагандардын абалын жана турган жерин;

— жолдордун абалын;

— калктуу конуштар менен чарбалык объектилердин абалын;

— жерде жүрүүчү транспортту, сууда сүзүүчү каражаттарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн.

Жарандык коргонуунун күчтөрүн жана каражаттарын даярдыкка келтирүү жана жайгаштыруу.

Ишти уюштуруу, башкаруу жана камсыздоо.

Төмөнкү иш-чаралар жүргүзүлөт:

— шаарларды (райондорду), транспорттук, медициналык кызматтарды жана коомдук тартипти сактоо кызматтары Жарандык коргонуунун кошуундарынын күчтөрү жана каражаттары даярдыкка келтирилет;

— катастрофалык суу каптоо мүмкүн болгон зонадан калк жарым жартылай көчүрүлөт жана материалдык баалуулуктар чыгарылат;

— калкты эвакуациялоо үчүн автотранспорт даярдыкка келтирилет;

— өндүрүштү авариясыз токтотуу иш-чаралары даярдалат, жабдууларды сактоо ишке ашырылат;

— суу өтүүчү каналдарды даярдоо боюнча инженердик жумуштарды тездетип аткаруу уюштурулат;

— суу сактагычтардан суу ыкчамдатып чыгарылат (өзгөчө буйрук менен).

11-глава. Өндүрүштүк ири кырсыктар, катастрофалар жана табигый

кырсыктар болгондо жүргүзүлүүчү иш-чаралар (өзгөчө кырдаал режими)

Өндүрүштүк ири кырсыктар, катастрофалар жана табигый кырсыктардын келип чыгышы көп сандагы адамдардын түз жана кыйыр катышуусун жана төмөнкү аракеттерди аткарууну талап кылат:

— өлүм коркунучунда турган, оор жаракат алган же болбосо үй-жайсыз калган көпчүлүк адамдарга жардам көрсөтүү үчүн авариялык жана көмөкчү кызматтарды мобилизациялоо жана уюштуруу;

— булганган зонаны санитардык тазалоо менен курман болгондорду чыгаруу жана ташып кетүү;

— бир катар кызматтардын жардам көрсөтүү боюнча кеңири масштабдагы бириктирилген ресурстары;

— калктан келип түшкөн көп сандагы суроо-талаптарды кароо;

— табигый кырсык болгон райондордон калкты жана жаныбарларды эвакуациялоо.

Республикалык масштабдагы өзгөчө кырдаал учурунда мамлекеттик жогорку кызмат адамдары тарабынан атайын жана өзгөчө чара көрүү талап кылынат. Мында төмөнкү иштерди аткаруу талап кылынат:

— өзгөчө кырдаал келип чыккан учурдан баштап мамлекеттик органдардын катышуусу;

— окуя расмий түрдө катастрофалык деп жарыялангандан тартып, Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусу боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын жана өз алдынча негизги ведомстволордун бардык мүчөлөрүнүн иш-чараларды пландаштыруу үчүн Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунда алдын ала макулдашып катышуусу;

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жана башка министрликтерде, ведомстволордо өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга тартылган ыкчам штабдарды түзүү.

Республикалык масштабда болгон мамлекеттик деңгээлдеги өзгөчө кырдаалда координациялоо жана жардам берүү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун начальниги — Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин төрагалыгы менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин колдоосунда ишке ашырылат.

Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун жыйындарына төмөнкүлөр чакырылат:

         — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрация башчылары жана өзгөчө кырдаал болгон аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары (айыл өкмөттөрдүн башчылары, шаарлардын мэрлери);

         — министрликтердин жетекчилери — Жарандык коргонуунун тиешелүү кызматтарынын начальниктери;

— Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилиги, борбордук аппараттын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы “Авиация департаменти” мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү;

— медициналык тез жардам кызматынын өкүлдөрү;

— Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы, республиканын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү.

Эскертүү:

— Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда болгон жыйынга, эгер ошол учурдагы жагдай талап кыла турган болсо, башка кызматтардын, уюмдардын жана ведомстволордун өкүлдөрү да чакырылышы мүмкүн;

— купуялуулукту сактоо максатында, коомчулукка берилүүчү бардык маалыматтар (өзгөчө ден соолукту сактоого жана илимге байланышкан маалыматтар) республиканын жалпыга маалымдоо каражаттарына берилерден мурда, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы менен макулдашылышы керек.

Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүчү категориялар:

— коомдук тартипти сактоо кызматы, медициналык кызмат, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо кызматы, маалымдоо жана байланыш кызматы, өрткө каршы кызмат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;

— транспорттук кызмат, суудан коргоочу кызмат, материалдык-техникалык камсыздоо кызматы, инженердик кызмат, энергия менен жабдуу жана жарыктан коргоо кызматы жана коммуналдык-техникалык кызмат.

1-категорияга кирген топтор өзгөчө кырдаалдарга негизги чара көрүүлөрдү ишке ашырат, ошол эле учурда               2-категориядагы топтор дагы мамлекеттик жана жеке сектордо дагы биргелешип аракеттенүүчү чечүүчү тараптар болуп эсептелишет.

Өзгөчө кырдаал болгон жерге келген ыкчам топ аркылуу кырдаалга баалоо жүргүзүлөт жана жагдай тууралуу өзүнүн штабына токтоосуз түрдө баяндама берилет. Маалыматта төмөнкүлөр камтылышы керек:

— бузулуулардын негизги түрлөрү жана алардын масштабы;

— жабыркаган адамдардын болжолдуу саны;

— өзгөчө кырдаал болгон жерге жетүү мүмкүндүгү;

— башка маанилүү маалыматтар.

Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуну жетектөө өзгөчө кырдаалдын оордук даражасына жараша өзгөчө кырдаал болгон аймактагы тиешелүү уюмдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жүктөлөт.

Республикалык же трансчекаралык өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда жетекчиликти ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси өз мойнуна алат.

Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштардын жетекчиси өзүнүн буйругу менен өзгөчө кырдаал болгон зонанын чегин, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис жумуштарды аткаруунун тартибин белгилейт.

Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштардын жетекчисинин чечими өзгөчө кырдаалдардын аймагында турган бардык жарандар жана уюмдар үчүн милдеттүү болот, эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамында башкача каралбаса.

Өзгөчө кырдаал зонасынын чектери өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштардын жетекчилери тарабынан Өзгөчө кырдаалдын классификациясынын негизинде аныкталат.

  1. Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалымат берүүнүн тартиби

 Өзгөчө кырдаал жөнүндө маалыматтарды берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын                                  2-ноябрдагы № 529-б буйругунда аныкталган тартипке ылайык ишке ашырылат.

  1. Жер титирөөлөрдүн болушу

Төмөнкү иш-чаралар жер титирөө коркунучу болгон учурда жүргүзүлүшү керек:

— маалымдоо;

— жагдайды болжолдоо.

Жер титирөө болгондо Жарандык коргонуунун жетекчилик курамы, региондук башкаруу органдары жана кошуундар борбордук кабарлоо системаларын пайдалануу менен маалымдалат. Зым линиялар жараксыз болуп калса, маалымдоо радио аркылуу жүргүзүлөт.

Жер титирөө зонасындагы жумушчулар, кызматкерлер жана калк эвакуация кылуунун тартиби жана тиричиликти камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө байланыштын, радио уктуруу түйүндөрү, үн күчөткүчтөр, көчмө кабарлоо топтору берген, ошондой эле атайын маалыматтар аркылуу кабардар болушат.

Жер титирөө болгон райондун өзүндө башкаруунун көчмө пункту жайгаштырылат. Байланышты камсыздоо үчүн, Жарандык коргонуунун кабарлоо жана байланыш кызматынын көчмө байланыш түйүнү жайгаштырылат.

Байкоо жана контролдоо жүргүзүү үчүн Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын жана кызматтарынын ыкчам топтору, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүктөрү тартылышат.

Байкоо жана контролдоо жүргүзүү боюнча ыкчам топтордун милдеттери:

— кыйроолордун мүнөзүн жана даражаларын аныктоо;

— жер титирөө зоналарынын чектерин аныктоо;

— жабыр тарткандардын абалын жана турган жерин аныктоо;

— жолдордун бар экендигин жана абалын аныктоо;

— калктуу конуштарды жана экономика объектилерин аныктоо;

— транспортту пайдалануу мүмкүнчүлүгүн аныктоо.

Маалыматтарды топтоо жана жалпылоо, түзүлгөн абалды болжолдоо жана калкты коргоо жана жер титирөөнүн кесепеттерин азайтуу боюнча шашылыш иш-чараларды Жарандык коргонуунун аймактык жана тармактык башкаруу органдары зарыл болгон адистерди тартуу менен жүргүзөт.

Жер титирөө убагында калкты эвакуациялоо жана авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис жумуштар.

Райондук (шаардык) масштабда калкты эвакуациялоо жана кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис жумуштар боюнча жетекчилик Жарандык коргонуу боюнча райондук (шаардык) жана айылдык калктуу конуштардын комиссиялары тарабынан Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын жана кызматтарын тартуу менен, ал эми чарба жүргүзүү объектилеринде — ошол объектилердин жетекчилери тарабынан ишке ашырылат.

Калкты эвакуациялоо жана кырсыктан куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштарды аткаруу үчүн Жарандык коргонуунун райондук (шаардык) куткаруу кошуундарынын күчтөрү жана каражаттары, инженердик, транспорттук, медицина кызматтары жана коомдук тартипти сактоо кызматтары тартылат. Алар өздөрүнүн пландарына ылайык, өз алдыларынча белгиленген топтолуу орундарына келишет жана авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштарды аткарууга киришет. Зарыл болгондо күч жана каражаттардын темпин андан аркы күчөтүү жабыр тартпаган облустар менен райондордун (шаарлардын) Жарандык коргонуу кошуундарынын (объектилик, аймактык) күчтөрүн жана каражаттарын тартуу жолу менен ишке ашырылат.

Калкты жер титирөө болгон зонадан эвакуациялоо төмөнкү ыкмалар менен ишке ашырылат:

— жөө алып чыгуу;

— менчик транспортту тартуу менен;

— Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күчтөрү жана каражаттары менен;

— жакын жайгашкан уюмдардын транспортун тартуу менен;

— транспорттук кызматтын күчү жана каражаттары менен.

Жер титирөө болгондо куткаруу жумуштары төмөнкүлөрдү камтыйт:

— адамдарды урандылардын алдынан издөө жана бошотуу, коопсуз райондорго эвакуациялоо;

— медициналык жардам көрсөтүү жана жабыркагандарды дарылоо-алдын алуу мекемелерге эвакуациялоо;

— өтүүчү жолдорду жасоо жана урандыларды тазалоо;

— имараттардагы жана урандылардагы өрттү жана өрт очокторун өчүрүү;

— жабыркагандарды суу, тамак-аш, кийим жана убактылуу турак-жай менен камсыз кылуу;

— жайгаштыруу райондорундагы эвакуацияланган калктын жашоо-тиричилигин камсыздоону уюштуруу;

— коммуналдык-энергетикалык тармактарда авариялык-калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү;

— айыл чарба жаныбарларын жер титирөө болгон зонадан чыгаруу жана коопсуз райондорго ташып келүү;

— материалдык баалуулуктарды жер титирөө болгон зонадан коопсуз райондорго ташуу.

Жер титирөө болгондо кечиктирилгис жумуштар төмөнкүлөрдү камтыйт:

— имараттар менен курулмаларды бекемдөө же кулатуу;

— жүрүүчү маршруттардагы жолдорду жана көпүрөлөрдү калыбына келтирүү;

— коммуналдык-энергетикалык тармактардагы аварияларды токтотуу.

3) Химиялык-опурталдуу объекттерде авария болгондо

Химиялык-опурталдуу объектилерде авария болгондо төмөнкү иштер жүргүзүлүшү керек:

— кабарлоо;

— жагдайды болжолдоо.

Кырсыктын болгондугу тууралуу Жарандык коргонуунун башкаруу органдары жана кошуундары байланыштын бардык каражаттары менен берилүүчү сигналдар менен кабарланат.

Жумушчулар, кызматкерлер жана калк электр сиреналары, үн күчөткүчтөр жана маалымдоонун көчмө каражаттары менен маалымдалат, алар аркылуу жүрүм-турум тартиби оозеки айтылат.

Кабарлоодон кийин реалдуу метеомаалыматтар боюнча кырдаалды баалоо жүргүзүлөт жана калкты, айыл чарба жаныбарларын сактоо жана кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча сунуштар даярдалат, метеорологиялык байкоолор жана булганган абанын багыты жөнүндөгү маалыматтарды жана иш-аракеттердин тартибин калкка жеткирүү уюштурулат.

Жагдайды байкоо жана контролдоо үчүн объектилерди, шаарларды, райондорду чалгындоо кошуундары, байкоо тармактарынын жана лабораториялык контролдун күчтөрү, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көчмө химия-радиометрикалык лабораториялары, радиациялык химиялык чалгындоо топтору менен звенолору, химиялык жана радиометрикалык лабораториялары, облустардын, Бишкек Ош шаарларынын Жарандык коргонуусунун чалгындоо кызматынын топтору тартылат.

Объектилердеги чалгындоону объектилер менен министрликтердин адистештирилген чалгындоо кошуундары, ал эми булганган райондордо – чалгындоонун аймактык топтору жүргүзөт.

Кырсыктан-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштерге тартылган Жарандык коргонуунун күчтөрүн жана каражаттарын даярдыкка келтирүү жана жайгаштыруу:

— болгон коргоочу курулмалар даярдыкка келтирилет, жердин үстүндөгү имараттар менен курулмаларга калктын жашыруусу үчүн жылчыксыздандыруу жүргүзүлөт;

— күчтүү таасир этүүчү уулуу заттар менен булгануу мүмкүндүгү бар зоналардан калк жарым-жартылай көчүрүлөт;

— медициналык тез жардамдын бригадалары даярдыкка келтирилет, күчтүү таасир этүүчү уулуу заттардан жабыркагандарды кабыл алуу үчүн дарылоочу мекемелер жайгаштырылат;

— өндүрүштү авариясыз токтотууга даярдык көрүлөт;

— кошумча үн күчөткүчтөр, көчө сиреналары орнотулат жана кабарлоонун көчмө каражаттары даярдалат;

— булгануунун очокторун (топурак үйүлүп жал жасалат, дамбалар, суу аккан арыктар, суюктук сактоочу челектер көмүлөт ж.б.) токтотуу боюнча жумуштарды тездетип бүткөрүү иштери уюштурулат;

— калк коргоочу курулмаларга калкаланат;

— калкты булгануу мүмкүнчүлүгү бар очоктон жана зоналардан эвакуациялоо аяктайт;

— жаныбарларды эвакуациялоо аяктайт;

— күчтүү таасир этүүчү уулуу заттардын компоненттерин бейтарапташтыруу (концентрациясын азайтуу) жүргүзүлөт.

Кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн күч менен каражаттарды топтоо жана күчтүү таасир этүүчү уулуу заттар бар объектилерде, облустарда, Бишкек жана Ош шаарларында куткаруу жумуштарын жүргүзүү объектилери Жарандык коргонуунун тиешелүү начльниктеринин пландары менен аныкталат.

Авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштардын башталгыч этабында кырсык болгон объектилердин күчтөрү (кезметтик алмашуу), Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармалыгынын көчмө топтору, өрткө каршы кызматтын бөлүктөрү токтоосуз ишке киргизилет.

Андан кийин авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирүүгө болбогон жумуштарды обьекттеги жумушчулар менен кызматчылардын, Жарандык коргонуунун облустук, шаардык (райондук) кызматтарынын кошуундарынын эсебинен жүргүзүү боюнча аракеттерди күчөтүү ишке ашырылат.

Коомдук тартипти сактоо кызматынын күчү менен булгануунун очогун курчоого алуу ишке ашырылат, өткөрүү тартиби, коменданттык кызмат орнотулат, күчтүү таасир этүүчү уулуу заттар менен булганган зонадан калкты шашылыш эвакуациялоону даярдоо жана эвакуациялоо жүргүзүлөт.

Транспорт кызматы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармалыгы менен бирдикте топтоону, жаракат алгандарды ташып кетүү жана калкты шашылыш эвакуациялоо үчүн белгиленген орундарга атайын автоколонналарды (транспорт каражаттарын) даярдыкка келтирүүнү жана жөнөтүүнү уюштурат.

Медициналык кызмат зарыл болгон профилдеги дарылоочу-алдын алуучу мекемелердин тармагын алардан амбулаториялык шартта дарыланса боло турган оорулууларды тездетип чыгаруу менен даярдыкка келтирүүнү камсыз кылат, ошондой эле кошумча койка тармагын жайылтууну ишке ашырат.

Негизги күч-аракет жабыркагандарды куткарууга жана күчтүү таасир этүүчү уулуу заттар төгүлгөн очокторду тосууга, булганган зоналардагы очокторду жугушсуздандырууга топтолушу керек. Булганган абанын таркалуу аймагын азайтуу үчүн вертикалдык суу көшөгөсү колдонулат.

Жабыр тарткан калктын тиричилигин камсыз кылууну жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Жарандык коргонуу кызматтарын тартуу менен уюштурат.

Кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды башкаруу Жарандык коргонуунун тиешелүү аймактык жана тармактык башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылат.

Жарандык коргонуунун башкаруу органдары менен кошуундарына, жумушчуларга, кызматчыларга жана калкка кырдаал, аларды булгануу очокторунда өздөрүн алып жүрүү эрежелери жана аракеттери тууралуу кабарлоо Жарандык коргонуунун байланыштын жана кабарлоонун штаттык системалары жана облустардын, шаарлардын, райондордун, калктуу конуштардын, чарба жүргүзүү объектилерин радио уктуруу түйүндөрүн пайдалануу жолу менен ишке ашырылат.

Жумушчуларды, кызматчыларды жана калкты химиялык коркунучтан сактоону камсыздоого төмөнкү жолдор менен жетишилет:

— химиялык булгануу коркунучу тууралуу белгиленген сигнал берүү жана андан кийин сөз менен айтып өз убагында кабардар кылуу;

— калк, жумушчулар жана кызматчылар тарабынан жекече коргонуу каражаттарын – өндүрүштүк жана жарандык газга каршы каражаттарды же нымдалган кебез-даки таңгычтарын, Жарандык коргонуунун кошуундарынын өздүк – курамы изоляциялоочу жана өндүрүштүк газга каршы, ошондой эле терини коргоочу каражаттар менен;

— элди калкалоо үчүн пайдаланылуучу өндүрүштүк, административдик жана турак жай имараттарын жылчыксыздандыруу;

— кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышпаган калкты, жумушчулар менен кызматчыларды өндүрүштүк, административдик жана турак жай имараттарында, ошондой эле коргоочу курулмаларда абаны генерациялоо режими менен калкалоо.

Жумушчулар менен кызматчыларды противогаз менен күн мурунтан камсыздоо обьектинин запасынын эсебинен ишке ашырылат.

Противогаздар жекече коргонуу каражаттарын берүүчү көчмө пункттар тарабынан күчтүү таасир этүүчү уулуу заттардын концентрациясы жогору болгон зоналарга туш болгон жана коргонуучу (имараттарда, курулмаларда) жайларда көпкө чейин турууга мүмкүн болбогон эвакуациялануучу калкка гана берилет. Калк мүмкүндүккө жараша эвакуацияланат, ал эми булганган зонанын алыскы чек арасындагы калк үчүн жылчыксыздандырылган имараттар менен курулмаларда калкалануу коргонуунун жетиштүү чарасы болушу мүмкүн.

Күчтүү таасир этүүчү уулуу заттар менен булганган зонадан калкты шашылыш эвакуациялоо эки жол менен пландалат:

— булгануу мүмкүн болгон зонадан транспорт менен алдын ала ташып чыгаруу жана өз алдынча чыгып кетүү;

— калкты туруктуу жашоо орундарынан жекече коргонуу каражаттарын алгандан кийин жекече коргонуу каражаттарын берүү пункттарын жана калкты эвакуациялоо үчүн бөлүнгөн автоколоннаны биргелешип пайдалануу жолу менен булгануу зонасынан чыгаруу.

Жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү төмөнкүдөй ишке ашырылат:

— биринчи медициналык жардам — эвакуациялоо жана өз ара бири-бирине жардам берүү аркылуу объектинин медициналык пунктунун, медициналык тез жардам бригадасынын кызматкеринин күчтөрү жана каражаттары менен;

— дарыгердин кечиктирилгис адистик жардамы — дарылоо-алдын алуу мекемелеринде.

Айыл чарба жаныбарларын коргоо күчтүү таасир этүүчү уулуу заттардын концентрациясы кыйла жогору болгон зоналардан жаныбарларды эвакуациялоо, ошондой эле калган жаныбарларды ферманын жылчыксыздандырылган имаратында жана башка ыңгайлаштырылган курулмаларда далдалоо жолу менен ишке ашырылат.

  1. Радиациялык кооптуу объектилерде авариялардын болушу

Радиациялык кооптуу объектилерде кырсык болгондо төмөнкү иш-чаралар жүргүзүлөт:

— кабарлоо;

— жагдайды болжолдоо.

Кырсыктын болгону тууралуу башкаруу органдары менен Жарандык коргонуунун кошуундары байланыштын бардык каражаттары менен берилүүчү кабарлагычтар аркылуу кабарланат. Жумушчуларга, кызматкерлерге жана калган калкка борборлоштурулган маалымдоо системасы, электрдик сиреналар, үн күчөткүчтөр, көчмө кабарлоо каражаттары аркылуу аталган кырдаалдагы иш-аракеттердин тартиби тууралуу маалымдалат.

Радиациялык жагдайды реалдуу метеорологиялык маалыматтар боюнча шашылыш баа берилип жана сунуштар даярдалгандан кийин калкты, айыл чарба жаныбарларын коргоо жана кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө чечимдер кабыл алынат.

Туруктуу радиациялык байкоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламатык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу борборунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башкармалыктары жана бөлүмдөрү тарабынан уюштурулат.

Сырткы чөйрөнүн ар кандай сынамыктарына жана объектилерине сапаттуу жана сандык талдоо жүргүзүү үчүн байкоо тармактары менен лабораториялык контролдоо мекемелери, ветеринардык лабораториялар, объектилик лабораториялар тартылат.

Жагдайга байкоо жана контролдоо жүргүзүү үчүн шаарлар менен райондордун Жарандык коргонуу кошуундары, байкоо тармактары менен лабораториялык контролдоо мекемелери тартылат.

Объектилердеги байкоону жана контролдоону министрликтер менен объектилердин Жарандык коргонуусунун адистештирилген чалгындоо кошуундары, булганган райондордо – Жарандык коргонуунун аймактык чалгындоо топтору жүргүзөт. Байкоолор коюлган радиациялык химиялык байкоо посттору тарабынан жүргүзүлөт.

Радиациялык кооптуу объектилердеги авариялардын кесепеттерин жоюу үчүн төмөнкү иш-чаралар аткарылат:

— болгон коргоочу курулмалар даярдыкка келтирилет, калкты калкалоо үчүн жер үстүндө жайгашкан имараттар менен курулмалар жылчыксыздандырылат;

— калкты радиоактивдүү заттар менен булгануу мүмкүн болгон зоналардан жарым-жартылай көчүрүү жүргүзүлөт;

— атайын коргоонун бириктирилген мобилдүү отряддары, медициналык тез жардам бригадалары даярдыкка келтирилет;

— радиоактивдүү заттардан жабыркагандарды кабыл алуу үчүн дарылоо мекемелери жайгаштырылат;

— өндүрүштү авариясыз токтотуу абалына даярдык көрүү ишке ашырылат;

— кошумча үн күчөткүчтөр, көчө сиреналары орнотулат жана кабарлоонун көчмө каражаттары даярдалат;

— булгануунун мүмкүн болгон очокторун чектөө боюнча жумуштарды тездетип бүткөрүү уюштурулат (жалдарды, тосмолорду, суу акчу арыктарды жасоо, суюктук куюлчу идиштерди бекитүү ж.б.).

Авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис жумуштарга тартылуучу Жарандык коргонуунун күчтөрүн жана каражаттарын кеңири жайылтуу аларды даярдыкка келтирүү пландарына ылайык жүргүзүлөт. Облустардагы, Бишкек, Ош шаарларындагы радиациялык кооптуу объектилерде кырсыктын кесепеттерин жоюу жана куткаруу жумуштарын жүргүзүү үчүн Жарандык коргонуу күчтөрү менен каражаттарын топтоо Жарандык коргонуунун тиешелүү начальниктери тарабынан пландарга ылайык аныкталат.

Ал үчүн кыска мөөнөттүн ичинде:

— калк коргоочу курулмаларга жашырылат;

— калкты булгануу очогунан жана булганууга мүмкүн болгон зоналардан эвакуациялоо аяктайт;

— айыл чарба жаныбарларын айдап чыгуу аяктайт.

Кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүүдөгү негизги күч-аракет имараттар менен курулмалар бузулган учурда пайда болгон урандылардын алдынан жабыркагандарды чыгарууга жана аларга медициналык жардам көрсөтүүгө, дарылоо мекемелерине эвакуациялоого, иондоштурулган нурлануу булактарын токтотууга же басаңдатууга, өрттөрдү токтотууга жана өчүрүүгө, коммуналдык-эксплуатациялык тармактардагы кырсыктарды чектөөгө жана кесепеттерин жоюуга топтолот.

Жабыр тарткан калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылууну жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Жарандык коргонуу кызматтарын тартуу менен уюштурушат.

Радиациялык кооптуу объекттерде кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды башкаруу Жарандык коргонуунун тиешелүү аймактык жана тармактык органдары тарабынан ишке ашырылат.

Байланышты жана башкарууну камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көчмө байланыш түйүнү жайылтылат жана байланыштын ведомстволук каражаттары колдонулат.

5) Калктын, айыл чарба жаныбарларынын, канаттуулардын арасында инфекциялык оорулардын (эпидемия, эпизоотия) массалык түрдө болушу

Массалык түрдө инфекциялар оорулар пайда болгондо төмөнкүдөй иш-чаралар жүргүзүлөт:

— кабарлоо;

— жагдайды болжолдоо.

Жарандык коргонуунун аймактык башкаруу органдарына эпидемиянын пайда болушу жөнүндө медициналык мекемелер маалымдайт. Жарандык коргонуунун аймактык башкаруу органдары Жарандык коргонуу кызматтарына, кошуундарына жана калка кабарлашат.

Эпизоотия коркунучу пайда болгону жөнүндө Жарандык коргонуунун аймактык башкаруу органдарына жана агроөнөр жай бирикмелерине байкоо тармактары жана лабораториялык контролдоо мекемелери, ветеринардык кызмат маалымдайт.

Эпидемия пайда болгон учурда атайын бактериологиялык чалгындоо Жарандык коргонуунун медициналык кызматы тарабынан уюштурулат жана эпидемиологиялык чалгындоонун, байкоо жүргүзүү тармактары жана лабораториялык контролдоо мекемелеринин күчтөрү менен жүргүзүлөт.

Эпизоотия пайда болгон учурда байкоо жана контролдоо жүргүзүү үчүн ветеринардык чалгындоонун бөлүмдөрү, ветеринардык лабораториялар жана чарбалардын ветеринар адистери тартылышат.

Эпидемия жана эпизоотия учурунда маалыматтарды жыйноо жана жалпылоо, ошондой эле мүмкүн болуучу жагдайларды болжолдоо агроөнөр жай бирикмелеринин адистерин тартуу менен Жарандык коргонуунун башкаруу органдары жана кызматтары (медициналык жана ветеринардык) аркылуу жүргүзүлөт.

Эпидемия пайда болгондо:

— ооругандарды бөлүү, ооруканага жаткыруу жана дарылоо уюштурулат;

— Жарандык коргонуу кызматтарынын ортосундагы байланыш уюштурулат;

— Жарандык коргонуу кошуундарынын өздүк курамына жана калкка эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча шашылыш жана өз алдынча профилактикалоо жүргүзүлөт;

— атайын бактериологиялык байкоо жана контролдоо уюштурулат;

— эпидемиянын чыгышын токтотуу жана мүмкүн болуучу кесепеттерин жоюу боюнча атайын бактериологиялык лабораториялардын анализдеринин жыйынтыктары жана сунуштар даярдалат;

— калк арасында атайын максатта санитардык-агартуу жумуштары уюштурулат;

— эпидемияны жоюу үчүн Жарандык коргонуу күчтөрү жана каражаттары кеңири жайылтылат;

— эпидемияга каршы режим жана калктын тамактануусу, суу менен камсыз болуусу контролдонот.

Эпизоотия пайда болгондо:

— калган жаныбарлардын ар бирине эмдөө жүргүзүлөт;

— ветеринардык кызматтын күчү менен жаныбарлардан (канаттуулардан) ылаңды аныктоо үчүн сынамы алынат;

— ылаңдаган жаныбарлар өзүнчө бөлүнөт;

— жаныбарларды коргоо бригадалары (командалар) жайылтылат;

— зооветеринардык участкалар ишке киргизилет;

— абал жайында болбогон пункттарга карантин коюлат;

— ылаңдаган жаныбарлар бөлүнөт;

— калган жаныбарлар вакцинацияланат;

— малканаларды жана чектешкен аймактарды дезинфекциялоо, дератизациялоо жана дезинсекциялоо жүргүзүлөт;

— жаныбарлардын жана канаттуулардын өлүктөрү утилдештирилет.

Адамдарды коргоо толук системалык түрдө санитардык тазалоодон өткөрүү менен ишке ашырылат.

Карантин зонасындагы калктын жашоо-тиричилигин жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Жарандык коргонуу кызматтарын тартуу менен уюштурушат.

Эпидемия жана эпизоотияны жоюу боюнча иш-чараларды башкаруу Жарандык коргонуунун тармактык жана аймактык органдары аркылуу ишке ашырылат.

Жарандык коргонуунун башкаруу органдарына жана кошуундарына, жумушчуларга, кызматчыларга жана калган калкка жагдай, алардын аракеттери жана өздөрүн алып жүрүү эрежелери жөнүндө кабарлоо жана маалымдоо бардык жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу жана жеке сүйлөшүү менен ишке ашырылат.

Байланыш иштеп жаткан байланыш түйүндөрү боюнча уюштурулат. Зарыл болгон учурда ведомстволук байланыш каражаттары ишке тартылат.

6) Кар көчкүлөрү, жер көчкүлөрү, сел агымдары жана суу ташкындарынын пайда болушу

Төмөнкү иш-чаралар кар көчкүлөрү, жер көчкүлөрү жүргөн учурда, сел жүргөн жана суу ташкын болгондо жүргүзүлөт:

— кар көчкүнүн жана урандылардын алдынан адамдарды издөө, аларды чыгаруу, коопсуз райондорго эвакуациялоо;

— медициналык жардам көрсөтүү жана жабыркагандарды дарылоо-алдын алуучу мекемелерге эвакуациялоо;

— баруучу жолдорду калыбына келтирүү жана өзгөчө кырдаал болгон жерге колонналык жолдорду салуу;

— жабырлануучуларга суу, тамак-аш, кийим жеткирүү;

— жолдорду жана көпүрөлөрдү калыбына келтирүү;

— коммуналдык-энергетикалык тармактарда жана байланыш линияларындагы аварияларды жоюу.

Өзгөчө кырдаалдын зонасында эвакуация жана куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн төмөнкүлөр тартылат:

— Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күчтөрү жана каражаттары;

— Жарандык коргонуунун куткаруучу кошуундары;

— инженердик кызматтар;

— транспорт кызматы;

— медициналык кызмат;

— коомдук тартипти сактоо кызматы.

Күчтөрдү жана каражаттарды андан ары көбөйтүү жабыр тартпаган облустар менен шаарлардын, райондордун Жарандык коргонуу кошуундарынын (объектилик, аймактык) күчтөрүн жана каражаттарын тартуу жолу менен ишке ашырылат.

Куткаруу жумуштарын жүргүзүү менен бирге, аларды камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу, баруучу маршруттагы жолдорду жана көпүрөлөрдү калыбына келтирүү, коммуналдык-энергетикалык тармактардагы аварияларды токтотуу боюнча кечиктирилгис жумуштар жүргүзүлөт.

Бул иш-чараларды жүргүзүү үчүн куруу-монтаждоо, оңдоо-куруу жана жол-курулуш уюмдарынын, коммуналдык-энергетикалык кызматтардын күчтөрү жана каражаттары кошумча тартылат. Кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүүгө жетекчилик кылуу райондук (шаардык) жана калктуу конуштардын Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссиялары, ал эми чарба жүргүзүү объектилеринде — объектилердин жетекчилери тарабынан ишке ашырылат.

Жабыр тарткан калктын жашоо тиричилигин камсыз кылуу Жарандык коргонуу кызматтарын тартуу менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, министрликтердин, ведомстволордун адистештирилген кошуундары, ошондой эле райондун, шаардын, облустун уюмдары, мекемелери тарабынан уюштурулат.

Жарандык коргонуунун кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча иш чараларын башкаруу Жарандык коргонуунун аймактык жана тармактык башкаруу органдары аркылуу ишке ашырылат, алар өз иштерин башкаруунун көчмө пункттарында уюштурушат

Жарандык коргонуунун башкаруу органдарына жана кошуундарына, жумушчуларга, кызматчыларга жана калган калкка жагдай, кооптуу райондордогу алардын аракеттери жана өздөрүн алып жүрүүнүн эрежелери тууралуу маалыматтар радио түйүндөрү, байланыштын ведомстволук каражаттары жана жекече маалымдоо аркылуу жеткирилет.

Башкаруу органдары менен байланыш зымдуу жана зымсыз байланыш каражаттары менен ишке ашырылат, табигый кырсык болгон жерде байланыштын радио жана зымдуу каражаттары кошумча коюлат.

  1. 7. Өндүрүштүк ири авариялардын, жарылуулардын, өрттөрдүн болушу

Өндүрүштүк ири авариялар, жарылуулар, өрт болгон учурда төмөндөкүдөй иш-чаралар жүргүзүлөт:

— кабарлоо;

— жагдайды болжолдоо.

Технологиялык жабдууларда, темир жол, аба транспортунда өрт чыгуу, авария коркунучу болгондо, өрт кооптуулугу күч алган мезгилде токой массивдериндеги опурталдуу кырдаалдарда Жарандык коргонуунун башкаруу органдарына жана күчтөрүнө кабарлоо Жарандык коргонуунун аймактык башкаруу органдарынын нөөмөттөгү кызматкери жана өрткө каршы бөлүкчөлөрдүн кароол нөөмөтчүлөрү кабарлайт. Башкаруу органдары Жарандык коргонуунун кызматтарына жана кошуундарына, калкка кабарлоону уюштурат.

Чарба жүргүзүү объектилериндеги кырсык, жарылуу болгону жана өрттүн чыгышы тууралуу Жарандык коргонуунун башкаруу органдары жана кошуундарына, өрткө каршы кызматтын кезметчисине медициналык тез жардамга жана милицияга, жергиликтүү мамлекеттик администрацияга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Жарандык коргонуунун аймактык башкаруу органдарынын оперативдик нөөмөтчүлөрү жана мамлекеттик өрткө каршы кызматтын нөөмөттүк кызматы кабарлайт.

Жарылуудан бузулган зонада же өрт чыккан жерге жакын жүргөн жумушчулар, кызматчылар жана калк көчө сиреналары, үн күчөткүчтөр, байланыш түйүндөрү, көчмө каражаттар жана кабарлоо топтору аркылуу эвакуация жүргүзүүнүн тартиби, жүрүм-турум эрежелери жана тиричиликти камсыз кылуу боюнча чаралары жөнүндө кабарланат.

Реалдуу маалыматтар боюнча Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын ыкчам топтору тарабынан мүмкүн болуучу кырдаал болжолдонот жана калкты, айыл чарба жаныбарларын, материалдык баалуулуктарды коргоо боюнча сунуштар даярдалат.

Реалдуу түзүлгөн жагдайды болжолдоону Жарандык коргонуунун аймактык башкаруу органдары өрт күзөтүнүн адистерин тартуу менен жүргүзөт.

Мүмкүн болуучу өрт кырдаалын болжолдоо республиканын, облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын мамлекеттик өрткө каршы кызматтарынын өрт өчүрүүчү ыкчам штабдары тарабынан жүргүзүлөт.

Чарба жүргүзүү объектилериндеги өрт чалгынын өрткө каршы кызматтын адистештирилген өрт өчүрүү бөлүкчөлөрү жүргүзөт.

Авариялардын, жарылуулардын, өрттөрдүн кесепеттерин жоюу үчүн:

— ири жана татаал өрттөрдү өчүрүү пункттары даярдыкка келтирилет;

— Жарандык коргонуунун иш-чараларын камсыз кылуу үчүн Жарандык коргонуу кызматтарынын түзүмдөрү даярдыкка келтирилет;

— авария болуп жаткан жердин туш тарабы чектелет;

— өрткө каршы суу менен жабдуунун убактылуу булактары, көлмөлөр, дамбалар, убактылуу суу өткөргүчтөр тездик менен курулат;

— калк жарым-жартылай көчүрүлүп, мал айдап чыгылат;

— тез жардам бригадалары даярдыкка келтирилет, дарылоо мекемелери жабыркагандарды кабыл алууга даярдалат;

— авария болгон жер курчоого алынат.

Өзгөчө кырдаал болгон учурдан тартып өрткө каршы кызматтын жана Жарандык коргонуунун башка кызматтарынын күчтөрү аны локалдаштырууга жана жоюуга киришет, авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүүнү камсыздашат, бул учурда төмөнкү иштер аткарылат:

— калкты кырсык болгон жерден эвакуациялоо;

— малды коопсуз райондорго айдап чыгаруу;

— сакталып калган өндүрүштүн туруктуулугун арттыруу жана материалдык ресурстарды эвакуациялоо боюнча кечиктирилгис иш-чараларды жүргүзүү.

Авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштардын башталгыч этабында кырсык болгон объектинин күчтөрү (өрткө каршы жана башка кошуундардын нөөмөтчүлөрү), Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармалыгынын көчмө топтору, өрткө каршы, авариялык-куткаруучу жана башка кошуундар токтоосуз аракетке келишет.

Объектидеги авариялык-калыбына келтирүү жумуштары кырсыкты жоюу боюнча алдын ала иштелип чыккан планга ылайык жүргүзүлөт.

Жабыр тарткан калктын жашоо тиричилигин камсыз кылууну жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Жарандык коргонуу кызматтарын тартуу менен уюштурушат.

Авариялардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды Жарандык коргонуунун аймактык башкаруу органынын жетекчиси башкарат.

Калкты, айыл чарба жаныбарларын, өндүрүштүк жана башка объектилерди ири өрттөрдөн жана жарылуулардан сактоо.

Сактоо боюнча негизги иш-чаралар болуп төмөнкүлөр эсептелет:

— жабыр тарткандарга медициналык жардам көрсөтүү жана аларды профилактикалык-дарылоочу мекемелерге жеткирүү;

— бузулган имараттардан, өрт жетиши мүмкүн болгон зоналардан калкты эвакуациялоо жана аларды даярдалган жайларга жайгаштыруу;

— түтүн каптаган жана күйүп жаткан бөлмөлөрдү кылдаттык менен текшерүү жана жабыр тарткандарды издөө;

— куткаруу жумуштарын ийгиликтүү жүргүзүүгө тоскоол болгон жана өрттүн андан ары таралуу коркунучун түзгөн өрттүн очогун биринчи кезекте өчүрүү жана токтотуу;

— өрт таралышы мүмкүн болгон зонадан материалдык баалуулуктарды, мүлктү жана техникаларды, айыл чарба жаныбарларын чыгаруу;

— өрткө каршы аралыктарды түзүү, анча баалуу эмес жана эскирген жыгач курулуштарды бузуу;

— өрттүн таралышына тоскоолдук кылуучу башка чараларды көрүү.

Калкты эвакуациялоо эки жол менен жүргүзүлөт:

— өрт таралышы мүмкүн болгон зоналардан менчик транспортту жана жакын жайгашкан объектилердин транспортторун пайдалануу менен, ошондой эле транспорттук кызматтардын түзүмдөрүн жана жөө адамдарды тартуу менен күн мурунтан ташып чыгаруу жана алып чыгуу;

— калкты өрттөн бузулган жана күйгөн имараттардан адамдарды ташуучу автоколонналар менен эвакуациялоо.

  1. 8. Катастрофалык суу каптоонун (суу ташкындын) болушу

Авария жана катастрофалык суу каптоо болгону жөнүндө Жарандык коргонуунун башкаруу органдары жана кошуундары борбордук кабарлоо системасы аркылуу кабардар болушат.

Жумушчулар, кызматкерлер жана калган калк катастрофалык суу каптоо жөнүндө кабарлоо системасы боюнча, ошондой эле кабарлоонун көчмө каражаттары аркылуу кабардар болушат.

Байкоону жана контролдоону төмөнкүлөр жүргүзөт:

— Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин посттору;

— Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик;

— аба каражаттары.

Суу каптаган аймактарды, жүрүүнүн жана эвакуациялоонун маршруттарын байкоо жана контролдоо төмөнкү милдеттерди чечүү максатында жүргүзүлөт:

— суу каптаган зонанын чегин аныктоо;

— жабыркагандардын турган жерин жана алардын абалын аныктоо;

— жолдорду жана алардын абалын аныктоо;

— калктуу конуштардын жана чарба жүргүзүү объектилеринин абалы;

— кургактагы транспортту, сүзүүчү каражаттарды пайдалануу мүмкүндүгү.

Авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштарга тартылган Жарандык коргонуунун күчтөрүн жана каражаттарын даярдыкка келтирүү жана жайгаштыруу үчүн төмөнкү иш-чаралар жүргүзүлөт:

— катастрофалык суу каптоо мүмкүн болгон аймактан калкты жарым-жартылай эвакуациялоо жана материалдык баалуулуктарды ташып чыгуу жүргүзүлөт;

— калкты эвакуациялоо үчүн автотранспорт даярдыкка келтирилет;

— өндүрүштү кырсыксыз токтотууга карата иш-чаралар даярдалат, жабдууларды сактоо ишке ашырылат;

— суу өткөрүүчү каналдарды даярдоо боюнча инженердик жумуштарды тездик менен аткаруу уюштурулат;

— суу сактагычтардан сууну тез чыгаруу ишке ашырылат (өзгөчө буйрук боюнча);

— облустардын Жарандык коргонуусунун начальниктеринин чечими менен авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүү үчүн Жарандык коргонуу күчтөрүнүн жана каражаттарынын топтору түзүлөт;

— суу каптаган аймактарда адамдарды жана айыл чарба жаныбарларын издөө, аларды куткаруу жана коопсуз райондорго эвакуациялоо жүргүзүлөт;

— медициналык жана башка жардамдын түрлөрү көрсөтүлөт.

Суу капташы мүмкүн болгон зоналарда эвакуациялоо жана куткаруу жумуштарын жүргүзүү үчүн райондордун, шаарлардын Жарандык коргонуу кошуундарынын күчтөрү жана каражаттары, транспорттук, медициналык кызматтары жана коомдук тартипти сактоо кызматтары тартылышат.

Куткаруу жумуштарын жүргүзүү менен бирге суу каптоонун кесепетин азайтуу жана аларды камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис жумуштар аткарылат:

— гидротехникалык курулмаларды бекемдөө;

— суу өткөргүчтөрдү жабдуу;

— убактылуу кеме токтоочу жайды жасоо;

— баруучу маршруттагы жолдорду жана көпүрөлөрдү калыбына келтирүү;

— коммуналдык-энергетикалык тармактардагы кырсыктарды токтотуу.

Жарандык коргонуунун иш-чараларын камсыз кылуу үчүн Жарандык коргонуу кызматтарынын күчтөрү жана каражаттары тартылат.

Жабыр тарткан калктын жашоо тиричилигин камсыз кылууну жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Жарандык коргонуу кызматтарын тартуу менен уюштурушат.

Жарандык коргонуунун иш-чараларын жана күчтөрүн башкаруу Жарандык коргонуунун аймактык жана тармактык башкаруу органдары аркылуу ишке ашырылат.

Калкты, айыл чарба жаныбарларын катастрофалык суу каптоодон (суу ташкынынан) коргоо боюнча негизги иш-чаралар:

— суу каптаган аймактан адамдарды издөө жана коопсуз жерлерге эвакуациялоо;

— суу капташы мүмкүн болгон зонадан калкты эвакуациялоо;

— жабыр тарткандарга медициналык жардам көрсөтүү жана аларды дарылоо-алдын алуучу мекемелерге эвакуациялоо;

— суу каптаган имараттарды жана курулмаларды кылдаттык менен текшерүү;

— суу өткөрүү каналдарын куруу, убактылуу көпүрөлөрдү жана кеме токтоочу жайларды куруу, баруучу маршруттагы жолдорду жана көпүрөлөрдү калыбына келтирүү;

— эвакуацияланган калктын жайгаштырылган жердеги жашоо тиричилигин камсыз кылууну уюштуруу.

Калкты эвакуациялоо эки жол менен жүргүзүлөт:

— суу капташы мүмкүн болгон зонадан күн мурунтан ташып чыгарып кетүү:

— кол күчү менен;

— транспорт кызматынын автоколонналарын тартуу менен;

— Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күчтөрү жана каражаттары менен;

— менчик транспортту тартуу менен;

— жакын жайгашкан объектилердин транспорту менен.

— калкты суу каптаган аймактардан сүзүүчү каражаттар менен алып чыгып, андан ары транспорт кызматынын күчтөрү жана каражаттары менен эвакуациялоо.

Print Friendly, PDF & Email