Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга концепциясы

0
618 просмотров

Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга концепциясы

1-глава. Кырдаалга жалпы баа берүү

  • 1. Кыргыз Республикасы үчүн мүнөздүү болгон өзгөчө кырдаалдардын коркунучтары

Кыргыз Республикасы жайгашкан географиялык абалына байланыштуу көптөгөн табигый кырсыктарга кабылып туруучу мамлекет болуп эсептелет. Олуттуу геологиялык, техногендик, климаттык коркунучтар жана климаттын глобалдуу өзгөрүү проблемалары республиканын калкына жана экономикасына дайыма терс таасирин тийгизүүдө. Калк жана инфратүзүм кырсык коркунучунун алдында алсыз.

Кырсыктардын коркунучун жогорулаткан негизги факторлорго калктын чарба жүргүзүү объектилеринде коопсуздук ченемдеринин жана эрежелеринин сакталбагандыгы, жерди пайдалануунун туура эмес пландаштырылышы, инфратүзүмдүн жалпы абалынын начарлашы, өндүрүштүк жабдуулардын эскириши жана жерлердин деградациясы кирет.

Түздөн-түз экономикалык жоготуулар сыяктуу кыска мөөнөттүү кесепеттерден тышкары, өзгөчө кырдаалдар коомдун узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө жана анын коопсуздугуна да терс таасирин тийгизет. Андыктан, кырсыктардын коркунучун азайтуу жана адамдын туруктуу өнүгүүсү бири-бири менен тыгыз байланышкан маселе болуп эсептелет.

Ошого байланыштуу кырсыктардын коркунучун азайтуу маселелерин чечүү келечектеги коркунучтарды эске алуу менен, аларды болжолдоонун жана алдын алуу ыкмаларын өнүктүрүү, аларга натыйжалуу чара көрүүчү шарттарды түзүп жана туруктуу өнүгүүнү пландаштыруунун ажырагыс бөлүгү катары каралып, комплекстүү мүнөзгө ээ болушу керек.

Туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасын өркүндөтүү, бардык башкаруу деңгээлдеринде кызыкдар тараптардын каршы аракеттенүү потенциалын күчөтүү жана кырсыктар коркунучун азайтуу процесстерине тартуу зарыл.

Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасын өнүктүрүүгө, кырсыктардын коркунучун олуттуу азайтууга жана өзгөчө кырдаалдардан жоготууларды кыскартууну камсыз кылууга багытталган бирдиктүү саясатты жүргүзүү максатында ушул Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун                       2018-2030-жылдарга концепциясы иштелип чыкты (мындан ары – Концепция).

Ушул Концепция Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасын жана ага кирген мамлекеттик органдарды, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын комплекстүү коргоого жана туруктуу өнүктүрүү шарттарын түзүүгө багытталган уюмдардын негизги артыкчылыктуу багыттарын аныктайт.

  1. Өзгөчө кырдаалдардын статистикасы

Талдоо жүргүзүү өзгөчө кырдаалдардын туруктуу өсүп баратканын айгинелейт, алсак 1991-2000-жылдары өзгөчө кырдаалдардын жылдык орточо статистикалык саны 123, 2001-2010-жылдары – 235, 2011-2016-жылдары – 313 болгон.

Кемүү тартибинде катталган өзгөчө кырдаалдар түрү боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү: сел агымдары жана суу ташкындары, кар көчкү, чоң өрттөр, катуу шамал, ири жол-транспорт кырсыгы, жер титирөө, жер көчкү, кыртыштык суулардын деңгээлинин көтөрүлүшү менен байланышкан суу каптоолор жана башка. 2011-2016-жылдары түздөн-түз материалдык зыян 5 млрд 834 млн сомду түздү.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын коркунучтары

Кыргыз Республикасынын аймагы жогорку сейсмикалуулугу, географиялык түзүлүшүнүн татаалдыгы, тоо кыркаларынын жана ойдуңдардын кезектешүүсү менен рельефтин чоң бөлүктөргө бөлүнүүсү өлкөдө кооптуу табигый процесстердин жана кубулуштардын жайылуусун жана кеңири өнүгүүсүн шарттап, көбүнчө күтүлбөгөн кырсыктардын болушуна алып келет.

Жер титирөөлөр. Кыргыз Республикасынын аймагы жогорку сейсмикалык активдүү зонага кирет жана негизинен 8,9 жана андан көп 9 баллдык сейсмикалуулук (MSK-64) менен мүнөздөлөт, ошол эле учурда эксперттик баалоолор боюнча турак жай курулушунун болжол менен 70%ы сейсмотуруксуз болуп саналат.

         Селдер, суу ташкындары. Өзүнүн таркалышы жана тез-тез кайталанып турушу боюнча зыян келтирүү жагынан Кыргыз Республикасындагы коркунучтуу табигый процесстердин ичинен биринчи орунда турат. Бардыгы болуп өлкөдө 3900гө жакын сел бассейндери бар, анын ичинен 200 бийик тоо көлү жарылып кетүү ыктымалдарында, 300 калктуу конуш катастрофалык суу капташы мүмкүн болгон аймакта жайгашкан.

Кар көчкүлөр. Республиканын аймагынын теңинен көбү кар көчкү коркунучунда экендиги аныкталган. Кар көчкү сезонунун узактыгы – 5-7 айды түзөт. Жыл сайын тоолуу автожолдордо кар көчкүлөр өзгөчө кырдаал жаратып, адамдардын өлүмүнө алып келет.

Жер көчкүлөр. Кыргыз Республикасынын аймагында 5000ден ашуун активдүү жер көчкүлөрү бар. 600 калктуу конуш ар кандай деңгээлдеги жер көчкү процесстерине дуушар болгондугу аныкталган. Потенцалдуу кооптуу жерлерде 10 миңге чейинки турак үйлөр жайгашкан.

Кыртыштагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшү. Жалпы республика боюнча суу каптоо коркунучу бар жерлер 3200 км2. 344 калктуу конуш суу каптоого кабылышы мүмкүн.

Ошондой эле табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга кооптуу метеорологиялык кубулуштар (нөшөрлүү жаан-чачындар, мөндүр, катуу шамалдар, кардын оор түшүүсү, үшүк жүрүү, кургакчылык ж.б.), жээктердин эрозиясы, ак чополуу жана чополуу кыртыштардын чөгүүсү, уроо, таш кулоо жана башкалар кирет.

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын коркунучтары

Химиялык факторлор. Техногендик кырсыктардын коркунучунун булагы болуп өндүрүшүндө таасири күчтүү уулуу заттарды ташыган, пайдаланган, сактаган объектилер болушу мүмкүн. Республикада негизинен Бишкек шаарында жана Чүй облусунун калктуу конуштарына жакын жайгашкан ушул сыяктуу 70тей объектилер бар.

Радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды сактоочу жайлар жана кен калдыктары. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын аймагында тоо-кен өндүрүшүнүн уулуу жана радиоактивдүү калдыктары бар 92 объект жайгашкан.

Консервацияланган калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары республиканын беш административдик облустарында бар, булар Кыргыз Республикасынын калкы жана аймактары үчүн, ошондой эле Борбордук Азиянын кошуна өлкөлөрүнө радиоактивдүү-экологиялык кыйроолордун  болуу коркунучун түзөт.

Гидротехникалык курулмалар. Өлкөбүздө 450гө жакын ар кандай чарбалык багыттагы суу сактагычтар иштейт, алардын ичинен 10унун жалпы көлөмү 240 000 млн куб метрден ашык, негизги бөлүгү сугатка багытталган ири жана орто суу сактагычтар болуп саналат.

Суу сактагычтардын жана гидроэлектрстанцияларынын плотиналарынын туруктуулугу аларды пайдалануу мөөнөтү эскиргендигине, эндогендик жана экзогендик процесстердин таасирине байланыштуу алардын бекемдигинин төмөндөө тенденциясына алып келет. Сууну авариялык же ирригациялык-энергетикалык коё бергенде дарыялардын нуктарында жээкти жырып же жууп кетип, калктуу конуштарды жана аймактарды суу каптоо коркунучу жана кыйратуу процесстери болушу мүмкүн.

Потенциалдуу кооптуу өндүрүш объектилери. Кыргыз Республикасында 12000ге жакын кооптуу объектилерди пайдаланып жаткан 1600дөй өнөр жай ишканалары жана уюмдар бар.

Кооптуу өндүрүштүк объектилердеги өндүрүштүк майып болуулардан жана кыйроолордон (авариялардан) экономикалык жоготуулар олуттуу көрсөткүчтөргө жетип, өз кезегинде киреше булактарын жоготуудан улам коомдогу социалдык кырдаалды начарлатууда.

  Транспорттук авариялар. Автомобиль жолдорундагы, темир жолдордогу, аба жана суу транспортунда болуп жаткан кырсыктар түрү жана масштабы, келтирген материалдык зыяндын өлчөмү менен айырмаланат. Эреже катары алар адамдардын өлүмүнө, өрттөргө, жарылуу жана таасири күчтүү уулуу заттардын төгүлүшүнө себеп болот жана алардын кесепеттерин жоюуда адамдардын чыгаша болушуна жана чоң материалдык чыгымдарга алып келет.  Өлкөдө жүк ташуунун 99%ы автомобиль транспорту менен жүргүзүлөт, ошондуктан жол-транспорт кырсыктары менен байланышкан өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучу жогору (жол кырсыгы жыл сайын 2,5 миңден ашуун), аба транспортторунда болгон кырсыктардын натыйжасында келип чыккан өзгөчө кырдаалдардан дагы олуттуу жоготуулар болду.

Өрттөр. Кыргыз Республикасында акыркы 10 жылдын ичинде 41127  өрт кырсыгы катталган, анын ичинде 127 токойдогу өрт, алардын материалдык чыгымы 3,5 млрд. сомдон ашуун сумманы түздү. Өрттөн 844 адам курман болуп, 842 адам жаракат алган.

  1. Экологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын коркунучтары

Жердин кунарынын кетиши. Кыргыз Республикасындагы айыл чарба жерлеринин олуттуу аянттары ар түрдүү даражада кунары кетүүдө. Антропогендик таасир жана чөлгө айлануу процесстери жерлердин биологиялык өңдүрүмдүүлүгүнүн азаюусун шарттап, кооптуу жаратылыш кубулуштарынын көбөйүү коркунучун туудурат.

Чарба жүргүзүүнүн жагымсыз социалдык-экономикалык факторлорунун натыйжасында жердин кунарынын кетиши алынуучу продукциянын санын азайтып,чыгымдардын өсүүсүнө жана калктын жакыр катмарынын көбөйүүсүнө алып келет.

Атмосферанын касиеттеринин өзгөрүүсү. Атмосфералык абанын булгануу абалына байкоо жүргүзүүнүн маалыматы боюнча абанын туруктуу булгануусунун жогорку деңгээли Бишкек шаарына мүнөздүү болууда. Негизги булгоочу заттар болуп мурдагыдай эле азот кош кычкылы (азот диоксиди), азот кычкылы жана формальдегид эсептелет. Жалпысынан булгоочу заттардын концентрациясы чектин жол берилген ченемдердин 1,25-3,5 чегинде байкалат.

  1. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын коркунучтары

Республикада күйдүргү, чума, эхинококкоз жана альвеококкоз сыяктуу биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын коркунучтары бар.

  • 2. Учурдагы кырдаалды талдоо: жетишкендиктер жана проблемалар
  1. Калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатындагы жетишкендиктер

Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын 2009-2016-жылдардагы ишинин натыйжасы ар кандай мүнөздөгү коркунучтар менен байланышкан өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча негизги милдеттер этабы жана ирээти менен ишке ашырылып жаткандыгын көрсөттү.

Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын аталган мезгилдеги негизги жетишкендиктери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Жарандык коргонуу жаатындагы иштерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук негиздерди түзүү.

2009-жылы “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоонун Бирдиктүү мамлекеттик системасы жана Жарандык коргонуу — жалпысынан функциялары жана багыттары окшош келген эки мамлекеттик система бириктирилди. Жарандык коргонуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын негизги мыйзамы кабыл алынгандан кийин Кыргыз Республикасында Жарандык коргонууну уюштурууну жана жүргүзүүнү жөнгө салуучу 10го жакын мыйзам алдындагы актылар иштелип чыгып, колдонууга киргизилди.

Кабыл алынган ченемдик укуктук актылар Жарандык коргонууну уюштуруу жана жүргүзүү боюнча милдеттерди аткаруу, калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоого багытталган чараларды көрүү, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштерди уюштуруу  мүмкүндүгүн берет.

        2) Жарандык коргонуу жаатындагы милдеттерди чечүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын бөлүктөрүнүн жана түзүмдөрүнүн күч жана каражаттарынын ичинен, ошондой эле  башка мамлекеттик органдардын уюмдарынын жана ишканаларынын базасында Жарандык коргонуунун адистештирилген кызматтарын жана кошуундарын түзүү.

        Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын жана Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмүн оптималдаштыруу боюнча төмөнкүдөй иштер жүргүзүлүүдө:

        — жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын башкаруу органдарынын ишин автоматташтыруу, ыкчамдуулугун жогорулатуу, Жарандык коргонуу маселелери боюнча ишенимдүү жана сапаттуу башкаруу чечимдерин кабыл алууга багытталган Кыргыз Республикасында өзгөчө жана кризистик  кырдаалдардагы бирдиктүү маалыматтык- башкаруу системасы (БМБС) колдонууга киргизилген;

        — атомдук жана радиациялык коопсуздук жаатындагы мамлекеттик саясатты кыйла натыйжалуу ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча атайын агенттик түзүлгөн;

        — эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын кырсыктардын коркунучун азайтуу жаатындагы иш-аракеттерди координациялоо боюнча чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук платформасы түзүлгөн;

— калкты авариялык-куткаруу кызматтары менен кеңири камтуу максатында өрткө каршы бөлүктөрдүн базасында өрттөн-куткаруу кызматтары түзүлүүдө;

— Кыргыз Республикасынын гидрометеорологиялык байкоо тармагын модернизациялоо иштери жүрүп жатат, ошондой эле заманбап ыкмаларды киргизүү менен өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана болжолдоону өнүктүрүү боюнча чаралар көрүлүүдө.

  1. Калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатындагы проблемалар жана кемчиликтер

Калктын жана аймактардын абалынын өтө эле начарлап кетүүсүнүн себептери болуп, бир катар объективдүү жана субъективдүү факторлордон улам келип чыккан төмөнкүдөй негизги проблемалар жана кемчиликтер эсептелерин учурдагы кырдаалдын талдоосу көрсөттү:

  • потенциалдуу кооптуу участоктордогу жана зоналардагы өзгөчө кырдаалдардын санынын өсүшү.

        1-параграфта көрсөтүлгөндөй өзгөчө кырдаалдардын санынын туруктуу өсүшү байкалууда, бул кооптуу табигый процесстердин жана кубулуштардын интенсивдүү өсүүсүнө алып келген климаттын глобалдуу өзгөрүшү менен байланыштуу.

        Инженердик коммуникацияларды жана курулмаларды узак убакыт пайдалануу техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын болуу коркунучун жогорулатат, айлана-чөйрөгө антропогендик оорчулук келтирүү жана жердин кунарынын кетиши коркунучтуу процесстердин активдешүүсүнө алып келип, калктын жана аймактардын табигый кырсыктын алдында алсыз болуусун  күчөтөт.

  • Жарандык коргонуунун бардык башкаруу деңгээлдеринин жоопкерчилик чөйрөсүн жана функцияларын жөнгө салуучу уюштуруучулук жана укуктук ченемдик актылардагы кемчиликтер.

         Бул проблемалардын жана кемчиликтердин комплексине ар башка секторлордун мыйзамдарындагы келишпестиктер жана карама-каршылыктар кирет, бул мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын табигый кырсыктардын болуу коркунучун азайтуу боюнча көрүлүүчү чараларды ишке ашырууга начар катышуусуна алып келет.

Аймактык жана сектордук деңгээлдеги өнүктүрүүнү пландоодо өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучу иш жүзүндө эске алынбайт.

Жарандык коргонуу жаатындагы көзөмөл жүргүзүү боюнча тийиштүү ченемдик базанын жана практиканын жоктугу Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасына кирген мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү жана алардын кесепеттерин жоюу иштерине даярдык даражасын, ошондой эле калктын жана чарба субъекттери тарабынан коопсуздук ченемдерин жана эрежелерин сактоо боюнча даярдык деңгээлин толугу менен баалоого мүмкүндүк бербейт.

3) Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын финансылык мүмкүнчүлүгүнүн житишсиздиги жана материалдык-техникалык базасынын чектелгендиги.

Өлкөнүн учурдагы социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлин эске алганда, өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды  комплекстүү коргоо кыйынчылыктарды жаратат, себеби коргоо иш-чаралары өтө кымбат жана олуттуу финансы каражатын талап кылат.

Аталган проблемалар, бүткүл калкты жана аймактарды адистештирилген кызматтар менен толук камтуу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү үчүн кызматтарды керектүү заманбап  жабдуулар жана каражаттар менен камсыз кылууда кыйынчылыктарды жаратат.

4) кызмат адамдарынын даярдык деңгээлинин жетишсиздиги жана калк арасында “коопсуздук маданиятынын”төмөндүгү.

Көпчүлүк учурларда, калк “турмуш-тиричилик коопсуздугун” бир беткей кабыл алат. Калк табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарда адам өмүрүн жана ден соолугун коргоо зарыл экенин түшүнүп, бирок алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү зарылдыгы тууралуу унутуп коёт, потенциалдуу кооптуу объекттерди, техникаларды жана процесстерди өзгөчө кырдаалдардын булагы катары эске албоосу көп учурда өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуусун шарттайт.

Кызмат адамдарынын даярдык деңгээлинин жетишсиздиги биринчи кезекте мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кадрлардын туруксуздугун шарттайт, башкаруу органдарынын кызматкерлерин окутуу үчүн финансылык жактан камсыздоо кыйынчылыгын жаратат, ошондой эле Жарандык коргонууну уюштурууга жана жүргүзүүгө арналган атайын адистештирилген бөлүктөрдү же штаттык бирдикти кармоодо дагы кыйынчылыктар келип чыгат.

2-глава. Кыргыз Республикасынын калкын жана аймактарын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун максаты, артыкчылыктары жана милдеттери

  • 1. Кыргыз Республикасынын калкын жана аймактарын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун максаты жана артыкчылыктары

Ушул Концепция 2030-жылга чейинки мезгилге эсептелген жана Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасын орто, узак мөөнөттө өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктуу багыттарын аныктайт.

Концепция коркунучтарга талдоо жүргүзүү жана өнүктүрүүнү пландоодо аларды эске алуу менен көп тараптуу өнөктөштүктүн негизинде табигый кырсыктардын болуу коркунучун башкаруунун моделин карайт, натыйжада өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоого жана туруктуу өнүктүрүүгө шарттарды түзүүгө жардам берет.

Модель Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюудан алардын алдын алууга өтүүсүн болжолдойт, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын жогорулатуу жолу менен коркунучтарды азайтууга багыттайт.

Аталган моделдин башка бир өзгөчүлүгү болуп, кырсыктардын коркунучтарын башкарууда бийликтин борбордук жана жергиликтүү органдарынын функцияларын так бөлүштүрүү менен кээ бир функцияларды жергиликтүү органдарга берүү (борбордон ажыратуу) жолун киргизүү саналат.

  1. Концепциянын максаты – өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө шарттарды түзүү үчүн өзгөчө кырдаалдардан калктын жана аймактардын коргонуу деңгээлин жогорулатуу.

Аталган модель жана анын максаты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3694-V токтому менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө  өткөрүү боюнча программада жана 2015-2030-жылдарга карата кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча Сендай алкактык программасында (2015-жылдын 23-июнундагы № 69/283 БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы) көрсөтүлгөн.

Концепцияны кабыл алуудагы, кырсыктардын коркунучун азайтуу маселеси Жарандык коргонуу жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизи болгондугун расмий тастыктап турат.

Концепция бардык тартылган жана кызыкдар болгон тараптардын, атап айтканда, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун жана жеке сектордун  иш чөйрөлөрүн камтыйт.

  1. Артыкчылыктуу багыттар

Концепциянын өзгөчө кырдаалдардан калктын жана аймактардын коргонуу деңгээлин жогорулатуу максатына жетүү үчүн Сендай алкактык программасында көрсөтүлгөн төмөнкүдөй төрт артыкчылыктуу багыт боюнча чаралардын комплексин ишке ашыруу зарыл:

  • кырсык коркунучу тууралуу билимди жогорулатуу;

2) кырсык коркунучун башкаруунун уюштуруу-укуктук алкагын өркүндөтүү;

3) каршы аракет кылуу потенциалын чыңдоо максатында кырсык коркунучун азайтуу боюнча чараларга инвестициялар;

4) натыйжалуу чара көрүүнү камсыз кылуу үчүн кырсыктарга даярдыкты күчөтүү.

Артыкчылыктардын ар бири Концепциянын максаттарына жетүү үчүн жана 1-главада аталган негизги проблемалар менен кемчиликтерди жоюуга багытталган бир катар орто жана узак мөөнөттүү милдеттерди иштеп чыгуу жана аларды ишке ашырууну болжолдойт.

  • 2. Кыргыз Республикасынын калкын жана аймактарын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун милдеттери
  1. 1-артыкчылыктуу багыт: Кырсык коркунучу тууралуу билимдерди жогорулатуу.

Кырсык коркунучун башкаруу саясаты жана практикасы кырсык коркунучун бардык тараптан түшүнүүгө, кооптуу жана коопсуз жактарын, адамдарга жана мүлккө келтирүүчү зыянын, айлана-чөйрөгө тийгизүүчү коркунучун кошо билүү сыяктуу түшүнүктөргө таянуусу керек.

1- артыкчылыктуу багыттын милдеттери:

1) Ар түрдүү мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу.

Милдетти биринчи этапта мамлекеттик, илимий, билим берүү уюмдарынын жана мекемелеринин иш-аракеттерин бириктирүү, ошондой эле жарандык коомдун катышуусу менен өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо аркылуу ишке ашыруу пландалууда. Кийинки этаптарда өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүүгө жана болжолдоого тартылган тараптардын потенциалын жогорулатуу жана жаңы технологияларды киргизүү аркылуу.

2) Кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча чаралардын натыйжалуулугун  жогорулатуу үчүн Жарандык коргонуу жаатында илимий-изилдөө жана кырсыктардын коркунучун баалоо иштерин  жүргүзүү.

Милдет өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, чара көрүүгө даярдыкты жогорулатуу, ошондой эле өнүктүрүүнү пландаштырууда коркунучтарды  эске алуу боюнча иш-чараларды пландоодо жана жүзөгө ашырууда илимий-негизделген ыкманы камсыз кылууга багытталган иштерди аткарууну карайт.

3) Калктын “коопсуздук маданиятын” жогорулатуу.

Милдет калктын кабардар болуусун жогорулатуу боюнча кеңири компания жүргүзүү жана калкты окутуунун формаларын жана ыкмаларын өркүндөтүү аркылуу ишке ашырылат.

  1. 2-артыкчылыктуу багыт: Кырсыктардын коркунучун башкаруунун уюштуруу-укуктук алкагын өркүндөтүү.

Кырсыктардын коркунучун натыйжалуу башкаруу үчүн тиешелүү кызыкдар болгон тараптарды тартуу менен, айрым секторлордун деңгээлинде жана алардын ортосунда координациялоо механизмдерин жана так функцияларын, ыйгарым укуктарын белгилей турган уюштуруу-укуктук негиздер чоң мааниге ээ.

2-артыкчылыктуу багыттын милдеттери:

1) Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын ченемдик укуктук базасын жана уюштуруу түзүмүн өнүктүрүү.

Милдет Жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды учурдагы шарттарга жана талаптарга шайкеш келтирүү, ошондой эле коопсуздуктун ченемдерин сактоо боюнча көзөмөлдөө механизмдерин иштеп чыгуу жана өркүндөтүү аркылуу ишке ашырылат.

2) Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторлорунун ишине кырсыктар коркунучун башкаруу аспекттерин киргизүү жана кызыккан тараптардын бирге аракеттенүүлөрүн кеңейтүү.

Милдет кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча тармактык жана аймактык пландарды/программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, кызыккан тараптардын  ортосунда кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды ишке ашырууну болжолдойт.

3) Өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда автоматташтырылган башкаруу жана кабарлоо системасын өнүктүрүү.

Милдетке жетүү кризистик жана өзгөчө кырдаалдардагы Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасын андан ары кеңейтүү, ага жаңы компоненттерди кошуу жана өлкөнүн бардык аймактарын камтуу аркылуу пландалууда.

  1. 3-артыкчылыктуу багыт: Каршы туруу потенциалын чыңдоо максатында кырсык коркунучун азайтуу боюнча чараларга инвестициялар.

Кырсыктарга каршы туруу потенциалын чындоо, адамдардын өмүрүн сактоо жана жоготууларды азайтуу үчүн түзүмдүк жана түзүмдүк эмес чараларды көрүү аркылуу кырсык коркунучун азайтуу жана алдын алуу  потенциалын бекемдөөгө инвестицияларды тартуу абдан маанилүү. Кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча чаралар инновациялык  иштердин өсүшүнүн жана жумуш орундарынын түзүлүүсүнүн кыймылдаткыч күчү болуп калышы мүмкүн.

3-артыкчылыктуу багыттын милдеттери:

1) Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу,  анын ичинде климаттын өзгөрүү шартында кооптуулук деңгээлин азайтуу боюнча чараларды ишке ашыруу.

Милдеттин алкагында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучун азайтуу, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана адистештирилген кызматтардын материалдык-техникалык жактан жабдылышын жакшыртуу боюнча түзүмдүк иштерди ишке ашыруу пландалууда.

2) Кырсыктардын коркунучунан камсыздандырууну өнүктүрүү жана кырсыктардын коркунучун азайтууга ички инвестицияларды тартууну демилгелөө.

Милдет биринчи этапта кырсыктардын болуу тобокелинен камсыздандыруу системасын өнүктүрүүнү жана инвестицияларды тартууну демилгелеген механизмдерди иштеп чыгууну, экинчи этабында калктын аялуу катмары үчүн социалдык коргоо системасын иштеп чыгууну болжолдойт.

3) Социалдык объектилердин жана инфратүзүмдөрдүн кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу.

Социалдык объектилердин (билим берүү, саламаттык сактоо, маданият ж.б.) жана инфратүзүмдөрдүн кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу социалдык жана экономикалык жактан маанилүү объекттердин туруктуулугун баалоо, реконструкциялоо жана оңдоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу аркылуу аткарылат.

  1. 4-артыкчылыктуу багыт: Натыйжалуу чара көрүүнү камсыз кылуу үчүн кырсыктарга даярдыкты күчөтүү.

Кырсыктардын болуу коркунучунун күч алышы, анын ичинде   адамдардын жана активдердин ага кабылуусунун күчөшү кырсыктарга чара көрүү жана ага даярдыкты күчөтүү боюнча иштерди өркүндөтүү зарыл экенин көрсөтүп турат. Бардык деңгээлде натыйжалуу чара көрүү жана калыбына келтирүү үчүн кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча иш-чараларды бириктирүү жана кайра калыбына келтирүү үчүн күчтөрдүн, мүмкүнчүлүктөрдүн жыйындысын камсыз кылуу зарыл.

4-артыкчылыктуу багыттын милдеттери:

1) Даярдык деңгээлин жана чара көрүү потенциалын жогорулатуу, анын ичинде шашылыш кызматтардын дагы.

Милдет атайын шашылыш кызматтарды өнүктүрүүгө багытталган  өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча үзгүлтүксүз машыгууларды жана окутууларды өткөрүү жана өзгөчө кырдаалдар учурунда башкаруу иш-аракеттерин жүргүзүү аркылуу ишке ашырылат.

2) Жарандык коргонууну уюштуруу жана жүргүзүү боюнча кызмат адамдарын даярдоо системасын өнүктүрүү.

Милдеттин алкагында заманбап жана аралыктан окутуу ыкмаларын киргизүү менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу методдорун жана окуу программаларын өркүндөтүү боюнча чараларды ишке ашыруу болжолдонот.

3) Өзгөчө кырдаалдардан кийин калыбына келтирүү учурунда координациялоо механизмин өркүндөтүү.

Милдет акырындык менен өнүгүп жаткан коркунучтарга жана андан ары калыбына келтирүү боюнча чара көрүү механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу иш-чараларын жүргүзүүнү караштырат.

  1. Артыкчылыктуу багыттардын милдеттерин жүзөгө ашыруу Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын негизинде жүргүзүлөт. Ишке ашыруунун механизмдери төмөнкү чараларды камтыйт:

— кызыкдар тараптардын чөйрөсүн кеңири тартуу үчүн өз ара биргелешип аракеттенүү жана координациялоо механизмдерин түзүү жана өнүктүрүү;

— Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын компоненттерин өнүктүрүү боюнча деталдаштырылган иш-аракеттер пландарын иштеп чыгуу;

— кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча конкреттүү чараларды ишке ашыруу үчүн инвестицияларды тартуу;

— Концепцияны ишке ашырууга карата иш-чаралар планын аткаруу боюнча прогресске системалуу талдоо, мониторинг жүргүзүү жана баалоо.

3-глава. Концепцияны ишке ашыруу жана корутунду

  • 1. Концепцияны ишке ашыруу жолдору
  1. Аталган Концепцияны ишке ашыруунун методдору “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталган.

Концепция Жарандык коргонуу жаатындагы саясаттын бөлүгү болуп эсептелет жана туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик стратегияларды жана пландарды ишке ашыруу процессиндеги топтолгон тажрыйбаны (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3694-V токтому менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө  өткөрүү боюнча программа), ошондой эле дүйнөлүк тажрыйбаларды эске алат.

Концепцияны ишке ашыруу жолдору аны жүзөгө ашырууда бардык кызыкдар тараптарды – мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, ошондой эле жарандык коомду, эл аралык уюмдарды, жеке секторду жана калкты тартуу принцибинде негизделет.

Концепциянын артыкчылыктуу милдеттери жана багыттары мамлекеттик концепцияларга жана өнүктүрүү стратегияларына, аларды ишке ашыруу пландарына, ошондой эле Жарандык коргонуу жаатындагы жана башка тармактарды өнүктүрүү пландарына жана программаларына интеграцияланат. Ушул Концепциянын милдеттери жана аны этап-этабы менен ишке ашыруунун пландары Жарандык коргонуунун программалык жана стратегиялык ар кандай багыттагы документтерин жана кырсыктардын коркунучун азайтуу аспекттеринин милдеттерин жана иш-чараларын эске алат жана бириктирет.

  • 2. Концепцияны ишке ашыруу этаптары
  1. Концепцияны ишке ашыруу мезгили – 2018-2030-жылдар 2015-2030-жылдарга карата кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча Сендай алкактык программасын ишке ашыруунун мезгилдерин камтыйт.

         Концепцияны ишке ашыруу үч этапка бөлүнгөн:

         1-этап: 2018-2022-жылдар;

         2-этап: 2023-2026-жылдар;

         3-этап: 2027-2030-жылдар.

         Концепциянын ар бир этабы боюнча артыкчылыктуу багыттардын милдеттерин чечүүгө багытталган конкреттүү иш-чараларды караган жүзөгө ашыруу пландары иштелип чыккан.

         Планды ишке ашыруунун экинчи, үчүнчү этаптарын иштеп чыгуу процессинде коркунучтар, жетишкендиктер, проблемалар жана артыкчылыктуу багыттардын милдеттери жөнүндө маалыматтар жаңыланып, оңдолуп туруусу зарыл. Оңдоп-түзөтүүлөр тууралуу чечим мониторинг жүргүзүүдөн алынган маалыматтардын жана  ишке ашыруу боюнча жетишкендиктерди баалоонун негизинде кабыл алынат.

  • Мониторинг жүргүзүү жана баалоо

Концепцияны ишке-ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын милдеттерине регулярдуу мониторинг жүргүзүү жана баалоо аны ишке ашыруунун жетишкендиктерине көз салуучу каражат катары кызмат кылат жана төмөнкүлөргө мүмкүнчүлүк берет:

— Планга оңдоолорду киргизүү аркылуу алдын ала саясий чечим кабыл алууга;

— Кыргыз Республикасынын жалпы өнүгүүсүнө концепцияны ишке ашыруунун таасирин баалоого.

Мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлор матрицасынын негизинде Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.

  • 3. Корутунду
  1. Күтүлүүчү натыйжалар

         Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иш-чараларды күн мурунтан жүргүзүү төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

         — табигый кырсыктардын пайда болуу коркунучун төмөндөтүүгө жана болтурбоого;

         — калктын жана аймактардын корголуш деңгээлин көбөйтүүгө;

         — өзгөчө кырдаалдардан келтирилүүчү социалдык, экономикалык жана экологиялык зыяндардын өлчөмүн азайтууга.

         Ушул Концепциянын негизги күтүлүүчү натыйжалары болуп төмөнкүлөр саналат:

— калкты эрте эскертүү системасы менен толук камтууну камсыз кылуу;

         — 2030-жылга карата кырсыктардан болуучу өлүмдүн санын эң төмөнкү деңгээлге чейин азайтуу;

         — 2030-жылга карата түздөн-түз экономикалык жоготууларды жана зыяндарды эң төмөнкү деңгээлге чейин төмөндөтүү;

         — болушу мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга калктын жашоо-тиричилик объектилеринин туруктуулугун жогорулатуу.

  1. Жагымдуу факторлор

         Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча негизги милдеттерди этабы менен жана ырааттуу ишке ашыруу үчүн бир катар жагымдуу факторлор бар:

  • мамлекеттин жетекчилигинин колдоосу;

— мамлекеттик органдын кесипкөй кадрдык курамы;

         — мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коом жана башка кызыктар болгон тараптар менен өз ара биргелешип  аракеттенүүнү уюштуруу тажрыйбасынын болушу;

         — чет элдик гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу максатында Жарандык коргонуу жаатында эл аралык кызматташуу.

  1. Концепцияны ишке ашырууда мүмкүн болуучу коркунучтар.

         Концепцияны ишке ашырууда алдыга коюлган милдеттерге жетишүүгө төмөнкү факторлор терс таасирин тийгизиши же тоскоолдук кылышы мүмкүн:

         — туруктуу эмес кырдаал;

         — жыл сайын бөлүнүүчү каржылоонун азаюусу;

         — адам ресурстарынын жетишсиздиги.

Print Friendly, PDF & Email