Кыргыз Республикасынын Шекафтар аймакта жайгашкан, мурунку уран өндүрүшүнөн калганаянттарды башкаруу жана калыбына келтирүү үчүн комплекстүү экологиялык таасирди баалоо жана техникалык-экономикалык негиздеме жүргүзүү.

0
2 311 просмотров

ЭКОЛОГИЯЛЫК ЖАНА КООМДУК ТААСИРДИ БААЛОО

ТЕХНИКАЛЫК ЭМЕС ЖЫЙЫНТЫК

Экологиялык жана коомдук таасир этүүгө алдын ала  баа берүү жана белгиленген таасирди азайтуу боюнча чаралар

2015ж. 13 февралында бекитилген, «Айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине баа берүүнү жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндөгу» №60 эрежесинин, 31-беренесине ылайык, алдын ала экологиялык таасирди баалоо.

Шекафтар аянчасы

INSC KG 4.01/11-12 долбоору

Кыргыз РеспубликасынынМинКуш жана Шекафтар аймактарында жайгашканмурунку уран өндүрүшүнөнкалган аянттарды башкаруу жана калыбына келтирүү үчүн комплекстүү экологиялык таасирди баалоо жанатехникалыкэкономикалык негиздеме жүргүзүү.

EuropeAid/135725/DH/SER/KG

МАЗМУНУ

1       Айлана-чөйрөгө ТИЙГИЗГЕН таасир, техникалык эмес жыйынтык (60 ЭРЕЖЕ (2015), 31 берене (8).) 3

1.1         Кириш сөз. 3

1.2         Долбоордун демилгечисинин жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине баа берүүнү (АЧТТББ) ишке ашыруучу уюмдун байланыш маалыматтары.. 3

1.3         Сунуш кылынган долбоордун негиздемеси. 4

1.4         Сунуш кылынган долбоор жана ыкмалары жөнүндө баяндоо. 5

1.5         Эң мыкты, жеткиликтүү ыкмаларга ылайык сунушталган иш методдорун талдоо  8

1.6         Учурдагы экологиялык абалдын сүрөттөлүшү. 8

1.7       Долбоор алкагында сунуш кылынып жаткан ишти баалоо. 9

1.8         Сунушталган ремедиация иштеринен кийинки экологиялык кырдаалга баа берүү  10

1.9         Натыйжаларды жеңилдетүү боюнча иш чаралар. 10

1.10       Сунушталган мониторинг программасы                                                                   11

1.11       Коомчулуктун катышуусу. 12

1.12…… Айлана чөйрөгө тийгизген таасирди баалоо мүмкүнчүлүктөрү. 12

Таблицалар

1 таблица…… Изилденип жаткан альтернативдүү чечимдер. 7

2 таблица ….. Экологиялык жана социалдык факторлор, алардын баштапкы абалына кыскача жыйнтык  8

3 таблица ….. Сунушталган долбоордун айлана-чөйрөгө тийгизген таасири жана келип чыккан натыйжаларды жеңилдетүү. 10

1      Айлана чӨйрӨгӨ тийгизген таасир жана техникалык эмес жыйынтык (№60 эрежеси (2015), 31-беренеси)
1.1      Кириш сөз

2015ж. 13 февралында бекитилген, «Айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине баа берүүнү жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндөгу» №60 эрежесинин, 31-беренесине ылайык, айлана чөйрөгө тийгизген таасирди баалоо боюнча арыз алдын ала айлана чөйрөго тийгизген таасирди баалоо алкагында даярдалышы керек. Ал адис эмес адамдар түшүнө тургандай, жеткиликтүү жана жөнөкөй тилде даярдалышы керек. Ошондуктан, ал да кээде техникалык эмес жыйынтык чыгаруу деп аталат

№60 эреженин (2015) 2 тиркемеси, айлана чөйрөгө тийгизген таасирдин төмөнкү түзүмүн аныктайт:

1.    Долбоордун демилгечисинин жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине баа берүүнү (АЧТТББ) ишке ашыруучу уюмдун байланыш маалыматтары.

2.    Сунуш кылынган долбоордун негиздемеси.

3.    Сунуш кылынган долбоор жана ыкмалары жөнүндө баяндоо.

4.    Эң мыкты, жеткиликтүү ыкмаларга ылайык сунушталган иш методдорун талдоо.

5.    Учурдагы экологиялык абалдын сүрөттөлүшү.

6.    Долбоор алкагында сунуш кылынып жаткан ишти баалоо.

7.    Сунушталган ремедиация иштеринен кийинки экологиялык кырдаалга баа берүү.

8.    Натыйжаларды жеңилдетүү боюнча иш чаралар.

9.    Сунушталган мониторинг программасы.

10.  Коомчулуктун катышуусу.

11.  Айлана чөйрөгө тийгизген таасирди баалоо мүмкүнчүлүктөрү           .

Жогоруда аталып өткөн пункттар кыскача төмөнкүдөй бөлүмдөрдө камтылган.

1.2      Долбоордун демилгечисинин жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине баа берүүнү (АЧТТББ) ишке ашыруучу уюмдун байланыш маалыматтары

«Шекафтар айылында жайгашкан, мурунку уран өндүрүшүнөн калган аянттарды калыбына келтирүү» долбоору төмөнкү уюм тарабынан сунушталган:

Кыргызс Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министирлиги

А.Токтоналиев көчөсу 2/1

Бишкек ш.

720055

Кыргыз Республикасы

Ministry of Emergency Situations of the Kyrgyz Republic

A.Toktonalieva street 2/1

Bishkek

720055

Kyrgyz Republic

Долбоор менен байланышкан, айлана-чөйрөгө тийгизген таасирди баалоо төмөнкү бирикме тарабынан иштелип чыккан:

WISUTEC Umwelttechnik GmbH (Аралык бирикменин жетекчиси)

Jagdschänkenstr. 50

D-09117 Хемниц

Германия

Тел.          +49 — 371 — 270 940 — 50

Факс.             +49 — 371 — 270 940 — 99

Электрондук дарегиl            info@wisutec.de

Сайты        https://www.wisutec.de/

жана бирикме мүчөлөрү

·         Wismut GmbH (Германия)

·         C&E Консалтинг и Инженерия GmbH (Германия)

·         Facilia (Швеция)

Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын физика жана тектеринин механикасы институтунун илимий-инженердик «ГЕОПРИБОР»  борбору жана Кен-Тоо (Бишкек) уюму менен биргеликте.

Долбоор, Европалык Комиссия тарабынан № KG 4.01/11-12 — SD 05 INSC контракты аркылуу.каржыланат

1.3      Сунуш кылынган долбоордун негиздемеси

Сунуш кылынып жаткан долбоор мурунку уран өндүрүшүнөн калган аянттарды калыбына келтирүүгө басым жасоочу долбоор болуп саналат. Шахталарда пайда болгон тешиктер, штольнялар, ойулган жерлер жана жана жер астындагы боштуктар адамдардын ден соолугуна жана коопсуздугуна коркунуч алып келиши мүмкүн. Кен иштеткен жайларды эч ким жапкан эмес же туура жабылган эмес. Долбоор төмөнкү аспектилердин негиздер жасалды:

Экологиялык жана коомдук жагынан көз караш

·         Себеби, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктары боюнча мурдагы тоо-кен казып алуу жана кайра иштетүү жайлары тийиштүү түрдө жабылышын жана калыбына келишин талап кылат

·         Себеби, Шекафтар аймагындагы калк үчүн олуттуу коркунуч туудурган геотехникалык коркунуч жоголот

·         Себеби, ремедиация жумуштарынан кийин коркунуч жараткан жерлер жабылып жана калыбына келтирилип, айлана чөйрө жана адамдар учун коопсуз болуп калат

·         Себеби, Шекафтар аймагындагы экологиялык жана коомдук кырдаалды бир кыйла жакшыртууга алып келет

·         Себеби, ден соолукка терс таасирин тийгизе турган булгануу булактары жокко чыгарылат.

Радиологиялык жактан көз караш

·         Себеби, Кыргызстандын жана улуттук ченемдер стандарттарына ылайык, коомчулук үчүн нурдануу дозасы 1 мЗв болгон (радондун эсебинен алынган нурданууну эсепке албаганда) эталондук көрсөткүчкө алып келет.

·         Шахта жана штольнялар жабылып, ал жактан чыккан радон менен дем алуу азайат же жокко чыгарылат.

·         Себеби, адамдардын керектөөсү үчүн пайдаланылган суудан, жалпы, божомолдуу доза 0,1 мЗв өлчөмун карманыш учун, административдик түшүндүрүү программасынын алкагында, элге коопту суу булактары жөнундө маалымдоо камсыз кылынат.

Экономика жактан көз караш

By the nature of the project as remediation project the overall consequences of the project implementation are positive.

·         Себеби, кыска мөөнөтүү, позитивдүү коомдук-экономикалык натыйжа берип, радиоактивдуу кирдеткичтердин негизги булактары жоюлуп жана өнүгүү үчүн жер участоктору пайда болуп, Шекафтар аймагынын экономикалык жактан калыбына келүү үчүн негиз түзүлгөн, узак мөөнөттүү натыйжа пайда болот.

·         Себеби, ден соолукка тобокелдиктерди азайтып же жокко чыгарып, Мин-Куш аймагынын имиджин коомдун астында жакшыртып, бул аймактын жагымдуулугун көбөйтүү үчүн оң салым кошо алат.

Калыбына келтирүү долбоор катары, бул долбоордун жалпы таасири оң болот.

1.4      Сунуш кылынган долбоор жана ыкмалары жөнүндө баяндоо.

Кырдаалдын коркунучун толук баалоо, бул долбоордун алкагында жүргүзүлдү Эреже катары, долбоордун алкагында калыбына келтирүү иш-чараларынын эки түрү сунушталып:

А) Жөнөкөй курулуш иштери, радиоактивдүү материал оордунан жылдырылбайт

1.   Штольняларды кирпич дубалдар же суюк бетон менен жабып, коопсуздуу абалга келтирүү.

2.     Шахталардын бетон плиталары менен жабу аркылуу коопсуз абалга келтируу

3.   Дарыянын табыгый жээктерин калыбына келтирип, эрозиядан сактоо.

4.    Административдик маалымат программасы аркылуу кайсы суу булактары пайдаланууга жана ичүүгө кооптуу болуп саналаарын элге билдируу

В)  Мурдагы тоо-кен объектилерин бузуп, таштандыларды көмүү.

5.   Имараттарды демонтаждоо жана таштандылар көмүлгөн жерге ташуу

6.    Майда булганган материалдарды инерттик таза материал менен аралаштырып комуп, оордун тазалоо.

С) Булганган материалдардын зор көлөмү менен иштөө, мисалы, бош тектин калдыктарын башка жерге ташып салу.

7.    Бош тектин калдыктарын башка жерге ташып салу.

Бул жерлерге төмөнкү иш-аракеттер сунушталат:

Шахтанын тешиктери

№1 шахта      Шахтаны толтуруп, бетон плита менен жабуу

№2 шахта      Шахтаны толтуруп, бетон плита менен жабуу

№3 шахта      Шахтаны толтуруп, бетон плита менен жабуу

№5 шахта      Шахтаны толтуруп, бетон плита менен жабуу

№6 шахта      Шахтаны толтуруп, бетон плита менен жабуу

Тоо- кен калдыктары

Тоо-кен калдыктарын  (№. I, II, V, VI, VII) №4 шахтаха көчүрүү

Тоо-кен калдыктарын  (№ III) №4 шахтаха көчүрүү

Бул сунуш кылынган иш-чаралардын баары, толук долбоордук документтерде инженердик планды кошуп, подрядттык мекеме тарабынан долбоордун кийинки этабында иштелип чыгат.

1Таблица  Альтернативдүү чечимдерди талдоо

Калыбына келтирүүжумуштары

Альтернативалары

 

Эскертүү

Штольняларды жабуу Эчкандай кыймыл аракет жок Жеткиликтүүлүк, геотехникалык коркунуч сакталууда
Тосмо орнотуу Геотехникалык коркунуч сакталууда
Кирпич дубалы жана шагыл  
Суюк бетон куюуу жана шагыл  
Шахталарды

жабуу

Эч нерсе кылбоо Жеткиликтүүлүк, геотехникалык коркунуч сакталууда
Тосмо орнотуу Геотехникалык коркунуч сакталууда
Бетон плитасы

Бетон тыгыны

Тоо-кен калдыктарын калыбына келтирүү Эч нерсе кылбоо Жеткиликтүүлүк, геотехникалык коркунуч сакталууда
Формасын өзгөртүп оордунда үстүн жабуу Чектелген узак мөөнөттүү туруктуулук
Таягычтар менен эрозиядан сактоо Чектелген узак мөөнөттүү туруктуулук
Башка жерге которуу Жерге оң таасир тийгизет, жер калыбына келтирилет
чакан масштабдагы объектилерди бузуу Эч нерсе кылбоо Жеткиликтүүлүк, геотехникалык коркунуч сакталууда
Тосмо орнотуу Кыйроо коркунучу убакыттын өтүшү менен көбөйтөт
Бузуу жана ошол жерде көмүү  

Бул көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй критерийлер жана салыштырмалар менен бааланып, чечим кабыл алуу үчүн берилген:

·         Күтүлгөн калыбына келтирүү чаралары аяктагандан кийин, учурдагы абал менен салыштырганда, айлана-чөйрөнүн сапатынын жакшыруусуу (суу, аба, топурак, геотехникалык туруктуулук, келечекте колдонулуучу потенциал)

·         Калыбына келтирүү иш-чараларды ишке ашыруу учурундагы жумушчулардын коопсуздугу

·         Туруктуулук, узак мөөнөттүү стабилдүүлүк, узак мөөнөттүү коопсуздукту камсыз кылуучу талаптар, мониторинг жүргүзүү, институттук башкаруу.

·         айыл чарба жерлери

·         Чыгымдар

Ар бир альтернативдүү (калыпка келтирүү варианттар) чечимдерди кабыл алуудан мурда, алар ар кандай критерийлер боюнча эсептелип, ар бир критерийи жалпы чечим чыгарууга  салмак (маани) кошту.

1.5      Мыкты жеткиликтүү ыкмаларга (МЖЫ) ылайык, сунуш кылынган иш методдорду талдоо

2015 ж. 13 февралында бекитилген №60 эрежесинин, 2-тиркемедеги, 4-пунктуна ылайык сунушталган иштердин методдору, мыкты жеткиликтүү ыкмаларга (МЖЭ) ылайык келүүсү талданыш керек. Айтылып кеткен талдоо деталдык пландаштыруу убагында каралган.

Сунушталган техникалык калыбына келтирүү иш чаралары заманбап болуп саналат жана аларды ийгиликтүү Wismut GmbH иш-канасы тарабынан жана ошондой эле дүйнөдөгү башка жерлерде колдонулган.

1.6      Учурдагы экологиялык абалдын сүрөттөлүшү

Учурдагы экологиялык абал төмөнкүлөр менен мүнөздөлөт:

2 Таблица   Айлана-чөйрөнү коргоо жана коомдук факторло жана алардын баштапкы абалы кыскача маалымат

Экологиялык фактор Баштапкы көрсөткүч Баштапкы кырдаал
Адам

 

Калк 3700 тургун. 1950 ж. шаарда 47.800 тургун болгон. Шекафтар кыргыз-өзбек чек арасына жакын, Сумсар дарыясынын боюнда жайгашкан.
Социалдык абал Экономика чакан киреше менен мүнөздөлөт, болжол менен 40% жер жемиш жана мал. Жумушсуздук көрсөткүчү болжол менен 70% ды түзөт. Уран казып алуу 1946 – 1957жылдары болгон. Мин-Куш шаарчасынан жаш адамдардын көчүп кетүү агымы чоң.
Жалпы ден-соолук

 

Шекафтарда тоо- кен кадыктарынын көпчүлүгү түздөн-түз айылында жайгашкан (№ 1, 2, 5, 6 жана 7), өтө жакыны (№ 3). Алардын үстүндө жарым-жартылай үйлөр жайгашкан, конуштары абдан жакын жайгашкан. Уулуу металлдар жана урандын концетрациялары шахтадан чыккан сууларда контролдук денгээлден жогору экендигин  көрсөттү  (төмөндө «суу» деген кутучаны кара.)
Радиациялык таасир Турак аймактарында ачык абада жүргөн убактында доза нормалдуу чекте. Радон газын дем алуудан алынган доза (1 мЗв /жылына) чегинен  бир нече эсе төмөн.

Тоо-кен объектилеринде жүргөн убактта алынган нурлануу дозасы, (1 мЗв /жылына) чегинен  бир нече эсе төмөн,.

Дарыянын суусун пайдалануудан алынган нурлануу дозасы (1 мЗв /жылына) боюнча чегинен  бир нече эсе төмөн

Иче турган сууга шахта жана штольнялардын суусу кошулган учурларда, нурлануу дозасы эталондук көрөсөткүчтөрүнөн жогору (жаш балдар үчүн болгон таасирдин сценарийи)

Жалпысынан, сугатка жана малды сугарууга пайдалануучу суудан болгон нурлануу дозасы чегинен  бир нече эсе төмөн.

Аба

 

 

Климаты

 

Климаты континенталдуу, ысык жай жана суук кышы менен. Continental climate with hot summers and cold winters; жаан чачын аз. Шаар деңиз деңгээлинен 1450 м жайгашкан
Абанын сапаты Радондун концетрациясы ачык абада 10 — 42 Бк / м³ өлчөмүндө ченелген, көрсөткүчтордун көбү 30 Бк/ м³ төмөн. Радондун табигый көрсөткүчү болуп 30 Бк / м³ болуп саналат. Мындан ары абанын булганышына алып келе турган өнөр жай жок.
Суу

суулардын

 

Жер үстүндөгү суулар

 

Сумсар дарыясы Сыр Дарья бассейине тиешелүү. Жазында агымы 3-15 м³/сек чейин жетет, орточо агымы 0,55 жана 0,65 м³/сек түзөт. Ал аймакта U-концентрациясы 10 мкг/л ден (3,0 мкг/л жана 4,9 мкг/л жер бетиндеги сууда өлчөндү) төмөн. Pb жана Zn өлчөмүмунун көрсөткүчтөрү өйдө, айрыкча агым чөкмөлөрүндө.
Жер астындагы суулар

 

Сумсар дарыясына жакын мезгилдик суулар агат, агымы <1 л/сек аз. Жер астындагы суулардын минералдуулугу төмөн 2.1-6.1мкгр/л, минаралдануусу боюча сульфат, гидрокарбонат, кальций жана магнийди түзөт. Шекафтардын түндүк жагындагы булак суусунда 5,9 мкгр/л-6,9 мкгр/л, жер үстүндөгү сууларга караганда бир аз жогору. №5 тоо-кен калдыгынын жанындагы булакта максималдуу 11.9 мкгр/л U өлчөнгөн, 15 мкгр/л болгон Кыргызстандын таза суудагы лимитинен ашпайт.
Ичүүчү суу Борбордук суу менен камсыз кылуучу ишкана иштебейт. Жергиликтүү эл ичүүгө жана тамак-аш даярдоого Сумсар дарыясынын суусун жана булак сууларын пайдаланат. Жарым-жартылай, алар сууну да сатып алышат. Ошондой эле булак суусу ичүүчү суу катары пайдаланылат.
Жер

 

Жер кыртышынын сапаты

 

Айылдагы аянттын 90%нын гамма дозасы 500 нЗв/с төмөн Ал жердин айланасындагы эн ысык, көп көргөзгөн 1000 нЗв/с. Шекафтардын гамма-нурлануунун орточо көрсөткүчү 150 нЗв/ с. Оор металлдардын табигый өбөлгөлөрү бийик көрсөтөткүчтөрдү көрсөтөт.

 

Жер иштетүү Жер кыртышы жарым чөл болуп саналат. Эл чакан айыл чарба/мөмө-жемиш жана мал чарбачылыгы менен окат кылат. Айыл чарба жүргузүү кыйын, анткени суу тартыш жана чектелген. Айдоо жерлердин көбүн тоо-кен калдыктары, шахталар ээлеп турат.
Биологиялык ар түрдүүлүк

 

Флора Болжол менен осумдуктордун 80 түрү кен ишканаларынын ортосунда аныкталган. Алардын 3-4 кызыл китепке киргизилген.
Фауна 26 канаттуулардын түрлөрү, 3 эмүүчүлөр түрү, 1 амфибия жана 2 сойлоочулар түрү байкалган.

Жок кызыл китепке кирген жаныбарлардын түрлөрү табылган жок.

Экосистемалык кызматтар

 

Касыздануу: тамак-аш азыктарын өндүрүү (жеке бакчалар), суу

Жөнгө салуу: климат жана суу чарба балансы; эрозияга каршы табыгый коргоонуу

Колдоо: азык айлануусу, өсүмдүктөрдүн чаңдашуусу, топурактын пайда болушу жана кычкылтек

Маданий: чакан эс алуу пайдалуу

Ландшафт Эски жер ортолук персия-турандык суб-аймакта, Тянь Шаньдын батыш бөлүгүндө жайгашкан. Ландшафт жер көчкү жана селдерге дуушар.
 

Сезимтал инфраструктура

 

Корголуучу аймактар

 

Жок болгон
Маданий мурас

 

Жок болгон
Коомдук инфраструктура Уран өндүрүшүнөн калган аятттарга жакын ток өткөргөн трансформатор жайгашкан.

1.7       Сунушталган долбоор ишин баалоо

The severity of most impacts is moderate or minor. Relocation of mine dumps may cause major impacts.

During the relocation of the mine dumps care must be taken to avoid the potential damage of sensitive infrastructure (local roads, local power transformer station).

Көпчүлүк таасир катаалдыгын орточо же төмөн. Кен калдыктарды көчүрүү иштери учурунда оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Кен калдыктарды көчүрүү учурунда, сезгиндуу объектилерге (жергиликтүү жолдорду, ток өткөргөн трансформаторду) зыян келтирбеш керек.

Саламаттыкты сактоо жана коопсуздук чаралары, жумушчуларга жана жамааттын мүчөлөрүнө транспорт иштери же бузуу иштери учурунда көрүлөт. Ошентсе да, пландаштырылган иш-чаралардын көлөмү чектелген жана тобокелчиликтер жалпысынан аз болоору ыктымал. Күтүлбөгөн таасирлердин болушу мүмкүн эмес.

Сунуш кылынган иш-чараларды ишке ашыруу убактысы  өтө кыска (бир нече аптадан 3 айга чейин) болуп саналат.

Калыбына келтирүү ишитерине  имараттарды бузу иштери да кирет, ал иштер жүрүп жаткан убакытта  чаң (радиактивдуу) жана чуу болушу мүмкүн.  Мындай себептерди жою үчүн,  кургак аба ырайы учурунда атайын машинелер менен суу чачылып, топуракты жумшартуу иш чаралары көрүлөт.

Радиологиялык таасирлер анча оор жана чоң эмес. Жалпы эл жана кызматкерлер үчүн нормативдик ченемдер чегинен ашпаш керек.

1.8      Сунушталган калыбына келтирүү иштеринен кийин күтүлгөн экологиялык кырдаалга баа берүү

Калыбына келтируу боюнча иш чаралар аяктагандан кийин, баардык уран өндүрүшүнөн калган аянттар айлана-чөйрөгө арзыбай турган таасир бере турган абалга келет.

Шекафтар аймагы төмөнкүлөр менен мүнөздөлөт:

· Жабылган штольнялар жана ойуктар

· Мурунку тоо-кен өндүрүшүнөн калган имараттар жана тоо-кен калдыктары башка жерге ташылып, жер кыртышы тазаланып, келечекте керектөөго даяр болот.

Сунушталган иш-чаралар Шекафтар аймагынын экологиялык жагдайын жакшыртууга алып келет. Таштандылар менен булганган жерлер, имараттар, инфрастуктура, ж.б. толугу менен алынган райондорд чектөөсүз пайдаланса болот. Радиактивдуу материалдар камтылган жерлер (ачык же жабылган) айыл чарбага, турак-жайлардын курулушу үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес.

Шекафтардын коомчулугу тарабынан алынган натыйжалуу доза, калыбына келтирүү долбоору башталганга чейинкидей болот. Бирок, алар азыркы кырдаалды эске алганда көпчүлүк учурда аз болуп саналат. Шекафтардагы сууну керектөө менен байланышкан радиологиялык таасир, кооптуу сууну пайдаланууну азайтуу үчүн багытталган административдик түшүндүрүү программасын ишке ашыруудан кийин нөлгө барабар болуп калат. Адамдардын керектөөсү үчүн булганган сууну пайдалануу толугу менен узак мөөнөткө жок болот.

1.9      Натыйжаларды жеңилдетүү боюнча иш чаралар

Айлана чөйрөгө тийгизген таасирди изилдөөдөгү натыйжалар 17 таблицада берилген.

Ошондой эле,  17 таблицадагы натыйжалар алдын алуу жана башка иш-чаралар аркылуу жеңилдетилет.

3 Таблица Сунушталган долбоордун айлана-чөйрөгө тийгизген таасири жана натыйжаларды жеңилдетүү боюнча иш чаралар

Рецепторлор Иш убагындагы  потенциалдуу таасирдин сүрөттөлүшү

 

Башкаруу жана натыйжаларды жеңилдетүү боюнча иш чаралар
Аба рецеоторлору Топурак жана чаң • калдыктардын жана жолдун үстүнө суу себуу менен чаңды азайтуу

• калдыктары көчүрүү же бузуу иштери жүргүзүлгөн жерде суу себүү.

• чаңга жакын материалдар мене иштөөдө брезент колдонуу

 

Транспортон чыккан газдар жана  ызы-чуунун таасири ·         Бардык транспорт үзгүлтүксүз тейленүүгө тийиш,өндүрүүчүлөрдүн көрсөтмөсүнө ылайык иш алып барышат.

·         Мотор жон эле иштеп турбаш керек.

·         Экологиялык жактан таза моторлорду колдонуу зарыл

Өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү (C түрүндөгү иш үчүн гана тийиштүү) Унаа кыймылына байланыштуу өлүмдөр ·         Абайлап айдоо

·         Айдоочунун маалымдуулугун көбөйтүү

·         Ылдамдык чегинин сакталышын камсыз кылуу

Айлана-чөйрөдөгү жаныбарларды козголушу ·         Кызыл китептеги III жана IV кен калдыктарынын ортосунда тыбылган өсүмдүктөрдүн түрлөрүн тосмо менен тосуп сактап калуу

·         Иш аракеттерди чектелген гана жерде жүргүзүп, транспорттун чектен чыгуусун болтурбоо

·         Асыл тукум мезгилдерде ишти чектөө

Радиологиялык таасир Чаң / радон менен дем алуу, түздөн-түз радиация, жумушчулардын радиоактивдуу материалдарды жутуп алуусу Кесиптик нурлануу

·         Чанды азайтуу (үстүн кара)

·         Гигиенаны камсыз кылуу (жумуш жеринде тамак ичпей, суусундук ичпей жана тамеки чекпеш керек)

·         Кызматкерлердин өздүк гигиена эрежелерин сактоо

·         •Жумуш жерлер кара жана ак аймактарга бөлүнүш керек

·         Кызматкерлердин маалымдуулугун көбөйтүү

·         Иш жеринде мониторинг жургузуу

Адам Кызматкерлердин кокустан кырсыкка чалдыгуусу ·         Эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча пландар

·         Кызматкерлердин маалымдуулугун окутуу

·         Өзгөчө кырдаалдарга даярдык пландары

·         ISO 18001 коопсуздук башкаруу планынын B  жана С түрлөрү боюнча коргоо жолдору сунуш кылынат

1.10    Сунушталган мониторинг программасы

Мониторинг программасы натыйжаларды женилдетүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу, чаңды азайтуу(радиоактивдүү жана радиоактивдүү эмес) жана ызы-чуунун таасирин азайтуу үчүн төмөнку Кыргызстандын укуктук базасын талаптарына ылайык жүргүзүлөт:

·         №201, 11/04/2016 ж. Санитардык ченемдер жана эрежелер «Радиациялык коопсуздук боюнча техникалык ченемдер».

·         «Жумуш жана турак-жай аймагындагы ызы-чуунун чеемдери», 14-тиркеме

·         «Жумуш жана турак-жай аймактарында абанын сапатынын ченемдери» 15-17-тиркеме

·         • Санитарные Закон «Технические процедуры по радиационной безопасности», № 224, 29.11.2011

Мониторинг жургузуу төмөнкүлөрду камтып, бирок, сөзсүз алар менен чектелбеш керек:

·         Жеке дозметрлер менен жумушчулардын нурлануусун көзөмөлдөө

·         Радиоактивдүү материал бар жердеги аймактарда жүк ташуучу жана башка жабдуулардын үстүндөгү булгануусун өлчөө

·         курулуш журуп жаткан жердин тегерегинде радиоактивдүү заттар көзөмөлсүз түрдө чачырап жатканын көзөмөлдөө

·         Чаңга мониторинг жүргузүү (ошондой эле радиоактивдүү материлдар менен иш жүрүп жаткан жерлердеги чанды изилдөө жанаа ченөө)

·         конуштар, ооруканалар, ошондой эле коомдук имараттар иш аракеттин кесепетинен ызы-чуу менен жабыркаган болсо, ызы-чууга мониторинг жүргүзүү

·         Топурактын мониторинги (жерди сактоо үчүн кылынган иш аракет, мисалы чектөө / иштеген жерлерди оптимизациялоо).

Радиоактивдүү мониторинг системаларын түзүү жана пайдалануу Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттигинин  RS-G-1,8  жетекчилигинде камтылган жана Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттигинин 64 техникалык отчеттунда камтылган.

Имараттарды бузу жумуштарын жүргузүүгө чейин чымчыктардун уясы табылса, алар башка жака которулат

Мониторинг планы ушул долбоордун 7 тапшырмасында иштелип чыгып, толук айлана чойрого таасирин баалодо камтылат. Мониторинг планын ишке ашыруу максаты болуп, жазала турган иш чарлар айлана-чөйрөгө же адамдардын ден соолугуна радиологиялык же химиялык таасирин тийгизбегендигин көрсөтүп тураары жана коргоо чараларын пландаштыруу же өзгөртүү керек экенин көрсөтүп турган ар кандай багыттарын аныктоо керек экендигин, (МАГАТЭ RS-G-1,8) камсыз кылат. Бийлик органдарынын (мисалы, жоопкерчиликтеги мамлекеттик кызмат инспекторлору ж.б.)жана операторлордун (мисалы, чечим кабыл алуучу адамдар, радиациялык коопсуздукту касыз кылуучу кызматкерлер, командалардын жетекчилерин) кийлигишүүсү  экологиялык көрсөткүчтөр боюнча терс болгон учурда жана жумуш ордунда каршылык болгондо болот.

1.11    Коомчулуктун катышуусу

Маалымат эркиндиги мыйзамына жараша (№ 213, 28.12.2006 ж.) экологиялык тийиштүү маалымат бардык кызыккан жарандар үчүн жеткиликтүү болушу керек. Ал Кыргызстан 2001-жылы кошулган Орхус конвенциясында жазылган.

Айлана чойрого тийгизген таасирди балоо боюнча 13-февраль 2015жылкы №60 эреженин 14-24  беренесине ылайык, коомдук жолугушууларды өткөрүп, долбоордук-техникалык документтерди ачыкка чыгаруу жана кызыккан тараптарга консультация откоруу болуп саналат. Коомчулуктун катышуусу ушул талаптарга ылайык ишке ашырылат.

Бириккен Улуттар Уюмунун – Европанын экономикалык комиссиясынын  Орхус борборлору Бишкек жана Ош шаарлырында  жайгашкан. Бул борборлор коомчулук менен иштөөгө тартылат. Орхус конвенциясынын үч принципин ишке ашырууда чечүүчү ролду ойнойт, тактап айтканда, маалыматтын ачыктыгы, чечимдерди кабыл алууда коомчулуктун катышуусу жана экологиялык маселелер боюнча сот адилеттигине жеткиликтүүлүк.

Маалымат материалдары адистер тарабынан орус жана кыргыз тилдеринде камсыз кылынат. Маалымат төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн, бирок, алар менен чектелбейт:

·         Уран казып алуу жана мурунку тоо-кен өнөр жайы жөнүндө жалпы маалымат

·          Радияция жөнүндө фактылар жана анан тобокелдиктери жөнүндө жалпы

·         Аймактын мүнөздөмөсү жөнүндө маалымат жана ошол тобокелдиктер үчүн алгылыктуу салыштырма

·         Калыбына келтирүү жолун тандоо жана чечимдерди кабыл алуу ыкмасы

·         Жергиликтүү жамааттардын катышуусу

·         Маалымат,суроо- пикирлер үчүн байланыш маалыматы.

Техникалык-экономикалык изилдөөнүн бир бөлүгү боло турган, айлана-чөйрөгө (АЧТБ) тийгизген таасирди баалоо, экологиялык жана коомдук таасирди баалоо боюнча отчет катары жалпы коомчулукка көрүүгө жана талкууга алганга долбоордун демилгечиси аркылуу камсыз кылынат. Кызыкдар тараптардын экинчи отуруму, айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине баа берүүнун жыйынтыгын талкуулоодо өтөт. Болжол менен ал отурум 2017 жылдын жаз айына пландаштырылган. Долбоордун кечирээк этабында, маалымат, ошондой эле гезит, радио, теле жана интернет сыяктуу маалымат каражаттары аркылуу жайылтуусу мүмкүн.

1.12    Айлана чөйрөгө тийгизген таасирди баалоо мүмкүнчүлүктөрү

Сунушталган иш-чараларды ишке ашырса болот, анткени сунушталган, кырдаалды оӊдоого багытталган иш чаралар кичине (А түрүндөгү иш-аракеттерди) же орточо (В түрүндөгү иш-аракеттерди) таасирди тийгизип, тиешелүү экологиялык абалга алып келет. Ошондорй эле C түрүндөгү иш-аракеттер, таасирдуу болсо дагы, убакыттын чектелишине караштуу, айлана-чөйрөнү коргоого жана коомдго пайда алып келүүунө жеткирет.Кыска мөөнөттө (бир жыл) ишке ашырылып, айлана-чөйрөнү, региондун өнүгүүсүн узун мөөнөттүү пайда алып келген, жогоруда айтылган иш чараларды ишке ашыруу экологияга тийгизген таасири тарабынан жагымдуу болуп эсептелет.

Print Friendly, PDF & Email