КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ 2018-жылдын 16-марты  саат 08:00гө карата

0
700 просмотров

Шашылыш билдирүү!!

2018-жылдын 16-мартында туруксуз аба-ырайы сакталып, мезгил-мезгили менен жаан жаап, 16-мартта  Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

16-17-мартта абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн Чүй, Талас өрөөндөрүндө -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -1° сууктан …+4° жылуулукка чейин, күндүз 4…9° жылуу, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз  0…5° жылуу, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10° суук болушу күтүлөт.

2018-жылдын 16-мартынан 18-мартына чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), 355-370-чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Акталчат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу), ошондой эле, Ийри-Суу участкасынын 42-44-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90, 145-150-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот.

Ошол себептен, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2018-жылдын 13-мартында №05-1/158-Т, 14-мартында №02-34/199-Т телефонограммалары чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу калкка маалымат жиберилген.

 Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын

атып түшүрүү иш-чаралары

         Бишкек-Ош унаа жолунда (132-137, 198-255 чак.) коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2018-жылдын 15-мартынан 21-мартына чейин кар көчкү коркунучу бар аймактарда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Ошого байланыштуу адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КРнын Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасы–Премьер-министрдин 2018-жылдын 14-мартында №8 буйругу чыккан.

 Жогорудагы иш-чараларды Бишкек-Ош унаа жолунун 132-137, 198-255-чакырымдарында жүргүзүү үчүн, КР ӨКМ ыкчам тобу жана КР КК ГШ артиллериялык эсеби тарабынан, 2018-жылдын 15-мартында саат 16:45тен 17:00гө чейин Бишкек-Ош унаа жолунун 132-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу) 4 снаряд атышып, 3000м3 кар көчкү түшкөн. Саат 17:50ден саат 18:50гө чейин 135-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу) 3 даана снаряд атышып, кар көчкү түшкөн жок. 133-чакырымында 11 снаряд атышып, 15000м3 кар көчкү түшкөн. Кар көчкүлөрдү атайлап атып түшүрүү иш-чаралары 2018-жылдын 16-март күнү улантылат.          Артилериялык эсеп Бишкек-Ош унаа жолунун 154-чакырымындагы ФАПта түнөккө калышты.  

 Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал

Жалал-Абад облусу

Токтогул району. 2018-жылдын 15-март күнү саат 17:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 222-чакырымында (Шаркыратма тилкеси) көлөмү 480м3Бишкек-Ош унаа жолунун 226-чакырымында (Шаркыратма тилкеси) саат 18:30 чамасында көлөмү 1000м3, Бишкек-Ош унаа жолунун 221-чакырымында (Шаркыратма тилкеси) саат 19:20 чамасында көлөмү 1800м3 кар көчкү түшүп, унаа жол убактылуу жабылган. Кар көчкүнүн кесепетинен жабыркагандар жок.

Жолду тазалоого №48  Жол тейлөө ишанасынан  1 жүктөгүч тартылып анын жардамында  Бишкек-Ош унаа жолунун 222-чакырымы саат 19:30да толук тазаланып ачылган. Ал эми 226-чакырымы жана 221-чакырымында кар көчкү коркунучу болгондуктан жумуш токтотулган.

 Маалымат үчүн

         Токтогул району. 2018-жылдын 13-март күнү саат 22:40 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымына (Көчкү-Булак тилкеси) жалпы көлөмү болжол менен 2 500 000 м3 анын ичинен унаа жолго 144 000 м3 кар көчкү түшүп, унаа жол жабылган. Алдын ала маалымат боюнча кар көчкүнүн кесепетинен жабыркагандар жок.

         Көчкү жүргөн жерге КР ӨК министирдин орун басары Д. Алимбеков, КР ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын ыкчам тобу, Кутаруучуларды даярдоо  мамлекеттик борборунан  21 куткаруучу, 1 КБП (ППУ), Рспублиалык өзүнчө куткаруу отрядынын №2 Өзунчө издөө-куткаруу отрядынан  20 куткаруучу, №23 жол тейлөө ишканасынан   2 жүктөгүч, 1 бульдозер, №30 жол тейлөө ишанасынан  1 жүктөгүч, №9 жол тейлөө ишканасынан  1 жүктөгүч, №5 жол тейлөө ишанасынан 1 бульдозер, №48 жол тейлөө ишканасынан  1 жүктөгүч, Камбар-Ата ГЭСинен 1 бульдозер, РИИБден 70 кызматкер, 10 унаа, медициналык тез жардам кызматынан 2 тез жардам унаасы менен 6 медицина кызматкери, Райондук электр тарамактар мекемесинен 3 кызматкер тартылган. 

         Тартылган техникалардын жардамында 246-чакырымга түшкөн кар көчкүнүн 130 000м3 кар көчкүсү тазаланган. Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу пайда болгондугуна байланыштуу, саат 21.30да тазалоо иш-чаралары убактылуу токтотулду. 16-март күнү иш-чаралар улантылат. Мындан сырткары КР ӨКМ тарабынан Токтогул районунун “Арал” постунда 2 чатыр, кар көчкү түшкөн тилкеде 2 чатыр, Жайыл районунун “Сосновка” постундагы 2 мобилдик турак үйдө жүргүнчүлөргө ысык чай, тамак-аш уюштурулган. Ошондой эле Талас районунун Талды-Булак айылында №36 жол тейлөө ишканасынын имаратында жана Бишкек-Ош унаа жолунун 198-чакырымында жүргүнчүлөргө ысык чай, тамак-аш уюштурулган.

2018-жылдын 14-март күнү саат 17:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 223-чакырымында (Шаркыратма тилкеси) көлөмү 7500м3 кар көчкү түшүп, унаа жол убактылуу жабылган. Кар көчкүнүн кесепетинен жабыркагандар жок.

Жолду тазалого №48 жол тейлөө ишканасынан  1 жүктөгүч, 1 грейдер жана №30 жол тейлөө ишканасынан  1 жүктөгүч тартылган.

Тартылган техникалардын жардамында 15-март күнү саат 15:30да 223-чакырымга түшкөн кар көчкү тазаланып, жол каттамы ачылган. 

         

2018-жылдын 13-мартында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун  Кызыл-Туу айыл аймагынын  Акчалуу айылындагы Ачы сайында жер көчкү түшүү коркунучу жаралган (көлөмү болжолду 1-1,5 млн м3). Акчалуу айылынын 6 үй бүлөөсүнө жана Благовещенка айылынан Кара-Көл айылына баруучу унаа жолунун 14-15 чакырымдарында коркунуч жараткан. 2018-жылдын 14-мартында жерине райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жана ӨКМнин өкүлдөрү жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иш чаралары жүргүзүлүп, кооптуу аймакта жашаган 6 үй бүлөө коопсуз жерге көчүрүлгөн.

         Ошол себептен жана адамдардын өлүмүнө жеткирбөө, материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2018-жылдын 15-мартында Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын №57-б буйругунун негизинде аталган унаа жол жабылган.

         Жергиликтүү тургундар Жашасын айылы аркылуу айланма унаа жолу менен колдонушат.

16-март күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы

         Мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде жаан карга айланышы күтүлөт, тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

  1. Техногендикмүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал  катталган жок

ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу  кызматтары боюнча маалымат

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 2 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 3 бөлүм тартылган.

 2018-жылдын 15-марттан саат 08:00дөн 16-мартына саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

катар №

 

Бөлүм №

 

Өрттүн 

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн  себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1 28-АӨКБ

1 б

1 12:59 Жолдон кайтуу 13:09 101 Ленин району. Жайыл-Баатыр көчөсү № 117. Турак үй күйүп жаткандыгы туралуу маалымат түшкөн.
Чүй облусу
2 5-АӨКБ

2 б

1 13:17

13:40

13:38

14:05

14:18 15:17 16:21

16:14

101 Аламүдүн району. Беш-Кунгөй айылы, Масадык көчөсү № 68. Турак үйдүн  темир чатырынын аянты 50 чарчы метри, банянын аянты 12 чарчы метр толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: мешти пайдаланууда өрт коопсуздугу эрежелеринин бузулушу. 2ствБ

 

2018-жылдын 15-марты саат 08:00дөн 16-мартына саат 08:00гө карата

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон.  

Чүй облусу

Аламүдүн району. 2018-жылдын 15-март күнү саат 09:55те КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Дачный айылынын Ленин көчөсүндөгү №22 турак үйүнүн жер төлөөсүндөгү сууну мотопомпанын жардамы менен сордуруп беришкен.

 Жайыл району. 2018-жылдын 15-март күнү саат 08:20да Бишкек-Ош унаа жолундагы Сосновка посту жабылгандыгына байланыштуу, КР ӨКМнин №22 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жерине барып 1 чатыр тигишип, ысык чай, тамак-аш берүү иш чараларын уюштурууга көмөктөшкөн.

Нарын облусу

  Жумгал району. 2018-жылдын 15-март күнү саат 11:18 чамасында 2018-жылдын 10-январь күнү Көк-Ой айылынын тургуну 1985-жылы туулган Н.К. аттуу жаран дайынсыз жоголгон. Ушул күнгө чейин туугандары өздөрү издөө иштерин жүргүзүп келген. Натыйжа болбогондуктан 15-март күнү КР ӨКМнин райондук бөлүмүнө бир тууган агасы кайрылган. КР ӨКМнин №43 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан Жумгал суусунда издөө иштери жүргүзүлүп, натыйжа болгон жок. 16-март күнү издөө иштери улантылат.

                                                       Талас облусу

  Талас району. 2018-жылдын 15-март күнү саат 00:40да Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 1-чакырымына чектөө коюлгандыгына байланыштуу, КР ӨКМнин №101 Аскерлеш өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жерине барып 1 чатыр тигишип, ысык чай, тамак-аш берүү иш-чараларын уюштурууга көмөктөшкөн. 6 куткаруучу тартылган.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here