2018-жылдын 29-марты саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
395 просмотров

 Шашылыш билдирүү!

         2018-жылдын 29-мартынан 30-мартына чейин аба ырайынын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 72-74 чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 289-чакырымында (Чоң-Көчкү), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-94 чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу), Арал-Суусамыр унаа жолунун 8-21 чакырымдарында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталып, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

         Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2018-жылдын 27-мартында №02-34/236-Т телефонограммалары чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген.      Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалды башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

Мындан сырткары 2018-жылдын 27-мартында КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалды башкаруу борбору тарабынан теле-радио каналдарынын эфирин тартып алуу аркылуу шашылыш билдирүүлөр калкка жиберилген.

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу болгондугуна байланыштуу, 2018-жылдын 29-мартынан 30-мартына чейин Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постунда жана Талас облусунун Талас районундагы Өтмөк ашуусунда саат 21:00дөн саат 06:00гө чейин, унаалардын баардык түрлөрү үчүн жол каттамын жабуу боюнча КРнын Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасы Премьер-министрдин 2018-жылдын 27-мартында №14 буйругу чыккан.

2018-жылдын 28-мартында Бишкек-Ош унаа жолунун “Сосновка” өткөрмө постунда, “Арал” өткөрмө постунда жана Өтмөк ашуусунда саат 21:00дөн тартып унаалардын бардык түрүнө каттам убактылуу жабылган.

2018-жылдын 29-март күнү саат 06:00дө убактылуу жабылган постор ачылган.

2018-жылдын 29-март күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

         Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 Жалал-Абад облусу

Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл аймагынын 2018-жылдын 28-март күнү саат 14:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Кара-Үңкүр дарыясынын суусунун деңгээли көтөрүлүп, Кызыл-Ай айылынын МТФ участкасында “Алтын-Була” пахта тазалоочу заводунун аймагын жана болжолу менен 110 турак жайды каптап кетүү коркунучу жаралган. Ошого байланыштуу  Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл аймагынын башчысынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 41 буйругунун негизинде аймакка Өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Жеринде КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жана КР ӨКМнин ыкчам топ, КР ӨКМнин Өзгөчө чара көрүү түштүк борборунан 1 экскаватор; айыл аймагынан 4 КамАЗ, 1 жүктөгүч, жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып.

Дарыянын жээктерин бекемдөө үчүн таш ташылып.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаевдин тапшырмасы менен КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде ыкчам топ жерине барып, өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу иш-чараларын уюштурган. Жээкти бекемдөө иштери улантылууда.

Баткен облусу

         Баткен районунун Дара айыл аймагында 2018-жылдын 28-март күнү саат 04:00 чамасында Жаңырык айылында Сох-Зардалы унаа жолунун 32-чакырымында (Көчкү тилкеси) көлөмү 80м3 кум аралашкан шагыл түшүп, унаа жол жабылган.

Жабыркагандар жок.

Жолду тазалоого №2 жол тейлөө ишканасынан 1 бульдозер жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылып, саат 16:00дө унаа жол толугу менен тазаланып ачылган.

Ош шаары

         2018-жылдын 28-март күнү саат 16:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен, Г. Айтиев көчөсүндөгү №3, Зайнабединова көчөсүндөгү №17, Курманжан-Датка көчөсүндөгү №244 көп кабаттуу турак-үйлөрдүн подъездерин жана 8 турак үйдүн короолорун суу каптаган. Жабыркагандар жок.

Жеринде кырдаалды жөнгө салуу үчүн КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынан ыкчам топ, КР ӨКМнин Ош шаардык Куткаруу кызматынан 15 куткаруучу тартылып, мотопомпанын жардамы менен сууларды сордуруп, тазалап беришкен. 

Жалал-Абад облусу

Тогуз-Торо районунуда 2018-жылдын 27-март күнү саат 22:00 чамасында Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 18-25-чакырымдарынын аралыгында (Ак-Союл тилкеси) катуу жааган жаандын кесепетинен Ак-Союл суусунун деңгээли көтөрүлүп унаа жолду жууп кеткен.

Жабыркагандар жок.

Жолду калыбына келтирүү үчүн №18 жол тейлөө ишканасынан 1 даана жүктөгүч, 1 даана УАЗ үлгүсүндөгү унаа жана 10 кызматкер тартылып. 2018-жылдын 28-март күнү тазалоо иштери жүргүзүлүп, унаа жол бир тараптуу ачылган. Тазалоо иш-чаралары 29-март күнү улантылат.

 

Аксы районунда 2018-жылдын 28-мартында саат 00:50 чамасында Кербен шаарынын Живпром айылында катуу жааган жаандын кесепетинен каналдын мурун тешилген жеринен суу өтүп 4 турак үйдүн короо жайларын каптаган.

Жергиликтүү тургундардан 10 адам тарабынан 28-мартында 4 турак жайдын короо жайлары толугу менен тазаланган.

Ош облусу

         Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл аймагында 2018-жылдын 26-март күнү саат 11:30 чамасында Биринчи Май айылынын Алайчы-Ата көпүрө башы  чегинде   25-30 м³ эски жер көчкү 1-1,5 метрге жылып,  Кара-Кулжа, Биймырза айылдарындагы  3446 турак жайдын  (18491  жаран) тургундарын тоодон аккан таза суу менен камсыз кылуучу суу түтүктөрүн сүрүп, жараксыз абалга келтирген. Жер көчкүнүн жылып түшүүсү 3 даана электр өткөргүч мамычаларына жана ички чарбалык жолго коркунуч жаралган. Жер көчкү айылдан 500 метр алыстыкта жайгашкандыктан айыл тургундарына коркунуч жок. Ал эми жергиликтүү тургундарга 2 даана тереңдиктен соруучу насостор аркылуу таза суу үзгүлтүксүз берилүүдө.

Жеринде айыл аймак тарабынан нөөмөт уюштурулган. 

КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу  кызматтары боюнча маалымат 

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 3 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 3 өрткө-каршы-куткаруу бөлүмдөрү тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүнсебеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1 5-АӨКБ

1 б

  04:18 04:25 04:33 04:39 06:15   Биринчи Май району, Сагынбай Манасчы көчөсүндөгү №77-үйдүн жанында “УАЗ-469” үлгүсүндөгү унаанын ички салону күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
Ош шаары
2 12-АӨКБ

1 б

1 16:54 16:57 Жеткенге чейин 17:32   Атабаев көчөсү №154, турак үйдун иштетилбеген электр зымдары күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. Өрт өчүрүүчүлөр жеткенге чейин өздөрү өчүрүшкөн. —-
Жалал-Абад облусу
3 78-ӨКБ

1 б

1 12:16 12:35 12:44 13:15     Базар-Коргон району, Сейдикум айыл аймагы, Кызыл-Ай айылы, С.Каралаев көчөсү №19, мал сарайдын 24 чарчы метр чатыры, 15 түк чөп, 16 даана шифер, 10 даана балка күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

2018-жылдын 28-марты саат 08:00дөн 29-март саат 08:00гө карата

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

күндөлүк маалыматы 

Куткаруу кызматтары тарабынан 7 чыгуу болду:

Бишкек шаары

Октябрь районунда 2018-жылдын 28-март күнү саат 12:24тө  КР ӨКМнин

Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары  8-кичи районунун №19 үйүнүн 53-батирдин  жабылып калган батирдин эшигин ачып беришкен.

Ленин районунда  2018-жылдын 28-март күнү саат 21:57де  КР ӨКМнин

Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары   Ылдыйкы Жал кичи районунун №74 үйүнүн 37-батиринин  жабылып калган батирдин эшигин ачып беришкен.

Ленин районунда  2018-жылдын 29-март күнү саат 03:45те  КР ӨКМнин

Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Шота Руставели көчөсүнүн №78 үйүнүн 17-батиринин жабылып калган батирдин эшигин ачып беришкен. 

Ош шаары

2018-жылдын 28-март күнү саат 16:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Г. Айтиев көчөсүндөгү №3, Зайнабединова көчөсүндөгү №17, Курманжан-Датка көчөсүндөгү №244 көп кабаттуу турак-үйлөрдүн подъездерин жана 8 турак үйдүн короолорун суу каптаган.

КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары мотопомпанын жардамы менен сууларды сордуруп, тазалап беришкен.

Чүй облусу

Ысык-Ата районунун Кант шаарындагы Чкалов көчөсүндө 2018-жылдын 19-март күнү саат 21:00 чамасында ЧЧК (БЧК) 1988-ж.т. М.Н. аттуу жаран түшүп кеткен.  2018-жылдын 28-март күнү КР ӨКМнин Суучулдарды даярдоо борборунан 5 суучул, КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунан 7 куткаруучу, КР ӨКМнин Аламүдүн районунун 1-өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу, КР ӨКМнин Ысык-Ата районунун 27- өрт-куткаруу бөлүмүнөн 10 куткаруучу жана Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу  издөө иштерине тартылган. Издөө иштери 2018-жылдын 29-март күнү улантылат.

Талас облусу

Талас районунда 2018-жылдын 28-март күнү   саат 21:00дөн тартып 06:00гө чейин Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 35-чакырымында (Талды-Булак айылы) унаалардын баардык түрүнө чектөө киргизилгендигине байланыштуу, Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы тарабынан көзөмөлдөп өткөрүү пункту уюштурулган. Ошого байланыштуу КР ӨКМнин №101 өрт-куткаруу бөлүмүнүн  куткаруучулары жерине абалды көзөмөлдөөгө чыгышкан.

Баткен облусу

Сүлүктү  шаарында 2018-жылдын 28-март күнү саа 19:14тө КР ӨКМнин 1-өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары ЖЧК “Ак-Булак көмүр” шахтасына тосмо орнотуп беришкен.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here