2018-жылдын 21-май саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
760 просмотров

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайына сел жүрүшү күтүлөт!

         2018-жылдын 21-май күнү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлөт.

         Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

         Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан 2018-жылдын 18-майы күнү №02-34/398 телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалыматтар жиберилген.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал  катталган жок

 

ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу  кызматтары боюнча

маалымат

         Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 7 бөлүм тартылган.

2018-жылдын 20-май саат 08:00дөн 21-май саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Чүй облусу
1 21-АӨКБ

1 б

1 13:15 13:19 13:30 14:10 14:46 0557588816 Токмок шаары. Амбулаторный көчөсү №47 даректе аянты 12 чарчы метр бастырма толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
Ош шаары
2 13-АӨКБ

1 б

1 10:36 10:43 10:47 10:58 11:08 0552433606 Өзгөн көчөсү №136 даректе гараждын ичинде 2 чарчы метр аянтта таштандылар күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
Ысык-Көл облусу
3 31-ӨКБ

1 б

1 15:11 15:16 15:26 16:15 16:26 0700513577 Ысык-Көл району. Чолпон-Ата шаарынын Алмалуу көчөсү №10 даректе жыгач устундуу тунуке жабылган турак үйдүн 90 чарчы метр чатыры, муздаткыч жана үй эмеректери күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу. 1ствБ
4 15-АӨКБ

1 б

1 16:28 16:30 16:40 16:50 17:05 0776366662 Каракол шаары. Кутманалиев жана Карасаев көчөлөрүнүн кесилишинде “Ауди-100” үлгүсүндөгү мамлекеттик №S15-16G унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
5 19-АӨКБ

1 б

1 17:42 17:53 18:00 18:32 18:50 (03944)70791 Балыкчы шаары. Чкалова көчөсү №18 даректе ачык аянтта 4 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. кол карж.
6 15-АӨКБ

1 б

1 б

1  

18:00

18:20

 

1805

18:25

 

19:00

 

19:57

 

20:20

20:20

 

0778365111

Каракол шаары. Кыдыр-Аке көчөсү №79 даректе жалпы аянты 84 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ

2018-жылдын 20-май саат 08:00дөн 21-май саат 08:00гө карата

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон.

 

Бишкек шаары

Биринчи Май району. 2018-жылдын 20-май күнү саат 13:04дө 9-январь көчөсүндө жайгашкан №127 үйдүн ичине жылан кирип кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын 6 куткаруучусу жерине барганда, аталган даректе жылан болгон эместиги аныкталган.

Ош облусу

Кара-Суу району.  2018-жылдын 20-май күнү саат 13:25де КР ӨКМине 102 кызматынан Талдык айыл аймагынын Баш-Булак айылында 11 метр терендикте чуңкурдун ичинде белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. КР ӨКМнин №102 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 9 куткаруучу аталган жерге барганда, адамдын жансыз денеси жок экендиги аныкталган.

Баткен облусу

Сүлүктү  шаары. 2018-жылдын 20-май күнү саат 10:00 чамасында КР ӨКМнин 1-өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунун 6 куткаруучусу “Ак-Булак” ЖЧКнун шахтасына барып, газ чыккан жерине тосмо (перемычка) орнотуп беришкен.

 

21-майда Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы

Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарынын жана тыгындарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 2018-жылдын 20-май күнү саат 19:00дөн тартып Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постунда күйүүчү май ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2018-жылдын 21-майында саат 06:00дө убактылуу коюлган чектөөлөр алынды.

Жалал-Абад облусу

         Сузак районунун Курманбек айыл аймагында 2018-жылдын 20-май күнү саат 11:30 чамасында Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун 53-чакырымында шагыл  аралаш сел түшкөн, унаа жол убактылуу жабылган. №31 ЖТИден 1 грейдер жана 1 жүктөгүч тартылып, унаа жол саат 13:40та толук тазаланып, ачылган.

         Майлуу-Суу шаарында 2018-жылдын 19-май күнү саат 23:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Сары-Бээ айылындагы 3 турак үйдүн короолорун жана “Гаухар” бала бакчасынын айлынасына сел суулары кирген.

Кырсыктын кесепетин жоюуга Майлуу-Суу шаарындагы өрт-куткаруу бөлүгүнөн 15 куткаруучу, Майлуу-Суу шаардык лампа заводунан 10 жумушчу, 2 КамАЗ, 1 экскаватор, КР генералдык штабынын №30295 аскер бөлүгүнөн 30 жоокер, шаардык электр ишканасынан 5 кызматкер,  жылуулук камсыздоо мекемесинен 10 кызматкер, 1 экскаватор, суу чарба ишканасынан 10 кызматкер, 1 экскаватор, Газ ишканасынан 10 кызматкер, жашылдандыруу мекемесинен 10 кызматкер, 1 жүктөгүч, райондук ИИБнан 10 кызматкер, Архитектура инженердик кызматтынан 3 кызматкер тартылып, 20-май күнү 950м3 сел калдыктары тазаланган. 21-май күнү тазалоо иш-чаралары улантылат.

  Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл аймагында 2018-жылдын 17-майдан 18-майга караган түнү Таш-Арык айылында жааган жамгырдын кесепетинен Таш-Арык сайындагы суунун нугу бурулуп, адамдар өтүүчү көпүрөнүн жанында каналдын сол жээгин жеп кеткен. Көпүрөгө зыян келтирилген эмес.  Айыл аймак тарабынан 1 МТЗ-82 тартылып, 20-май күнү тартылган күчтөрдүн жардамында Таш-Арык айылындагы жолдор жана арыктар толук калыбына келтирилди. Сайдын нугун буруу иш-чаралары 21-май күнү улантылат.

         Аксы районунун Авлетим айыл аймагында 2018-жылдын 17-май күнү саат 18:30 чамасында жааган жамгырдан улам Дейрес айылынын Талды-Булак тилкесиндеги Куру-Таш сайдан келген суулар Дейрес-Талды-Булак ички чарбалык унаа жолунун 5-чакырымындагы 17 кожолук пайдалануучу бетон-шакекчелер менен курулган көпүрөнү бузуп, агызып кеткен. Жол каттамы токтогон. Убактылуу 500 метр аралыктан айланма жол бар. Андан сырткары Дейрес айылындагы 12,41 га айдоо жерлерин сел суулары баскан. Абалды жеринен тактоо максатында КР ӨКМнин Аксы райондук бөлүмүнүн башчысы, бөлүмдүн офицери окуя болгон жерге барышкан. Ал эми көпүрөнү кайра калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүзүү айыл аймак тарабынан көзөмөлгө алынды.

Ак-Жол айыл аймагында 2018-жылдын 12-май күнү колоттордон түшкөн сел суулары Шынаа айылына баруучу ички чарбалык унаа жолунун 8 чакырымын, Унаа жана жол министрлигинин №38 жол тейлөө ишканасынын балансындагы унаа жолдун 7 чакырымынын беттерин жууп кеткен. Жол каттамы ачык. №38 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 грейдер, 3 самосвал жана 1 экскаватор тартылып, ички чарбалык унаа жолдору толук калыбына келтирилди.

         Кош-Дөбө айыл аймагында 2018-жылдын 14-май күнү саат 16:00 чамасында жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу кокту-колоттордон сел жүрүп, ички чарбалык унаа жолдорду сел суулары каптаган. Жаңак айылындагы 180 кожолукту тейлеген Мундуз-Сай селканасынан өткөн таза суу түтүкчөлөрүнүн айрым жерлерин сел жууп кетип, ичүүчү суу үзгүлтүккө учураган. Техникалардын  жетишсиздигине байланыштуу иш-чара болгон жок.

         Сузак районунун Курманбек айыл аймагында 2018-жылдын 29-апрель жана 2-май күндөрү Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясын бөгөп калган жер көчкүнүн кесепетинен топтолгон суунун көлөмү болжол менен 246 миң м3 түзөт. Дарыядагы суу жер көчкүнү жиреп акырындык менен өз нугу боюнча агууда (суунун агып кирүүсү секундасына 30м3, чыгуусу секундасына 30м3). КР ӨКМнин Сузак райондук бөлүмүнөн 1 офицер, Кыргызгидрометтен 1 кызматкер жеринде абалды көзөмөлдөө максатында нөөмөттө турушат.

Ош облусу

Араван районунун Маңгыт айыл аймагында 2018-жылдын 19-май күнү саат 15:10 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен сел агуучу каналдан суу ашып, Жаңы-Арык айылындагы 150 метр ички чарбалык жолун суу жеп кеткен.

Ошондой эле Кызыл-Коргон айылында мөндүр аралаш жааган жаандын натыйжасында 13 үйдүн короосун суу аралап өтүп, 6 үйдүн жер төлөөсүнө суу кирген. Айыл аймактан 1 экскаватор жана 1 КамАЗ тартылып, Кызыл-Коргон айылындагы 10 турак үйдүн короолору 12 каттам шагыл ташылып, тегизделди. Ошондой эле 20 метр арык шагылдардан тазаланды. 21-май күнү иш-чаралар улантылат.

  Өзгөн районунун Мырзаке айыл аймагында 2018-жылдын 13-май күнү саат 23:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Кандава каналынан суу ашып, Коммунист, Тынчтык, Обком, Кирпичный тилкелеринде 10 турак үйдүн ичине, 82 турак үйдүн короосуна жана 1,3 га жер тилкедеги эгилген эгиндерди суу каптаган.

         КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунан 1 эксковатор жана 1 бульдозер тартылып, 20-май күнү тартылган күчтөрдүн аракетинде 560 метр экскаваторго жол салынып, 134 метр арык казылган. Жалпы 1200 метр экскаваторго жол салынып, 340 метр арык казылган. 21-май күнү иш-чаралар улантылат.

 

Баткен облусу

             Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында 2018-жылдын 18-май күнү саат 15:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен коктулардан келген суулар Кара-Тумшук айылында болжол менен 1 га айдоо жерлерди, 1 чакырым аралыктагы ички чарбалык жолду, Кызыл-Коргон айылында 16 га айдоо жерлерди, 4 чакырым аралыктагы ички чарбалык жолду жана Ак-Турпак айылында 15 турак үйдүн жер тилкелерин, болжол менен 10 га айдоо жерлерди жана 300 метр аралыктагы ички чарбалык жолду каптаган.

         Айыл аймак тарабынан 2 жүктөгүч, 3 самосвал, 2 экскаватор, №46 ЖТИнан 1 жүктөгүч, 1 грейдер, 1 самосвал, жергиликтүү тургундардан 14 адам тартылып, 20-май күнү Кара-Тумшук айылында 650 метр ички жолдор калыбына келтирилип, 260 метр ички чарбалык арыктар тазаланды. Кызыл-Коргон айылында 3,2 чакырым ички чарбалык жолдор тазаланып, калыбына кетирилди. Актурпак айылында 3,4 чакырым ички чарбалык жолдор тазаланып, 8 турак үйдүн короолору тазаланды.

         Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагында 2018-жылдын 18-май күнү саат 15:30 чамасында Ак-Өтөк айылында жааган жамгырдын кесепетинен коктулардан келген суулар 30 турак үйдүн короолорун, 200 метр аралыктагы ички чарбалык жолду, 15 га үлүш жерлерди жана 400 метр ички чарбалык суу арыктарды каптаган. Айыл аймактан 1 жүктөгүч тартылып, 300 метр ички чарбалык жолдор тазаланган. 21-май күнү иш-чаралар улантылат.

         Лейлек районунда 2018-жылдын 13-май күнү саат 17:15 чамасында катуу жаап өткөн жаандын кесепетинен сел жүргөн. Селдин кесепетинен:

         Исфана шаарынын Чимген айылында “Арча-Бешик” балдар бакчасынын жер төлөөсүнө, чарбагына сел суулары кирген.

         Ошондой эле 2,9 чакырым аралык ички чарбалык жолду, 3,7 чакырым  ички чарбалык арыктарды сел суулары басып калган. КР ӨКМги тарабынан авариялык-калыбына келтирүү иш-чаралары планына киргизилип, 90 метр  курулган дамбаны сел бузуп кеткен. 6 чарбалык имараттар селден жабыр тарткан. Караташ айылында ички чарбалык көпүрөнү толугу менен сел алып кеткен. Самат айылында КР ӨКМги тарабынан авариялык-калыбына келтирүү иш-чаралары планына киргизилип курулган дамбанын башын сел бузуп кеткен.

         Калтакол тилкесинде атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу планы боюнча курулган 150 даана габион сеткаларын сел алып, кум шагылга толтурган.

         Ак-Суу айыл аймагынун Суубашы айылындагы 5 чакырым ички чарбалык жолдорду сел алган, унаа каттамы кыйынчылык менен өтүүдө. Мындан тышкары КР ӨКМги тарабынан атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу планы боюнча курулган 450 даана габион сеткаларын сел алып, кум шагал басып калган, 7 баш ири мүйүздүү малды (КРС) сел агызган.

Ак-Суу айылындагы орто мектебине сел суулары кирген. Кызы-Бараз участкасындагы арыктын башын сел агызып кеткен. Мындан тышкары 1 даана ички чарбалык көпүрөнүн 1 стойкасынын астын сел суулары жууп кеткен.

Сумбула айыл аймагында Исфана-Көкташ унаа жолун сел алган, каттам кыйынчылык менен өтүүдө, мындан тышкары 1 жеңил унааны сел басып калган.

Кулунду айыл аймагында Кушлук сай сел кетүүчү сайындагы жаңыдан курулуп жаткан унаа өтүүчү көпүрөнүн бир жак тарабын сел жууп кеткен.

Комунизм айылындагы Коровник участкасыда 4 турак үйдүн пайдубалдарына сел кирген.

         Жалпы район боюнча 27 турак үйгө (Бешкент айылында –22, Исфана шаарында- 5), 61 турак үйдүн жер тилкелерине (огород) (Бешкент айылында–47, Исфана шаарында- 14), 6 соц. объектинин (Исфана ш.–“Акчайыр”, “Наристе”, “Ынтымак” бала бакчалары, Чимген айылында–“Арчабешик” бала бакчасы, Бешкент айылында- “Көгүчкөн” бала бакчасы жана Аксуу айыл аймагындагы орто мектеби) жер төлөөлөрүнө, 34 чарбалык имараттардын короосуна (ашкана) сел суулары кирген. Район боюнча сел агынынан 69 га жер аянттары жабыркаган. Унаа жана жол министрлигинин Жол тейлөө ишканасынын балансындагы 4 көпүрө жабыркап, 1 ички чарбалык көпүрө жараксыз абалга келген. 291 баш кичи мал (МРС) ал эми 45 ири мүйүздүү (КРС) мал жандыктары селге агып кеткен. 23,6 чакырым ички чарбалык жолдор жабыркаган. 6,2 чакырым ички чарбалык арыктарды сел суулары каптаган.

Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине КР ӨКМнин РӨКОнун 3-ӨИКОнан 50 куткаруучу, КР ӨКМнин РӨКОнун 1-ӨМТККВнан 7 куткаруучу, Лейлек райондук №74 ӨКБдан 18 куткаруучу, Лейлек райондук №52 ӨКБдан 13 куткаруучу, Лейлек райондук №108 ӨКБдан 9 куткаруучу, жалпы 97 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 50 адам, айыл аймактан 1 экскаватор, 1 самосвал, 1 грейдер,1 жүктөгүч, Кытай жол куруу компаниясынан 1 ЗиЛ, №13 ЖТИден 4 грейдер, 2 жүктөгүч, Райондук суу чарбасынан 1 ХОВО, 1 жүктөгүч, 2 экскаватор тартылган.

         20-май күнү Чимген айылында “Арча-Бешик” балдар бакчасынын жер төөлөсүнөн, чарбагындагы сел сууларды тазалоо иштери аяктады. Ошондой эле ички чарбалык жолдорду тазалоо иштери толук аяктады. Ак-Суу айыл аймагында калыбына келтирүү иш-чаралары толук аяктады. Сумбула айыл аймагында ички чарбалык жолдор толук калыбына келтирилди. Кулунду айыл аймагында калыбына келтирүү иш-чаралары жетекчилик тарабынан көзөмөлгө алынды.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here