2018-жылдын 22-майы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
750 просмотров

Шашылыш билдирүү: жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт!

          2018-жылдын 22-23-май күндөрү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлүүдө.

         Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

         Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалыматтар жиберилген.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал  катталган жок 

ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу  кызматтары боюнча

маалымат

         Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 9 бөлүм тартылган.

 

2018-жылдын 21-май саат 08:00дөн 22-май саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1 5-АӨКБ

2 б

АЛ

28-АӨКБ

Штаб

1 21:43

21:55

21:55

22:17

22:17

21:55

22:09

22:09

22:31

22:37

22:44 23:48 00:46

23:49

23:37

23:36

23:55

0550123006 Октябрь району. С. Токомбаев жана Кутчубаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жаңы курулуп жаткан имараттын 11-кабатында 200 чарчы метр жыгач опалубкалар күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ
2 4-АӨКБ

1 б

8-АӨКБ

1 б

1 22:46

 

22:49

22:49

 

22:57

23:27 00:34 00:50

 

00:41

 

 

 

 

008422576 Ленин району. Иркутск көчөсүндөгү № 11 даректе короодо жыгач тапчан, аянты 60 чарчы метр темир устундуу пластик жабылгасы, жана кароол системасы күйгөн. Өрт Иркутск көчөсүнүндөгү №13 дарекке өткөн, аянты 170 чарчы метр гараждын, бастырманын, кампанын, очоккананын, ашкананын жыгач устундуу темир жабылган, андулин менен жасалгаланган чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда 3ствБ
3 5-АӨКБ

1 03:00 03:17 03:24 03:36 04:04 0709140010 Октябрь району. №3 үйдүн 32-батиринин балконунун 1 чарчы метр аянты күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ
Чүй облусу
4

 

15-ӨККБ

1 б

 

1

 

21:00

 

 

21:10 21:30 22:00 22:15 0313157660 Москва району. Беловодск айылына караштуу таштанды таштоочу жайда 200 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствА
5 8-АӨКБ

1 б

1 23:12 23:23 23:45 00:03 00:31 0778214829 Аламүдүн району. Пригородный айылы, Юбилейный көчөсү № жок даректеги таштанды таштоочу жайда 30 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: тамеки тартуудагы этиятсыздык. 1ствБ
Ысык-Көл облусу
6 15-ӨКБ

1 б

1 01:41 01:45 01:50 02:10 02:22 0709604545 Каракол шаары. Токтогул көчөсүндө аянты 4,3 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

 

2018-жылдын 21-май саат 08:00дөн 22-май саат 08:00гө карата

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон.

 

Чүй облусу

Токмок шаары.  2018-жылдын 21-май күнү саат 14:13дө КР ӨКМнин №20 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары 3-кичи районундагы №12 үйдүн 4-батиринин  жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

Ысык-Көл облусу

Каракол шаары. 2018-жылдын 21-май күнү саат 23:55де КР ӨКМнин №15 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Октябрь көчөсүндөгү №99 үйдүн 46-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

Баткен облусу

Кызыл-Кыя шаары. 2018-жылдын 21-май күнү саат 22:30 чамасында КР ӨКМнин Кызыл-Кыя шаардык 4-өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыгынан куткаруу взводунун 5 куткаруучусу Восток-2 кичи районунда жайгашкан 1 турак үйдүн ичине, 4 турак үйдүн короолоруна жана Кулатов көчөсүндө жайгашкан беш кабаттуу 2 турак үйлөрдүн жер төлөөсүнө кирген сел сууларын тазалоо иш-чараларын жүргүзүшкөн. Иш-чаралар 22-май күнү улантылат.

 

22-майда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

 

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарынын жана тыгындарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 2018-жылдын 21-май күнү саат 19:00дөн тартып Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постунда күйүүчү май ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2018-жылдын 22-майында саат 06:00дө убактылуу коюлган чектөөлөр алынды.

Баткен облусу

         Кызыл-Кыя шаарында 2018-жылдын 21-май күнү саат 22:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Восток-2 кичи районунда жайгашкан 1 турак үйдүн ичине, 4 турак үйдүн  короосуна жана ошондой эле Кулатов көчөсүндө жайгашкан беш кабаттуу 2 турак үйлөрдүн жер төлөөсүнө, Дружба көчөсүндө 2 турак үйдүн короосуна суу кирген.

         Кырсыктын кесепетин жоюуга КР ӨКМнин Кызыл-Кыя шаардык №4 Өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунан 5 куткаруучу, №62 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 6 куткаруучу тартылып, 4 турак үйдүн короолорун жана беш кабаттуу 2 турак үйлөрдүн жер төлөөсүн тазалашкан. 22-май күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иш-чаралары жана селдин кесепетин жоюу жумуштары жүргүзүлөт.

 

Лейлек районунда 2018-жылдын 21-май күнү саат 18:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Катран айыл аймагынын Күнгөй тилкесинде 1 турак үйдүн короосун, 5 жер тилкесин суу каптап, 30 метр ички чарбалык арыктарына кум-шагыл толгон. Ошондой эле Ала-Көл тилкесинде 1 турак үйдүн короосун суу каптап, 200 метр ички чарбалык арыктарына кум-шагыл толгон. Мындан сырткары Маргун айыл аймагындагы Даргаз айылында 1 жер тилкесин, 2 мал сарайды жана Даргаз–Маргун ички чарбалык унаа жолун суу каптаган. Унаалар кыйынчылык менен өтүүдө.

Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө. 22-май күнү кошумча тактоо иш-чаралары улантылат.

 

             Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында 2018-жылдын 18-май күнү саат 15:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен коктулардан келген суулар Кара-Тумшук айылында болжол менен 1 га айдоо жерлерди, 1 чакырым аралыктагы ички чарбалык жолду, Кызыл-Коргон айылында 16 га айдоо жерлерди, 4 чакырым аралыктагы ички чарбалык жолду жана Ак-Турпак айылында 15 турак үйдүн жер тилкелерин, болжол менен 10 га айдоо жерлерди жана 300 метр аралыктагы ички чарбалык жолду каптаган.

         Кырсыктын кесепетин жоюуга айыл аймактан 2 жүктөгүч, 3 самосвал, 2 экскаватор, №46 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 грейдер, 1 самосвал, жергиликтүү тургундардан 14 адам тартылып, 21-май күнү тартылган күчтөрдүн жардамында селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары толугу менен аятаган.

 

         Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагында 2018-жылдын 18-май күнү саат 15:30 чамасында Ак-Өтөк айылында жааган жамгырдын кесепетинен коктулардан келген суулар 30 турак үйдүн короолорун, 300 метр аралыктагы ички чарбалык жолду, 15 га үлүш жерлерди жана 400 метр ички чарбалык суу арыктарды каптаган.

         Кырсыктын кесепеттерин жоюуга айыл аймактан 1 жүктөгүч тартылып, 21-май күнү тартылган техниканын жардамында 400 метр ички чарбалык суу арыктары толугу менен тазаланган. 22-май күнү иш-чаралар улантылат.

         Лейлек районунун Исфана шаарында 2018-жылдын 13-май күнү саат 17:15 чамасында катуу жаап өткөн жаандын кесепетинен сел жүргөн. Селдин кесепетинен, 2,9 чакырым аралык ички чарбалык жолду, 3,7 чакырым ички чарбалык арыктарды сел суулары басып калган. КР ӨКМи тарабынан авариялык-калыбына келтирүү иш-чаралары планына киргизилип 90 метр  курулган дамбаны сел бузуп кеткен. 6 чарбалык имараттар селден жабыр тарткан. Караташ айылында ички чарбалык көпүрөнү толугу менен сел алып кеткен. Самат айылында КР ӨКМи тарабынан авариялык-калыбына келтирүү иш-чаралары планына киргизилип курулган дамбанын башын сел бузуп кеткен.

         Калта-Кол тилкесинде атайын алдын алуу кесепеттерин жоюу планы боюнча курулган 150 даана габион сеткаларын сел алып, кум-шагылга толтурган.

         Ак-Суу айыл аймагынын Суубашы айылындагы 5 чакырым ички чарбалык жолдорду сел алган, унаа каттамы кыйынчылык менен өтүүдө. Мындан тышкары КР ӨКМи тарабынан атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу планы боюнча курулган 450 даана габион сеткаларын сел алып, кум-шагал басып калган.

         Жалпы район боюнча 27 турак үйгө (Бешкент айылында–22, Исфана шаарында-5), 61 турак үйдүн жер тилкелерине (огород) (Бешкент айылында–47, Исфана шаарында- 14), 6 соц. объектинин (Исфана шаарында–“Акчайыр”, “Наристе”, “Ынтымак” бала бакчалары, Чимген айылында –“Арчабешик” бала бакчасы, Бешкент айыл аймагында- “Көгүчкөн” бала бакчасы жана Аксуу айыл аймагындагы орто мектеби) жер төлөөлөрүнө, 34 чарбалык имараттардын короосуна (ашкана) сел суулары кирген. Район боюнча сел агынынан 69 га жер аянттары жабыркаган. КР Унаа жана жол министрлигинин балансындагы 4 көпүрө жабыркап, 1 ички чарбалык көпүрө жараксыз абалга келген. 291 баш кичи мал (МРС) ал эми 45 ири мүйүздүү мал (КРС) жандыктары селге агып кеткен. 23,6 чакырым ички чарбалык жолдор жабыркаган. 6,2 чакырым ички чарбалык арыктарды сел суулары каптаган.

Кырсыктын кесепеттерин жоюуга КР ӨКМнен 1 погрузчик; Айыл аймак тарабынан 1 экскаватор, 1 самосвал; Кытай жол куруу компаниясынан 1 грейдер, 1 жүктөгүч; Райондук суу чарбасынан 1 ХОВО, 1 жүктөгүч, 2 экскаватор тартылган.

         21-май күнү тартылган күчтөрдүн аракетинде ички чарбалык жолдорду калыбына келтирүү иш-чаралары жүргүзүлдү. 22-май күнү иш-чаралар улантылат.

Жалал-Абад облусу

         Майлуу-Суу шаарында 2018-жылдын 19-май күнү саат 23:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Сары-Бээ айылындагы 3 турак үйдүн короолорун жана “Гаухар” бала бакчасынын айланасына сел суулары кирген.

Кырсыктын кесепеттерин жоюуга Майлуу-Суу шаардык лампа заводунан 1 КамАЗ, Жашылдандыруу ишканасынан 1 жүктөгүч, КР Генералдык штабынын №30295 аскер бөлүгүнөн 30 жоокер, жергиликтүү тургундардан 22 адам тартылган.

21-май күнү тартылган күчтөрдүн аракетинде 868м3 сел калдыктары тазаланган. 22-май күнү тазалоо иш-чаралары улантылат.

 

Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл аймагында 2018-жылдын 17-майдан 18-майга караган түнү Таш-Арык айылында жааган жамгырдын кесепетинен Таш-Арык сайындагы суунун нугу бурулуп, адамдар өтүүчү көпүрөнүн жанында каналдын сол жээгин жеп кеткен. Көпүрөгө зыян келтирилген эмес.

         Кырсыктын кесепеттерин жоюуга айыл аймактан 1 жүктөгүч тартылды.

         21-май күнү сайдын 370 метр жээги бекемделген. Иш-чаралар 22-май күнү улантылат.

         Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагында 2018-жылдын 14-май күнү саат 16:00 чамасында жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу кокту-колоттордон сел жүрүп, ички чарбалык унаа жолдорду сел суулары каптаган. Жаңак айылындагы 180 кожолукту тейлеген Мундуз-Сай селканасынан өткөн таза суу түтүкчөлөрүнүн айрым жерлерин сел жууп кетип, ичүүчү суу үзгүлтүккө учураган. Учурда айылдын тургундары өз күчү менен таза сууну убактылуу коңшу айылдан ташып келип, пайдаланышууда.

         21-май күнү техниканын жоктугуна байланыштуу иш-чара болгон жок.

         Сузак районунун Курманбек айыл аймагында 2018-жылдын 29-апрель жана 2-май күндөрү Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясын бөгөп калган жер көчкүнүн кесепетинен топтолгон суунун көлөмү болжол менен 240 миң м3 түзөт. Дарыядагы суу жер көчкүнү жиреп, акырындык менен өз нугу боюнча агууда (суунун агып кирүүсү секундасына 30м3, чыгуусу секундасына 30м3).

КР ӨКМнин Сузак райондук бөлүмүнөн 1 офицер, Кыргызгидрометтен 1 кызматкер жеринде абалды көзөмөлдөп туруу үчүн нөөмөткө коюлган эле. Коркунуч жок болгондугуна байланыштуу нөөмөттө турган ыкчам топ алынды жана жериндеги абалды көзөмөлдөп туруу айыл аймакка милдеттендирилди.

Ош облусу

Араван районунун Маңгыт айыл аймагында 2018-жылдын 19-май күнү саат 15:10 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен сел агуучу каналдан суу ашып, Жаңы-Арык айылындагы 150 метр ички чарбалык жолун суу жеп кеткен.

Ошондой эле Кызыл-Коргон айылында мөндүр аралаш жааган жаандын кесепетинен 13 үйдүн короосун суу аралап өтүп, 6 үйдүн жер төлөөсүнө сел суулары кирген.

Кырсыктын кесепетин жоюуга айыл аймактан 1 экскаватор жана 1 жүктөгүч тартылган.

             21-май күнү Жаңы-Арык айылындагы 70 метр сугат каналы шагылдардан тазаланган. 22-май күнү иш-чаралар улантылат.

Өзгөн районунун Мырзаке айыл аймагында 2018-жылдын 13-май күнү саат 23:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Кандава каналынан суу ашып, Коммунист, Тынчтык, Обком, Кирпичный тилкелеринде 10 турак үйдүн ичине, 82 турак үйдүн короосуна жана 1,3 га жер тилкедеги эгилген эгиндерди суу каптаган.

КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунан 1 эксковатор жана 1 бульдозер тартылган.

21-май күнү тартылган техникаларды оңдоо жумуштары болгондугуна байланыштуу, тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн жок. 22-май күнү иш-чаралар улантылат.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here