2018-жылдын 27-майы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймаыгндагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
887 просмотров

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлөт!

2018-жылдын 27-майда күндүз, 28-майда жана 29-майда түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт: 27-майда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 28-майда жана 29-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, жайлоолордо жаан карга айланыщы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-майда күндүз жана 28-майда 17-22 метрге жетет.

28-майда күндүз жана 29-майда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөп: 28-майда күндүз Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 13…18°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 16…21°, тоо этектеринде 14…19°, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 12…17°, тоолуу райондордо 2…7° жылуу, бийик тоолуу райондордо -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.

29-майда түнкүсүн абанын температурасы Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 3…8°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 5…10°, тоо этектеринде, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 1…6° жылуу, тоолуу райондордо 0…-5°, бийик тоолуу райондордо -5…-10° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

2018-жылдын 28-31-майында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

         Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан 2018-жылдын 25-майында №02-34/426 жана 26-майында №02-34/430 телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалыматтар жиберилди.

 

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал  катталган жок

 

ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу  кызматтары боюнча

маалымат

         Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 7 бөлүм тартылган.

2018-жылдын 26-май саат 08:00дөн 27-май саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1 8-АӨКБ

1 б

1 19:43 19:55 20:07 20:52 21:28 0700586428 Биринчи Май району. Манас көчөсү №160 үйдө 40 чарчы метр мончонун  ички жыгач жасалгасы, 3 эшик күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. 1ствБ
2 7- АӨКБ

1 б

1 23:38 23:45 00:09 00:27 00:43 0770002243 Октябрь району. Октябрь көчөсү №50, “Айдан” Фарм заводдун короосунда 100 чарчы метр чайыр менен сырдалган темир трубалар күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
Чуй облусу
 3 22-АӨКБ

1 б

1 14:30 14:36 15:05 0552228008 Жайыл району. Кара-Балта шаары, Квартал Победы көчөсү №2 даректеги көп кабаттуу үйдүн жер төөлөсүндө электр калканы түтөгөн.
Баткен облусу
4 26-АӨКБ

1 б

1 10:08 11:18 12:05 12:40 13:10 0776320007 Баткен шаары. Кызыл-Дөң кварталы, Муса-Кадыр көчөсү № 7 даректе 2 кабаттуу жыгач устундуу шифер менен жабылган сарайдын 30 чарчы метр чатыры, 100 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: балдарлын өрт менен болгон шоктугу. 2ствБ
Ош облусу
5 64-ӨКБ

1 б

1 16:20 16:45 17:00 17:55 18:38 101 Араван району. Төбө-Коргон айыл аймагы, Кесов тилкесинде жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 80 чарчы метр чатыры, 3,5 тонна саман жана 1,5 тонна эндей чөп күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. 1ствБ
Ош шаары
6 13-АӨКБ

1 б

1 12:11 12:15 12:16 12:29 13:06 0558980202 А.Навои көчөсүндө мамлекеттик № B042АК  “Тайота” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн кесепетинен жанында жайгашкан №1 медициналык борборуна караштуу кампага өтүп, жыгач устундуу тунуке жабылган 5 чарчы метр чатыры жана 3 даана терезе күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ
Талас облусу
7 100-ӨКБ

1 б

1 12:23 12:48 13:07 14:50 15:20 0557027768 Манас району. Май айылы, Чайбек көчөсү  № 42 даректе ачык аянтта 300 түк беде  жана 1 тонна чөп күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын өрт менен болгон шоктугу. 1ствБ

2018-жылдын 26-май саат 08:00дөн 27-май саат 08:00гө карата

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон.

 

Бишкек шаары

Биринчи-Май району. 2018-жылдын 26-май күнү саат 09:10до КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары ЮГ-2 кичи районундагы №11 үйдүн 13-батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.

Чүй облусу

Токмок шаары. 2018-жылдын 26-май күнү саат 11:08де КР ӨКМнин №21 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Тоголок-Молдо көчөсүндөгү №32 үйдүн 5-батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.

 

Токмок шаары. 2018-жылдын 26-май күнү саат 11:40да КР ӨКМнин № 21 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Тоголок-Молдо көчөсүндөгү №20 үйдүн 28-батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинде 1937-жылы туулган С. А. А. (аял киши) аттуу жарандын жансыз денеси учураган. Куткаруучулар маркумдун денесин ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Сокулук  району. 2018-жылдын 26-май күнү саат 17:32де КР ӨКМнин №23 өрт-куткаруу бөлүмүнүн 4 куткаруучусу жана КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунан 6 куткаруучу Сокулук айылындагы Кайназар көчөсүндө жайгашкан көлмөгө 12 жаштагы (2006-жылы туулган Эсенов Алмаз) жаран сууга түшүп кеткен деген маалымат боюнча издөө иштерин жүргүзүүгө барышкан. Издөө иштери башталып, түн киргенине байланыштуу убактылуу тототулган. Иш-чаралар 27 май күнү улантылат.

 

27-майда Өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетет.

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарынын жана тыгындарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 2018-жылдын 26-май күнү саат 20:00дөн тартып Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постунда күйүүчү май ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

убактылуу коюлган чектөөлөр 2018-жылдын 27-май күнү саат 06:00дө алынды.

Ысык-Көл облусу

         Тоң району. 2018-жылдын 24-май күнү саат 03:00 чамаларында калың жааган кардын кесепетинен Тоң айыл аймагынын Коргонду-Булак айылынын Саз тилкесинде 137 кой, Төрт-Гүл айыл аймагынын Темир-Канат айылынын Чоң-Таш, Ак-Таш, Чоң-Кайкы, Абыл-Аке тилкелеринде 7 уй, 103 кой, 1 жылкы өлгөн. Бардыгы болуп 1 жылкы, 7 уй,  240 кой-эчкилер өлгөн.

          КР ӨКМнин Тоң райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иш-чараларын жүргүзүшүп, акт түзүшкөн. Жалпы район боюнча материалдык чыгым алдын ала эсептөөлөр боюнча 1 387 013 сом.

         Ак-Суу району. 24-май күнү түнкү саат 03:00 чамаларында калың жааган кардын кесепетинен Жыргалаң айыл аймагынын Көк-Жайык жайлоосунда 1 кулун, 1 музоо, 5 кой, Кереге-Таш айыл аймагынын Кызыл-Кыя жайлоосунда 1 жылкы, 2 кулун, 2 музоо, 71 кой, Ак-Чий айыл аймагынын Тасманын-Бели жана Ак-Сай жайлоолорунда 1 кулун, 1 музоо, 56 кой, Челпек айыл аймагынын Чымынды-Сай жайлоосунда 2 жылкы, Каракол айыл аймагынын Чымынды-Сай жайлоосунда 7 кой өлгөн. Бардыгы болуп 3 жылкы, 4 кулун, 4 музоо, 139 кой-эчки өлгөн.

         Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы, айыл аймактан 2 трактор, 1 ЗиЛ, 3 НИВА, 2 жол тандабас, 1 ГАЗ-66, 1 экскаватор, 1 УАЗ жана жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылып, жеринде тактоо иш-чараларын жүргүзүшүп, акт түзүшкөн. Жалпы район боюнча материалдык чыгым алдын ала эсептөөлөр боюнча 1 067 000 сом.

 

         Түп району. 24-май күнү түнкү саат 03:00 чамаларында калың жааган кардын кесепетинен Сан-Таш айыл аймагынын Каркыра жайлоосунда 59 кой-эчки өлгөн.

         Жарандык коргонуу комиссиясы, №4 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 грейдер жана а/аймактан 4 ГАЗ-53 жеринде тактоо иш-чараларын жүргүзүшүп, акт түзүшкөн. Жалпы район боюнча материалдык чыгым алдын ала эсептөөлөр боюнча 236 000 сом түздү.

         Ысык-Көл району. 24-май күнү түнкү саат 03:00 чамаларында калың жааган кардын кесепетинен Тору-Айгыр айыл аймагынан 20 жылкы, 33 уй, 282 кой, Тамчы айыл аймагынан 4 жылкы, 4 уй, 1200 кой, Чоң-Сары-Ой айыл аймагынан 8 жылкы, 1 уй, 379 кой, Кара-Ой айыл аймагынан 147 кой өлгөн. Бардыгы болуп, 36 жылкы, 35 уй, 2061 кой-эчки өлгөн. Ошондой эле Тамчы айыл аймагынын Чырпыкты айылынан Чырпыкты жайлоосуна баруучу жол жабылып калган.

          Кырсык болгон жерге КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Калыс Ахматовдун жетекчилигинде КР ӨКМнин Ысык-Көл обулусу боюнча башкармалыгынын башчысы, КР ӨКМнин Ысык-Көл району боюнча бөлүмүнүн башчысы, райондук Жарандык коргонуу комиссиясы, Тамчы айыл аймагынан 1 экскаватор, “Лонг-Хай” жолду куруу компаниясынан 1 экскаватор, жергиликтүү тургундардан 25 адам, Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрация башчысы-Аким, райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы, райондук санитардык-эпидемиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси барышты.

         Натыйжада Чырпыкты айылынан Чырпыкты жайлоосуна баруучу жол ачылды. Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иш-чараларын жүргүзүп, акт түзүшкөн. Жалпы район боюнча материалдык чыгым алдын ала эсептөөлөр боюнча 15 269 000 сом түздү.

         26-май күнү Тамчы айыл аймагына караштуу Кабырга жайытында өлгөн малдарды жерге көмүү иштери жүргүзүлүп, 300дөн ашык өлгөн кой-эчкилер көмүлдү.

         Мындан сырткары 26-май күнү саат 20:00дө КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунан 40 куткаруучу 2 даана КамАЗ унаасы менен калың жааган кардын кесепетинен өлгөн мал-жандыктарды кардан казып алып, жерге көмүү максатында жөнөп кетишип, 27-май күнү саат 02:30да жетишип, Ысык-Көл райондук №32 өрт-куткаруу бөлүмүнө жайгаштырылган.

         Ошондой эле, 27-май күнү саат 07:00дө КР ӨКМнин Ысык-Көл району боюнча Өз кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана бөлүмдүн 2 офицери, КР ӨКМнин КДМБнан 40 куткаруучу жана 2 КамАЗ, КР ӨКМнин Ысык-Көл райондук ӨКБнөн 40 куткаруучу, Балыкчы шаардык ӨКБнөн 20 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 30 адам Тамчы айыл аймагына тартылган. Жалпы КР ӨКМнен 103 куткаруучу тартылган. Андан сырткары, КР ӨКМнин ӨКЧКМБнан 1 жүктөгүч, 1 экскаватор, Тамчы айыл аймагынан 1 экскаватор, Ысык-Көл райондук авариялык калыбына келтирүү компаниясынан 1 экскаватор, “ЛОНХАЙ” жолду куруу компаниясынан 1 экскаватор тартылган.

Жалпы Ысык-Көл облусу боюнча: 40 жылкы, 4 кулун, 45 уй, 4 музоо жана 2446 баш кой-эчки өлгөн. Жалпы материалдык чыгым алдын ала эсептөөлөр боюнча 17 959 013 сом түздү.

 

Баткен облусу

         Лейлек району. Лейлек айыл аймагында 21-май күнү саат 17:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Коргон айылында жайгашкан 3 турак үйдүн ичине сел суулары кирген. Дам-Арык тилкесинде 150 метр ички чарбалык арыктар кум-шагылга толгон. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

         Жергилүктүү тургундардан 10 адам 26-май күнү Коргон айылында жайгашкан 3 турак үйдү толугу менен тазалашкан. Арыктарды тазалоо иш-чаралар 27-май күнү улантылат.

         Катран айыл аймагында 2018-жылдын 21-май күнү саат 18:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Күнгөй тилкесинде 1 турак үйдүн короосун, 6 жер тилкесин, 3 чарбалык имаратын кум-шагылга толгон. Ошондой эле Ала-Көл тилкесинде 200 метр ички чарбалык арыктарына кум шагыл толгон.

         Айыл аймактан 1 экскаватор жана  жергилүктүү тургундардан 10 адам тартылып, 26-май күнгө карата Күнгөй тилкесинде 1 турак үйдүн короосу, 5 жер тилкеси, 3 чарбалык имараттын короолору жана Ала-Көл тилкесиндеги 200 метр ички чарбалык арыктын 80 метри тазаланган. 27-май күнү иш-чаралар улантылат.

         Исфана шаарында 2018-жылдын 13-май күнү саат 17:15 чамасында катуу жаап өткөн жаандын кесепетинен сел жүргөн. Селдин кесепетинен 2,9 чакырым аралык ички чарбалык жолду, 3,7 чакырым  ички чарбалык арыктарды сел суулары басып калган. КР ӨКМги тарабынан авариялык-калыбына келтирүү иш-чаралары планына киргизилип 90 метр курулган дамбаны сел бузуп кеткен. 6 чарбалык имараттар селден жабыр тарткан. Караташ айылында ички чарбалык көпүрөнү толугу менен сел алып кеткен. Самат айылында КР ӨКМи тарабынан авариялык-калыбына келтирүү иш-чаралары планына киргизилип курулган дамбанын башын сел бузуп кеткен.

         Калта-Кол тилкесинде атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу планы боюнча курулган 150 даана габион сеткаларын сел алып, кум-шагылга толтурган.

         Жалпы район боюнча 31 турак үйгө (Бешкент айылында –22, Исфана шаарында– 5, Кулунду айыл аймагында — 4), 102 турак үйдүн жер тилкелерине (огород) (Бешкент айылында–47, Исфана шаарында– 21, Кулунду айыл аймагында – 17, Ак-Суу айыл аймагында – 11, Сумбула айыл аймагында — 6), 6 соц.объектинин (Исфана шаарында–“Акчайыр”, “Наристе”, “Ынтымак” бала бакчалары, Чимген айылында “Арчабешик” бала бакчасы, Бешкент айыл аймагында “Көгүчкөн” бала бакчасы жана Ак-Суу айыл аймагында орто мектеби) жер төлөөлөрүнө, 34 чарбалык имараттардын короосуна (ашкана) сел суулары кирген. Район боюнча сел агынынан 69 га жер аянттары жабыркаган. ЖТИнын балансындагы 4 көпүрө жабыркап, 1 ички чарбалык көпүрө жараксыз абалга келген. 242 баш кичи мал (МРС) ал эми 30 ири мүйүздүү мал (КРС) жандыктары селге агып кеткен. 51,9 чакырым ички чарбалык жолдор жабыркаган. 29,3 чакырым ички чарбалык арыктарды сел суулары каптаган.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here