2018-жылдын 28-майы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
818 просмотров

Шашылыш билдирүү:  туруксуз аба ырайы күтүлөт!

2018-жылдын 28-майда жана 29-майда түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт: 27-майда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 28-майда жана 29-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, жайлоолордо жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-майда күндүз жана 28-майда 17-22 метрге жетет.

28-майда күндүз жана 29-майда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөп: 28-майда күндүз Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 13…18°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 16…21°, тоо этектеринде 14…19°, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 12…17°, тоолуу райондордо 2…7° жылуу, бийик тоолуу райондордо -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.

29-майда түнкүсүн абанын температурасы Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 3…8°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 5…10°, тоо этектеринде, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 1…6° жылуу, тоолуу райондордо 0…-5°, бийик тоолуу райондордо -5…-10° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

2018-жылдын 28-31-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

         Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан 2018-жылдын 25-май күнү №02-34/426 жана 26-май күнү №02-34/430 телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалыматтар жиберилди.

 Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал  катталган жок

 ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу  кызматтары боюнча

маалымат

         Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 14 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган.

2018-жылдын 27-май саат 08:00дөн 28-май саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1 2-АӨКБ

1 13:48 13:50 13:53 13:56 14:14 0505112121 Свердлов району. Кожевенная көчөсү № жок даректе “Алкан” базарынын унаа токтоочу жайында Фольксваген Шаран үлгүсүндөгү  мамлекеттик № Т5633В унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
2 3-АӨКБ

1 15:08 15:15 15:25 15:30 15:49 0701717770 Свердлов району. Абдрахманов көчөсү № жок даректе Кычан Жакыпов атындагы эс алуучу бакчанын аймагында 40 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеи: тамеки тартууда этиятсыздык. 1ствБ
3 28-АӨКБ

6-АӨКБ

1 21:12

 

21:20

21:30

 

21:31

21:43 21:53 22:58

 

22:28

0705266999 Ленин району. Арча-Бешик жаңы конушу, Жылга-Сай көчөсү №19/180 даректе аянты 60 чарчы метр гараж толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.     2ствБ
4 6-АӨКБ

1 01:51 02:04 02:10 02:37 03:10 0709865127 Ленин району. Арча-Бешик жаңы конушу, Арча-Бешик көчөсү № 24/20, аянты 40 чарчы метр курулуш вагон толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. 1ствБ
5 28-АӨКБ

1 05-17 05-23 05-46 06-10 06-45 0551184249 Ленин району. Арча-Бешик жаңы конушу, Абаданов көчөсү № 40А дарегинде жыгач устундуу шифер жабылган мал сарайдын 100 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

1ствА

Ош шаары
6 12-АӨКБ

1 20:21 20:28 жетк чейин 21:37 0776239491 Кулатов кичи району. Айтиев көчөсү № жок даректеги Ош областтык психикалык саламаттык борборунун ачык аянтында 20 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. 1ствБ
7 13-АӨКБ

1 20:28 20:34 20:40 20:46 21:12 0775000136 Ленин көчөсү № жок даректе Борбордук базардын аймагында 20 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
Чүй облусу
8 27-АӨКБ

1 19:36 19:42 20:10 20:24 21:26 0702090326 Ысык-Ата району. Бишкек-Торугарт унаа жолунун 16-чакырымында 180 түк чөп жүктөлгөн Форд Карга үлгүсүндөгү мамлекеттик № 08KG605AAY унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
9 21-АӨКБ

1 21:15 21:23 21:25 21:27 21:46 0555444941 Токмок шаары. Жантаев көчөсү №26 даректе темир гараждын ичинде таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
Жалал-Абад облусу
10 97-АӨКБ

1 05:45 06:20 06:25 07:00 07:40 0708759272 Токтогул району. Бишкек-Ош унаа жолунун 256-чакырымында (Чычкан капчыгайы) МАН үлгүсүндөгү мамлекеттик В 02061АL жүк ташуучу унаанын арткы 4 дөңгөлөгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
11 56-ӨККБ

1 21:15 жолд. кайтуу 21:25 0779001500 Аксы району. Үч-Коргон айыл аймагындагы  Үч-Коргон айылында Дөөлөтбеков көчөсү № жок даректе ачык аянтта куураган чөп күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда.
12 56-ӨККБ

1 21:40 21:56 22:00 22:35 22:58 0778626341 Аксы району. Үч-Коргон айыл аймагы, Кум айылы, Андабеков көчөсү №32 даректе турак үйдүн 42 чарчы метр бөлмөсү толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. 1ствБ
Нарын облусу
13 42-ӨККБ

1 20:04 20:08 20:16 20:30 20:44 0700363620 Жумгал району. Чаек айылы, Муратбек Рыскулов көчөсү №50 даректе ачык аянтта бактын дүмүрү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
Талас облусу
14 101-ӨККБ

1 22:06 23:19 00:34 03:15 04:15 0702884688 Талас району. Айдаралиев айыл аймагындагы Көпүрө – Базар айылынын Дүйшөн-Ата көчөсүндөгү № жок даректе Жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 200 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби:  электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. 1ствА

1ствБ

 

2018-жылдын 27-май саат 08:00дөн 28-май саат 08:00гө карата

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 Куткаруу кызматтары тарабынан 7 чыгуу болгон.

 Бишкек шаары

Биринчи Май району. 2018-жылдын 27-май күнү саат 12:05де КР ӨКМнин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Фатьянова көчөсүндөгү №3 даректеги №4 Баладар бакчасынын алдындагы коркунуч жараткан бакты кыйып беришкен.

Чүй облусу

Сокулук району. 2018-жылдын 27-май күнү саат 07:30да КР ӨКМнин № 23 өрт-куткаруу бөлүмүнүн жана КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун куткаруучулары Сокулук айылында 2018-жылдын 26-май күнү Кайназаров көчөсүндө жайгашкан көлмөгө 2006-жылы туулган Эсенов Алмаз аттуу жаран түшүп кеткен жерге издөө иштерин жүргүзүүгө барышкан. 27-май күнү саат 08:30 чамасында жарандын жансыз денеси табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген.

Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл району. 2018-жылдын 24-май күнү Тамчы айыл аймагынын Чок-Тал жана Кабырга жайлоолорунда калың жааган кардын кесепетинен өлгөн малдарды 27-май күнү КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунан 40 куткаруучу 2 КамАЗ унаасы, Балыкчы шаардык № 19 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 21 куткаруучу, №35 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 10 куткаруучу, №32 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 15 куткаруучу, №31 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 25 куткаруучу, №33 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу, 2 Пикап, КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түндүк борборунан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч тартылып, жерге көмүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Каракол шаары. 2018-жылдын 27-май күнү саат 10:28де КР ӨКМнин №15 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары авариялык-куткаруу унаасы менен Коенкозов көчөсүндөгү №100 даректеги 40-батирдин эшигин ачып берүүгөн чыгышкан.

Каракол шаары. 2018-жылдын 27-май күнү саат 20:39да КР ӨКМнин №15 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары авариялык-куткаруу унаасы менен Абдрахманов көчөсүндөгү №123 дарегиндеги 14-батирдин бекилип калган эшигин ачып беришкен.

Жалал-Абад облусу

Кара-Көл шаары. 2018-жылдын 27-май күнү саат 17:55де КР ӨКМнин №94 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары авариялык-куткаруу унаасы менен Бишкек–Ош унаа жолунун 407-чакырымында Мерседес Спринтер үлгүсүндөгү мамлекеттик № 06KG854AAB жана Мерседес Спринтер үлгүсүндөгү мамлекеттик № D7770АА унаалары бири-бирин сүрүп кетишкен жерге барышкан. Жабыркагандар жок.

Баткен облусу

Сүлүктү шаары. 2018-жылдын 27-май күнү саат 16:45де КР ӨКМнин №1 өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунун куткаруучулары  «Ибрагимов» ЖЧКсынын шахтасына барышып, тосмо орнотуп беришкен.

 28-майда Өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

         Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, жайлоолордо жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге чейин жетет.

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарынын жана тыгындарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 2018-жылдын 27-май күнү саат 20:00дөн тартып Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постунда күйүүчү май ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2018-жылдын 28-май күнү саат 06:00дө убактылуу коюлган чектөөлөр алынды.

Ысык-Көл облусу

         Тоң району. 2018-жылдын 24-май күнү калың жааган кардын кесепетинен  Тоң айыл аймагынын Коргонду-Булак айылынын Саз тилкесинде 137 кой, Төрт-Гүл айыл аймагынын Темир-Канат айылынын Чоң-Таш, Ак-Таш, Чоң-Кайкы, Абыл-Аке тилкелеринде 7 уй, 103 кой, 1 жылкы өлгөн. Бардыгы болуп 1 жылкы, 7 уй,  240 кой-эчкилер өлгөн.

         КР ӨКМнин Тоң райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары, райондук Жарандык коргонуу комссиясы жана райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын кызматкерлери жерине барышкан.

         27-май күнү 1 жылкы, 7 уй, 240 кой-эчкилер толугу менен көмүлгөн. Жалпы район боюнча келтирилген материалдык чыгым алдын ала эсептөөлөр боюнча 1 387 013 сомду түздү.

         Ысык-Көл району. 24-май күнү калың жааган кардын кесепетинен Тору-Айгыр айыл аймагынан 20 жылкы, 33 уй, 282 кой, Тамчы айыл аймагынан 4 жылкы, 4 уй, 1200 кой, Чоң-Сары-Ой айыл аймагынан 8 жылкы, 1 уй, 379 кой, Кара-Ой айыл аймагынан 147 кой өлгөн. Бардыгы болуп 36 жылкы, 35 уй, 2061 кой-эчки өлгөн. Тамчы айыл аймагына 24-май күнү Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким — райондук Жарандык коргонуу башчысы тарабынан Өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген.

          Окуя болгон жерге КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунан 40 куткаруучу 2 КамАЗ унаасы, Балыкчы шаардык № 19 АӨКБдан 21 куткаруучу, № 35 ӨКБдан 10 куткаруучу, № 32 ӨКБдан 15 куткаруучу, № 31 ӨКБдан 25 куткаруучу, № 33 ӨКБдан 5 куткаруучу, 2 Пикап, КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түндүк борборунан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч; Райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын 3 кызматкер; Жергиликтүү тургундардан 174 адам, айыл аймактан 1 жүктөгүч, 2 Спринтер, 1 ГАЗ-53, 4 УАЗ, 1 Нива;  Кытай “Лонхай” ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган.

         27-май күнү тартылган күч каражаттардын жардамында Тамчы айыл аймагынын Чок-Тал жайлоосунда 2 жылкы, 1 уй, 1024 кой-эчки, Кабырга жайлоосунда 5 жылкы, 15 уй, 621 кой жана Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын жайыттарында 8 жылкы, 1 уй, 379 кой көмүлдү. Жалпы 15 жылкы, 17 уй жана 2024 кой көмүлгөн жана КР ӨКМнин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын өзгөчө кырдаалдарга каралган акча каражатынан 30 000 сом бөлүнүп, Өзгөчө кырдаал болгон жерде иш-чара жүргүзүп жаткан техникаларга күйүүчү май сатып алынып, куюлуп берилген. 28-май күнү өлгөн мал-жандыктарды көмүү иш-чаралары улантылат жана көмүлгөн мал-жандыктардын саны айыл өкмөтү тарабынан жалпыланып, такталат. Мындан сырткары Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан келтирилген материалдык чыгымды кошумча тактоо иштери жүргүзүлөт.

 Баткен облусу

         Лейлек районунун Лейлек айыл аймагында 21-майында саат 17:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Коргон айылында жайгашкан 3 турак үйдүн ичине сел суулары кирген. Дам-Арык тилкесинде 150 метр ички чарбалык арыктар кум-шагылга толгон. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

         Жергилүктүү тургундардан 10 адам тартылып, 27-май күнү Коргон айылындагы 3 турак үй толугу менен тазаланган. Арыктарды тазалоо иш-чаралар 28-май күнү жүргүзүлөт.

         Катран айыл аймагында 2018-жылдын 21-май күнү жааган жамгырдын кесепетинен Күнгөй тилкесинде 1 турак үйдүн короосун, 6 жер тилкесин жана Ала-Көл тилкесинде 200 метр ички чарбалык арыктарына кум-шагыл толгон.

         Айыл аймактан 1 экскаватор жана жергилүктүү тургундардан 20 адам тартылып, 27-май күнү Күнгөй тилкесиндеги 1 турак үйдүн короосу, 6 жер тилкеси жана Ала-Көл тилкесиндеги 200 метр ички чарбалык арык толугу менен тазаланып, иш-чаралар бүткөрүлдү.

         Исфана шаарында 2018-жылдын 13-май күнү катуу жаандан сел жүргөн. Селдин кесепетинен КР ӨКМги тарабынан авариялык-калыбына келтирүү иш-чаралары планына киргизилип 90 метр курулган дамбаны сел бузуп кеткен. Караташ айылында ички чарбалык көпүрөнү толугу менен сел алып кеткен.  Самат айылында КР ӨКМи тарабынан авариялык-калыбына келтирүү иш-чаралары планына киргизилип курулган дамбанын башын сел бузуп кеткен.

         Калта-Кол тилкесинде атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу планы боюнча курулган 150 даана габион сеткаларын сел алып, кум-шагылга толтурган.

         Учурда селдин кесепетинен кыйраган жерлер Авариялык-калыбына келтирүү иш-чараларынын планына киргизилүүсү каралууда.

        КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here