2018-жылдын 29-майы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
761 просмотров

Шашылыш билдирүү: Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында сел жүрүүсү күтүлүүдө!

2018-жылдын 29-майда түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт: түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, жайлоолордо жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 29-майда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөп: түнкүсүн абанын температурасы Чүй, Талас дыйканчылык аймактарында 3…8°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 5…10°, тоо этектеринде, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 1…6° жылуу, тоолуу райондордо 0…-5°, бийик тоолуу райондордо -5…-10° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

2018-жылдын 29-31-майында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

         Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан 2018-жылдын 25-май күнү №02-34/426 жана 26-май күнү №02-34/430 телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалыматтар жиберилди.

 Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал  катталган жок

 ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу  кызматтары боюнча

маалымат

         Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 8 бөлүм тартылган.

2018-жылдын 28-май саат 08:00дөн 29-май саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1 5-АӨКБ

1 15:02 15:22 Жеткенге чейин 15:55 0702301286. Октябрь району.  12-кичи району, №52 үйдүн жанында 0,5 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: электр ширетүү иштеринде өрт коопсуздугу эреженин бузулушу.
2 2-АӨКБ

1 16:05 16:18 16:30 17:10 17:20 0556730450 Свердлов району. Тульская көчөсү №1/1 даректеги турак үйдүн 40 чарчы метр шыбы күйгөн. Ээси: А. Пономарев. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
3 3-АӨКБ

1 17:34 17:45 18:09 62-38-81 Биринчи май району. Абдрахманов көчөсүндөгү №176 үйдүн подъездинен түтүн чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт жөнүндө маалымат тастыкталган жок.
4 28-АӨКБ

1 20-27 20-40 55-09-30 Ленин району. Чоң-Арык айылы, Ч.Айтматов  көчөсүндө трансформатор күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат текшерилген. Бөлүм жолдон кайткан.
Ош шаары
5 12-ӨКБ

1 23:42 23:44 23:49 00:15 00:35 0778074740 Абдыкадыров көчөсү № жок даректе “Жашылдандыруу” ишканасына тиешелүү  темир гараждын ичинде кийим-кече жана тиричилик шаймандар күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
Ысык-Көл облусу
6 36-ӨКБ

1 09:42 10:40 10:41 10:46 12:45 0703829577 Жети-Өгүз району. Каракол-Жети-Өгүз унаа жолунун 70-чакырымында Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа (мамлекеттик № 09713 АО) толугу менен күйгөн. Ээси: 1990-жылы туулган Д. Шаурбеков. Өрттүн себеби: электр зымдардын кыска туташуусу. 1ствБ
Баткен облусу
7 108-ӨКБ

1 15:14 15:38 16:01 16:40 18:13 101 Лейлек району. Кулунду айылындагы “Корма-Цех” тилкесинде жалпы аянты 2 га болгон бакчада 230 сотых куураган чөп жана 47 көчөт күйгөн. Ээси: 1953-жылы туулган А. Калматов. Өрттүн себеби:  электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ
Жалал-Абад облусу
8 56-ӨКБ

1 16:35 16:40 Жеткенге чейин 16:50 0773390038 Ноокен району. Шамалды-Сай шаарчасы, Заречный көчөсүндө 10 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

 

2018-жылдын 28-май саат 08:00дөн 29-май саат 08:00гө карата

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон.

Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл району. 2018-жылдын 24-май күнү Тамчы айыл аймагынын жана Тору-Айгыр айыл аймагынын жайлоолорунда калың жааган кардын кесепетинен өлгөн малдарды 28-май күнү КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунан 40 куткаруучу 2 КамАЗ унаасы менен, Балыкчы шаардык №19 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 айдоочу, №32 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 7 куткаруучу, №31 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 7 куткаруучу жалпы 55 куткаруучу тартылып, жерге көмүү иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Каракол шаары. 2018-жылдын 28-май күнү саат 14:00 чамасында ылдамдыгы секундасына 12 метрге жеткен шамал катталып, шамалдын кесепетинен №10 «Келечек» бала бакчасынын кампасынын 3 даана шиферин,  №127 көп кабаттуу үйдүн 80м2 туникесин, №101 көп кабаттуу үйдүн 180м2 туникесин, №1 орто мектептин 8 даана шиферин, Кара тумоого каршы бөлүмүнүн 114 м2 туникесин, автобазанын 600м2 туникесин, 1 дүкөндүн 30 м2 туникесин учурган. КР ӨКМнин №15 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары №127 көп кабаттуу үйдүн учкан чатырын жерге түшүрүп беришкен.

Жалал-Абад облусу

Сузак району. 2018-жылдын 28-май күнү саат 19:00 чамасында Таш-Булак айыл аймагында Көк-Арт дарыясына 2011-жылы туулган Т.У. М. аттуу бала агып кеткен. Издөө иштерине КР ӨКМнин №65 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 14 куткаруучу, Жалал-Абад шаардык №20 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 суучул, №58 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу жалпысынан 19 куткаруучу жана РИИБнөн  25 кызматкер  тартылган. Саат 20:50 чамасында куткаруучулар баланын жансыз денесин табышып, ата-энесине өткөрүп беришкен.

Баткен облусу

Сүлүктү шаары. 2018-жылдын 28-май күнү саат 09:47де КР ӨКМнин №1 өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыгынан куткаруу взводунун 7 куткруучусу «Ибрагимов» ЖЧКсын шахтасына барышып, тосмо (перемычка) орнотуп беришкен.

29-майда Өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарынын жана тыгындарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 2018-жылдын 28-май күнү саат 20:00дөн тартып Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постунда күйүүчү май ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

Убактылуу коюлган чектөөлөр 2018-жылдын 29-май күнү саат 06:00дө алынды.

Ысык-Көл облусунун  Каракол шаары 2018-жылдын 28-май күнү саат 14:00 чамасында ылдамдыгы секундасына 12 метрге жеткен шамал катталып, шамалдын кесепетинен №10 «Келечек» бала бакчасынын кампасынын 3 даана шиферин,  №127 көп кабаттуу үйдүн 80м2 туникесин, №101 көп кабаттуу үйдүн 180м2 туникесин, №1 орто мектептин 8 даана шиферин, Кара тумоого каршы бөлүмүнүн 114 м2 туникесин, автобазанын 600м2 туникесин, 1 дүкөндүн 30 м2 туникесин учурган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

         КР ӨКМнин Каракол шаардык бөлүм башчысынын орун басары, шаардык Жарандык коргонуу комиссиясы, №15 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тактоо иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле куткаруучулар №127 көп кабаттуу үйдөн учкан чатырын жерге түшүрүп беришти.

         Жети-Өгүз району. 2018-жылдын 28-май күнү саат 13:00 чамасында ылдамдыгы секундасына 14 метрге жеткен шамал катталып, шамалдын кесепетинен Кызыл-Суу айылында жайгашкан Жети-Өгүз райондук сотунун имаратынын 235м2 туникесин, Саруу айылында 2 турак үйдүн 10 даана шиферин, 162м2 туникесин, 1 сарайдын 30м2 туникесин учурган.  Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

          КР ӨКМнин Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн башчысы жана жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан келтирилген материалдык чыгымдар боюнча тактоо иштери жүргүзүлдү.

         Ысык-Көл району. 24-май күнү калың жааган кардын кесепетинен Тору-Айгыр, Тамчы, Чоң-Сары-Ой жана Кара-Ой айыл аймактарында жылкы, уй,  кой-эчкилер өлгөн. Тамчы айыл аймагына 24-май күнү №127-Б буйругу менен Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким — райондук Жарандык коргонуу башчысы тарабынан “Өзгөчө кырдаалдар” режими киргизилген.

          КР ӨКМнин Ысык-Көл райондук бөлүм башчысы, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрация башчысы акими-Жарандык коргонуу кызматынын башчысы, КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунан 40 куткаруучу 2 КамАЗ унаасы, Балыкчы шаардык №19 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 айдоочу,  №32 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 7 куткаруучу, №31 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 7 куткаруучу, 2 Пикап, Райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынан 3 кызматкер, Кытай “Лонхай” ишканасынан 1 жүктөгүч, КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түндүк борборунан 1 жүктөгүч, жергиликтүү тургундардан 20 адам,  1 УАЗ автоунаасы тартылып, 28-май күнү Тамчы айыл аймагынын жайыттарында 153 кой-эчки, Тору-Айгыр айыл аймагынын жайыттарында 124 кой-эчки көмүлдү.

26-29-май күндөрү Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын жайыттарында 21 жылкы, 7 уй, 434 кой-эчки, Кара-Ой айыл аймагынын жайыттарында 166 кой-эчки, Тамчы айыл аймагынын жайыттарында 5 жылкы, 15 уй, 1915 кой-эчки, Тору-Айгыр айыл аймагынын жайыттарында 40 жылкы, 64 уй, 381 кой-эчки көмүлгөн. Жалпы район боюнча 66 жылкы, 86 уй, 2896 кой-эчки көмүлгөн. Мындан сырткары Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан келтирилген материалдык чыгымды кошумча тактоо иштери жүргүзүлөт.

 Баткен облусу

         Лейлек району. Лейлек айыл аймагында 21-май күнү саат 17:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Дам-Арык тилкесинде 150 метр ички чарбалык арыктар кум-шагылга толгон. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

         Жергилүктүү тургундардан 10 адам арыктарды тазалоо иш-чараларын жүргүзүштү.

         Исфана шаарында 2018-жылдын 13-май күнү катуу жаандан сел жүргөн. Селдин кесепетинен КР ӨКМи тарабынан авариялык-калыбына келтирүү иш-чаралары планына киргизилип 90 метр курулган дамбаны сел бузуп кеткен. Караташ айылында ички чарбалык көпүрөнү толугу менен сел алып кеткен.  Самат айылында КР ӨКМи тарабынан авариялык-калыбына келтирүү иш-чаралары планына киргизилип курулган дамбанын башын сел бузуп кеткен.

         Калта-Кол тилкесинде атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу планы боюнча курулган 150 даана габион сеткаларын сел алып, кум-шагылга толтурган.

         Учурда селдин кесепетинен кыйраган жерлер Авариялык калыбына келтирүү иш-чараларынын планына киргизүүсү каралууда.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here