2018-жылдын 30-майы саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча  ыкчам маалымат

0
1 082 просмотров

Шашылыш билдирүү: Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында  жүрүшү мүмкүн!

 2018-жылдын 30-31-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

         Аткарылган иш-чаралар: Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2018-жылдын 26-майында №02-34/430 телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал  катталган жок

ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу  кызматтары боюнча

маалымат

         Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 7 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган.

2018-жылдын 29-май саат 08:00дөн 30-май саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Ош шаары
1 12-ӨККБ

 

 

1  

07:51

 

08:00

 

07:55

 

08:05

 

08:17

 

08:37

 

09:21

 

08:48

 

0551272770

Борбордук базарда жанаша жайгашкан жалпы аянты 22 чарчы метр 4 контейнердин ичинде кийим кече товарлары күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
Чүй облусу
2 21-АӨКБ

1 15:17 15:20 15:28 15:55 16:00 07000093924 Токмок шаары, Шамшинская көчөсүндө ачык аянтта 30 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
3 27-АӨКБ

1 17:39 17:49 17:52 17:57 18:10 0554154710 Ысык-Ата району, Дмитриевка айылы, Биринчи-Май көчөсү №26, 9 чарчы метр сарайдын ичинде үй-чарба буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
4 22-АӨКБ

1 20:55 21:02 —- —- 21:30 0552363236 Кара-Балта шаары, Космонавтов көчөсү, №1 үйүнүн 12-батиринде жанык печканын үстүндө тамак калып калган.  Өрт жөнүндө маалымат тастыкталган жок. —-
Нарын облусу
5 45-ӨККБ

 

1

 

 

 

09:28

 

09:45

 

09:30

 

09:48

 

09:39

 

11:05

 

12:39

 

11:54

 

0706636164

Ат-Башы району, Өмүракунов №156, 3 кабаттуу имараттын биринчи кабаттагы “Алина” кафесинин дубалынын аянты 77 чарчы метр пластик ички жасалгасы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 4ствБ
6 45-ӨККБ

1 15:22 15:25 15:30 15:50 16:30 101 Ат-Башы району, Ой-Терскен айылы №9, жыгач устундуу шифер жабылган кампанын 20 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ
Жалал-Абад облусу
7 65-ӨККБ

20-АӨКБ

1 18:17

 

18:11

18:30

 

18:30

—- —- жеткенге чейин 101 Сузак району, Птицеград айылы, №6 үйүнүн 16-батиринде 7 чарчы метр пластик шыбы жана үй-тиричилик техникалары күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуучу.

 

—-
8 55-ӨККБ

1 21:50 22:05 22:07 22:39 23:53 0556545657 Ноокен району, Кочкор-Ата шаары, Октябрь көчөсү, жалпы аянты 12 чарчы метр азык-түлүк сатуучу контейнер толугу менен күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

 

КР ӨКМнин Куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болгон.

Нарын облусу

Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында 2018-жылдын 29-май күнү Жылкычы уулу көчөсүндө 1974-жылы туулган   Р.Б. аттуу жаран аңга түшүп кеткен.  КР ӨКМнин №45 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жеткенге чейин жергиликтүү тургундар өз алдынча аңдан чыгарып алышкан.

30-майда Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы

 Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын жана тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 2018-жылдын 29-май күнү саат 20:00дөн тартып Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постунда күйүүчү май ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2018-жылдын 30-майында саат 06:00дө убактылуу коюлган чектөөлөр алынды.

Ысык-Көл облусу

         2018-жылдын 23-майынан 24-майына караган түнү Ысык-Көл облусунун аймактарынын жайыттарында кар калын жаашынан жана катуу шамалдын кесепетинен жайлоодогу мал жандыктар өлгөн.

         26-28-майында атайын Беккари чункуру казылып, өлгөн мал жандыктарды санитардык эрежелерге ылайык көмүү иштери  жүргүзүлгөн. Материалдык чыгымды аныктоо боюнча Жарандык коргонуу комиссиясынын отуруму өткөрүлүп, төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарылып, актысы түзүлгөн:

      Ысык-Көл району боюнча:

          — кой – 2941 баш  (10 587 600 сом);

         — уй – 87 баш  (2 610 000 сом);

         — жылкы – 111 баш (4 440 000 сом)

Жалпы район боюнча келтирилген материалдык чыгым 17 637 600  сомду түзгөн.

Ак-Суу району боюнча:

         — кой – 139 баш  (692 000 сом);

         — уй – 4 баш  (80 000 сом);

         — жылкы – 7 баш (295 000 сом)

Жалпы район боюнча келтирилген материалдык чыгым 1 067 000 сомду түзгөн.

Түп району боюнча:

         — кой – 59 баш  (236 000 сом)

Жалпы район боюнча келтирилген материалдык чыгым 236 000 сомду түзгөн.

Тоң району боюнча:

         — кой – 240 баш  (1 042 013 сом)

         — уй –7 баш  (280 000 сом)

         — жылкы – 1 баш  (65 000 сом)

Жалпы район боюнча келтирилген материалдык чыгым 1 387 080 сомду түзгөн.

 Ысык-Көл облусу боюнча:

         — кой – 3379 баш  (12 557 613 сом);

         — уй –98 баш  (2 970 000 сом);

         — жылкы – 119 баш (4 800 000 сом).

Жалпы облус боюнча келтирилген материалдык чыгым болжол менен 20 327 680 сомду түзгөн.

         Мындан сырткары 2018-жылдын 24-май күнү Ысык-Көл районунун Тамчы айыл аймагына киргизилген Өзгөчө кырдаал режими, 29-майында Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким — райондук Жарандык коргонуу башчысынын №134-б буйругунун негизинде алынган.

Баткен облусу

         Исфана шаары. 2018-жылдын 13-майында катуу жаандан сел жүргөн. Селдин кесепетинен, КР ӨКМги тарабынан авариялык калыбына келтирүү иш-чаралары планына киргизилип 90 метр  курулган дамбаны сел бузуп кеткен. Караташ айылында ички чарбалык көпүрөнү толугу менен сел алып кеткен.  Самат айылында КР ӨКМ тарабынан авариялык калыбына келтирүү иш-чаралары планына киргизилип курулган дамбанын башын сел бузуп кеткен.

         Калта-Кол тилкесинде атайын алдын алуу кесепеттерин жоюу планы боюнча курулган 150 даана габион сеткаларын сел алып, кум шагылга толтурган.

         Учурда селдин кесепетинен кыйраган жерлер КР ӨКМнин Авариялык калыбына келтирүү иш-чараларынын планына киргизүүсү каралууда.           

 КР ӨКМ басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here