2018-жылдын 31-май саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
905 просмотров

Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал  катталган жок

 ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу  кызматтары боюнча

маалымат

         Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 6 бөлүм тартылган.

2018-жылдын 30-май саат 08:00дөн 31-май саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1 8-АӨКБ

1 10:21 —- жетк. чейин 10:25 37-19-80,

37-19-57

Ленин району. Исанов көчөсү № жок даректе турак үйдөн өрт чыккан. Өрттү бөлүм жеткенге чейин өздөрү өчүрүп алышкан.
2 2-АӨКБ

1 13:20 —- жетк. чейин 13:25 07785656 81 Свердлов району. Дордой жаңы конушунда Ибраимов көчөсү №3 даректе ачык аянтта таштанды күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өздөрү өчүрүп алышкан.
Ош шаары
3 109-ӨККБ

1 17:47 17:57 18:00 18:27 18:45 0705862205 Достук кичи району. №85 көчөсүндөгү №40 үйдүн 3 чарчы метр бастырмасы күйгөн. Өрттүн себеби: электр ширетүү иштеринде өрт коопсуздук эреженин бузулушу. 1ствБ
Чуй облусу
4 4-ӨККБ

1 14:46 14:57 15:08 16:31 16:46 0700956064 Ысык-Ата району. Ивановка айылы, Садовая көчөсү №28 даректе ачык аянтта 200 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
5 3-АӨКБ

1 19-10 19-22 20-21

 

 

20-48

 

 

 

21-05 101

 

 

Аламүдүн району. Аламүдүн айылы, Панфилов көчөсү №291 даректе турак үйдүн 120 чарчы метр жыгач устундуу темир жабылган чатыры жана бастырмасы күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. 1ствБ
Жалал-Абад облусу
6 20-АӨКБ

1 16:00 16:05 16:06 16:20 16:41 0555646804 Жалал-Абад шаары. Барпы Сейил көчөсүндө жол оңдоочу ишкананын (ДЭП №6) мамлекеттик № 1318ST автогудронатор унаасынын цистернасы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

 

2018-жылдын 30-май саат 08:00дөн 31-май саат 08:00гө карата

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон.

Бишкек шаары

Свердлов району. 2018-жылдын 30-май күнү саат 18:10до КР ӨКМнин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Аламүдүн-1 кичи районуедагы №94 үйдүн 41-батиринин жабылып калган эшигин ачып берүүгө чыгышкан.

Чүй облусу

Жайыл району. 2018-жылдын 30-май күнү саат 11:18де КР ӨКМнин №22 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Бишкек–Ош унаа жолунун 81-чакырымында мамлекеттик № 08KG883ABR Мерседес үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа бакты сүзгөн жерге жардам берүүгө барышкан. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу 1995-жылы туулган Э. Маматалиев башынан жабыркаган. Жабыркаган жаранды тез жардам кызматкерлери Кара-Балта шаардык ооруканасына алып кетишкен.

Жалал-Абад облусу

Жалал-Абад шаары.  2018-жылдын 30-май күнү саат 12:30да КР ӨКМнин №58 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Барпы Сейил көчөсүндөгү №77 үйдүн 45-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Нарын облусу

Кочкор району. 2018-жылдын 30-май күнү саат 20:43дө КР ӨКМнин №42 өрт-куткаруу бөлүмүнүн 6 куткаруучусу Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 250-чакырымында (Сары-Булак айылы) Ауди 100 үлгүсүндөгү мамлекеттик № S2525D унаа жана Хонда Фит үлгүсүндөгү мамлекеттик № 08KG216ASS унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталган жерге барышкан. Кырсык болгон жерде 3 адам (2 эркек,1 аял) каза болуп, 6 адам оор жаракат алган. Куткаруучулар жаракат алгандарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Аты-жөнү такталууда.

31-май күнү Өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

 Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарынын жана тыгындарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 2018-жылдын 30-май күнү саат 20:00дөн тартып Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постунда күйүүчү май ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

Убактылуу коюлган чектөөлөр 2018-жылдын 31-май күнү саат 06:00дө алынды.

Нарын облусу

         Кочкор районунда 2018-жылдын 30-май күнү саат 20:40 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 250-чакырымында (Сары-Булак айылы) Ауди 100 үлгүсүндөгү мамлекеттик № S2525D жана Хонда Фит үлгүсүндөгү мамлекеттик № 08KG 216ASS унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсык болгон жерде 3 адам (2 эркек, 1 аял) каза болуп, 6 адам оор жаракат алган. Аты-жөнү такталууда.

         КР ӨКМнин Кочкор райондук №42 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 6 куткаруучу, КР ИИМнин жана медициналык кызматынын кызматкерлери кырсык болгон жерге барышып, куткаруучулар каза болгон жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып беришкен. Жаракат алган адамдар Нарын шаарына бара жаткан унаалар менен облустук ооруканага жеткирилген. Каза болгон адамдар Кочкор райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here