2018-жылдын 1-июну саат 08:00гө карата Кыргыз республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
794 просмотров
  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал  катталган жок

 ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу  кызматтары боюнча

маалымат

         Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 12 бөлүм тартылган.

2018-жылдын 31-май саат 08:00дөн 1-июнь саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1 АӨКБ-3

1 12:10

12:29

12:15

12:41

12:41

12:51

13:38

13:06

0777796905 Свердлов району.  Чүй проспекти №4А дарегинде Бишкек водозабор ККСК жерине караган 2га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: тамеки тартуудагы этиятсыздык.

 

2ствБ
Ош шаары
2 ӨККБ-13

1 00:01 00:06 00:30 00:39 01:19 0554667727 Өзгөн көчөсү №126 даректе көп кабаттуу үйдүн жанында гараждын ичинде 5 дөңгөлөк жана  мамлекеттик № О1770Т УАЗ үлгүсүндөгү унаанын арткы дөңгөлөгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
Ош облусу
3

 

ӨКБ-53

1 12:32

12:42

12:40

12:50

13:00

13:30

13:45

13:18

0559864800 Өзгөн району. Жаңы-Абат айылы, Хашимов көчөсү № жок даректе жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 60 чарчы метр  чатыры жана 30 түк пресстелген чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ
4 ӨКБ-25

1 13:18 13:33 13:40 13:50 14:40 0502789696 Кара-Суу району. Жоош  айыл аймагы, Агартуу айылында Шамуротов көчөсү № жок даректе жыгач устундуу тунуке менен жабылган бастырманын 30 чарчы метри жана 30 боо кебез күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле жасоо. 1ствБ
Жалал-Абад облусу
5 ӨКБ-59

1 10:44 10:47 10:50 11:27 12:10 0777748099 Сузак району. Октябрь айылынын Чопоев көчөсү №11 даректе жалпы аянты 9 чарчы метр камыш жабылган сарайдын чатыры жана 4 даана жыгач, 7 даана устун күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын өрт менен болгон шоктугу. 1ствБ
6 ӨКБ-94

1 17:55 18:03 18:07 18:18 18:45 0374651550 Кара-Көл шаары. Массиров көчөсү №21 даректе жалпы аянты 8 чарчы метр сарайдын ичиндеги буюмдар күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын өрт менен болгон шоктугу. 1ствБ
7 ӨКБ-20

1 01:00 жеткенге чейин 01:10 Жалал-Абад шаары. Токтогул көчөсүндө таштанды таштоочу жайда таштанды күйгөн. Өрт өчүрүүчүлөр жеткиче өрт өчүрүлгөн.
8 ӨКБ-55

1 03:40 03:45 03:48 05:15 05:20 0778122626 Ноокен району. Масы айыл аймагы, Манас көчөсү №3 даректе жалпы аянты 56 чарчы метр сарайдын тунуке менен жабылган чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
Ыссык-Көл облусу
9 ӨКБ-37

1 01:15 01:53 03:09 05:20 06:50   Жети-Өгүз району. Тосор айылындагы Салакум көчөсү №4 даректе жалпы аянты 80 чарчы метр турак үйдүн шифер менен жабылган чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска тутаашуусу.  
10 ӨКБ-36

1 03:28 03:33 03:48 04:25 04:30 0392251181 Жети-Өгүз району. Умаров көчөсү №42 даректе турак үйдөгү сарайдын ичинде 4 куб.метр тактай жана 3 чарчы метр даараткана толугу менен күйгөн.

Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

 

2018-жылдын 31-май саат 08:00дөн 1-июнь саат 08:00гө карата

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон.

 Чүй облусу

Ысык-Ата району. 2018-жылдын 31-май күнү саат 14:19да Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 42-чакырымында мамлекеттик № В 03-06АХ Форд-Фокс үлгүсүндөгү унаа менен мамлекеттик № S 35-65 AI Мерседенс-Бенц D-811 (Гигант) үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен Форд-Фокус унаасынын айдоочусу 1977-жылы туулган И.У.М. кырсык болгон жерде көз жумган, жүргүнчүсү 1985-жылы туулган А. Ш.С оор жаракат алган. КР ӨКМнин №21 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары кырсык болгон жерге куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн барышкан. Тез жардам кызматкерлери каза болгон жана жабыркаган адамды Кант шаардык ооруканасына жеткиришкен.

Жайыл району. 2018-жылдын 31-май күнү саат 21:35де Бишкек-Ош унаа жолунун 114-чакырымында мамлекеттик № D55-36E “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгүү унаа менен мамлекеттик № A61-41Е “Мерседес-Бенц Гигант” үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Жол кырсыктын кесепетинен 2 айдоочу: 1965-жылы туулган Макен Дооронов жана 1953-жылы туулган Сайфуддин Шамшиев жаракат алышкан. КР ӨКМнин №22 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары кырсык болгон жерге куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн чыгышкан. Жабыркагандарды тез жардам кызматкерлери Кара-Балта шаардык ооруканага жеткиришкен.

Ысык-Көл облусу

Каракол шаары. 2018-жылдын 31-май күнү саат 20:30да КР ӨКМнин №15 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Туманов көчөсү №76 даректеги 66-батирдин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

1-июнда Өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

 Кыргыз тоо кыркаларында жаан-чачын жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

 Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарынын жана тыгындарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 2018-жылдын 31-май күнү саат 20:00дөн тартып Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постунда күйүүчү май ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

Убактылуу коюлган чектөөлөр 2018-жылдын 1-июнда саат 06:00дө алынды.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here