2018-жылдын 4-июнь саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындгы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
752 просмотров

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлөт!

         2018-жылдын 4-5-июнь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 17-22 метрге жетет. Ошондой эле республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

         Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

         Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал  катталган жок

 

ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу  кызматтары боюнча

маалымат

         Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 7 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 8 бөлүм тартылган.

2018-жылдын 3-июнь саат 08:00дөн 4-июнь саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт  

 

Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1 6-АӨКБ

1 10:17 10:20 10:28 10:35 10:44 0555755173 Биринчи Май району. Патриса Лумумбы көчөсү №143 даректе Павильондун 15 чарчы метр пластик шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
2 5-АӨКБ

1 11:15 11:30 11:38 11:47 12:12 0312560316 Октябрь району. Токтоналиев көчөсү №6Б дарегиндеги “Илим” жеке мектебинин жер төлөөсүндө компьютер жана жабдыктары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
3 3-АӨКБ

1 20:16 20:30 0555838417 Свердлов району. Жибек-Жолу көчөсү №155 даректе турак үйдүн чатыры күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Маалымат тастыкталган жок.
4 7-АӨКБ

1 22:51 23:02 23:07 23:35 00:01 0701868485 Октябрь району. Тунгуч кичи району №65 даректе унаа токтотуучу жайда Мерседес Бенц үлгүсүндөгү мамлекеттик № 01KG034ABF унаанын салону, кыймылдаткыч бөлүгү жана эки алдынкы дөңгөлөктөрү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

 

1ствБ
Чүй облусу
5 7-АӨКБ

1 12:32 Жеткенге чейин 12:56 0772664385 Аламүдүн району. Лебединовка айылы, Тянь-Шань көчөсү №26 даректе турак үйдө от жагуучу меш күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчкөн.
6 22-АӨКБ

1 14:18 14:33 14:38 15:00 15:10 0557192728 Жайыл району. Кара-Балта шаары, Урманалы көчөсү №56 даректе ачык аянтта 50 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
Ысык-Көл облусу
7 19-АӨКБ

1 18:45 18:51 19:06 19:16 19:45 0707144990 Балыкчы шаары. Озерная көчөсүнүн №248 дарегинде турак үйдүн короосундагы мончонун 2 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: мештерди пайдаланууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу. 1ствБ
8 39-ӨКБ

1 03:12 03:17 03:30 03:50 04:20 0770008321 Ак-Суу району.  Лесное айылында электр карагайы күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ

2018-жылдын 3-июнь саат 08:00дөн 4-июнь саат 08:00гө карата

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон.

 

Бишкек шаары

Свердлов району. 2018-жылдын 3-июнь күнү саат 17:15де КР ӨКМнин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Жибек-Жолу жана Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөөнүн астынан 35-40 жаштагы (аты-жөнү такталууда) славян улутундагы кишини чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Абалы канааттандырарлык.

Биринчи Май району. 2018-жылдын 3-июнь күнү саат 22:58де КР ӨКМнин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары Жибек-Жолу көчөсүндөгү №625 үйдүн 14-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинде 1940-жылы туулган К.Н.И. (аял киши) аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Маркумдун денесин РИИБнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Чүй облусу

Аламүдүн району. 2018-жылдын 3-июнь күнү саат 08:20да КР ӨКМнин №1 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Аламүдүн айылынын Гоголь көчөсүндөгү Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 2007-жылы туулган Д. Б. Мальтовду издөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжа болбогондуктан издөө иштери саат 21:10до убактылуу токтотулган. Издөө иштери 4-июнь күнү улантылат.

4-июнда  Өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарынын жана тыгындарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 2018-жылдын 3-июнь саат 20:00дөн тартып Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постунда күйүүчү май ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

Убактылуу коюлган чектөөлөр 2018-жылдын 4-июнь саат 06:00дө алынды.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

2018-жылдын 3-июнь саат 08:00гө карата КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДАГЫ КЫРДААЛ БОЮНЧА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ

 

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал  катталган жок

 

ΙV. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу  кызматтары боюнча

маалымат

         Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган.

2018-жылдын 2-июнь саат 08:00дөн 3-июнь саат 08:00гө карата

өрт өчүрүү бөлүктөрүнүн чыгууларынын

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Город Бишкек
1 5-АӨКБ

1 04:33 04:39 04:48 04:53 05:00 101 Октябрь району. Совет көчөсү жана Геолог кууш көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан №1 лабораториянын аркасында электр калкан (щит) күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ
Город Ош
2 12-АӨКБ

1 22:17 22:20 жеткенге чейин     — 23:21 0550630580 Садырбаев көчөсү №10 даректе №1 подьездинде бешик араба күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Ош облусу
3 25-АӨКБ

1 11:38 11:44 жеткенге чейин 12:15 0776999136 Кара-Суу району. Сарай айыл аймагы, Ленин көчөсү № жок даректеги “Оомат” базарынын азык-түлүк сатуучу контейнеринин үстүндө кагаздар күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.
4 13-АӨКБ

1 14:20 14:23 14:28 14:56 16:09 0555444408 Кара-Суу району. Шарк айыл өкмөтү, Шарипов көчөсү №20 даректе жыгач устундуу шифер менен жабылган 28 чарчы метр бастырма күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
Жалал-Абад облусу
5 34-ӨКБ

1 12:20 12:26 жеткенге чейин 13:02 0771592527 Сузак району. Көк-Жаңак шаары, Ленин көчөсү №77 үйүнүн 7-батиринин 2 чарчы метр айнеги күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен болгон шоктугу.
6 20-АӨКБ

1 14:24 14:33 14:36 14:58 15:00 0779766896 Сузак району. Таш-Булак айыл аймагы, Нижний-Арал көчөсүндө ачык аянтта 0,15 га  куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
Чүй облусу
7 2-ӨКБ

1 11:16 11:28 11:37 11:53 12:13 0558084301 Панфилов району. Кайыңды шаары, Бейзерш көчөсүндө кабель заводдун аймагында 1 га камыш күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
Ысык-Көл облусу
8 31-ӨКБ

1 11:00

11:15

11:10

11:25

11:30

11:45

12:17

11:40

0707879343 Ысык-Көл району. Кара-Ой айылы, Совет көчөсү №61 даректе тунике менен жабылган турак үйдүн 225 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле. 2ствБ
Нарын облусу
9 47-ӨКБ

1 б

1 18:08 18:13 18:16 18:22 18:50 0353792960 Ак-Талаа району. Баетов айылы, К.  Кадыралиев көчөсү №18 даректе мончонун 5 чарчы метр мору күйгөн. Өрттүн себеби: мешти пайдаланууда өрт копсуздугу эрежелеринин бузулушу. 1ствБ
10 16-АӨКБ

1 22:25 22:35  — 22:55 0770822281 Нарын шаары. Баласагын көчөсүндө таштанды таштоочу жайдан өрт чыккан деген маалымат түшкөн. Маалымат тастыкталган жок.

 

2018-жылдын 2-июнь саат 08:00дөн 3-июнь саат 08:00гө карата

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

КҮНДӨЛҮК МААЛЫМАТЫ

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон.

Чүй облусу

Аламүдүн району. 2018-жылдын 2-июнь күнү саат 16:29да КР ӨКМнин №1 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Аламүдүн айылынын Гоголь көчөсүндөгү сууга чөгүп кеткен 2007-жылы туулган Д. Б. Мальтовду издөө иштерине чыгышкан. Жеринде издөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжа болбогондуктан издөө иштери 3-июнь саат 01:20да убактылуу токтотулду. Издөө иштери 3-июнь күнү улантылат.

Баткен облусу

Сүлүктү шаары. 2018-жылдын 2-июнь күнү саат 08:50дө КР ӨКМнин №1 өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунун куткаруучулары «Ак-Булак» ЖЧКсынын шахтасына барып, тосмо (перемычка) орнотуп беришкен.

Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл району. 2018-жылдын 2-июнь саат 21:40да КР ӨКМнин №31 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Балыкчы-Ананеьва-Каракол унаа жолунун 52-чакырымында (Чок-Тал айылы) “ДЕУ-Равон” үлгүсүндөгү мамлекеттик № 01KG0222M унаасынын айдоочусу унааны башкара албай мүрзөнүн дубалын сүзгөн жерге куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн барышкан. Кырсыктын кесепетинен 1987-жылы туулган Ш. С. каза болуп, 1980-жылы туулган А. Р. жана 1987-жылы туулган К. Ч. жаракат алышкан. Куткаруучулар жаракат алгандарды жана каза болгон адамды унаадан чыгарышып, каза болгон адамды ИИМ кызматкерлерине, ал эми жаракат алган адамдарды тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

3-июнда Өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетет.

Маалымат үчүн

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарынын жана тыгындарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында 2018-жылдын 2-июнь күнү саат 20:00дөн тартып Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постунда күйүүчү май ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

убактылуу коюлган чектөөлөр 2018-жылдын 3-июнь саат 06:00дө алынды.

Ош облусу

          Ноокат району. Көк–Бел айыл аймагында 2018-жылдын 2-июнь күнү саат 12:00 чамасында Ак-Булак айылынын Курук-Тоголой тилкесинде жер көчкү жаракалары пайда болгон. Жер көчкү жаракалар эски болгон жаракалар экендиги тастыкталган. Жер көчкү жаракалары пайда болгон жерден 70 метр аралыкта 100 түтүн үй жайгашкан. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

         КР ӨКМнин Ноокат райондук бөлүмүнүн башчысы, КР ӨКМнин Мониторинг департаментинин директорунун орун басары, КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын офицери, айыл аймак башчысы, айыл аймактын Жарандык коргонуу комиссиясы жерине барып, азыркы учурда эч кандай сүрүлүү процесси жок экендигин аныкташкан. 

 

Сейсмологиялык абал боюнча

2018-жылдын 2-июнь күнү саат 14:45те Кыргызстан жана Тажикстан Республикаларынын чек арасында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Шибе айылында 4,5 балл, Кулчу, Чак, Жаш-Тилек, Жар-Башы, Кара-Мык, Кара-Тейит айылдарында 4 балл, Дароот-Коргон, Кызыл-Эшме айылдарында 3,5 балл, Кабык, Ачык-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here