Кыргыз Республикасында жергиликтүү деңгээлде кырсык тобокелин төмөндөтүү боюнча талдоо жүргүзүү жана баалоо жөнүндө КОЛДОНМО

0
2 029 просмотров

Бул публикация «Кырсыктардан кийин балдардын жана коомдоштуктардын аярлуугун төмөндөтүү, алардын тез калыбына келүү жөндөмдүүлүктөрүн жана потенциалдарын күчөтүү» ЮНИСЕФ Программасынын алкагында  жана ДИПЕКО каржылык колдоосу менен  «Жергиликтүү деңгээлде  кырсык тобокелине талдоо жүргүзүү моделин түзүү» жана  «Республиканын түштүгүндөгү айыл аймактарынын деңгээлинде кырсыктардын тобокелдигине талдоо жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү» долбоорлорун жүзөгө ашыруунун жыйынтыгы болуп саналат.

Долбоорду жүзөгө ашыруу жана ЮНИСЕФтин буйрутмасы боюнча  эксперт Александр Галперин тарабынан даярдалган «Жергиликтүү башкаруу уюмдары үчүн колдонмо: Кырсык тобокелине талдоо жүргүзүү» деп аталган колдонмону шарттарга ыңгайлаштыруу 2014-жылдан 2016-жылга чейин Кыргыз Республикасынын ӨКМ менен ЮНИСЕФтин ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында «Модернизация жана өнүктүрүү агенттиги» коомдук бирикмесинин эксперттери тарабынан жүргүзүлгөн. Эксперттер тобу: Укашев Жыргалбек, Сүйөркулов Энвер, Бекжанов Миңболот, Мамытова Айна.

2016-жылдан 2017-жылга чейин долбоорду жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун төмөнкү кызматкерлери менен жүргүзүлгөн: Жумакадырова Чинара, Ногойбаев Чыңгыз, Садиков Давран, Чекиров Токтогул.

Ушул Колдонмо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар боюнча Ведомстволор аралык комиссиясы тарабынан жактырылган жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү бийлик органдарынын колдонуусу үчүн сунушталган (КР ӨК ВАКтын 2018-жылдын 6-мартындагы №23-5 протоколу).

Рецензенттер:

  1. Айталиев А.М. — Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин мүдүрү.
  2. Молдобеков Б.Д. – геологиялык-минералогиялык илимдеринин кандидаты, Борбор Азиялык жерди прикладдык изилдөө институтунун мүдүрү.

Колдонмодо негизги баштапкы түшүнүктөр жана  кырсык тобокелине талдоо жүргүзүү, аны баалоо этаптары  чагылдырылган, ошондой эле /КР Жергиликтүү Өз алдынча башкаруу органдарынын аймактарынын Туруктуу өнүгүү программаларына/пландарына кырсык тобокелин төмөндөтүү чараларын киргизүү мисалдары берилген.

Колдонмо  жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жана адистерине, жергиликтүү коомчулук мүчөлөрүнө,  ӨК чөйрөсүндө алектенген адистерге, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын квалификацияларын жогорулатуу курстарынын окутуучуларына арналган.

ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРҮҮ

Үзүрлүү кызматташтык көрсөткөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  иштери жана этника аралык мамилелер мамлекеттик агенттигине ыраазычылык билдиребиз.

Биз ошондой эле Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун аймактык райондук өкүлчүлүктөрүнүн жумушчу топ мүчөлөрүнө, кызматкерлерине, жетекчилерине ыракмат айтабыз, ошондой эле кырсык тобокелин баалоо жана талдоо жүргүзүү боюнча Колдонмону шарттарга ийкемдештирүү  (адаптация) боюнча салым кошкон Баткен (Сумбула а/а), Жалал-Абад (Кенеш, Барпы а/а), Ысык-Көл (Чоң-Таш а/а), Нарын (Чаек а/а), Ош (Жаңы-Ноокат а/а) жана Талас (Аманбаев а/а) облустарынын пилоттук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыракмат айтабыз.

Кыскартуулардын тизмеси

КТТБ            —  Кырсык тобокелин талдоо жана баалоо
ЖК                  — Жарандык коргонуу
ЖӨБЭММА — Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги
ГМТ               — Географиялык маалымат түзүлүшү
ЖКК               — Жарандык коргонуу комиссиясы
ЭБЗ               —  Электр берүү зымы
КТЭС            —  Кырсыкты төмөндөтүү эл аралык стратегиясы
КР ЖКМАК   —  Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мекемелер  аралык комиссиясы
КР ӨКМ        — Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
 КР ССМ         —  Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
КР УИА ИИИ- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө институту
БУ-

ЖТ               —

 Бейөкмөт уюм

КТТБ боюнча жумушчу топ

РМА             —  Райондук мамлекеттик администрация
КНжЭ

КТА  —

 Курулуш нормалары жана эрежелери

Кырсык тобокелин азайтуу

 БАЖИИ   — Борбордук Азия жерди прикладдык изилдөө институту
 ККББ              —  Кыргыз Республикасынын  ӨКМ кризистик башкаруу борбору
MSK-64           —  Медведев-Шпонхойер-Карниктин жер титирөөнүн  интенсивдүүлүгүнүн 12-баллдык  шкаласы
ФАП                — Фельдшердик-акушердик  пункт
UNISDR          — Кырсык төмөндөтүү боюнча эл аралык стратегиясы
ЮНИСЕФ       —    Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду
 

 

 

 

 

МАЗМУНУ
  1. КИРИШҮҮ ………………………………………………………………………………5
    • Колдонмонун максаты .………………………………………………..………………6

1.2. Кырсыкты төмөндөтүү деген эмнени түшүндүрөт жана кырсык тобокелин талдоо боюнча негизги баштапкы түшүнүктөр   ……………………………………………..6

  1. КЫРСЫК ТОБОКЕЛИНЕ ТАЛДОО ЖҮРГҮЗҮҮНҮН НЕГИЗГИ ЭТАПТАРЫ…..9

2.1. Этап 1 . Кырсык тобокелине талдоо жүргүзүүгө даярдык………………………..9

  • Жумушчу топторду түзүү жана кызыктар тараптарды аныктоо ……………..10
  • Кырсык тобокелин талдоо жана баалоо боюнча  жумушчу планды иштеп чыгуу ……………….. ……………………………………………………………..11
  • КТА масштабын жана максатын аныктоо……………………………………..12
  • Этап 2. Жалпы маалыматты чогултуу……………………………………………14
  • Этап 3. Коркунучтарды талдоо жана алардын болуу мүмкүндүгү ……………16
  • Этап 4. Потенциалдуу таасири жана аярлуулугун талдоо………………………19

2.4.1.Кырсыктардын мүмкүн болуу сценарийлерин иштеп чыгуу………………..20

               2.4.2. Аярлуулукту жана таасирди талдоо.………………………………………………..20

               2.4.3. Аярлуулукту/ар кандай коркунучтардын таасиринин оордугун

                        классификациялоо …………………………………….                    21

            2.4.4. Аярлуулук факторлорун изилдөө………………………………………………………..21

  • Этап 5. Кырсыктарды талдоо жана баалоо: кырсык тобокелинин деңгээлин аныктоо………………………………………………………………………………………24
    • Кырсык тобокелинин матрицасы…………………………………………….24
    • Кырсык тобокелин картага түшүрүү ………………………………………..26
    • Кырсыктарды талдоо жөнүндө отчет түзүү……………………………………27

2.6. Кырсыктарды талдоо жыйынтыгы боюнча ишмердүүлүктү ишке ашыруу этабы ………………………………………………………………………………………………………………………28

Колдонулган негизги документтерди жана ченемдик укуктук актылардын

тизмеси…………………………………………………………………………………………30

          Тиркемелер:

1-тиркеме. Сунушталуучу жумушчу топтун курамы

2-тиркеме. Өзгөчө кырдаалдардын топтору , түрлөрү жана аларды баалоо критерийлери.

3-тиркеме. Аймакта (район/а-аймак) негизги коркунучтарды жана алардын болуу мүмкүндүгүн талдоо

4-тиркеме. Картага түшүрүү боюнча нускама

5- тиркеме.  Оордугу боюнча өзгөчө кырдаалды классификациялоо                     

 КИРИШҮҮ

  Кыргызстан өзүнүн географиялык жайгашуусуна байланыштуу, табигый кырсыктардын, авариялардын жана катастрофалардын таасирине олуттуу деңгээлде кабылган өлкө болуп саналат;

  Калкка, аймакка, жана тиричиликти камсыз кылуучу жайларга эң чоң коркунучту жер титирөө, жер көчкү, кар көчкү, сел агымдары, ташкындар, суу каптоо, кыртыш сууларынын деңгээлинин көтөрүлүшү, жарылуу  коркунучу бар көлдөр, калдык сактоочу жайлар, нөшөр, бороон, катуу шамал, мөндүр жана кар түшүү сыяктанган жаратылыш, кубулуштары туудурат.

КР ӨКМнин маалыматтары боюнча,  республиканын аймагында жыл сайын 200гө жакын  түрдүү мүнөздөгү  кырсыктар катталат,  алардын түздөн-түз келтирген  зыяны орточо эсеп менен 30 – 35 АКШ миллион долларын түзөт, ал эми материалдык жоготуулардын, экономикага тийгизген залакалардын жана кырсыктын кесепетинен инфраструктураны реконструкциялоо жана калыбына келтирүүгө  кеткен чыгымдардын жалпы масштабы  он эсе жогору.

Өзгөчө кырдаал учурунда биринчи кезекте  аялдар, арылар жана  балдар аярлуу. 2008-жылдан тартып ЮНИСЕФ балдардын кызыкчылыгын эске алуу менен калктын билим алуусу, кырсыктарды төмөндөтүүгө багытталган долбоорлорду дайыма ишке ашырып келет. Мисалы, ишмердүүлүктүн бири улуттук деңгээлде мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин коопсуздук маселелерин чечүү боюнча саясатка таасир тийгизүү (өзгөчө билим берүү секторунда) ишин камтыган.

Жеке улуттук деңгээлде ЮНИСЕФтин катышуусу жергиликтүү бийликтерге жана коомчулуктарга, алдарын  өнүгүү пландарына КТТБнын негизинде иштелип чыккан КТА боюнча иш-чаралар киргизүүгө жардам берүү  жана алар алдын ала көргөн аракеттери кайталануучу жана обочолонгон мүнөздө болбосун деген мааниде түшүндүрүлөт.

ЮНИСЕФтин жеке улуттук деңгээлде  КТТБ жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүсү төмөнкүлөргө багытталган:

а)  кырсыктарга өтө аярлуу балдарды коргоо жана алардын коопсуздугу;

  1. b)  аярлуулук жана балдар тобокели маселелерин чечүү максатында ар кандай мекемелер ортосунда өнөктөштүк мамилелерди жаратууга көмөк көрсөтүү;

с)  жергиликтүү өнүгүү пландарын  пландаштыруу жана бюджетти чечүү учурунда балдардын кызыкчылыгын эске алуу.

Кырсык тобокелин баалоо жана талдоо жүргүзүү түзүмдүк аймактын ичинде  кайсыл жерде кандай тобокелдер жана кандайча маанилүү экендигин аныктайт жана стратегияны, программалык артыкчылыктарды иштеп чыгууда жана  кырсык тобокелине карата ыкчам чараларды көрүү үчүн маалымат берүүдөгү алгачкы кадам болуп саналат. Ошондуктан кырсык тобокелин баалоонун жана талдоо жүргүзүү боюнча жыйынтык жергиликтүү башкарууну өнүктүрүү жана пландаштыруу, саясатты иштеп чыгуу жана ресурстарды бөлүштүрүү үчүн негизги багыт болушу керек.

Кырсык тобокелин баалоонун  жана талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары саламаттыкты сактоо, билим берүү, балдарды коргоо же социалдык кызматтар, өзгөчө кырдаалда жардам көрсөтүү  кызматтары сыяктуу ар кандай секторлордун арасында кызматташууну жөнгө салууга жардам бере алат.

Бүтүндөй процесстин учурунда бардык кызыкдар тараптарга жардам берүүдө , ошондой эле бул талдоодон келип чыккан сунуштарды аткарууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жигердүү катышуусу жана лидерлиги маанилүү ролду ойнойт.

Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү аракеттеги мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдар жана өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү деңгээлде КТТБ жүргүзүү үчүн бардык тийиштүү укуктарга ээ.

  • Колдонмонун максаты

Бул Колдонмонун максаты ЖӨБ органдарына, жергиликтүү мамлекеттик башкаруу органдарына, жергиликтүү коомчулукка кызыкдар тараптардын көп тараптуу катышуусунун жана көмөктөшүүсүнүн принциптерине негизделген, жергиликтүү деңгээлде кырсык тобокелин баалоо жана талдоо жүргүзүүгө усулдук жардам болуп саналат.

Кырсык тобокелин баалоо жана талдоо жүргүзүү боюнча ишмердүүлүктүн негизги максаттары  төмөнкүлөр болуп саналат:

  1. a) тобокелдерди төмөндөтүү/ жеңилдетүү (аярлуулукту жана опуза/коркунучту);

б) өзгөрүп жаткан тобокел факторлорунун шарттарына ылайыкташуу (мисалы, климаттын өзгөрүүсүнө);

в)  кырсык тобокелинин андан ары жогорулашын четтетүү.

Кырсык тобокели опуза/коркунучту, же аярлуулукту төмөндөтүү жолу менен, же эки факторду тең  пайдалануу менен азайтууга болот.

Мамлекеттин масштабында кырсык тобокелдерин натыйжалуу башкарууну бул ишмердүүлүккө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү коомчулуктун жана калктын түздөн-түз катышуусусуз,  жана ар бир калктуу конуштардын жана аларга тиешелүү жерлердин баарын толугу менен камтуусуз ишке ашыруу мүмкүн эмес.

  • Кырсык тобокелин азайтуу деген эмнени түшүндүрөт жана кырсык тобокелин талдоо жана баалоо негизги түшүнүктөрү[1]

Кырсык тобокелин азайтуу – кырсыкка себеп болгон факторлорду көзөмөлдөө жана ага талдоо жүргүзүүгө негизделген, системалаштырылган иш,  анын ичинде опуза /коркунучка  кабылууну  төмөндөтүү, калктын жана мүлктүн аярлуулугун азайтуу, табигый байлыктар жана курчап турган чөйрө менен туура пайдалануу, ошондой эле жагымсыз жагдайларга  болгон даярдыкты жогорулатуу.

Кырсык тобокелин азайтуу  төмөнкү сүрөттө чагылдырылган үч негизги компонентти өзүнө камтыйт:

  1. Кырсык тобокелине талдоо жана баалоо (КТАБ)  жүргүзүү адамдарга, мүлккө, инфраструктурага жана ошол жердеги кызмат көрсөтүүлөргө залакасын тийгизиши мүмкүн болгон, ар түрдүү  коркунучтарга жана аярлуулуктун жагдайларына байланышкан кырсыктардын мүнөзүн жана масштабдарын салыштырмалуу талдоо болуп эсептелет.
  2. Кырсык тобокелине алдын алуу жана митигация (жеңилдетүү) тобокелди азайтуу – өз ичине, мүмкүн болсо – коркунуч деңгээлин же- көбүнчө -аярлуулукту азайтуу менен алдын алуу жана митигация ишмердүүлүгүн камтыйт. Буга саясий, укуктук жана административдик чаралар менен, ошондой эле пландаштыруу жана инфраструктуралык аракеттер (башкача айтканда, жерди колдонууну жөнгө салуу, дарыя көлмөлөрүн башкаруу, «жок кылуу максатында» социалдык структураларды бекемдөө)  менен жетсе болот.
  • Кырсыкка даяр туруу, кырсык болгон учурда калк арасында курмандыкты жана зыян жана чыгашалардын масштабын  азайтууга багытталган (башкача айтканда өзүнө өзү жардам берүү потенциалын бекемдөө менен, эрте кабарландыруу системасы, атайын даярдыктан өтүү жана окууларды өткөрүү).

  Кырсык тобокелин азайтуунун негизги максаты (КТА) калктын коопсуздугун жогорулатуу болуп саналат, ал эми кырсык тобокелин талдоо жана баалообул кырсык тобокелин азайтуу боюнча чараларды ишке ашыруудагы  өтө милдеттүү этап.

Кырсык – коомчулуктун же коомдун күрөшүүгө өз күчү жетпеген,  жергиликтүү коомчулуктун жана коомдун жашоосун бузган, калк арасындагы өлүмгө  себепкер, ошондой эле кыйла материалдык, экономикалык же экологиялык зыян жана залака тийгизген окуя.

Кырсык жер титирөө, сел, жер көчкү, ташкын жана башка кооптуу табигый процесстер жана кубулуштар калктын аярлуу топторуна олуттуу кыйратуучу таасир тийгизип жана алардын өз күчү менен кырсыкка туруштук берүү мүмкүнчүлүгүн чектеген  учурларда болот.

Кырсык дайыма эки компоненттин өз ара аракетинин жыйынтыгы болуп саналат – коркунучтун жана аярлуулуктун.  Биз кырсык тобокели жөнүндө сөз кылганда, биз дагы боло элек, бирок келечекте болушу мүмкүн бир нерсе жөнүндө айтабыз.

            Кырсык тобокели – келечекте кандайдыр бир убакыт аралыгында кырсыктын кесепетинен адам өлүмү, ден соолуктун, жашоо булактарынын начарлашы, конкреттүү коомдоштуктун мүлкүнө жана коомдук кызматтарга залал менен чагылдырылган потенциалдуу жоготуулар.

            Опуза/Коркунуч — бул адамдардын өлүмүнө же жаракат алуусуна, мүлккө зыян келтирүүчү, социалдык же экономикалык туруксуздукка, же курчап турган чөйрөнүн бузулушуна алып келүүчү, потенциалдуу түрдө залал келтирүүчү физикалык кубулуш (же жер титирөө, суу ташкын, көчкү же техногендүү авария).

            Аярлуулук — бул коомчулуктун тобокелдикке болгон таасирин жогорулаткан физикалык, социалдык, экономикалык жана экологиялык факторлордон келип чыккан шарттардын жана процесстердин комплекси. Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу контекстинде, аярлуулук жалпысынан тынч абалда  болбойт, ал айкын коркунучтарга байланыштуу аныкталат.

  • Калктын (адамдардын) аярлуулугун кыскача мындай түшүндүрсө болот, адамдын же коомчулуктун коркунучту алдын ала көрүү, аны жеңүү, каршылык көрсөтүү жана аталган коркунучтун тийгизген таасиринен кийин кайра калыбына келтирүү үчүн аракеттерди жүргүзүүгө физикалык, социалдык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдүн жоктугу. Аярлуулук коркунучка кабылууга көзкаранды (мисалы, жер титирөө, кургакчылык жана башка коркунучтары бар жерде жашоо же эмгектенүү). Бул түшүнүк, коркунучтарга каршы туруу, алар менен күрөшүү жана алардан кийин кайра калыбына келтирүү    кыйынчылыктарын көрсөтүп турат.

       Адамдардын коркунучка аярлуу болушунун себебинин өзөгү болуп көбүнчө жакырчылык жана социалдык корголбогондук саналат, ошондой эле аярлуулук абалы адамдын социалдык статусунан көзкаранды – эркек, аял, жаш, орто жаштагы, тестиер бала, бала, кош бойлуу аял, сүт эмизген эне, өнөкөт оорулуу, майып, сексуалдык зомбулукка  жана аңдууга ВИЧ/СПИД жана башка инфекцияларга дуушар болуу.

       Аймактын аярлуулугу — Структуралык жана физикалык аярлуулук – бул коркунучтуу окуянын кесепетинен структуранын же тейлөө кызматтын (электр, суу ж.б.) бузулуп калуу, керектен чыгуу же иштебей калуу ыктымал деңгээли.  Мисалы, эгерде имарат анын конструкциясын  жер силкинүүсүнө туруштук бере турган элементтер жок болсо,  имарат жер титирөөгө аярлуу болуп эсептелет.

Эгерде жарандардын өзүлөрүндө коопсуздук ишмердүүлүк маданияты жок, өз ден соолугуна жана өмүрүнө, ошондой эле туугандарынын, жакындарынын жана анын айланасындагы  адамдардын  өмүрүнө милдеттүү  аң сезимдүү  түшүнүгү жок болсо, эң катуу административдик чаралар жана мыйзамдар тиешелүү деңгээлде коркунучтан аярлуулукту жана адам, коомчулук жана мамлекет жоготууларын  төмөндөтүүгө күчү жетпейт.

Опуза/коркунуч, аярлуулук жана кырсык тобокели деген түшүнүктөр бири — бири менен тыгыз байланышта, башкача айтканда бир эле жерде кырсык  болушу үчүн опуза/коркунуч жана аярлуулук болушу керек. Бул элементтердин байланышын жөнөкөй формула түрүндө берсе болот:

ТОБОКЕЛДИК = ОПУЗА/КОРКУНУЧ х АЯРЛУУЛУК

Ал төмөнкү концепцияны сүрөттөйт: канчалык кыйратуучу коркунуч мүмкүнчүлүгү  жана  ага дуушар болгон калктын аярлуулугу жогору болсо, ошончолук тобокел да жогору болот.

Адамдардын кырсыкка аярлуулугу  алардын кырсыктын таасирине  каршы туруу мүмкүнчүлүгүнө пропорционалдуу, башкача айтканда коомчулуктун потенциалы жогору болсо, ошончолук ал аярлуулугу төмөн болот экендигин белгилеп кетүү маанилүү.

Потенциал: кырсык тобокелин же анын кесепетин азайта алган коомчулуктун, коомдун күч жана ресурстарынын болгон  топтому. Потенциал материалдык, институционалдык, социалдык же экономикалык каражаттар, ошондой эле  лидерлик жана башкаруу ыкма критерийлерин камтый алат.

  1. КЫРСЫК ТОБОКЕЛИН ТАЛДОО ЖАНА БААЛООНУ ЖҮРГҮЗҮҮНҮН НЕГИЗГИ ЭТАПТАРЫ 

Схема 1-схема.  Кырсыкка талдоо жүргүзүү аракети алты негизги этаптан турат:

Мындан ары Колдонмо жогоруда белгиленген кырсыкты талдоо жана баалоо  аракетинин алты этабын түшүндүрөт. Бул этаптар маалымат топтоонун логикалык тартибин, алардын талдоо жана кандай хронологиялык тартипте ишке ашырса болоорун чагылдырат, бирок практика жүзүндө кээ бир убакта жүргүзүлө берсе болот (мисалы, негизги коркунучту жана аярлуулуктуу аныктоо үчүн маалымат топтоо жана даярдоо).

2.1.  Этап 1.  КЫРСЫК ТОБОКЕЛИН ТАЛДОО ЖАНА БААЛООНУ ЖҮРГҮЗҮҮГӨ ДАЯРДОО.

 Кырсык тобокелин талдоо жана баалоону жүргүзүүнүн алдында жергиликтүү  башкаруу органдарынын талдоо жана баалоого, план түзүүгө жана кырсык тобокелин азайтуу боюнча чараларды ишке ашырууга укугу бар экендигин аныктоо зарыл. КР  «Жарандык коргонуу жөнүндө» Мыйзамдын 10-беренесинде  мындайча көрсөтүлгөн, «Мамлекеттик органдар өзгөчө кырдаалдан калкты жана аймактарды коргоо чөйрөсүндөгү алардын жөнгө салуу ишмердүүлүгү аракеттеринде жаралуучу мамилелерди жалпы жана атайын компетенция органдарына бөлсө болот. Мисалы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана калкты жана аймактарда ӨК коргоочу өз алдынча башкаруу органдары[2]:

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

— Жарандык коргонуу боюнча комиссияларды түзөт жана алардын ишин координациялайт;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жарандык коргонуу жагынан буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;

— өзгөчө кырдаалдарды прогноздоо жана алдын алуу боюнча өздөрүнө баш ийүүдөгү ведомстволук аймакта иш-чараларды өткөрөт;

— турак үйлөрдү, административдик жана өндүрүштүк имараттарды жана курулмаларды курууга жер участкаларын бөлүү жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашат;

— жарандык коргонууну жүргүзүү үчүн зарыл болчу күчтөрдү жана каражаттарды даярдоону жана даярдыкта кармап турууну ишке ашырат;

— калкты ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген программалар боюнча өзгөчө кырдаалдарда коргонуу жана иш-аракеттерин жүргүзүү ыкмаларына үйрөтүүнү уюштурат;

— өзгөчө кырдаалдарда эвакуациялык иш-чараларды өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат жана алардын өткөрүлүшүн уюштурат;

— өзгөчө кырдаалдардын чыгуу коркунучу же чыккандыгы жөнүндө калкка өз убагында кабар берүүнү камсыз кылат;

— тынчтык мезгилде материалдык-техникалык, азык-түлүк, медициналык, жеке жана жамааттык коргонуу каражаттарынын запастарын түзүү жана даярдыкта кармоо үчүн бюджетте ар жылы финансылоону карайт.

 

Айтылган укуктар акыркы болуп саналбайт жана  жергиликтүү  коомчулукту жана алардын уюмдарын башка, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган, укуктарды ишке ашыруудан чектебейт.  

 

2.1.1. Жумушчу топторду түзүү жана кызыктар тараптарды аныктоо

 Аярлуулук абалы жана кырсык тобокели – бул атайын билим чөйрөсүн камтыган татаал көрүнүш. Бул Колдонмо КТТБ комиссия менен кароону сунуштайт, башкача айтканда жергиликтүү мамлекеттик башкаруу органдары жумушчу топторду түзүшөт (район жана айыл аймагынын деңгээлинде), аларга кызыктар тараптар тартылат, анын ичинде жарандык коомчулук дагы. Жумушчу топторго,  пландаштырууда алардын кызыкчылыгын эске алуу үчүн, ошондой эле аярлуу топ өкүлдөрүн  тартуу да зарыл. Жумушчу топтун көлөмү жана түзүмү (бир нече жумушчу топтун түзүлүшүн кошо саноо менен бирге) максатка, керектөөлөргө жана бар болгон ресурстарга жараша болот. ЖТ  түзүмүнө сөзсүз аялдардай эле, эркектер да кириши керек экендигин  белгилеп кетүү зарыл.

 Жумушчу топ (ЖТ) маалымат топтоону жана аналитикалык процесстерди  башкаруу аймактык мамлекеттик уюмдары жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары үчүн, иштин «темпин» колдоо жана жыйынтыктар боюнча жергиликтүү башкаруу органынын жетекчисине (РМА акимине/ айыл өкмөт башчысына) жана башка кызыктар тараптарга доклад жасоо үчүн  түзүлөт.

Жумушчу топ мүчөлөрүн расмий дайындоо жана алардын милдеттерин/укуктарын так аныктоо катышып жактан мекемелердин жоопкерчилигин күчөтөт. Муну жергиликтүү бийлик органдарынын Буйругу аркылуу жасаса болот, биздин шартта – райондун башчысы/аким. Талдоо менен чечим кабыл алуунун ортосунда байланыштуу камсыздоо үчүн жергиликтүү органдардын башчыларынын бири дайыма ушул процесске катышуусу жакшы болот.

Жумушчу топ, адатта чакан болот жана КТТБ жүргүзүүгө жана бүтүрүүгө керектүү  атайын билими жана тажрыйбасы болбойт, ошондуктан кызыкдар тараптардын негизги маселелерин аныктоо зарыл:

а)  маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыздоо;

б)  алардын атайын билимдерин жана тажрыйбаларын кошуу;

в)  кийинки аракеттер үчүн жана аталган сунуштарга ылайык аракеттене турган  адамдарын оюн чагылдыруу үчүн сунуштардын аныктыгын камсыздоо.

Кызыктар тараптарды аныктоо олуттуу деңгээлде  контексттен, кыскача айтканда, жумушчу топтун максаты жана  кызыкдар тараптардын түзүмүнө жараша болот. Эң кызыккан тараптар жергиликтүү коомчулук жана аярлуу топтордун лидерлери жана өкүлдөрү экендигин унутпаш керек.

 1 -тиркеме. Жумушчу комиссия курамынын сунушталган үлгүсү
Ü  ЖТ жергиликтүү деңгээлде маалымат топтоо, мониторинг жасоо, алдын алуу талдоо жана баалоону жүргүзүүдө, КТА боюнча иш чараларды иштеп чыгууга катышса болот. Кырсык тобокелин акыркы жана сапаттуу талдоону жана баалоону бир гана КР ӨКМнин тиешелүү түзүмдөрү аткара алат.

 

2.1.2.  Кырсык тобокелин талдоо жана баалоону  жүргүзүү жумушчу планын иштеп чыгуу

 

КТТБ процессинин башында жумушчу топ жүргүзүү планын иштеп чыгуу зарыл . Планда  максатка жетүүгө керектүү маселелер, аткаруу мөөнөтү, ар бир  жумушка (маселеге) жооптуулар жөнүндө чечмелеп чагылдыруу керек. Иш планы, ошондой эле коюлган милдеттер  боюнча отчёттуулук мөөнөтүү аймактык КР ӨКМнин түзүмдүк бөлүмү менен макулдашышы керек.

КТТБ өткөрүү планына төмөнкүлөр маселелер божомол менен киргизилиши керек:

  • процесстин негизги этаптарын аныктоо (маалымат-түшүндүрүү иши жана окутуу; маалымат топтоо жана чагылдыруу; маалыматты талдоо; жыйынтыктар тууралуу маалымат берүү жана кийинки аракеттерди аныктоо) жана тиешелүү ролдорун  жана жумушчу топ мүчөлөрүнүн жана башка өкүлдөрдүн милдеттерин аныктоо.
  • КТА боюнча чараларды ишке ашыруу жана жергиликтүү мекемелер жана коомчулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларынын жана башка, тобокелдиги жогору коомчулуктар менен бирге, негизги кызыктар тараптардын  арасында кабардар болууну жогорулатуу
  • бюджет жана убактылуу график, өз бекеттеринин негизги кызыктар өкүлдөрдүн кетип калышын же ресурстарды бөлүштүрүү көйгөйлөрү сыяктуу, күтүлбөгөн шарттарда маневр жасоо үчүн мүмкүнчүлүктү эске алуу менен түзүлөт.

 Негизги маселеден тышкары КТАТБ жүргүзүү планы негизги катышуучулар жөнүндө маалыматты жана прогрессти белгилөө үчүн  өзөктүү этаптар тууралуу так маалыматты камтышы керек.

 1-таблица.

 Кырсык тобокелин талдоо жана баалоону жүргүзүү боюнча жумушчу топтун

Иш планы  ( 1-мисал. )

Иш-чара Мөөнөтү Күтүлүүчү жыйынтыктар Аткаруучу\жооптуу
1 Укуктарды аныктоо, буйрук долборлорун даярдоо, иш планын жана башка документтерди даярдоо 2016 –жылдын 15 -мартына чейин  ЖТ курамы

РМА буйругу

ЖӨББ башчысы
2

2.1.3.Кырсык тобокелин талдоо жана баалоону жүргүзүүнүн максаты жана масштабын аныктоо

КТАБ масштабы жана максаты  ченемдик укуктук актыларда жазылса болот же жергиликтүү бийлик органдарына кароосуна түзүлүшү мүмкүн жана андан кийин жумушчу топ менен аягына чейин иштеп чыкса болот. Кандай болбосун деталдаштыруу деңгээл даражасы, максаттары, талдоодон күтүлүүчү натыйжалары иштин башында такталышы зарыл, жана баалоону жүргүзүү үчүн бир нече максатты тандаса же бирөөнө же экөөнө гана токтолсо болот. Максаттарды  тандоо учурунда талдоого берилген убакыт, колдо бар ресурстар кылдаттык менен эске алынышы керектиги өтө маанилүү.

КТАБ негизги максаты жергиликтүү деңгээлде негизги параметрлер боюнча бардык коркунучту толук белгилөөнүн (идентификация) негизинде туруктуу өнүгүү чегинде практикалык иштеп чыгуулар жана  алардын көрүнүшү жана  көптөгөн кырсык факторлорунун  өз ара байланышын изилдөө.

Аталган аймактын камтылышы, кырсык тобокелдерин спектри, демек, негизги максат кеңейиши же кыскарышы мүмкүн. Ошентип, коркунуч булагы райондордун кесилишинде жайгашышы мүмкүн, ошондуктан бул көйгөй өнөктөш райондордун күчтөрү интеграциясынын негизинде талданышы керек.

 Ушуга байланыштуу, кайсы кырдаал болбосун масштаб жана максаттары райондук мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин чечимдеринде (буйрук, жарлык) так аныкталып жазылышы зарыл. Жергиликтүү деңгээлде КТТБ боюнча топтору үчүн бул чечим милдеттүү болушу керек. Талдоону деталдаштыруу деңгээли жана даражасы, максаттары жана күтүлүүчү жыйынтыктары иштин башында аныкталышы маанилүү, ошону менен бирге, колдо бар ресурстарды, күчтөрдү жана убакытын кылдаттык менен эске алуу зарыл.

 Талдоонун чечмелениши (деталдуулугу) жана кырсык тобокелин баалоо ар кандай болушу мүмкүн.

Талдоо деңгээли жана деталы ЧУА менен аныкталган жана жумушчу топторго КТТБ максаттарына жетүүгө мүмкүндүк берет. Кандай учурда болбосун деталдаштыруу деңгээли жана даражасы , КТТБ максаттары жана күтүлүүчү жыйынтыктары иштин башында аныкталышы өтө маанилүү.

Деңгээл жана деталь мындай болушу мүмкүн:

  1. болжолдуу —  жогорку коркунучтагы булактарды жана аярлуу калкты, маанилүү коммуналдык кызматтарды (суу менен камсыздоо, электр ж.б.)  коомчулуктардын чектелүү катышуу учурунда, бул башкаруу бийлик органына тиешелүү аймактагы базалык инфраструктураларды чагылдыруу.
  2. тереңирээк деталдык изилдөө түзүмдүк аймакты өзүнчө күтүүсүз кырсыктарга кабылган тилкелерди, өзгөчө мындай “таасир берүү”, “кесепеттери” жана “мүмкүн болуучу чыгаша” сыяктуу параметрлерди аныктоону атайын адистештирилген мамлекеттик органдар, мекемелер жана уюмдар (департаменттер, илимий-изилдөө институттары ж.б.) гана ишке ашыра алат.

            Аталган изилдөөлөрдү, биринчи кезекте, элдин жана калктын аярлуу катмарын коопсуздугун камсыздоо боюнча практикалык чараларды иштеп чыгуу максатында, өзгөчө балдарды андан кийин гана кырсыктарды алдын алуу жана аныны материалдык, инфраструктуралык объекттерге тийгизе турган кесепети  маселелерине киришсе болот. Гумандуулук, балдардын коопсуздук шарттарын камсыздоо, күтүлбөгөн кырсыктардын жана техногендик кыйроолордун алдында аярлуулукту азайтуу КТТБ негизги принциби жана максаты болуп саналат.

КТТБ учурунда приоритеттүү мамилени талап кылгандар:

  • калктын социалдык аярлуу катмары (көп балалуу үй-бүлөлөр, жетимдер, жалгыз бой энелер тарбиялап жаткан балдар, майыптар жана кары адамдар ж.б.).
  • мектеп, мектепке чейинки мекемелер, медициналык мекемелер сыяктуу ж.б. соц.объекттер.

            Мектептер жана мектепке чейинки мекемелер деталдуу инвентаризацияны талап кылат жана андан кийин КТТБ билим берүү мекемелер жана  калктын аярлуу катмары – балдардын  “массалык топтолуу” объекттери болгондуктан гана эмес, мектептер жана бала бакчалар жайгашкан имараттар сейсмикалык зонада куруу  СНиП  жооп бере тургандыктан,  кырсыкка аракет көрүү этабында ишеничтүү эвакуациялык объект жана убактылуу баш калкалоочу жай,  өзгөчө кыш мезгилинде. Ооруканаларга, ФАП, дарыканаларга, коркунуч жаратуучу кырсык тобокелин талдоо жана баалоонун артыкчылыгы коркунучтуу илдеттерден алдын алуу чараларын ийгиликтүү аткаруу үчүн аларды функционалдык камсыздоо жана ӨК учурунда ыкчам медициналык жардам берүү зарылчылыгы менен шартталган.

Жергиликтүү деңгээлде кырсык тобокелин талдоонун жана баалоонун жыйынтыгында алынган маалыматтарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына төмөнкү иштер үчүн колдоно алышат:

  • приоритетүү опуза/коркунучтарды жана анын кесепеттерин, аталган ЖӨБО тиешелүү аймактын ар кандай бөлүктөрүнүн зыянга учурашын, кайсы тилкелер же кварталдар өтө коркунучтуу жерде тураарын аныктоо;
  • кырсык тобокелин азайтуу үчүн инвестиция приоритеттерин аныктоо;
  • коомчулуктарды жана аярлуу топторду КТА боюнча ишмердүүлүккө катышууга тартуу жана  алар чалдыга турган кырсыктар жөнүндө  маалымат алышын жогорулатуу;
  • даяр болууну камсыздоо боюнча иш чараларды пландаштырууга көмөк көрсөтүү жана жардам берүү, мисалы сел, суу каптоо, көчкү жүрүү ж.б.;
  • КТА боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн тиешелүү өз ресурстарын (потенциалын) аныктоо ;
  • өтө коркунучтуу жерлерде калкты  эскертүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик  түзүмдөргө мониторинг жана эрте кабарландыруу системасын киргизүүгө  көмөк көрсөтүү.
Ü  КР “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамына жана “ӨК классификациялоо жана аларды баалоо критерийлерине” ылайык КТТБ боюнча Топтун аймакты камтышын так аныктаса болот — жергиликтүү деңгээлде – район жана райондун ичиндеги айыл аймактар .

 

2.2.            2- Этап. ЖАЛПЫ СУРАП БИЛҮҮ МААЛЫМАТТАРЫН ТОПТОО

КТТБ  ар дайым так аныкталган  аймактык бирдикке карата жүргүзүлөт, мисалы, айылдын, айыл аймагынын, шаардын жана райондун. Тиешелүү,  талдоонун биринчи этабында маанилүү изилденип жаткан аймактын демографиялык, экологиялык, социалдык жана экономикалык мүнөздөмөсү түзүлөт. Бул маалымат кырсыктардын таасир берүүсүн  алдын-ала  баалоого жардам берет. Маалымат топтоо учурунда гендердик статистика жана гендердик – сезимтал индикаторлорду топтоого көңүл бөлүү зарыл.

 Гендердик–сезимтал индикатору  — бул

кандайдыр бир убакыт ичинде коомчулукта болгон гендердик-маанилүү өзгөрүүлөрдү бириктирүү үчүн колдонулуучу сапаттык же  сандык көрсөткүчтөр же ченемдер.

Гендердик статистика – аял же эркек статусуна карата айкын маалыматты камсыз кылат, а гендердик сезимтал индикатор кээ бир макулдашылган ченемдерге жана стандарттарга же өзүнчө көзөмөл топторуна карата түз күбө болот.

 КТТБ учурунда жергиликтүү бийлик органдары көбүнчө убакыттын жана ресурстардын жетишсиздигине кабылышат. Ошондуктан көңүлдү биринчи кезекте аймактын  негизги мүнөздөмөсү, коркунучтары жана аярлуулугу боюнча бар болгон  маалыматка жана аны топтоого буруу сунушталат. Жетишпеген маалыматты толтуруу үчүн кошумча маалымат булактарын издөө талап кылынышы мүмкүн, ошол эле учурда аларды мурдагы алдын ала бааланган маалымат менен толуктоого болот.

Потенциалдуу маалымат булактарынын тизмесин түзүү учурунда жумушчу топ, кырсык боюнча маалыматты, аярлуулукту жана потенциалды  кошуу менен, жаңы (мисалы, КР ӨКМинде, социалдык коргоо жана медициналык камсыздоо кызматтарында, жергиликтүү бейөкмөт уюмдарында жана коомчулук топторунда), ошондой эле башка ачык бул катарда болгон маалыматтар менен колдонсо болот.

Эгерде жеринде маалыматты табуу кыйынчылыкты жаратса, кеңеш үчүн КР ӨКМне, тиешелүү министрликтерге жана ведомстволорго, бейөкмөт уюмдарга же эл аралык өнөктөштөргө (мисалы, Бириккен Улуттар Уюмунун агенттиктерине же Жарым Кызыл Ай Коомуна)  кайрыл алат. Бул мекемелер маалымат менен камсыз кылышы,  же жергиликтүү органдарга белгисиз болгон маалыматты билиши мүмкүн. Төмөн жакта, КТТБ жүргүзүү үчүн негизги маалымат булактарынын мисалы берилет:

 2-таблица.

Кырсык тобокелин талдоо жана баалоо үчүн негизги маалымат булактарынын тизмеси

 

 Маалымат түрүнүн аталышы Маалымат Мүмкүн болуучу  маалымат булагы
Демография Калктын саны

Үй чарбасынын саны

Калктын жыштыгы

Жыныс-курак түзүмү

Улуттук түзүмү ж.б.

Башка маалымат

Улуттук статкомдун аймактык түзүмдөрү (каттоонун маалыматы), айыл өкмөтү, айыл башчылары жана башкалар.
Айлана чөйрө жана жерди колдонуу Айыл чарба жерлери,

Токой отургузуу

Жайыттар

Өнөр жай/ коммерция зоналары

Коргонуучу райондор

Башка маалымат

 Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба боюнча мамлекеттик агенттигинин  аймактык түзүмдөрү,  Айыл чарба жана мелиорация министрлиги,  Экономика министрлиги, Мамкаттоо, айыл өкмөт, айыл башчылары жана башкалар.
Экономика Иш менен камсыз кылуу

(миграция)

Экономикалык ишмердүүлүктүн көрсөткүчтөрү

Жакырчылык деңгээли

Башка маалымат

Улуттук статкомдун, Экономика, эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграция министрликтеринин, Мамлекеттик салык кызматынын аймактык түзүмдөрү,  айыл өкмөттөрү, айыл башчылары жана башкалар.
Инфраструктура Суу менен камсыздоо тармагы

Электроэнергетикалык тармагы

Сугат жана дренаж

Канализация тармагы

Транспорт тармагы

Байланыш түзүмү

Турак-жай фонду

Башка маалымат

Айыл чарба жана мелиорация , транспорт жана коммуникация, энергетика жана өнөр жай министрликтеринин, Мамкаттоонун  аймактык түзүмдөрү айыл өкмөттөрү, айыл башчылары жана башкалар.
Социалдык чөйрө  (кызматтар) Мектептер (саны, потенциалы жана тиби),

Медициналык мекемелер (саны, потенциалы жана тиби),

Социалдык мекемелер

(балдар үйлөрү,  карылар үйлөрү)

Башка маалымат.

Билим берүү жана илим, саламаттык сактоо. Социалдык өнүктүрүү министрликтеринин аймактык түзүмдөрү айыл өкмөттөрү, айыл башчылары жана башкалар.
Өзгөчө кырдаалдар Өтө коркунучтуу объекттер

Кырсыктарды мониторинг жасоо жана алдын алуу

ӨК статистикасы

Башка маалымат

 

КР ӨКМнин аймактык түзүмдөрү, айыл өкмөттөрү, айыл башчылары жана башкалар.

  

Ü  Маалымат топтоо жана ага андан ары толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн натыйжасында ЖТга КТТБ дайыма өткөрүп туруу үчүн маалымат базасын түзүү сунушталат.

 

 3-этап. КОРКУНУЧТУУ ТАЛДОО ЖАНА АЛАРДЫН ПАЙДА БОЛУУ МҮМКҮНДҮГҮ

 Коркунуч жана мүмкүндүктү талдоо этабында опуза/коркунучтар аныкталат жана аларга мүнөздөмө берилет. Кийин аларды кырсык тобокелин аныктоо жана потенциалдуу таасир берүүсүн аныктоо үчүн изилдешет.

Опуза/коркунучту талдоо, кандайдыр бир белгиленген жерде жана аныкталган тездик жана убакыттын созулушу  менен өзгөчө окуянын пайда болуу мүмкүндүгүн  алдын ала  айта билүүгө багытталган. Ошондуктан кырсыкты талдоо учурунда төмөнкү суроолорго жооп бере турган жеке коркунучтарды сүрөттөөнү эске алуу зары :

  1. a) Бул коркунуч кайда пайда болду, кандай алыстыкта жайгашкан жана анын чалдыгуу зонасы кандай (жайгашкан жери жана коркунуч көлөмү);

б) Бул коркунучтун мүмкүндүгү жана кайталануу тездиги кандай? (кырсыктын пайда болуу мүмкүндүгү  канчалык жана мурун алар канчалык тез убакытта  болуп турчу? );

в)  Бул канчалык чоң коркунуч, башкача айтканда, ал кандай зыян алып келиши мүмкүн? (масштабы, тездиги, зыян алып келүү мүмкүндүгү);

г) Бул коркунуч канчалык узак сакталышы мүмкүн? (аталган коркунуч туруктуу же убактылуу мүнөздөбү)

Опуза /коркунучтарды идентификациялаган учурда жана алдарын мүнөзүн аныктаганда милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы өзгөчө кырдаалдарды классификациялоо жана баалоо критерийлерин”, Кыргыз Республикасынын аймагында болушу мүмкүн коркунучтуу процесстердин жана көрүнүштөрдүн мүмкүн боло турган активдешүүсүнө карата чара көрүү, мониторинг жүргүзүү, алдын алуу жана даярдоо боюнча КР ӨКМнин маалыматтарын жетекчиликке алуу зарыл.
№2-тиркеме. Өзгөчө кырдаалдардын топтору, түрлөрү жана аларды баалоо критерийлери.

Бул булактар жергиликтүү деңгээлде  КТТБ боюнча жумушчу топторго жеткиликтүү, анткени алардын ишинин координаторлору болуп КР ӨКМнин райондук бөлүмдөрү  саналат. Райондун/айыл аймагынын  территориясындагы коркунучтарды аныктоо үчүн  ар  түрдүү табигый жана техногендик коркунучтардын ар  кандай түрлөрү боюнча кошумча маалыматты,  ЖК чөйрөсүндө мамлекеттик функциялардын багытында тиешелүү укугу бар, мамлекеттик  органдардын аймактык түзүмдөрүнүн жетектөөчү адистеринен түзүлгөн, ЖК райондук кызматтары берет.

Коркунучтарды идентификациялоо толук болушу керек, башкача айтканда райондун/айыл аймагынын территориясында болушу мүмкүн бардык кырсыктар аныкталышы зарыл. Бул  климаттын глобалдуу өзгөрүүсү эске алуу менен, КТТБ жүргүзүү зарылдыгы шартталган . КТТБ боюнча топ мүчөлөрү мындай,  «мурунку», «кырсык  матрицасы»[3]  ыкмалардын негизинде,  кээ бир коркунуч түрлөрү мурун коркунуч туудурбаган, бүгүнкү олуттуу зыян келтириши мүмкүн деген чечимге келиши мүмкүн. Мисалы, мындайларга жер көчкү, сел жүрүү, бийик тоодогу көлдөрдүн жарылуусу, эрозия жана метеорологиялык коркунучтарды – кургакчылык, үшүк жүрүү, катуу шамал ж.б. киргизсе болот.

 Аныкталган коркунучтун толук тизмесинен негизги параметрлери боюнча (мүмкүндүк, кесепеттери, жана ылдамдыгы) көбүрөөк коркунуч туудурган коркунучту бөлүү зарыл. Анткени ЖТ райондун/айыл аймагынын бардык болгон опуза/коркунучка деталдуу талдоо жүргүзө албайт жана милдеттүү да эмес, алар  КР ӨКМи жыл сайын чыгаруучу жана министрликтин жана  КТА боюнча Улуттук платформанын веб-сайтында жайгаштырылган “Кыргыз Республикасынын аймагындагы болушу мүмкүн коркунучтуу процесстерге  жана кубулуштарга мониторинг жасоо, алдын алуу жана даярдануу” китебинде берилген  маалыматтарды пайдаланышы керек[4].

Мурдагы коркунучтуу окуяларды талдоо жана алардын мезгил жана орду боюнча көрүнүштөрүн, мүмкүндүк булактарын жана шарттарын, окуянын өнүгүшүн, кесепеттерин, окуяга чейинки жана андан кийинки жасалган аракеттерди, ошондой эле окуядан кийин алынган сабактарды жана бүтүмдөрдү сүрөттөө төмөнкүлөргө мүмкүндүк түзөт:

а)  тез болуучу кырсыктарга мүнөздөмө берүүгө;

б)  коркунучтуу табигый процесстердин   кайталанышын/ болуу тездигин аныктоого ;

в)  атайын шкала боюнча кырсыктын пайда болуу мүмкүндүгүн берүүгө[5];

г) мүмкүн боло турган божомолдуу зыянды баалоого;

д)  митигациялык чараларды жана кырсыктарга даярдык чараларын иштеп чыгууга;

ж) жергиликтүү калкты болушу мүмкүн күтүүсүз кырсыктардын мүмкүндүгү жөнүндө маалымдоо.

Коомчулукту чындап коркунуч менен күрөшүү жөндөмдүүлүгүн баскан үч коркунучка, биринчи кезекте, улуттук гана эмес, жергиликтүү деңгээлде приоритет болгон жер титирөөгө көңүл буруу маанилүү.

 № 3-тиркеме. Негизги опуза/коркунучтарды талдоо, алардын 

Коркунучту талдоо жана картага түшүрүү менен байланышкан негизги маалымат, өлкөнүн кырсыктары жөнүндө тарыхый маалыматтар “ Кыргыз Республикасынын аймагындагы болушу мүмкүн коркунучтуу процесстерге  жана кубулуштарга мониторинг жасоо, алдын алуу жана даярдануу” китебинде берилген.

КТТБ боюнча жумушчу топ өзүнүн компетенциясынын чегинде  болуу мүмкүндүгүнүн баалай албайт, ошондуктан алар академиялык, илимий-изилдөө институттарынын жана  КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти же КР Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти сыяктуу жергиликтүү өнөктөштөргө техникалык көмөк көрсөтүүчү тармактык уюмдардын изилденген маалыматтарын колдонушу керек. Буга байланыштуу, бир эле учурда ЖК боюнча райондук кызматтын адистери жана жергиликтүү деңгээлде КТТБ боюнча комиссия мүчөсүнүн маанилүү функционалдык милдеттери өз ара аракеттешүү жана  кырсык тобокели менен башкаруу улуттук бөлүмдөрү, ошондой эле эл аралык өнөктөштөр менен маалымат  алмашуу механизмин камсыздоодо турат.

Опуза/коркунуч схемасынын картасы жергиликтүү деңгээлде кырсык тобокелин талдоо жана баалоо үчүн булак болот жана КТТБ боюнча жумушчу топтун картага түшүрүүсү үчүн негиз болот (1-сүрөт).

 1-сүрөт.   КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти менен иштелип чыккан ӨК божомолдоонун карта-схемасынын үлгүсү.

КТЭС практикада көрсөткөндөй, “опуза/коркунучту картага түшүрүү” коомчулуктардын деңгээлинде КТТБнын  үзүрлүү ыкмасы болуп саналат, ал табигый коркунучтар жөнүндө  билимди жогорулатууга жана ошондой эле  жергиликтүү калкка кырсык  тобокелин азайтуу боюнча өзүнүн жеке сыяктуу,  эл менен бирге потенциалдарынын негизинде  демилгелерди ишке ашыруу

Өтө коркунучтуу жерлердин жайгашуусу, зоналар жана аярлуу объекттер, эвакуация маршруттары, ӨК учурунда башкаруу пункттары жана медициналык жардам, убактылуу баш калкалоочу жайлар ж.б. маалыматтарды жалпы сурап-билүү маалыматы бар ири масштабдуу топографиялык карталарга түшүрүү кырсыкка кабылган калкты, инфраструктураны идентификациялоого гана эмес, ошондой эле ӨК  чейинки алдын алуу/даярдык чараларын,  ӨК учурунда чара көрүүнү пландаштырууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Карталардын масштабына жана ишке ашыруучу маселелерине жараша алар менен отурукташкан калкты гана эмес, ошондой эле  бир же  бир нече коркунучтарга кабылган кварталдарды, жеке имараттарды, инфраструктура элементтерин идентификацияласа болот.

Опуза/коркунучтун тездигинин түрүнө жараша карталарды түрдүү масштабда, бардык көзөмөлдөгү тилкелерди камтыган (башкача айтканда, 1:50 000 окшош)  жана /же бир конкреттүү коркунучка токтолуп жасаса болот (чоңураак масштабда же 1:10 000 жана андан ирирээк).

Албетте, электрондук форматта жасоо барынан жакшы, анткени бул учурда картаны кийин жаңыртуу оңой болот. КР ӨКМнин райондук бөлүмдөрүнүн, райондук ЖКК кызматтары  КТТБ боюнча КТТБнын ар кандай аспекттеринде электрондук

 Картанын же ГМТ потенциалы жок болгон учурда, коркунуч жөнүндө маалыматты, ошондой эле  топографиялык картанын кагаз түрүнө түшүрсө же колго тартылган карта-схемаларды жазаса болот.

4-тиркеме Картага түшүрүү  ыкмасы боюнча нускама.
  • 4-этап.  ПОТЕНЦИАЛДУУ ТААСИР ТИЙГИЗҮҮ ЖАНА АЯРЛУУЛУК

 КТТБ баштапкы стадиясында топтолгон маалыматтын негизинде ирети  менен төмөнкүлөр аныкталат:

— опуза/коркунуч булактары;

— жайгашкан жери;

—  болуу, кайталануу ылдамдыгы;

— пайда болуу мүмкүндүгү.

Таасир тийгизүү  жана аярлуулукту  аныктоо этабында сөзсүз өз ара байланыш жана өз ара таасир берүү аспекттерин «интенсивдүүлүгүн», «күчөгөндүгүн» , башкача айтканда  калкка жана территориянын райондоруна /аймактарына факторлордун жана кырсыктын  «таасир тийгизүүчү анык күчтөрүн» жана «аярлуулугун» талдап чыгуу зарыл [6]. Ошол эле учурда бирдей кыйратуучу күчтөгү жана  коомчулукка окшош таасир тийгизүүчү күчү факторлордун топтому бар бирдей  кабылууга ээ дайыма эле бирдей кесепеттерге алып келе бербейт. Бул жерде аймактын коркунучтуу табигый процесстерге аярлуулугун, инфраструктуралардын жана  калктын турак жайларын жана коомчулуктун потенциалдарын айкын баалоо өтө маанилүү, анткени алардын деңгээли менен адам өлүмүнүн саны жана зыян тартуулардын кесепеттери байланыштуу болот.

 КТТБ жүргүзүү учурунда аярлуулукту аныктоо тепкичинде негизги көңүл калкка бурулат, анткени алар кырсыктын  таасирине кабылуу коркунучуна көзкаранды, биринчи кезекте, өтө аярлуу топторго – калктын жакыр катмарына, көп  балалуу үй-бүлөлөргө, майыптарга, балдарга, жетимдерге, жалгыз калган кары-картаңдарга ж.б. Мындай учурда калктын социалдык экономикалык абалы тууралуу болгон бардык маалыматты коолдонуу маанилүү – жыныстык-курактык түзүмү, балдардын, майыптардын, пенсионерлердин саны, жана  алардын эмгекке жарактуу калкка болгон  пайыздык катыштыгын, этникалык түзүмүн, кесипкөйлүк түзүмүн, билим деңгээлин, жакырчылык деңгээлин, миграция деңгээлин ж.б.

Аярлуулук кандайдыр бир өзүнчө коркунучка карата аныкталат жана социалдык аярлуу топтордун  «мүнөздүү белгисин» түшүндүрбөйт. Анын максаты ким жана эмне үчүн, аталган физикалык өкүл же  адамдардын тобу, кандайдыр бир өзүнчө коркунуч алдында аярлуу эмес экендигин билүү.

Калктын жана объекттердин аярлуулугун ачып көрсөтүү кырсыктын кесепетинин  натыйжасында коомчулукка жана  аймакка  тийгизүүчү зыяны   божомолдоого  мүмкүндүк  берет. Ошондуктан аярлуулукту аныктагандан кийин кырсыктын кесепетинен болуучу зыянды аныктоо боюнча ишти баштоо керек. Бул иш  аярлуулукту талдоо жана баалоону эске алуу менен төмөнкү суроолорго жооп берүү мүмкүнчүлүгүн берет:

— «эмне үчүн мындай чыгашалар болот?»;

— «эмне үчүн кээ бир коомчулук, же үй-бүлө башкаларга караганда андан көп запкы көрөт?»;

— «зыянды азайтуу үчүн эмне кылса болот?»;

— «кырсыктын кесепетинен көп чыгыш тартпаш үчүн, аз чыгыша менен кырсыкты алдын алуу га эмне тоскоол болот?».

  • Кырсыктардын өрчүшүнүн  болушу мүмкүн сценарийлерин иштеп чыгуу

КТТБ үчүн жергиликтүү деңгээлде  «өткөн кырсыктардын тарыхы» ыкмасы кеңири колдонулат — мындай окуялар дагы кайталанышы мүмкүн экендигин эске алуу менен өткөн кырсыктарды баяндап жазуу («өткөн кырсыктардын тарыхынан» алынган маалыматтар). «Болушу мүмкүн кырсыктардын сценарийинин түзүү» ыкмасы — топтогон  маалыматтардын жана билимдердин негизинде биргеликте кырсык менен байланышкан,  болушу мүмкүн окуялардын жүрүшүн, анын пайда болуу шарттарынын түзүлүшүнөн баштап келтирилген  кесепеттери менен аяктаган окуяны баяндап жазуу.

Бул ыкмалар ЖТ төмөнкү суроолорго жооп берүүгө мүмкүндүк берет —«кимге жана эмнеге   (өтө жогорку деңгээлде) жана кантип  таасирин тийгизет?»

КТТБ  учурунда сценарийлерди колдонуунун  артыкчылыгы, аларды КТА маселесинде адис болбогон адамдарга деле түшүнүү жеңил экендигинде. КТТБ  учурунда сценарийлерди колдонуунун  артыкчылыгы, аларды кандайдыр бир өзүнчө абалга же окуяга карата иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүндө, жана калкка түшүнүктүү болгондугунда.   Окуялардын сценарийлерин өткөн кырсыктардын маалыматтары менен бекемдөө зарыл.

Мисалы, элдерди коркунучтуу жерлерден көчүрүүдө жана табигый жана техногендик коркунучтарды эске алуу менен аларга жеке үй куруу үчүн жер тилкелерин бөлүүдө, каршылашуулар жаралбайт.

  • Таасирди жана аярлуулукту талдоо

Аталган аймак бирдигине же калкка аярлуулуктун же сунушталып жактан  коркунучтун тийгизген таасирин баалоо үчүн, таасир тийгизүүчү негизги объекттерди изилдөө жакшы болот, башкача айтканда калкты, курчап турган чөйрөнү (имаратты жана жерди), экономиканы, кызмат көрсөтүүлөрдү жана инфраструктураны.  Маселе эгерде бул сценарий чындыкка айланса эмне болмок (каралган объекттер менен кошо) жана эмне үчүн? деген суроодо.

Залалдардын жана чыгашанын ар кандай түрлөрү, жана аярлуулуктун баштапкы деңгээли бири-бири менен байланыштуу экендигин белгилеп кетүү маанилүү, башкача айтканда өлгөндөрдүн саны медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн  бар болушу (же жок болушу) жана  анын даярдыгы менен,  көчөлөрдүн сапатынын начарлыгы же үйлөрдүн курулуш сапатынын начарлыгы менен  байланыштуу болот.

Ü  Коркунучтардын сценарийлери үчүн таасирди жана аярлуулукту талдоону КР ӨКМнин адистеринин жана коомчулук өкүлдөрүнүн катышуусу менен жерине барып жүргүзүү керек.

 

  • Ар кандай коркунучтардын аярлуулугун/таасиринин оордугун классификациялоо

Талдоо жана баалоону жүргүзүүдө ар кандай приоритеттүү коркунучтардан  күтүлүүчү зыян жана  чыгашалар ачыкка чыккандыктан, коркунучтуу окуялардын өрчүү сценарийин алардын тийгизген таасири жана кыйратуучу деңгээлине ылайык классификация кылса болот. Муну атайын бир шкала түрүндө да жазса болот. Натыйжада , аталган жерде болуп жаткан коркунучтуу окуяларды күтүлүүчү таасирдин кыйратуучу деңгээлине ылайык классификация жасоо керек.

КТТБ боюнча топ алгачкы чоңдуктарды жана таасирдин оордук индикаторлорун аныктоодо өзгөчө кырдаалдардын оордугунун даражасы боюнча классификациясын колдонуулары сөзсүз керек.

 5-тиркеме. Өзгөчө кырдаалдардын оордугунун даражасы боюнча классификациясы              Коркунучтуу окуялардын таасир даражаларын ортосундагы айырмачылыкты жүргүзүү үчүн жыйынтыктоочу отчетто колдонулган индикаторлорго түшүндүрмө берүү зарыл. Талдоолорду жаңыртуу, муктаж болсо аны адаптациялоо үчүн кийинки баалоо жүргүзүүдө алгачкы божомолдоолорду эске алуу зарыл.

  • Аярлуулук факторлорун изилдөө

Буга чейин КТТБ жардамы менен  түрдүү  аярлуу объекттерге, башкача айтканда адамдарга, курчап турган чөйрөгө, инфраструктурага ж.б. ар кандай  опуза /коркунучтардын күтүлүүчү таасири ачыкка чыгарылып жана  классификацияланган. Башка сөз менен айтсак, аярлуулук  абалы аныкталган, андан  ары өрчүшү токтотулган жана кандайдыр-бир деңгээлде мүнөздөлгөн.

Кийинки этап тиешелүү чөйрөдөгү (экономика, социалдык чөйрө. билим берүү, илим ж.б.) эксперттер-адистер менен  андан ары терең  талдоо жүргүзүү болуп саналат. Бул эмне үчүн адамдар жана анын жашоо турмушунун негиздери, башкача айтканда чарбасы, ресурстары, кызмат көрсөтүүлөрү жана инфраструктуралар кандайдыр бир коркунучтуу окуяга аярлуу экендигин түшүнүүгө жардам берет. Ким же эмне аярлуу экендигин түшүнүү, аярлуулук деңгээлин жана коркунучтун потенциалдуу таасирин төмөндөтүү үчүн эмне кылуу керектигин түшүнүүгө мүмкүндүк түзөт.

Аярлуулукту изилдөө башында физикалык, социалдык, экономикалык жана экологиялык факторлор байланышкан  аярлуулуктун түрлөрүнүн ортосундагы айырмачылыкты жүргүзүү керек. Аярлуулукту изилдөө инфраструктура объекттери менен эле, башкача айтканда  билим берүү, медициналык, административдик мекемелер же өндүрүш цехтери. кашарлар ж.б имарат жана курулуштардын  аярлуулуктун сандык баалоосу менен гана чектелбеши керек. Аярлуулуктун социалдык жана экономикалык факторлорунун   өз ара байланышына көп көңүл буруу зарыл. Бул физикалык аярлуулук (начар сапатта курулган же жаман каралган имараттар көрүнүшүндө),  көп учурда социалдык-экономикалык, ошондой эле институтционалдык факторлор  менен (башкача айтканда экономикалык түзүлүштүн өзгөрүшү,  калктын санын өсүшү же азайышы, жакырчылык, жаратылыш ресурстарын ашкере колдонулушу, башкаруу деңгээли ж.б.) карым-катнашта болгондугуна байланыштуу. Физикалык аярлуулуктан айырмаланып, социалдык аярлуулукту сапаттык көрсөткүчтөр/индикаторлор  менен гана баалоого мүмкүн.

Социалдык факторлорду менен табигый факторлордун  өз ара катнашынын контекстин көп улутуу коомчулуктарда  абдан маанилүү, ал жакта КТТБны  этника аралык мамилелерди эске алуу менен жүргүзүү керек, анткени улуттар аралык макулдашууга жетишүү алдын ала эскертүүчү чараларды жана калктын чара көрүү учурунда жана эрте калыбына келтирүү  иштеринде чогуу аракеттениши кеңири жана аракеттеги социалдык колдоонун кепилдиги болот.  Ушуга байланыштуу, КТТБнын бардык этаптарында топторду түзүүдөн баштап, сунуштарды иштеп чыгуу жана аларды ишке ашырууга чейин   ар  улуттун социалдык актив өкүлдөрүн тартуу зарыл. КТТБнын акыркы максаты – улутуна карабастан райондун же аймактын бардык калкынын коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды иштеп чыгуу экендигин так аныктап алуу керек. Жакыр, көп балалуу үй-бүлөлөргө, майыптарга, жетимдерге жана кары-картаңдарга гана өзгөчө мамиле жасалышы мүмкүн.

 Ар бир категория боюнча мисалдары менен аярлуулук факторлорун классификациялоо:

 

Жогоруда көрсөтүлгөн факторлор бири-бири менен өз ара аракеттенишет, калктын (топтордун) аярлуулугуна таасир кылышат, жана көбүнчө социалдык жана  райондун/аймактын экономикалык өнүгүү шарттарынан көз каранды болот.  Ошондуктан талдоо жүргүзүү  үчүн, аярлуулукту ачыкка чыгарууга жана мүнөздөгөнгө  кошумча жардам бере турган, конкреттүү социалдык-экономикалык индикаторлорду иштеп чыгуу зарыл.

Аярлуулукту изилдөө деңгээлине жараша ар кандай коркунучтун өрчүү сценарийлер үчүн башка топторго караганда ,  өзүнчө топтор өзүнчө мүнөзү менен  көбүнчө аярлуу болуп калышы мүмкүн, жана кыйратуучу коркунучтун бирине гана эмес, бир кыйласына. Ушундай өзгөчө аярлуу калк топторун ачыкка чыгаруу жана алардын аярлуу жаратылышын түшүнүү аярлуулукту талдоонун маанилүү натыйжасы болуп саналат.

Аярлуулук

Имараттар, инфраструктуралар, коомчулуктар үй-бүлөлөр канчалык аярлуу?
Аярлуулук Критерийлери
Физикалык аярлуулук Курулуштар/жана башка мүлктөр коркунучка кабылуучу жерде жайгашканбы?
 

 

Эгерде коркунуч ишке ашса, курулуштар кыйрайбы?
 

 

 Эгерде коркунуч ишке ашса, жашоо-турмушту камсыздоочу түзүлүштөр жапа чегеби?

(турак жайлар, мектептер, ооруканалар, байланыш, өрт кызматы, мамлекеттик мекемелер, коомдук транспорт).

 

 

 Крисиз учурунда инфраструктура жапа чегеби (жолдор, көпүрөлөр)?
 

 

 Сугат түзүлүшү тобокелге кабылабы? (плотиналар, каналдар ж.б.)
 

 

Жогорку амплитудадагы коркунуч ишке ашса талаалар жана бакчалар жапа чегеби?
Экономика  Айыл үчүн жакырчылык көйгөйү актуалдуубу?  Жумушсуздар көппү?
 

 

 Жергиликтүү органдардын финансылык каражаттары чектелгенби?
 

 

 Кризис учурунда жапа чеге турган маанилүү коммерциялык объекттер барбы (негизги жумуш берүүчүлөр)?
 

 

  Реабилитация жана калыбына келтирүү боюнча жеке мүмкүнчүлүктөр чектелгенби?
Социалдык чөйрө  Айылда  калктын аярлуу катмарынын өкүлдөрү көппү (балдар, аялдар, кары-картаңдар? Орто жаштагы эркектер азбы?
 

 

 Айылда аз улуттун өкүлдөр барбы?
 

 

 Айылда сабатсыз көйгөйү актуалдуубу?
 

 

 Крисиз учурда социалдык топ коркунучка кабылабы?
Курчап турган чөйрө   Айыл аймагында табигый процесстердин таасирине кабыла турган коркунучтуу материалдар (акыр-чикирдин топтолушу)?
 

 

 Айыл аймагында нефти иштетүүчү заводдор же күйүүчү же химиялык азыктарды (өндүрүш, сактоо, транспортировка) сактоочу жайлар жайгашканбы?
 

 

Дарыя бассейндерин бузулуу көйгөйү актуалдуубу?

 

 

 

 

Кудуктар бузулушу мүмкүнбү ( ичүүчү суусу менен)?

Аярлуулукту картага түшүрүү. Аярлуулукту картага түшүрүүнүн баштапкы маалыматы болуп төмөнкүлөр саналат:

демография жөнүндө баштапкы маалыматтар, калктын аярлуу катмарлары жөнүндө (жакыр, майып ж.б.), социалдык \экономикалык көрсөткүчтөр ж.б. ;

  • инженердик-коммуникациялык курулуштар жөнүндө маалыматтар  (электр тармагы, плотиналар жана каналдар, транспорт, байланыш ж.б.);
  • жаратылыш ресурстары (суу, топурак, өсүмдүктөр ж.б.) жөнүндө маалыматтар.

Карталарда жергиликтүү бийлик органына караштуу бардык аймак көрсөтүлө алат.  Калктын жана аймактын аярлуулук карта\схемасын түзүү үчүн  географиялык маалымат системасын (ГМС-технологиялар) колдонуу  менен  турмуш-тиричилик негизи катары бар болгон топографиялык картаны колдонсо болот. Аярлуулук,  мисалы жеке имарат же курулуштун аярлуулук деңгээли боюнча аныкталат жана картада атайын белгилер менен белгиленет.

Балдардын опуза/коркунучка аярлуугу өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Жашоодогу теңсиздик көп учурда  кырсыкты  күчөтөт. Жакыр үй-бүлөдө жашаган балдар, байыраак  жашаган үй-бүлөдөгү балдарга караганда  жашоодогу коркунучтарга көбүнчө аярлуу болот, анткени кыйратуучу окуяга каршы турууга же күрөшүү үчүн жакыр үй-бүлөлөрдүн тиешелүү физикалык, социалдык жана экономикалык ресурстары жок экендигин божомолдоо аң сезимдүү.

Коркунучтуу зоналарга жакын жайгашкан, балдар убакытын көбүн өткөрүүчү, мектеп, мектепке чейинки мекеме, спорт комплекстери, китепканалар ж.б. имараттардын физикалык жана фукционалдык туруктуулугу төмөн имараттар адамдардын коркунучка болгон аярлуулугун күчөтүшү мүмкүн. Мисалы, бардык мектептер же мектепке чейинки мекемелер мүмкүн болуучу опуза/коркунучтарга каршы  туруштук бере тургандай болуп курулбайт, а билимге  аз чыгым жумшоо албетте алардын техникалык камсыздашында көйгөйдү жаратат. Аярлуулук факторлору ошондой эле эвакуация планынын жоктугун жана коркунучтарга жана кырсык тобокелине карта, мугалимдердин да окуучулардын да  билиминин  жетишсиздигин  камтышы мүмкүн. Мектеп имаратынын кыйрашы же өрт  чыгуу ар бир коомчулук үчүн эң чоң коркунучту элестет.

Ушуга байланыштуу КТТБ боюнча топко ЮНИСЕФтин колдоосу менен иштелип чыккан,  “КР мектептердин жана мектепке чейинки уюмдардын коопсуздугу “ маалымат түзүлүшүн колдонбостон гана, кеңейтүү жана тактоого катышуусу керек[7]

  • 5-этап.  ТОБОКЕЛДЕРДИ ТАЛДОО:КЫРСЫК ТОБОКЕЛИНИН ДЕҢГЭЭЛИН АНЫКТОО

 Кырсык тобокелинин матрицасы

К

Тобокел матрицасында кырсыктардын деңгээлин белгилөө үчүн сандар  эмес, түстөр да колдонулат: кызыл кырсыктын  жогору деңгээлин, а   жашыл- төмөн деңгээлин көрсөтөт.

КТТБ боюнча топко кырсык тобокелинин деңгээлин аныктоо үчүн кырсык тобокелинин матрицасын колдонуу сунушталат, аны түзүүдө алардын таасиринин күтүлүүчү оордук деңгээли менен коркунучтун өрчүшүнүн ар кандай мүмкүн болуучу сценарийлери колдонулат. КТТБ боюнча топко кырсык тобокелинин деңгээлин опуза /коркунучту талдоо жана баалоонун матрицасы өзү таблицаны элестет, анын биринчи таблицасына  коомчулукка өтө коркунуч жаратуучу жана  кырсык сценарийлерин иштеп чыгуу жана өткөн  кырсыктарды баяндоо учурунда опузаларды камтыйт.  Коркунучтар ӨК классификациясына  жана КР баалоо критерийлерине ылайык – табигый, техногендик, био-социалдык жана экологиялык болуп бөлүнгөн. Бул опуза /коркунучтарды талдоо төмөнкү критерийлерди эске алуу менен жүргүзүлөт:

  • мүмкүндүк (тигил же бул мүмкүн болуучу кырсыктын айкындуулугу канчалык. Кээ бир учурда, мисалы, жер тирөө же кээ бир метеорологиялык коркунучтарда ошол тармактагы уюмдардын божомолдоосу зарыл- КР УИА ИИИ, КР ӨКМнин алдындагы Кыргызгидромет ж.б. уюмдар)
  • көрүнүштүн кайталануу тездиги (коомчулуктун аймагында кырсык тарыхынын маалыматына кошумча жергиликтүү калк тарабынан топтолушу мүмкүн маалыматтар);
  • интенсивдүүлүк же магнитуда (кырсык кандай энергетикалык күч менен боло алат, мисалы, ТА боюнча топ жер титирөөнүн кесепеттерин изилдөөдө MSK-64 шкаласын колдонуусу керек);
  • аярлуулук (коомчулуктун кырсык алдында социалдык, экономикалык жана физикалык аярлуулугун жыйынды баалоо);
  • таасир тийгизүү факторлору (ылай-таш массасы, кар көчкүнүн жүрүшүндө же кыртыш суулардын көтөрүлүү учурунда сууктан барсайышы );
  • таркатуу (мейкиндик өлчөмү – кырсык кайсы жерде пайда болушу мүмкүн жана аймактын качалык аянтын камтый алат?);
  • узакка созулуу (убактылуу өлчөм – кырсык кайсы убакка чейин созулат?).

Кийин, балдарды кошуп жана анын жыйынтыгы менен приоритеттүү кырсык аныкталат, алар төмөнкү негизги мүнөзгө ээ:

 мындай кырсыктардын кесепети бул адам өлүмү жана олуттуу материалдык жоготуулар;

 кыйратуучу эффекти бар интенсивдүүлүктүн жогорку деңгээли, анын кесепетин жоюу  коомчулуктун өзүнүн колунан келбейт ;

Пайда болуунун чукул мүнөзү жана алдын ала көрө билбегендик, калкты жана материалдык баалуулуктарды өз убагында эвакуациялоого абдан керектүү, ушул багытта иштеген уюмдардын кыска мөөнөттүү божомолдоолорду жоктугуна шарт түзөт.

Өтө коркунучтуу кырсыктарды же тобокелди аныктоо үчүн ошондой эле  “Тобокелдик = Коркунуч х Аярлуулук” теңдемесин колдонуу менен    жөнөкөй  эсепти сунуштаса болот. Бул учурда “мүмкүндүк” түшүнүгүн “опуза+коркунуч” түшүнүгү менен алмаштырса, а “ таасири” деңгээлин “аярлуулуктун” көрсөткүчү карата пайдаланса болот.

 Мисалы, 1- 5 ке чейинки шкаланы негизге алып, жер көчкү жүрүү  мүмкүнчүлүгү өтө жогору (3-даража), ал эми алардын таасири орточо(2-даража) болсо.  Жыйынтыгында  жер көчкү тобокелинин даражасы 3 Х 2 = 6 болот.

Эгерде жер титирөө мүмкүнчүлүк даражасы боюнча – мүмкүн болсо (2-даража), ал эми анын таасир берүү күчү кыйратуучу  болсо (5-даража), жер титирөө кырсык тобокелинин даражасы 2 × 5 = 10 барабар болмок. Канчалык балл  жогору болгон сайын, ошончолук  коркунуч деңгээли жогорулайт.  Жер титирөөдөн алынган 10 балл, жер титирөө  тобокели   жер көчкүгө караганда жогору экендигин көрсөтөт.

Жалаң сан менен берүү дайыма эле туура же жетиштүү эместигин эске алуу керек. Бардык учурда алдын алуу санактын натыйжасы семинарларда/жумушчу топтордун жана негизги кызыктар тараптардын мүчөлөрү менен жолугушууларда  кылдаттык менен текшерилиши керек. Бардык колдо бар маалыматты текшерүү учурунда (потенциал жөнүндө маалымат кошокондо)  кайсы тобокелдер биринчи кезекте көңүл бурууну талап кылаарын карайт, катышуучулар бир чечимге келиши керек.  Маалыматтарды интерпритация  жасоо кылдаттык менен жана айкын жүрүшү үчүн  этияттыкты сактоо керек.

Тобокел матрицасы жыйынтыктар тууралуу айкын көрсөтөт, башкача айтканда, ар кандай коркунуч типтери менен байланышкан, тобокелдердин ар түрдүү экендиги жөнүндө  салыштырмалуу көрсөтөт. Биздин көрүнүштө, талдоо матрицасында жана КТТБ ЖТ жалаң табигый кырсыктарды пайдаланат.

Кырсык тобокелинин матрицасы

Мүмкүн болуу  даражасы   жана кырсыктын тийгизген кесепети боюнча кырсык тобокелдерин талдоо матрицасы

Коркунучтун күчөп кетүү мүмкүнчүлүгүн даражасынын сценарийлери

 

Таасирдин оордугунун деңгээли
1 2 3 4 5 6
Кичине

 

Орточо Күчтүү

 

Өтө күчтүү Кыйратуучу Катастроф-алык
1  Күмөн  100 жылда бир/бир нече жолу;  

 

1

 

 

2

 

 

3

 

 

4

 

 

5

 

 

6

2 Мүмкүн 10 жылда бир /бир нече жолу  

2

 

4

 

6

Бийик толу көлдөрдүн тосмолорунун жарылып кетүүсү

8

Жер титирөө

10

 

 

12

3 Болушу мүмкүн 5 жылда бир /бир нече жолу

 

 

 

3

 

Сел

6

 

Кургакчылык

9

 

 

12

 

 

15

 

 

18

4 Мүмкүнчүлүгү жогору бир жылда бир нече жолу;  

 

4

 

 

8

 

 

12

 

 

16

 

 

20

 

 

24

5   Мүмкүнчүлүгү  өтө жогору бир айда /кварталда /  1 мезгилде бир нече жолу  

 

5

 

 

 

10

 

 

15

 

 

20

 

 

25

 

 

30

Тобокел матрицасында кырсыктардын деңгээлин белгилөө үчүн сандар  эмес, түстөр да колдонулат: кызыл кырсыктын  жогору деңгээлин, а   жашыл- төмөн деңгээлин көрсөтөт.

Мындай матрицаны ар кандай камтуу деңгээли менен түзсө болот: райондун же аймактын бардык территориясы, өзүнчө айыл жана тобокели жогору тилке,  же ар кандай  калктын аярлуу топтору үчүн.

  • Кырсык тобокелин картага түшүрүү

Кырсык тобокелин картага түшүрүү  КТТБ деңгээлинде инструменталдык ченөөлөрсүз жүргүзүлөт, ошондуктан бул деңгээлдеги картага түшүрүү маалыматтык  схематикалык болуп саналат.  Ошону менен бирге, баштапкы, тобокел картасын түзүүдө колдонуучу,  мейкиндик маалыматтарын кеңири планда мындайча көрсөтсө болот:

  • баштапкы маалыматтар (административдик, топографиялык, демографиялык, социалдык-экономикалык жана кызмат көрсөтүү: саламаттык сактоо, билим берүү, Жарандык коргонуу кызматтары)
  • коммуналдык ишканалар жана инфраструктура жөнүндө маалыматтар (электр түйүнү, тосмолор жана каналдар, транспорт, байланыш ж.б.)
  • конкреттүү опуза/коркунуч жөнүндө маалыматтар (суу каптоо, жер титирөө ж.б.)
  • жаратылыш ресурстары жөнүндө маалыматтар (суу , топурак, өсүмдүктөр ж.б.).

Картада  жергиликтүү башкаруу органдарына караштуу бардык аймак, кырсык тобокели жогору тилкеси, мисалы, айыл же суунун жайылган жери көрсөтүлүшү мүмкүн. Кырсык тобокелинин  карта-схемасын түзүүгө негиз кылып географиялык маалымат системасын (ГМС) колдонуу менен турмуш-тиричилик негизи катары бар болгон топографиялык картаны колдонсо жакшы. Тобокел мисалы, жеке имаратка карта аныкталат жана ошол эле учурда жогорку деңгээлдеги кырсык тобокелин кызыл түс менен, төмөнкү деңгээлин – боз  түс менен  ж.б көрсөтүүгө болот.

Талдоонун кандайдыр бир башка ыкмасында, биз  кырсык тобокелин картага түшүрүүнүн жыйынтыгы баштапкы сунуштардын тактыгынан жана маалыматтардын сапаттуулугуна көз каранды экендигин эске тутушубуз керек.

Картага түшүрүүдө  (тобокелди) кыйынчылык келтирген кадимки көйгөйлөргө, өзгөчө өз алдынча башкаруу деңгээлинде, буларды киргизсе болот:

  • жеткиликтүү уруксааты бар топографиялык карталардын жоктугу;
  • жалпы сурап билүүчү жана тематикалык мейкиндик маалыматтардын жоктугу;
  • эскирген жалпы (мейкиндик) сурап билүү жана тематикалык маалыматтар;
  • баштапкы жана тематикалык маалыматтар ар башка уюмдарга чачылган жана бирдиктүү стандартка жооп бербейт (бул аларды картага түшүрүүнү татаалдантат);
  • потенциалдуу картага түшүрүүнүн жана ГМС жоктугу.

 Түзүлүп жаткан  кырсыктын карта-схемасынын сапаты жана маалыматтуулугу КР ӨКМнин кеңешинен жана адистеринин жардамына байланыштуу болот.

2-сүрөт.  РГН менен иштелип чыккан Аманбаево а/а негизги коркунучтары жана аярлуулугунун карта -схемасы
  • Кырсыкты талдоо тууралуу отчет түзүү

Отчетто берилген маалымат  объективдүү жана айкын болот деп божомолдонот. Алынган жыйынтыктар жана бүтүмдөр  калк , өнөктөштөр жана кызыктар болгон өкүлдөр үчүн отчетто так жана түшүнүктүү берилиши керек. Бул маалымат булактарын жана методологиясын жеткиликтүү берүү керектигин түшүндүрөт. Отчеттор так структуралаштырылып, а  чечүүчү маалымат  жана корутундулар негизги текстти мурунтадан кабардар кылган резюмеде берилиши керек  . Алынган натыйжаларды жана корутундуларды иллюстрация кылууга жардам бере турган графикаларды, сүрөттөрдү жана таблицаларды да кошуу керек.  Ошону менен бирге отчеттордо сөзсүз төмөнкүлөр берилиши керек:

  • Киришүү;
  • талдоонун максаттары жана методологиясы (узактыгын жана негизги этаптарын кошу менен);
  • изилденип жаткан тилке же аймак жөнүндө жалпы маалымат;
  • аталган тилкени же аймакты камтыган негизги таркаган опуза/коркунучтар (коркунучтардын картасы жана текст бөлүгү);
  • Аярлуулукту жана таасир берүүнү талдоо жана баалоо (аярлуулуктун түрлөрү жана потенциалы, таасир берүү сценарийи);
  • тобокелдерди талдоо жана баалоо (тексттик бөлүм, тобокел матрицасы, карталар);
  • корутунду жана кырсык тобокелин азайтуу боюнча сунушталуучу чаралар.
 

Ü  Отчеттун акыркы долбоору, райондун жана айыл аймагынын ЖКК төрагасы болуп саналган, мамлекеттик райондун мамлекеттик администрация жетекчиси жана айыл өкмөт башчысы менен расмий түрдө жактырылышы керек,

 

  • 6-этап. КЫРСЫК ТОБОКЕЛИН ТАЛДОО ЖАНА БААЛОО БОЮНЧА ИШМЕРДҮҮЛҮК

Кырсыкты талдоо максаты КТА боюнча ишмердүүлүктүн маанилүү компоненти катары ишке ашырылат:

а) алдын алуу жана  митигации (жумшартуу, жеңилдетүү);

б) даярдык боюнча чараларды көрүү.

Сценарийлер,  кырсык тобокелинин матрицалары жана карталар чечим кабыл алуу үчүн “айкын” база катары иштөөгө арналган. Кийинки этап, башкача айтканда тобокелдерди “баалоо”, анын приоритеттерин аныктоо жана тобокелди азайтуу боюнча чаралар, саясий жана социалдык процесс болуп саналат (өзгөчө ресурстардын төмөн көрүнүшүндө). Ачыкка чыгарылган тобокелдерди аракеттеги жана каалаган коопсуздук  жана коргоо деңгээлдери менен салыштыруу керек жана тиешелүү аракеттерди жана инвестицияларды аныктоо зарыл. Бул үчүн  бир тараптан аналитиктер, экинчи тараптан  саясий чечимдерди кабыл алуучу өкүлдөрдүн ортосунда диалог, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү  жана өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү коомчулуктун жана кызыктар тараптардын ортосунда талкуулоо зарыл .

Мындай талкуулоого көмөк көрсөтүү үчүн тобокел жөнүндө талдоону элге маалымдаш керек жана бардык кызыктар тараптарга, ошондой эле улуттук деңгээлдеги мамлекеттик мекемелерден баштап жергиликтүү коомчулук топторго чейин жеткизүү зарыл. Жарандар, жергиликтүү коомчулук  өзүнүн ролун түшүнүү  жана тобокелдерди азайтуу  боюнча чараларды  көрүү  үчүн, тобокелдер кандай экенин билиши керек.

Аягында тобокелди талдоо өзүн пландарда жана аракеттерде ишке ашыруусу керек. Кырсык тобокелин талдоо бүткөндөн кийин аракеттин негизги эки варианты бар:

  • кырсык тобокелин азайтуу боюнча планды түзүү жана ишке ашыруу ;
  • кырсык тобокелин азайтуу суроолорун жана практиканы жергиликтүү өнүгүү пландарына жана программаларына киргизүү (сектор боюнча бөлүү менен).

Эгерде кырсык тобокелин азайтуу боюнча план түзүү чечими кабыл алынса, талдоодон пландаштырууга чейинки өткөөл этап менен жумушчу топ жетектейт. Бул этапта жумушчу топ өзүнүн курамын сактап же кээ бир мүчөлөрүн алмаштырышы мүмкүн: алар ошондой эле план түзүү үчүн топтун алдында топ түзө алышат. Планды  түзүүнү ким жетектейт экенин,  аны тикеден-тике ким кыскача  так кылып жазаары, анын ичине эмне кириши керек жана ал кантип ишке ашырылаары тууралуу талдоону жүргүзүүнүн башында ойлонуу керек.

Эгерде кырсык тобокелин азайтуу боюнча чаралар кадимки пландаштыруу, ресурстар менен башкаруу жана жергиликтүү органдын приоритеттерин аныктоо  циклине киргизилсе,  кырсык тобокелин азайтуу боюнча аракет планын түзүүнүн кажети жок. Киргизүү процесси узак убакытка созулат жана  жумушчу топтун  же башкаруу тобунун/жетектөөчү комитеттин дайыма катышуусун талап кылат.

Пландар /аймактын  туруктуу өнүгүү программалары ӨК кесепеттерин алдын алууга жана жоюуга көмөк көрсөтүү боюнча чараларды тийиштүү деңгээлде эске албастыгын  практика көрсөтөт. КТА боюнча иш-чараларды аймактын  туруктуу өнүгүү программаларына киргизүү  болушу мүмкүн социалдык-экономикалык кесепеттерди алдын алуунун өнүгүшүнүн эсебинен камсыздоого мүмкүнчүлүк түзөт.

Тобокелин азайтуу боюнча иштелип жаткан пландарга жалпы өнүгүү планы, алар төмөнкү принциптерге жооп бериши керек жана төмөнкү максаттарды көздөшү керек:

  • тобокелдерге карата туруктуулукту камсыздоо;
  • жергиликтүү бийлик органына караштуу аймакта калктын коопсуздугун камсыздоо;
  • жергиликтүү инфраструктура жана кызмат көрсөтүү үчүн тобокелди азайтуу жана жок кылуу;
  • жергиликтүү администрация, адистер, жалпы калк  жана кырсык тобокелин азайтуу менен алектенген  башка мекемелердин  арасында үзүрлүү аракеттерин координациялоого көмөк көрсөтүү;
  • Жарандык коргонуу жаатындагы бардык тиешелүү мыйзамдардын жана ченемдердин сакталышын камсыздоо.

КТА боюнча ишмердүүлүктү жергиликтүү  туруктуу өнүгүү программаларына киргизүү  деген,  секторлор боюнча пландар жана программалар , кырсык тобокелин талдоо процессинде ачыкка чыккан , приоритеттүү тобокелдердин жана аярлуулуктун  түрлөрү   менен күрөшүү ишмердүүлүгүн камтыйт дегенди түшүндүрөт. Бул үчүн төмөнкүлөр зарыл:

  • аймактын өнүгүүсүн социалдык-экономикалык пландаштыруу контекстинде кырсык тобокелин талдоону жүргүзүү;
  • кырсык тобокелин талдоонун жыйынтыктарын ЖК кызматтары жана тармактык өнүгүү пландары менен макулдашуу;
  • Аймактын социалдык-экономикалык пландарын ар түрдүү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жана тобокелдерин эске алуу менен жөнгө салуу.

Мисалы, инфраструктура объекти жайгашуучу  жаңы пландаштырылган жерин,  анын суу каптоого же көчкүгө кабылуусунан качуу үчүн мүмкүн, алмаштырууга туура келет, же жер титирөөгө туруштук берүүсүн камсыздоо үчүн бекемдөө керек.

Кээ бир учурларда КТТБ  жүргүзүү учурунда алынган божомолдуу жыйынтыктар   конкреттүү коркунучту же аярлуулукту техникалык жактан кыйыныраак изилдөөлөрдү талап кылат (мисалы , долбоор документи сакталбаган, мындан 40 жыл мурун курулган, тосмону  же  бардык көчкү коркунучтарын изилдөө жана картага түшүрүү). Бирок мындай изилдөөлөр кошумча каржылоону талап кылат, мындан тышкары, жергиликтүү пландарга жана /же өнүгүү боюнча программаларга киргизилиши керек.

КТТБ жыйынтыгын ошондой эле калктын жана башка, ЖӨБО  ведомствого караштуу аймактагы кызыктар тараптардын агартуусун жана кабарлануусун жогорулатуу боюнча маалымат компанияларында да пайдаланса болот (бул үчүн карталардын адаптациясы жана отчеттун негизги оюн кыскача берүү талап кылынышы мүмкүн).

Кырсык тобокелин азайтууга багытталган (тышкы агенттиктер жана улуттук деңгээлде) же  каржылоону көбөйтүү же каржылоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу маселесин чечүү үчүн.

КТТБ ошондой эле кырсык тобокелдерин азайтуу боюнча уюштуруучу-практикалык чараларды ишке ашыруу  жана болушу мүмкүн өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү максатында ар кындай кесиптеги адамдарды бириктирүү боюнча волонтердук/эркин топторду /командаларды түзүүгө көмөк көрсөтүүгө жардам бере алат.

Ü  КТТБ жүргүзүүгө катышууга, башкача айтканда  пландаштыруу этабынан алда качан, кызыктар тараптар катары чечим кабы алуучу өкүлдөрдү жана пландаштыруу боюнча адистерди башына тартуу зарыл экендигин эске тутуу абдан  маанилүү.

  Колдонулган негизги документтердин жана ченемдик укуктук актылардын тизмеси::

  1. Александра Гальперин. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлик органдары үчүн колдонмо : “Кырсык тобокелин талдоо», Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрү үчүн жана Көзкарандысыз мамлекеттеринин шериктештиги иштелип чыккан (БЧЕ/КМШ) . ЮНИСЕФ. 2013 -жыл.
  2. Кырсык тобокелин азайтуу боюнча терминологиялык глоссарий UNISDR, 2004, 2009-жж;
  3. Кыргыз Республикасынын аймагында болушу мүмкүн кооптуу кубулуштарга жана көрүнүштөр мониторинг, божомол жүргүзүү жана аларга  чара көрүүгө даярдануу. КР ӨКМ, 2014-ж.
  4. “ Табигый коркунучтарды, геотобокелдерди жана “Бийик тоолуу тобокелдерди азайтуу менен жакырчылык деңгээлин төмөндөтүү” долбоорунун чегинде максаттуу коомчулукта калктын социалдык-экономикалык аярлуулугун баалоо” отчету. ПАМИР, КФ MSDSPKG ( Ага Хан Фондуну демилгеси) жана КР ӨКМ, 2013 -ж.
  5. Кыргыз Республикасынын «Жарандык коргоо жөнүндө» мыйзамы, 20 -июль 2009 ж.,  № 239.
  6. Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамы 15 -июль 2011-ж. № 101 ( КР өкмөтүнүн  2012-жылдын. 19-июнундагы № 87 токтом редакциясына ылайык).
  7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому, 17-ноябрь 2011-ж.  №733, «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарды классификациялоо жана аларды баалоо критерийлери».

[1] Булак: Терминологиялык Глоссарий UNISDR – 2009 -жыл

[2] КР «Жарандык коргонуу жөнүндө» мыйзамы,  10-берене. 20 июль 2009 –ж. N 239

[3]  КТА боюнча сунушталган  топ (ISO).  GOST 31010 – 2011 RA_rus.pdf иштелип чыккан « Кырсыкты баалоо ыкмаларынын» негизинде күчөтө алат  Эл аралык стандартташтыруу боюнча уюму   менен иштелип чыккан  (ISO).  GOST 31010 – 2011 RA_rus.pdf

[4] http://mes.kg/upload/kniga_2015/book_rus000.html

[5]  Сөз так божомолдоо жөнүндө болуп жатат, адистик илимий институттарынын жана уюмдарынын потенциалы коркунучтуу эндогендик жана экзогендик процесстердин көрүнүшүнө кыска мөөнөттүү божомол берүүгө мүмкүндүк бербейт, мисалы, жер титирөө же көчкү, КТА учурунда жергиликтүү деңгээлде айкындуулук бааланат, мисалы 5 баллдык шкала боюнча – « күмөн», «кандайдыр бир деңгээлде мүмкүн», «мүмкүн», «мүмкүндүгү жогору», «айкын».

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here