2019-жылдын 8-январында КР ӨКМнин Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун кызматкерлери тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу жалпы билим беруу мекемелериндеги “Турмуш тиричилигинин коопсуздугунун негиздери” жана “Аскерге чейинки даярдоо” предметтеринен сабак берген мугалимдерге секциялык иш-чара убагында методикалык сабактар өткөрүлдү.
Сабактын жүрүшүндө мугалимдерге жогорудагы предметтер боюнча сабак берүүнүн ыкмалары үйрөтүлүп, программалык жана презентациялык материалдар тааныштырылды.
Сабактарга жалпы 35 мугалим катышты.
КР ӨКМнин басма сөз кызматы