Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары аяктады

0
223 просмотров

Бишкек-Ош унаа жолунда (121-138, 198-265-чакырымдары) коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2019-жылдын 4-январынан 9-январына чейин кар көчкү коркунучу бар аймактарда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

         Ошого байланыштуу адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КРнын Жарандык коргонуунун башчысы–Премьер-министрдин 2018-жылдын 31-декабрында №23 буйругу чыккан.

         2019-жылдын 8-январь күнү Бишкек-Ош унаа жолунда КР ӨКМдин ыкчам тобу жана КР КК ГШнын артиллериялык эсеби кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чараларын жүргүзүшкөн. 2019-жылдын 5-январынан 8-январына чейин жалпы 62 снаряд атылып, 105 000 м3 кар көчкү түшкөн.

         Иш-чаралар аяктагандыгына байланыштуу КР ӨКМдин ыкчам тобу жана КР КК ГШнын артиллериялык эсеби туруктуу жайгашкан ордуларына кайтышкан.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here