Дем алыш күндөрү республикабыздын аймагындагы күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

0
217 просмотров

12-16-январда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 12-январда көпчүлүк аймактарда  кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт.

13-14-январда жаан-чачын күтүлбөйт. 13-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

15-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.

16-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

17-18-январда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосу

 17-18-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын күндүзгү температурасы жогорулайт.

12-14-январда  Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

12-январда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт. Туман түшүшү мүмкүн.

 13-14-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

 12-14-январда  Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы

12-январда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт.

13-14-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here