ӨКМде аппараттык кеңешме өткөрүлдү

0
409 просмотров

2019-жылдын 14-январь күнү Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов жетекчилик кылган аппараттык кеңешме болду. Анда өлкөдөгү 2 жума ичиндеги өзгөчө кырдаалдар, алдын алуу, издеп-куткаруу аракеттери тууралуу маселелер талкууланды. Аппараттык кеңешмеге министрликтин түзүмдүк жана аймактык башкармалыктарынын башчылары катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө КР ӨКМдин алдындагы Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун башчысы полковник Мухаммед Сваров 2019-жылдын 1-январынан 14-январына чейинки кырдаал боюнча маалымат берди.

“ 2019-жылдын 2 жума аралыгында табигый жана техногендик кырсыктар катталган жок. Жыл башынан бери 104 өрт катталып, 117 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Ал эми ар кандай кырдаалдарга, маселен жол кырсыгы, жабылып калган эшикти ачып берүү жана башкаларга  өрт-куткаруу жана куткаруу бөлүмдөрү тарабынан 52 чыгуу болуп, авариялык-куткаруу иштери жүргүзүлгөн.  Салыштырмалуу 2018-жылы 2 өзгөчө кырдаал катталып, 140 өрт чыккан, өрттү өчүрүүгө 171 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Өрт-куткаруу бөлүмдөрү тарабынан ар кандай кырдаалдарга 30 чыгуу катталган”,- деп билдирди полковник М.Сваров.

Министр Нурболот Мирзахмедов өрт коркунучун алдын алуу багытында калк арасында түшүндүрүү иш-чараларын улантууну, жаздын келиши менен болуп кетчү табигый кырсыктарды алдын алуу иш-аракеттерин дыкаатык менен аткарууну тиешелүү түзүмдүк бөлүмдүн жана башкармалыктын  башчыларына тапшырма берди.

“Жарандардын өмүрүнө коркунуч келтирүүчү аймактарда түздөн –түз  ыкчам иш алып барыңыздар. Жарандык коргоо системасында координацияны биз жүргүзөбүз, андыктан бул объект “Унаа жана жол министрлигине карайт, же жергиликтүү бийлик органдары жасашы керек эле деген” шылтоо болбосун. Кырсыкты алдын алуу бизге жүктөлгөн, бардыгыбыз тең Өкмөттүн ишин аткарып жатабыз, андыктан жумушту создуктуруп, кырсык болгондон кийин иш алып барган терс көрүнүш. Майлуу-Суу шаарындагы ички чарбалык жолдо таш кулоо коркунучун жоюу аракеттерин   кыска мөөнөттө жүргүзүңүздөр, жана жыйынтыгын билдириңиз”,- деп министр орун басарына ички чарбалык жолдо таш кулоо коркунучун жоюуну талап кылды.

Мындан тышкары министр жаз маалындагы күтүлүүчү табигый кырсыктарын алдын алуу аракеттерин ыкчам түрдө жүргүзүлүүсүн, калк арасында коопсуздук эрежелерин түшүндүрүүнү улантылышы керектигин баса белгилеп өттү.

Аппараттык кеңешменин жүрүшүндө кыш мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, болуп кетүүчү чукул кардаалдарга  министрликтин күч, каражаттарын даярдыкта болуусу талкууланды.

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here